Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-июлу № 418
Кыргыз Республикасынын Ысык-Кѳл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Ѳнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жѳнүндѳ
Кѳчмѳндѳрдүн бүткүл дүйнѳлүк экинчи оюндарын ѳткѳрүүгө даярдык кѳрүүгѳ байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Этномаданиятты жана ат-спорт индустриясын ѳнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын дене тарбия-ден соолукту чындоо комплексинин объекттерин куруу максатында, анын ичияде чарбалык-ичүүчү суу багатындагы скважинаны бургулоо үчүн, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлѳрүнѳ которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жѳнүндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Кѳл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 5-апрелиндеги № 101 буйругун кѳңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Кѳл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл аймагында жайгашкан 1,4 га сугат айдоо жери Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнѳ караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Этномаданиятты жана ат-спорт индустриясын ѳнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын дене тарбия-ден соолукту чындоо комплексинин объекттерин куруу үчүн, анын ичинде чарбалык-ичүүчү суу багытындагы скважинаны бургулоо үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Ѳнѳр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багытгагы жерлер" категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Ысык-Кѳл облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн аппараты белгиленген тартипте тѳмѳнкүлѳрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документгерине тиешелүү ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда кѳрсѳтүлгѳн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда кѳрсѳтүлгѳн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндѳн жети күн ѳткөндѳн кийин күчүнѳ кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Аппаратынын агроѳнѳр жай комплекси жана экология бѳлүмүнѳ жүктѳлсүн.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |