Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-ноябры № 620
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджета жѳнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун кечиктирбестен кароо тууралуу Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн корутундусу жѳнүндѳ
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жѳнүндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 72-беренесинин 2-бѳлүтүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджета жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорун кечиктирбестен кароо тууралуу Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
| Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын ноябрындагы № 620 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Регламента жѳнүндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын " 72-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын 13-майындагы № 248, 2016-жылдын 24-августундагы № 457 жана 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 517 токтомдору менен жактырылып. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген "Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жѳнүндѳ отчетту бекитүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджета жана 2018-2019-жылдарга болжолу жѳнүндѳ" жана "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджета жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорунун негизинде тѳмѳнкүдѳй корутундуга келди.
1. "Кыргыз Республикасынын 2015-жыл ү«гүн республикалык бюджетинин аткарылышы жѳнүндѳ отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жѳнүндѳ отчет Кыргыз Республикасынын Ѳкметүнүн 2016-жылдын 13-майындагы № 248 токтому менен жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген. Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышына Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан мыйзамда белгиленген мѳѳнѳттѳ аудит жүргүзүлгѳн.
2. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү саясий, социалдык, маданий-спорттук, инфраструктуралык маанидеги бир катар жаңы милдеттенмелерди кабыл алды. Эсептелген жаңы чыгымдардын жалпы суммасы 24,4 млрд сомду түздү, анын ичинен бюджеттик мексмелердин атайын каражагтарына - 4,9 млрд сом каралган.
Жаңы милдеттенмелер боюнча иш-чаралар аларды аткаруу үчүн кечиктирилгис мүнѳзгв ээ. "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджета жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнүндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгөртүүлѳрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алууну кечиктирүү милдеттенмелерди толук кѳлѳмдѳ аткарууга мүмкүндүк бербейт жана бул жалпысынан бюджетти жѳнгө салууда кыйынчылыктарга алып келет.
3. "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жѳнүндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык республикалык бюджет жѳнүндѳ мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жаңы бюджеттик жыл башталганга чейин бир айдан кечиктирилбестен каралат жана кабыл алынат.
2017-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси колдонууга киргизилет, анда бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын түзүүнүн тартиби аныкталган, ошого байланыштуу бул багытта тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү зарыл.
Ушул айтылгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 2016-жылдын 17-ноябрында биринчи окулушунда кабыл алынганын белгилейт. Эгер жогоруда аталган мыйзамдардын долбоорлорун кабыл алуу маселеси үч окулушунда толук талкуулоо жол-жобосу боюнча кийинки жыйында кароого калтырылса бул бюджегги башкарууда кыйынчылыктарга алып келет.