Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-декбры № 659
«Фельдъегердик байланыш жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн корутундусу жѳнүндѳ
«Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты М.К. Жеенчороев демилгелеген «Фельдъегердик байланыш жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине жиберилсин.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасьшын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын 12-декбры № 659 токтому менен жактырылган |
«Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкметү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.К. Жеенчороев демилгелеген «Фельдъегердик байланыш жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун каран чыгып, тѳмѳнкулѳрдү белгилейт.
1. Мыйзамдын долбоорунун преамбуласына ылайык сунушталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын фельдъегердик байланышынын укуктук негиздерин жана уюштуруу принциптерин белгилѳѳгѳ, фельдъегердик байланыш органдарынын мамлекеттик бийликтин башка органдары менен оз ара аракеттенүү тартибин, ошондой эле алардык ишин контролдоонун жана кѳземелдѳенүн түрлѳрүн аныктоого багытталган.
Ушуну менен бирге бүгүнкү күндө фельдъегердик байланыш маселелери «Почта байланышы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен регламенттеле тургандыгын белгилѳѳ зарыл.
Жогоруда аталган Мыйзам Кыргыз Республикасында почта байланышы тармагындагы иш-аракеттерди мамлекеттик женгѳ салуунун укуктук негиздерин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардьш укуктары менен милдеттерин аныктайт, ошондой эле почта байланышы кызматынан пайдалануучулар менен почта байланышы ишканаларынын ортосунда пайда болуучу укуктук мамилелерди жонго салат, почта кызматын тейлѳѳнү, ѳлкѳнүн бүткүл аймагы боюнча почта жѳнѳтмѳлорүнүн транзит эркиндигин, аларды жѳнѳтүүнү жана жеткнрүүнү кепилдейт.
Алсак, аталган Мыйзамдын 4-беренесине ылайык мамлекеттик фельдъегердик байланыш почта байланышынын түрлөрүнүн бири болуп саналат.
Айтылгандарды эске алуу менен сунушталган Мыйзамдын долбоору, ошондой эле Мыйзамдын долбооруна тиркелген документтер «Почта байланышы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына почта байланышынын кызмат керсөтүүлѳрүнүн түрлѳрүнѳн фельдъегердик байланышты чыгаруу боюнча тиешелүү ѳзгѳртүулѳрдү киргизүү тууралуу маалыматты камтыбагандыгын белгилейбиз.
Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында фельдъегердик байланыш жаатында ѳзунчѳ мыйзамды бекитүү зарылчылыгы жѳнүндѳ маалымат чагылдырылган эмес.
Ушуга байланыштуу «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык Ченемдик укуктук актынын долбооруна карата негиздеме-маалымкатта ченемдик укуктук актыны кабыл алуунун натыйжасында жетишүү же чечуү болжолдонгон максаттар жана маселелер, коомдук талкуулоо жүргүзүлүшү керек болгон учурларда анын натыйжалары жѳнү-ндѳ маалымат, ошондой эле ченемдик укуктук актынын долбоорунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсүнүн талданышы женүндѳ маалыматтар камтылуута тийиш.
2. Сунушталган Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында. Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда аны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдар талап кылынбайт деп белгиленген.
Ушуну менен бирге Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 1-бѳлүгүне ылайык кат-кабарлар Кыргыз Республикасынын администрагивдик борборлоруна жѳнѳтүлѳт жана кайра алынат. «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Администрациялык-аймактык бирдик мамлекеттик бийлик же жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары бир же бир нече калктуу конуштардын же башка калк отурукташпаган аймактардын чектеринде мамлекеттик башкарууну же ѳз алдынча башкарууну жүзѳгѳ ашыруучу аймактардан турат. Администрациялык-аймактык бирдиктерге область, район, шаар, айыл аймагы кирет. Тийиштүү мамлекеттик бийлик жана жергкликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясынын мейкиндиктик чектерин аныктоо максаттарында ар бир администрациялык-аймактык бирдик үчүн аталышы. чегарасы жана администрациялык борбору белгиленет.
Ошентип. азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеггик комитетинин алдьшдагы Мамлекеттик фельдъегердик кызмат республикалык бюджеттин эсебинен каржылана тургандыгын белгилейбиз. Ушуну менен бирге фельдъегердик кызматтык маршруттары иш жүзүнде республиканын алыскы райондорун камтыбайт, кат-кабарлар облустук борборлорго гана жегкириле тургандыгына кѳңүл буруу зарыл. Демек кат-кабарларды райондордун борборлоруна жеткирү-ү максатында фельдъегердик кызмат үчүн почта байланышынын башка ишканаларынын кызмат корсетүүлѳрүн алуу зарылчылыгы пайда болот, ал ѳз учурунда кат-кабарларды жеткирүүнүн наркын кѳбѳйтѳт. Бул учурда Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында кѳрсѳтүлгѳн «колдон колго тапшыруу» өзгѳчѳ принциби сакталбай кала тургандыгын белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу «колдон колго тапшыруу» принцибин сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик фельдъегердик кызмат үчүн райондордон кошумча аймактык белүмдердү түзүү. кат-кабарларды райондук борборлорго чейин жеткирүү үчүн кызматкерлердин штаттык саныи кѳбөйтүү, бул кызматкерлерди эмгек акы жана транспорт каражаттары менен камсыздоо зарылчылыгы пайда болот.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Конституииясыньн 80-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды кебѳйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү каржылоо булагын аныктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мумкүн экендигин белгилѳѳ зарыл.
3. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-болүгүнѳ ылайык фельдъегердик байланыш, фельдъегердик байланыш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан камсыздалат деп кѳрсѳтүлгѳн.
Ушуну менен бирге Мыйзамдын долбоорунун аталган беренесинин 3-белүгүнѳ ылайык фельдъегердик байланыш жаатындагы мамлекеттик бийлик органынын уюштуруу-укуктук статусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте аныкталат.
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик орган - мамлекеттик бийликтин иш-милдеттерин жүзѳге ашырууга, аткаруу үчүн милдеттүү чечимдерди кабыл алууга жана алардын ишке ашырыльшын камсыз кылууга ыйгарым укуктуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык туруктуу негизде уюштурулган, республикалык бюджеттен каржылануучу орган.
Ушуну менен бирге азыркы учурда фельдъегердик байланышты камсыздоо чѳйрѳсүндөгү атайын функцияларды Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик фельдъегердик кызмат аткарат, ал юридикалык жак болуп эсептелет, уюштуруу-укуктук формасы - мамлекеттик мекеме.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 164-беренесине ылайык менчик ээси тарабынан башкаруучу, социалдык-маданий же коммерциялык эмес башка функцияларды ишке ашыруу үчүн тузүлгѳн жана ал тарабынан толук же жарым-жартылай финансылануучу мамлекеттик же башка уюм мекеме катары таанылат.
Ошондой эле «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык мекеме ѳз ишин уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзѳгѳ ашырат.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен фельдъегердик кызматтын статусун аныктоо жана Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда фельдъегердик байланышты камсыздоо боюнча кошумча мамлекеттик органды түзүү мүмкүнчүлүгү жана аны иштетүү боюнча абал түшүнүксүз болуп жаткандыгын белгилейбиз.
4. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин «r)» пунктчасына ылайык фельдъегердик байланыш боюнча кызмат керсѳтүгү деп кат-кабарларды кабыл алуу, иштетүү, сактоо, ѳткѳрүп берүү жана жеткирүү боюнча иштер тушүнүлѳт,
Бирок, кат-кабарларлы иштетүү деген эмнени билдире тургандыгын тактоону сунуштайбыз.
5. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 2-бѳлүгү боюнча «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 5-беренелерине ылайык Ченемдик укуктук актылардын түрлѳрү жана Ченем жаратуучу органдар так аныкталган, алардын катарына мамлекеттик бийлик органдарынын ченемдик укуктук актылары кирбейт.
6. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 3-белүгү боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген. мыйзамда белгиленген тартипте күчүнѳ кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бѳлүгү болуп саналаарын белгилейбиз.
7. Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 1-бѳлүтүндѳ кѳрсѳтүлгѳн «жеке башчылык» жана «жеке жоопкерчилик», ошондой эле «фельдъегердик байланыш органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын контролго жана кеземелгѳ алынуусу» сыяктуу сунушталган принциптердин түшүнүксүз экендигине кѳңүлүңүздѳрдү бурабыз.
8. Мыйзамдын долбоорунун 16-беренесинин 1-бѳлүгүндө фельдъегердик байланыш жаатында мамлекеттик бийлик органдарынын ишин Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү ыйгарым укуктарынын чектеринде контролдойт деп белгиленген.
Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгѳ ашыраарына кѳңүлүңүздѳрдү бурабыз.
9. Мындан тышкары, менчигинин түрүнѳ карабастан органдардын, ишканалардын, бирикмелердин, уюмдардын, аскер түзүлүшүнүн жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын республиканын аймагындагы жана чет ѳлкѳдегү мекемелеринин иштеринин бардык түрлѳрүндѳ мамлекеттик сырды сактоо системасынын укуктук негизи «Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныктала тургандыгын белгилейбиз.
10. Ушуну менен бирге сунушталган Мыйзамдын долбоорунун жоболору жалпысынан «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдык 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талашарына ылайык дыкат иштелип чыгышы зарыл деп белгилейбиз.
11. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мыйзам -белгиленген тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана тиешелуу чѳйрѳдѳгү абдан маанилүү коомдук мамилелерди жѳңгѳ салуучу ченемдик укуктук акт деп аныкталгандыгын жалпысынан белгилѳѳ зарыл.
Бирок сунушталган Мыйзамдын долбоору негизинен юридикалык жактын уюштуруу маселелерин, атап айтканда анын укуктук абалын, финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин жѳнгѳ салат.
Алсак, «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү ушул конституциялык Мыйзамда корсѳтүлгѳн ыйгарым укуктарга негизденүү менен аларды ишке ашыруу боюнча милдетгерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин. администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бѳлуштүрѳт.
Функцияларды бѳлүштүрүү укуктук статусту, ишин уюштурууну, иш тартибин, алардын укуктарын жана милдеттерин, жоопкерчилигин толук кѳлемдѳ регламенттѳѳчү, ошондой эле алардын башка органдар, мекемелер жана жарандар менен ѳз ара аракеттенүүсүн аныктоочу мамлекеттик органдар жѳнүндѳ жоболорду бекитүү аркылуу жүзөгѳ ашырылат.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 5-главасына ылайык юридикалык жак башкаруу тартиби, иштин максаты жана милдеттери, ошондой эле башка маалыматтар камтылган уюштуруучу документтердин негизинде иштей тургандыгы белгиленген.
Ушуга байланыштуу сунушталган Мыйзамдын долбоорунда чагььлдырылган маселелер мамлекеттик орган жѳнүндө жобонун же юридикалык жактын башка уюштуруучу документинин алкагында жѳнгѳ салынышы керек экендигин белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү «Фельдъегердик байланыш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсеитейт.