Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин жана КР УБ
2022-жылдын 8-апрелиндеги № 205/68/5 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому
2016-жылдын 25-ноябрындагы № 627/42/2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын курамында:
- комиссиянын курамынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы чыгарылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
С.Жээнбеков |
| Т.Абдыгулов |