Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-декабры № 693
«Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламент» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламент» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламент» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламент» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» гезити, 2011-жылдын 7-июну, № 43) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-тиркемеде:
- «Химиялык заттар» В бөлүгүнүн 34-пунктундагы «0,015» деген цифралар «0,030» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- «Радиациялык коопсуздуктун көрсөткүчтөрү» С бөлүгүндөгү «0,1» деген цифралар «0,5» деген цифралар менен алмаштырылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти