Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 99
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген тартипте жогоруда аталган Жобонун ченемдерин ишке ашырууга багытталган чараларды көрсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-февралындагы № 35 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |