Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-августундагы № 464
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Кыштут айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Ѳнѳр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жѳнүндѳ
Чек ара тозотун жана чек ара пунктун куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине. "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин, башка категорияларына жана түрлѳрүнѳ которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жѳнүндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 13-7/43 токтомун кѳңүлгѳ алуу менен Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Кыштут айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жалпы аянты 0,72 га жер участогу, анын ичинде 0,30 га сугат айдоо жана 0,42 га кѳп жылдык бак-дарактар ээлеген жер Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Кыштут айыл аймагынын Чарбак айылында "Чарбак" чек ара тозотун жана Таян айылында "Таян" чек ара пунктун куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынаи "Ѳнѳр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнун аппараты тѳменкүлѳрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерге Кыргыз Республикасьшын мыйзамдарына ылайык шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндѳн он беш күн өткѳндөн кийин күчүнѳ кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасьнын Ѳкмѳтүнүн Аппаратынын агроѳнѳр жай комплекси жана экология бѳлүмүнѳ. коргоо, укуктук тартип жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлүмүнө жүктѳлсүн.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |