Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-декабры № 656
“Жеке менчиктин кол тийбестиги жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.А.Айдаров, А.А. Арапбаев, Г.К.Асылбаева, О.Т.Бабанов, М.К.Жеенчороев, Ф.А.Иминов, А.Ж.Исмаилова, Р.К.Казакбаев, А.С.Омурбекова жана башкалар демилгелеген “Жеке менчиктин кол тийбестиги жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабры № 656 токтому менен жактырылган |
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.А.Айдаров, А.А.Арапбаев, Г.К.Асылбаева, О.Т.Бабанов, М.К.Жеенчороев, Ф.А.Иминов, А.Ж. Исмаилова, Р.К.Казакбаев, А.С.Омурбекова жана башкалар демилгелеген “Жеке менчиктин кол тийбестиги жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып төмөнкүдөй корутундуга келди.
“Жеке менчиктин кол тийбестиги жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (мындан ары – Конституция) 6-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Конституциянын негизинде конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат. Конституциянын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана менчиктин жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка түрлөрүнүн мыйзам тарабынан бирдей корголушуна кепилдик берилет. Мында менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес. Конституциянын 30-беренесинде, ар ким өзүнүн менчигинде же башка укуктук ээлигинде турган турак-жай менен башка объектилердин кол тийбестик укугуна ээ. Эч ким ээсинин эркинен тышкары алар пайдаланып турган турак-жайга жана башка объектилерине кире албайт деп белгиленген. Конституциянын 42-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ар ким өз мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээ болуу, колдонуу жана тескөө укугуна ээ. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (мындан ары – Граждандык кодекс) 11-статьясында граждандык укуктарды коргоонун ыкмалары каралган. Бул Кодекстин 12-статьясында белгиленгендей, мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын нормативдик эмес актысы же мыйзамда каралган учурларда, мыйзамдарга ылайык келбеген жана граждандык укуктарды жана граждандын же юридикалык жактын мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын бузган нормативдик акт сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн.
Сот тарабынан мындай акт жараксыз деп табылган учурда бузулган укук калыбына келтирилүүгө, ошондой эле ушул Кодекстин 11-статьясында каралган башка ыкмалар менен корголууга тийиш. Ошентип, Конституцияда жана Граждандык кодексте мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан граждандардын же юридикалык жактардын ж.б. мүлккө укугун ишке ашыруусуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселесин жөнгө салуучу ченемдер каралган. Ал ортодо Граждандык кодекстин 1 жана 2-статьяларына ылайык граждандык мыйзамдар граждандык карым-катнашка катышуучулардын укуктук абалын, менчик укугунун жана башка мүлктүк укуктардын, интеллектуалдык ишмердиктин жана аларга теңештирилген жекелештирүү каражаттарынын (интеллектуалдык менчик) натыйжаларына болгон укуктардын пайда болушунун негиздерин жана аларды жүзөгө ашыруунун тартибин аныктайт, келишимдик же башка милдеттенмелерди, ошондой эле башка мүлктүк жана ага байланыштуу жеке мүлктүк эмес мамилелерди жөнгө салат. Мында Граждандык мыйзамдар өзү жөнгө салган мамилелерге катышкандардын теңдигин, эркинин автономиялуулугун жана мүлктүк өз алдынчалыгын таанууга, менчиктин кол тийгистигине, келишимдин эркиндигине, жеке иштерге кимдир-бирөөнүн зомбулук менен кийлигишүүсүнө жол бербөөгө, граждандык укуктарды тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруунун зарылдыгына, бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү, аларды сот тарабынан коргоону камсыз кылууга негизделет. Граждандык кодекстин 22-статьясына ылайык буюмдар граждандык укук объектилерине таандык кылынат, буга акча жана баалуу кагаздар, башка мүлк, анын ичинде мүлктүк укуктар; жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр; корголуучу маалымат, интеллектуалдык ишмердиктин натыйжалары жана аларга теңештирилген жекелештирүү каражаттары (интеллектуалдык менчик), ошондой эле башка материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар кирет.
Буга байланыштуу жалпысынан мыйзам долбоору боюнча, ушул долбоордун жөнгө салуу предмети жогоруда аталган ченемдик укуктук актыларда мурда эле жөнгө салынганын белгилөө керек. Мисалы, 9, 20 жана 22-беренелери Граждандык кодекстин 11, 289 жана 292-статьяларын кайталап жатат. Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, ал жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кайталап калат.
Муну менен бирге, мыйзам долбоору боюнча төмөнкүлөрдү белгилеп кетебиз.
Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүндө мамлекет жеке менчиктин корголушун жана көбөйтүлүшүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзөт деп белгилөө сунушталган.
Бул жобо боюнча белгилей кетчү нерсе, Граждандык кодекстин 222-статьясынын 5-пунктуна ылайык, менчик ээси ага таандык мүлктү күтүү милдетин алат жана мындай милдетти бир тараптуу тартипте үчүнчү адамга жүктөй албайт. Ал эми, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык, Өкмөттүн фнукцияларына: менчиктин бардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн жана аларды коргоонун бирдей шарттарын камсыз кылуу боюнча, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды ишке ашыруу да кирет.
Ушуга байланыштуу, мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүн жогорудагы конституциялык ченемге шайкеш келтирүүнү сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүн Конституциянын 6-беренесинин 3-бөлүгү менен шайкеш келтирүүнү сунуштайбыз, анда Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат.
Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүн Граждандык кодекстин 222-статьясынын 2-пунктунун жоболорун эске алуу менен кайрадан карап чыгууну сунуштайбыз, анда менчик ээси өзүнө таандык мүлккө карата мыйзамдарга каршы келбеген жана башка жактардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголгон таламдарын бузбаган ар кандай аракеттерди жасоого, анын ичинде өзүнүн мүлкүн башка жактын менчигине ээликтен ажыратып берүүгө, менчик ээси болуп туруп мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө боюнча өзүнүн укугун аларга өткөрүп берүүгө, мүлкүн күрөөгө коюуга жана аны башка ыкмалар менен нарктоого, мүлкүн дагы башкача пайдаланууга укуктуу.
Мыйзамда жүгүртүүгө жол берилген чектерде жерге ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө, эгерде бул башка адамдардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын бузбаса жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбесе, анын менчик ээси тарабынан эркин түрдө жүзөгө ашырылат.
Мыйзам долбоорунун 6-беренесине ылайык менчик ээсине мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө мөөнөтүн белгилөөгө жол берилбейт. Ал эми Граждандык кодекстин 283-беренесинде эгерде мыйзам жол берген негиздер боюнча адамдын менчигинде мыйзамга ылайык ага таандык болбой турган мүлк калса, мүлккө менчик укугу пайда болгон учурдан баштап, эгерде Жер кодексинде башкача белгиленбесе, үч жылдын ичинде ал мүлк менчик ээси тарабынан ээликтен ажыратылууга тийиш деп белгиленген. Ошентип, Жер кодексинин 5 жана 37-беренелеринде чет элдик жеке жана юридикалык жактарга менчик укугу үчүн белгилүү бир чектөөлөр белгиленген. Ушуга байланыштуу, мыйзам долбоорунун 6-беренесин Граждандык кодекстин жогоруда аталган ченемдерине шайкеш келтирүүнү, ошондой эле мыйзам долбоорунун 25-беренесинин редакциясын кайрадан карап чыгууну сунуштайбыз. Бул жерде, мыйзам долбоорунун 25-беренеси боюнча “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясынын талаптарына көңүлдү бургубуз келет, ага ылайык Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандар жана граждандыгы жок адамдар, мыйзамда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимде белгиленген учурларды кошпогондо Кыргыз Республикасынын граждандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарышат.
Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 1-бөлүгүндө бузулган жеке менчик укугу калыбына келтирилишине жана аны соттук корголушуна мамлекет тарабынан кепилдик берилүүчү ченемди киргизүү сунуш кылынууда. Жогоруда белгиленгендей, Конституциянын 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык, Өкмөттүн функциясына менчиктин бардык түрүнө өнүгүү үчүн бирдей шарт түзүү менен аларды коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашыруу кирет.
Граждандык кодекстин 15, 293, 294-статьяларында, мамлекеттик органдардын, бул органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин (аракетсиздигинин), мыйзамдарга ылайык келбеген актыны чыгаруунун кесепетинен гражданга же юридикалык жакка келтирилген зыяндын орду мамлекет тарабынан толтурулууга тийиш болгон учурлар белгиленген.
Мыйзам долбоорунун 8-беренесинде менчик ээси менен мамлекеттик органдын мамилелеринде менчик ээсинин укугунун приоритеттүүлүк принциби колдонулат, ага ылайык, жеке менчик укугун ишке ашырууга байланышкан мыйзамдагы жоюлбаган бардык карама-каршылыктар менен түшүнүксүз учурлар менчик ээсинин пайдасына чечилет деп айтылган.
Бул жобо боюнча, Граждандык кодекстин 168-беренесине ылайык мамлекет жарандар жана юридикалык жактар менен бирдей башталыштарда граждандык укук мамилелеринин катышуучусу болуп саналат деп айтылганын белгилеп коюу зарыл. Ушуга байланыштуу, менчик ээсинин укуктук презумпциясы ачык-укуктук мамилелерге колдонулаарын, бирок мамлекет жарандык-укуктук бүтүмдүн тарабы катары катышканда колдонулбай тургандыгын тактоо зарыл.
Мыйзам долбоорунун 10-беренесинин жоболорун эске алуу менен, мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктундагы «жана башка органдын же жарандардын өз алдынча башкаруу органдарынын» деген сөздөрдү “жана башка органды же өз алдынча башкаруу органдарын” деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 15-беренесинин 1-бөлүгүндө мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын жеке менчик укукту ишке ашыруу менен байланышкан аракеттерине (аракетсиздигине) өзүнүн каалоосу боюнча өзүнөн жогорку органдарга баш ийүү тартибинде, же сотко даттануу укугу каралган.
Ал эми, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесине ылайык административдик акт, администрациялык органдын аракети же аракетсиздиги административдик (сотко чейинки) тартипте, ал эми кийин – жогоруда аталган Мыйзамдын 44-беренеси жана 57-беренесинин 3-бөлүгү менен каралган учурларды кошпогондо, сот тартибинде даттанылат.
Административдик актыга административдик тартипте даттануу даттанылган административдик актыны кабыл алган администрациялык органга же жогору турган администрациялык органга берилиши мүмкүн. Администрациялык органдын же кызмат адамынын аракетине же аракетсиздигине даттануу жогору турган администрациялык органга же жогору турган кызмат адамына берилет. Жогору турган административдик орган же жогору турган кызмат адамы болбогондо, администрациялык органдын аракети же аракетсиздиги сот тартибинде даттанылат.
Мыйзам долбоорунун 15-беренесинин 2-бөлүгүндө баш ийүү тартиби боюнча жогору турган органга даттануу ушундай эле даттануу менен сотко кайрылууну жокко чыгарбайт. Бирок Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинин 221-статьясына ылайык, мыйзамда белгиленген же тараптардын келишиминде каралган талашты сотсуз же сотко чейинки чечүүнүн алдын ала тартиби сакталбаса ишти токтотконго негиз болот.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде мыйзам долбоорунун 15-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн редакцияларын кайрадан карап чыгууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 15-беренесинин 3-бөлүгүндө жеке менчик укугун ишке ашыруу менен байланышкан мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын бузууга алып келген мамлекеттик жана башка органдардын чечимдерине, жарандардын, алардын кызмат адамдарынын аракеттерине (аракетсиздигине) сотко кайрылууда мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу сунуш кылынат. Мындай учурда соттук алымдардын ордун толтуруу милдети жоопкер тарапка жүктөлөт. “Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясында ишти сотто кароонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик алымдан бошотулуучулардын тизмеси аныкталган. Ошондой эле жогоруда аталган Мыйзамдын 10-статьясында мамлекеттик алым алуу шарттарына жана тартибине тиешелүү мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар аларды кабыл алуу мезгилине карабастан ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүктөрдө колдонулат деп аныкталган.
Мыйзам долбоорунун 17-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболорун Конституциянын 12-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келтирүүнү сунуштайбыз, ага ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын менчигинде турган мүлктү мамлекеттин менчигине өткөрүү (улутташтыруу) ал мүлктүн жана башка чыгымдардын наркынын ордун толтуруу менен мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт.
Мыйзам долбоорунун 17-беренесинин 5-бөлүгүндө “узак убакыттын” критерийин ачып берүүнү сунуштайбыз. Ошондой эле каза болгондугунан улам ээси жок болгон учурда жана мураскор жок болгондо мүлк жергиликтүү өз алдынча башкаруу фондунун жер фондунун пайдасына эмненин негизинде алына тургандыгын тактоону сунуштайбыз, анткени граждандык мыйзамдарга ылайык мүлк кыймылдуу жана кыймылсыз болушу мүмкүн. Мында Граждандык кодекстин 24-статьясына ылайык жер участоктору, жер байлыктарынын участоктору, өзгөчөлөнгөн суу объектилери жана жер менен бекем байланышта болгондордун бардыгы, башкача айтканда алардын багытына өлчөмсүз зыян келтирбей туруп жылдырууга болбогон объектилер, анын ичинде токойлор, көп жылдык бак-дарактар, имараттар, курулуштар жана башкалар кыймылсыз буюмдарга (кыймылсыз мүлк, кыймылсыз нерселер) таандык кылынат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен башка мүлк да кыймылсыз буюмдарга таандык кылынышы мүмкүн.
Мыйзам долбоорунун 18-беренесинин жоболорун жогоруда аталган Кодекстин 283-статьясын эске алуу менен кайра карап чыгууну сунуштайбыз, анда эгерде мыйзам жол берген негиздер боюнча адамдын менчигинде мыйзамга ылайык ага таандык болбой турган мүлк калса, мүлккө менчик укугу пайда болгон учурдан баштап, эгерде Жер кодексинде башкача белгиленбесе, үч жылдын ичинде ал мүлк менчик ээси тарабынан ээликтен ажыратылууга тийиш. Эгерде менчик ээси тарабынан мүлк ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө ээликтен ажыратылбаган болсо, анда ал мүлк анын мүнөзүн жана максатын эске алуу менен мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органынын арызы боюнча соттун чыгарган чечимине ылайык сатуудан түшкөн акчасын мурдагы ээсине берүү менен күч колдонуу аркылуу сатылууга же мүлктүн сот тарабынан аныкталган наркын мурдагы ээсине төлөп берүү менен мамлекеттик же муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүгө тийиш. Мында мүлктү ажыратууга кеткен чыгымдар алынып салынат.
Мыйзам долбоорунун 24-беренесинде мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн натыйжасы кайра карап чыгууга же жокко чыгарууга жатпай тургандыгы каралган. Ошондой эле, ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин менчиктештирилген мүлк боюнча сот, укук коргоо органдары, контролдоочу жана мамлекеттик органдар менчиктештирүү жыйынтыгын кайра карап чыгуу же жокко чыгаруу маселелерин демилге кылуусуна жол бербөө жөнүндө ченемди киргизүү сунуш кылынууда.
Белгилеп кетчү нерсе, Конституциянын 12-беренеси жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүн тең укуктуу корголушуна кепилдик берилет. Граждандык кодекстин 223-статьясынын 3-пунктунда бардык менчик ээлеринин укуктары бирдей корголо тургандыгы аныкталган.
Мындан тышкары “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинде: “Эгерде мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын жоболорун, ошондой эле мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишиминин шарттарын бузуу менен ишке ашырылса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган, мүлктүн сатып алуучулары, Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын органдары мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрүн бузуу, жоопкерчилик чараларын көрүү, көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү жокко чыгаруу, жараксыз бүтүмдү жокко чыгаруунун кесепеттерин жоюу, Кыргыз Республикасынын менчиктештирүү жөнүндөгү мыйзамдарынын бузулушун четтетүү жана күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу сот тартибинде доо коюуга (иш козгоого) укуктуу.
Мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишимдеринде анын саны көрсөтүлбөсө, келишим түзүлгөндөн тартып жараксыз деп табылат жана укуктук кесепеттерди пайда кылбайт.
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрүн жараксыз деп табуу жөнүндө талаштар Кыргыз Республикасынын процессуалдык мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттө каралат.
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү ушул Мыйзамда белгиленген ыкмалардан башка ыкмалар менен ишке ашырууга жол берилбейт, ал эми андай мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрү ал түзүлгөндөн тартып жараксыз деп табылат жана укуктук кесепеттерди пайда кылбайт.
Ушуга байланыштуу, мыйзам долбоорунун 24-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнүн алынып салынышын зарыл деп эсептейбиз.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунун 24-беренесинин 2-бөлүгүнүн “кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр менчиктештирилген ишканалардын менчиги катары тааныла тургандыгын караган (мыйзамга ылайык, менчиктештирилүүгө жатпаган объекттерден башкасы)” деген редакциясын тактоону сунуштайбыз, анткени ишкана мүлктүк комплекс катары менчиктештирүү объектиси болушу мүмкүн. “Ишкана” менчик укугунун субъекти боло албайт, анткени ишкананын мүлктүк комплексинин менчик укугу бул объектти алган адамга тиешелүү болот.
Ошондой эле, Мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкат “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жооп бербейт. Аталган Мыйзамдын 24-беренесине ылайык, ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын долбооруна киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду көрсөтүү менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүсү керек. Бирок каралып жаткан Мыйзамдын долбоору кабыл алынса кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат негиздеме-маалымкатта чагылдырылган эмес.
2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
Мыйзам долбоорунун баяндалышын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын төмөндөгү талаптарын эске алып кайра карап чыгууну сунуштайбыз:
мыйзам долбоору аталышы менен бир нече мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенде, ага өзгөртүүлөр (үчтөн ашуун эмес) киргизилген мыйзамдын аталышы кашада камтылууга тийиш же жөнгө салуучу коомдук мамилелердин чөйрөсүнө кыскача көрсөтмөнү камтууга тийиш, же аталган мыйзам долбоору менен (эгерде мыйзам долбоорунун аталышынан коомдук мамилелердин жөнгө салуучу чөйрөсүн так аныктоого мүмкүн болбосо) жөнгө салууга жаткан маселелерди көрсөтмө камтылууга тийиш (9-пункт);
мыйзам долбоорунун беренелеринин главаларынын, бөлүмдөрүнүн номурлашы ырааттуу болууга тийиш. Ар бир главанын беренелери бөлөк номурлашууга же ар бир бөлүмдүн главалары бөлөк номурлашууга жол берилбейт (51-пункт). Мыйзам долбоорунун эки беренесинде окшош номур – «1» берилген;
Мыйзам долбоорундагы бланкеттик аныктамалар төмөнкүлөргө шилтеме кылат:
1) мыйзам чыгаруу тармагына (мисалы, “жарандык мыйзамдарда каралган тартипте”);
2) мыйзам чыгаруу актынын түрүнө (мисалы, конституциялык мыйзам, мыйзам, кодекс менен жөнгө салынат);
3) жөнгө салуу тармагына (мисалы, “жер казнасын пайдалануу тармагындагы мыйзам менен жөнгө салынат” же “лицензиялык-уруксат берүү тутуму тармагындагы мыйзам менен жөнгө салынат”);
4) айрым тийиштүү эрежелерге (мисалы, “жарандык сот ишин жүргүзүүнүн жалпы эрежелери боюнча”) (77-пункт);
толугу менен мыйзамдарга бланкеттик шилтемелер жасоого жол берилбейт (мисалы, “мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат”), (78-пункт);
эгерде мыйзамга өзгөртүү киргизилсе же күчүн жоготту деп таанылса, анда мыйзамдын аталышынан кийин кашаанын ичинде анын расмий жарыяланган булагы милдеттүү түрдө көрсөтүлөт. (82-пункт);
мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөр ага өзгөртүүлөр киргизилүүчү түзүмдүк элементтерди көрсөтүү менен ырааттуу баяндалат (93-пункт). 1-берененин 2-пунктунда, 3-берененин 2 жана 3-пункттарында өзгөртүүлөр киргизилип жаткан беренелер көрсөтүлгөн эмес.
Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунун мазмуну боюнча төмөнкүлөрдү эске алууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 145-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталууда, ага ылайык укукка каршы жасаган аракеттери жана/же аракетсиздиги үчүн салык кызматынын органынын кызмат адамы күнөөсү сот тарабынан аныкталгандан кийин беш жылга чейин салык кызматынын органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлөөгө укуксуз. Ушуну менен бирге эле, Мыйзам долбоорунун 2-беренесинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (мындан ары – Кылмыш-жаза кодекси) 3041-беренесинин 1-бөлүгүнө: мамлекеттик контролдоо органдарынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүү, эгерде бул текшерүүлөр жеке жана юридикалык жактардын мыйзамдуу укуктарына жана таламдарына доо кетирсе, эсептик көрсөткүчтүн бир миңден эки миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө мамлекеттик контролдоочу органдарда белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан бир жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратууга жазаланат, деген өзгөртүү киргизүү сунушталууда.
Бул оңдоолор боюнча белгилей кетчү нерсе, Кылмыш-жаза кодексинин 46-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү бир жылдан беш жылга чейин негизги жаза катары же бир жылдан үч жылга чейин кошумча жаза катары сот аркылуу дайындалышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 3041-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, эгерде бул жосун жарандардын же юридикалык жактардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын бузууга алып келсе, же болбосо бул жосун өзү же башка адамдар үчүн пайдаларды жана артыкчылыктарды алуу максатында жасалса, эсептик көрсөткүчтүн бир миңден эки миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат.
Ошентип, аталган Кодекстин 3041-беренесинин 1-бөлүгүндө мамлекеттик контролдоо органдарында белгилүү кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу кошумча жаза катары берилет жана ага жараша 3 жылдан ашпашы керек.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Мыйзам долбоорунун Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган 1-беренесин алып салууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 145-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө жана “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө киргизилүүчү оңдоолорду тактоону сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 145-беренесинин 3-бөлүгүнө толуктоо киргизүү сунушталган, ага ылайык салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын салык төлөөчүнүн укугун бузган укукка сыйбаган аракеттеринин жана/же аракетсиздигинин натыйжасында салык төлөөчүгө келтирилген зыяндар салык кызматынын кызмат адамдары жана органдары тарабынан орду толтурулууга жатат.
Ал эми “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, кызматчы тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруудагы мыйзамсыз аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында үчүнчү жактарга келтирген зыяндын орду ал кызматта турган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан толтурулууга тийиш.
Өз кезегинде аталган Мыйзамдын 36-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленгендей, зыяндын ордун толтурган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы түздөн-түз укукка сыйбаган аракеттерди жасаган кызматчыга кайтарма талаптарды (регресс) коюшу мүмкүн.
Мыйзам долбоорунун 2-беренесинде Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишкер субъекттери тарабынан бузгандыгы жөнүндө текшерүүлөрдүн жыйынтыгы соттук тартипте тастыкталбаса ыйгарым укуктуу текшерүү органдарынын текшерүү жүргүзгөн кызмат адамы 5 жылдын ичинде ээлеген кызмат ордунан бошотулат” деген жобо менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык бул кызматчы тарабынан кызматтык милдеттерин бир жолку орой бузуу катары таанылат.
Ал эми “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинде ишкердиктин субъекти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы жөнүндөгү текшерүүнүн жыйынтыктары сот тартибинде тастыкталбашы текшерүүнү жүргүзгөн кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан бошотуу үчүн негиз болот деп айтылганын белгилеп коюу зарыл.
Буга байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 1-бөлүгүнүн 12-пунктунун жоболорун эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 2-беренеси, 3-беренесинин 2-бөлүгү, ошондой эле 4-беренесинин 2-бөлүгү менен сунушталган өзгөртүүлөр максатка ылайыктуу эмес деп эсептейбиз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунушталган мыйзам долбоорлорун максатка ылайыксыз деп эсептейт.