Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-январы № 25
Бишкек шаарында 1999-жылдын 17-июнунда кол коюлган Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Борбордук Азия мамлекеттеринин энергетикалык системаларынын параллелдүү иштөөсү жөнүндө макулдашуунун 10 жана 14-беренелерин аткаруу чаралары тууралуу
Бишкек шаарында 1999-жылдын 17-июнунда кол коюлган Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Борбордук Азия мамлекеттеринин энергетикалык системаларынын параллелдүү иштөөсү жөнүндө макулдашуунун 10 жана 14-беренелерин колдонуу практикасында карама-каршылыктарды жаратпоо үчүн, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарында 1999-жылдын 17-июнунда кол коюлган Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Борбордук Азия мамлекеттеринин энергетикалык системаларынын параллелдүү иштөөсү жөнүндө макулдашуунун 10 жана 14-беренелерин аткаруу тартибинин түшүндүрмөсү (мындан ары – түшүндүрмө) ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому тарабынан салык мыйзамдарынын аткарылышына контролду камсыздоо максатында ушул түшүндүрмөнү жетекчиликке алсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Тиркеме
1999-жылдын 17-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Борбордук Азия мамлекеттеринин энергетика системаларынын параллелдүү иштөөсү жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 14-беренеси менен Макулдашууга кол коюлган учурдан тартып ал күчүнө кире турганы каралган, ошондой эле Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлүп жатканы жана, эгерде Тараптар башкача чечим кабыл албаса, кийинки беш жылдык мөөнөттөргө автоматтык түрдө узартыла турганы белгиленген.
Макулдашууга кол коюлган учурда “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү, ратификациялоо, аткаруу жана денонсациялоо жөнүндө” 1994-жылдын 27-майындагы № 1548-XII Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууда болчу, анын преамбуласы менен Кыргыз Республикасы чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык түзүү жана аткаруу тартибин жөнгө салуучу эл аралык укуктун ченемдеринин жана жалпыга таанылган принциптердин негизинде түзө жана аткара турганы каралган.
Эл аралык укуктун принциптери жана ченемдери болуп Бириккен Улуттар Уюмунун 1945-жылдын 26-июнундагы Уставына, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына ылайык мамлекеттер ортосундагы достук мамилелерге жана кызматташтыкка тиешелүү эл аралык укуктун принциптери жөнүндө декларацияда (1970-жылдын 24-октябрындагы БУУ Башкы Ассамблеясынын 2625 (XXV) резолюциясы менен кабыл алынган), Кыргыз Республикасы үчүн 1993-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1993-жылдын 18-декабрындагы № 1346-XII токтомунун негизинде күчүнө кирген, 1993-жылдын 22-январындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Уставында, Кыргыз Республикасы 1997-жылдын 5-июлундагы № 49 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошулган, 1969-жылдын 23-майындагы Эл аралык келишимдердин укугу жөнүндө Вена конвенциясында берилген ченемдер саналат.
Макулдашуу Кыргыз Республикасы тараптардын бири болуп саналган эл аралык келишим экенин белгилей кетүү керек, анткени Эл аралык келишимдердин укугу жөнүндө Вена конвенциясынын 2-беренесинде бекитилген “Келишим” термининин аныктамасына жооп берет, ал мамлекеттердин ортосунда жазуу жүзүндө түзүлгөн жана мындай макулдашуу бир документте, эки же бир нече өз ара байланыштуу документтерде камтылганына, ошондой эле анын конкреттүү аталышына көз каранды эмес, эл аралык укук менен жөнгө салынуучу “эл аралык макулдашууну” түшүндүрөт.
Макулдашуу “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын да жоболоруна ылайык эл аралык келишим болуп саналат, анын 2-беренеси менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими эл аралык мамилелер жаатындагы укуктар менен милдеттенмелерге карата бир же бир нече мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык укуктун башка субъекттери менен Кыргыз Республикасынын тең укуктуу жана ыктыярдуу макулдашуусу болгон, Кыргыз Республикасы катышкан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим болуп эсептелет.
Эл аралык келишимдердин укугу жөнүндө Вена конвенциясынын 11-беренеси менен мамлекеттин эл аралык келишимди аткаруу милдетине макулдук билдирүүсүнүн ыкмалары аныкталган, алар келишимге кол коюу, келишимди түзүүчү документтер менен алмашуу, келишимди ратификациялоо, аны кабыл алуу, бекитүү, ага кошулуу аркылуу же тараптар шартташкан башка ыкма менен көрсөтүлүшү мүмкүн.
Эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине ылайык мамлекеттин эл аралык келишимди аткаруу милдетине өзүнүн макулдугун билдирүү ыкмалары бирдей юридикалык күчкө ээ жана бирдей юридикалык кесепеттерге алып келет. Мындай ыкмалардын бирин колдонуу кийин башка ыкманы колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат, анткени макулдук билдирилген болуп эсептелет.
Макулдашууда Кыргыз Республикасы колдонууга милдеттүү экендигине макулдук билдирүүнүн кол коюу сыяктуу ыкмасы көрсөтүлгөн, бул Эл аралык келишимдердин укугу жөнүндө Вена конвенциясынын 12-беренесинин жоболоруна, ошондой эле эл аралык келишимдерди түзүүнүн жана күчүнө кирүүсүнүн тартибин регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жооп берет.
Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү, ратификациялоо, аткаруу жана денонсациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын достук, кызматташтык жана өз ара жардам берүү жөнүндө; күч колдонуудан же күч менен коркутуудан өз ара баш тартуу жөнүндө эл аралык келишимдери; тынчтык келишимдери; Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен аймактык чектешүүсү жөнүндө келишимдер; өз ара таануу жана дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө келишимдер; чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасына мамлекеттик зайымдарды, экономикалык жана башка жардамды берүүсү жөнүндө келишимдер; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында камтылгандан башка эрежелерди белгилөөчү келишимдер ратификациялоого тийиш болгон. Ушуну менен катар Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүүдө тараптар кийинки ратификациялоосу жөнүндө макулдашкан эл аралык келишимдер ратификацияланууга тийиш болгон.
Макулдашууга кол коюу учурунда анын шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында камтылгандан башка эрежелерди белгилөөчү ченемдерди камтыган эмес.
Алсак, 1998-жылдын 24-июлундагы № 103 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен 1998-жылдын 6-майындагы Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын ортосундагы товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кыйыр салыктарды алуунун принциптери жөнүндө макулдашуу ратификацияланган. Аталган Макулдашуунун 2-беренеси менен экспорттоодо салык алуу принциби аныкталган, ал Макулдашкан бир Тарап Макулдашкан башка Тарапка экспорттолуучу товарларга (иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө) кыйыр салык салбай турганын түшүндүргөн. Эреже кошумча нарк салыгына карата колдонулат жана жеткирүү пунктунун принцибине ылайык нөлдүк ставканы колдонууну түшүндүрөт.
Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 10-апрелиндеги № 41 Мыйзамы менен 1997-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кыйыр салыктарды алуунун принциптери жөнүндө макулдашуу ратификацияланган. Аталган Макулдашуунун 2-беренеси менен экспорттоодо алуу принциби аныкталган, ал макулдашкан бир Тарап макулдашкан башка Тарапка экспорттолуучу товарларга (иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө) кыйыр салык салбай турганын түшүндүргөн. Эреже кошумча нарк салыгына карата колдонулат жана баруучу жер принцибине ылайык нөлдүк ченди колдонууну түшүндүрөт.
1997-жылдын 21-июлундагы № 55 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен 1997-жылдын 18-февралындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кошумча нарк салыгын алуунун принциптери жөнүндө макулдашуу ратификацияланган. Аталган Макулдашуунун 2-беренеси менен экспорттоодо салык алуу принциби аныкталган, ал макулдашкан бир Тарап макулдашкан башка Тарапка экспорттолуучу товарларга (иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө) кошумча нарк салыгын нөлдүк ставка боюнча салышын түшүндүрөт.
Мындан тышкары, Макулдашууга кол койгон учурда колдонууда болгон 1994-жылдын 15-апрелиндеги Эркин соода зонасын түзүү жөнүндө макулдашуунун 3-бересинде макулдашкан Тараптардын бажы алымдарын, ошондой эле алар менен эквиваленттүү аракеттеги салыктарды жана жыйымдарды колдонбоосу жана макулдашкан Тараптардын биринин бажы аймагынан чыккан жана башка макулдашкан Тараптардын бажы аймагы үчүн арналган товарларды ташып келүүгө жана (же) ташып чыгарууга сандык чектөөлөр жөнүндө жобо бекитилген. Аталган Эркин соода зонасын түзүү жөнүндө макулдашуунун 8а-беренесинде бекитилген кыйыр салыктарды колдонуунун тартиби макулдашкан Тараптар өз ара соодада макулдашкан Тараптардын биринин бажы аймагынан башка макулдашкан Тараптын аймагына экспорттолуучу товарларга (иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө) кыйыр салыктарды (КНСти, акциздерди) салбай турганын түшүндүрөт. Аталган жобо нөлдүк ченде КНС салууну, ошондой эле экспорттолуучу товарларды акциздерден бошотууну билдирет.
Жогоруда аталган Макулдашуулар Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кирген учурга чейин колдонулган, Кыргыз Республикасынын он экинчи чакырылыштагы Жогорку Советинин 1993-жылдын 5-майындагы он экинчи сессиясында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасы ратификациялаган мамлекеттер аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын курамдык жана түздөн-түз колдонулуучу бөлүгү болуп саналган.
Ошентип, Макулдашуунун жоболору колдонуудагы мыйзамдардын ченемдеринен айырмаланган ченемдерди камтыбагандыгын эске алуу менен жана Макулдашуу аны андан ары ратификациялоо жол-жобосун карабагандыктан, бул Макулдашуу кол коюлган учурдан тартып, башкача айтканда 1999-жылдын 17-июнунан тартып күчүнө кирген жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон.
2009-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Салык кодекси күчүнө кирген, анын VII бөлүмү менен мурда колдонулган салык мыйзамдарында каралбаган сатуудан алынган салык киргизилген, ошондой эле кошумча нарк салыгын колдонуунун тартиби өзгөртүлгөн.
“Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдерине тескери күч берүү жөнүндө жобону камтыбайт.
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ошондой эле Эл аралык келишимдердин укугу жөнүндө Вена конвенциясында чагылдырылган эл аралык укуктун жоболору, эгер кийин улуттук мыйзамдарда өзгөрүүлөр болсо, мурда башкача ыкма менен күчүнө кирген эл аралык келишимдерге карата ратификациялоо жол-жобосун колдонуу жөнүндө талаптарды камтыбайт.
Ошентип, салык мыйзамдарын жогорудагыдай өзгөртүү Макулдашуунун күчүнө кирүү тартибин кайра кароого жана анын жоболорунун колдонулушун талашуу үчүн негиз болуп саналбайт.
Мында Эл аралык келишимдердин укугу жөнүндө Вена Конвенциясынын 26-беренесинде бекитилген эл аралык келишимдердин укугунун фундаменталдуу принциби болуп Рaсtа sunt servanda (лат. келишим аткарылууга тийиш) саналат, ал мамлекеттер тарабынан өз келишимдик милдеттенмелерин ички же тышкы факторлордон көз карандысыз милдеттүү түрдө аткаруусун түшүндүрөт. Аталган Вена конвенциясынын 27-беренеси менен дагы бир эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциби белгиленген, ал келишимдин катышуучусунун келишимди аткарбоо үчүн актануу катары өзүнүн ички укуктарынын жоболоруна шилтеме кылуусуна мүмкүн эместикти түшүндүрөт.
Ушундай эле принциптер “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү, ратификациялоо, аткаруу жана денонсациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинде камтылган, ал Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери эл аралык укуктардын ченемдерине жана принциптерине ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш экендигин белгилейт. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин кандайдыр бир ченемдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген учурда эл аралык келишимде бекитилген укуктук ченем колдонулат.
Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кирген эл аралык келишимдерди аткаруунун милдеттүүлүк принциби “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинде чагылдырылган.
Аталган ченемдерге ылайык Макулдашуунун жоболору Макулдашуу күчүнө кирген учурдан, атап айтканда 1999-жылдын 17-июнунан тартып милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 3-беренесинин 1-бөлүгү менен, эгер Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим менен Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралгандан башка ченемдер аныкталса, анда ушундай эл аралык келишимдердин ченемдери колдонула турганы белгиленген.
Ошентип, эл аралык келишим болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, аны менен тараптар электр берүүнүн мамлекеттер аралык линиялары боюнча жүргүзүлүүчү электр энергиясын берүүгө жана транзитине, ошондой эле жыштыкты жөнгө салуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн бажы алымдарын, салыктарды жана башка бюджетке төлөнүүгө тийиш жыйымдарды колдонбоо жөнүндө макулдашылган чечим кабыл алган, жогоруда аталган Макулдашуунун 10-беренесинин жобосу салык мыйзамдарынын үстүнөн артыкчылыкка ээ болот жана жогоруда аталган иште колдонулат.