Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-январы № 28
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 320 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгектенүү жана эс алуу шарттарын тартипке келтирүү максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 320 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 788 “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
“11. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген типтүү штаттарга ылайык аныкталган кызматкерлердин жалпы штаттык санынын чегинде өздөрүнүн штаттык тизимине өзгөртүүлөрдү киргизе алыша тургандыгы белгиленсин.
Өзгөртүүлөрдүн саны кызматкерлердин жалпы санын, анын ичинде жетекчилердин, бөлүмдөрдүн, бөлүнүштөрдүн жана башка өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчыларынын (начальниктеринин) санын жана билим берүү уюмунун бекитилген эмгек акы фондун өзгөртпөстөн, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин санынын 5 пайызынан ашпоосу керек.”;
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин эскертүүсүндө:
6-пункт “эсебинде” деген сөздөн кийин “, бирок билим берүү уюмуна бир бирдиктен кем эмес” деген сөздөр менен толукталсын;
19-пункттун экинчи абзацы “корпусуна” деген сөздөн кийин “, бирок билим берүү уюмуна бир бирдиктен кем эмес” деген сөздөр менен толукталсын;
19-пункттун үчүнчү абзацы “студентке” деген сөздөн кийин “, бирок билим берүү уюмуна бир бирдиктен кем эмес” деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин эскертүүсүндө:
1-пункт “студенттердин” деген сөздөн кийин “жана аспиранттардын” деген сөздөр менен толукталсын;
23-пункттун экинчи абзацы “корпусуна” деген сөздөн кийин “, бирок билим берүү уюмуна бир бирдиктен кем эмес” деген сөздөр менен толукталсын;
23-пункттун үчүнчү абзацы “студентке” деген сөздөн кийин “, бирок билим берүү уюмуна бир бирдиктен кем эмес” деген сөздөр менен толукталсын.
4. Ушул токтомдун 2-пунктунун аткарылышын ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы билим берүү уюмдарына Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |