Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-январы № 27
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, А.Ж.Акматов, Н.Т.Каримов демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү-тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 27 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, А.Ж.Акматов, Н.Т.Каримов демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.
Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.
Долбоордун 1-беренесинин 3-пункту боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык Өкмөт ушул конституциялык Мыйзамда айтылган ыйгарым укуктарына жараша аларды ишке ашыруу боюнча функцияларды министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына тиешелүү кандайдыр бир ченемдерди мыйзам деңгээлинде бекитүү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жогоруда аталган беренелерине карама-каршы келээрин белгилейбиз.
Мындан тышкары мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 8-пунктуна ылайык "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине өзгөртүү киргизилет, ага ылайык жеке ветеринардык практика менен иштеген адамдар квалификациясына ылайык ветеринария жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды келишимдик негизде аткарууга укуктуу болот.
Сунушталган "айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды" деген сөз айкашы так берилген эмес жана так, мыйзам менен бекемделген субъекттерге критерийлерди жетекчиликке албастан, өз алдынча тигил же бул кырдаалды чечмелөөгө укук берет.
Туура эмес чечмелөөнү болтурбоо үчүн ыйгарым укуктардын тизмесинин конкреттүү жана толук берилиши зарыл деп эсептейбиз.
Мыйзам долбоорунун 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексин 205-2-берене менен толуктоо сунушталат, ага ылайык ветеринардык врачтардын жана параветеринардык адистердин ветеринардык практиканы Ветеринардык палатанын реестринде тийиштүү түрдө катталбай туруп жүргүзгөндүгү үчүн жыйырма эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып салынат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери ченемдик укуктук актыларда камтылат.
Тиешелүү түрдө жоопкерчилик, анын ичинде административдик жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аныкталган тиешелүү талаптарды бузгандыгы үчүн каралышы керек.
Бирок "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында ветеринардык врачтарды жана параветеринардык адистерди Ветеринардык палатанын реестринде белгиленген тартипте каттоого турууга милдеттендирүүчү ченемдер каралган эмес.
Ушуга байланыштуу биринчи кезекте жогоруда аталган Мыйзамга ветеринардык врачтарга жана параветеринардык адистерге ветеринардык практиканы Ветеринардык палатанын реестринде тийиштүү түрдө катталбай туруп жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө ченемди киргизүү зарыл.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ушул сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.