Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 101
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы № 381 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы № 381 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкарган учурда кошумча отчеттор тапшырылат (N ДУ-2, ДУ-3, ДУ-4, ДУ-5 отчетторунун формалары).";
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкарган учурда квартал сайын отчеттун төмөнкүдөй түрлөрү тапшырылат: (N ДУ-1, ДУ-2, ДУ-3, ДУ-4, ДУ-5 формалары)";
- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы пунктчалар менен толукталсын:
"н) пенсиялык активдерди ишенимдүү башкаруу келишимин түзгөн, камсыздандырылган адамдардын саны жөнүндө маалыматтар, пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген пенсиялык топтоо каражаттары жөнүндө маалыматтар жана N ДУ-2 формасы боюнча таза активдердин наркы;
о) N ДУ-3 формасы боюнча пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтар;
п) N ДУ-4 формасы боюнча отчеттук мезгилде пенсиялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча жалпы инвестициялык портфелдин түзүмү жөнүндө маалыматтар;
р) N ДУ-5 формасы боюнча отчеттук мезгилде пенсиялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча инвестициялык портфелдин түзүмү жөнүндө маалыматтар";
- 10-тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык N ДУ-2, ДУ-3, ДУ-4, ДУ-5 отчетторунун формалары менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
N ДУ-2 формасы
Пенсиялык активдерди ишенимдүү башкаруу келишимин түзгөн, камсыздандырылган адамдардын саны жөнүндө МААЛЫМАТТАР
№ | Көрсөткүчтүн аталышы | Көрсөткүч (адам) |
1 | Пенсиялык активдерди ишенимдүү башкаруу келишимин түзгөн, камсыздандырылган адамдардын саны, бардыгы: |
|
анын ичинде: ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) |
|
Пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген пенсиялык топтоо каражаттары жөнүндө маалыматтар жана таза активдердин наркы
№ | Көрсөткүчтүн аталышы | Көрсөткүч (млн. сом) |
1 | Отчеттук жылдан мурдагы жылдын аягына пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууда турган таза активдердин наркы |
|
2 | Отчеттук жылда пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген каражаттар, бардыгы: |
|
анын ичинде - Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонд ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) |
| |
Топтоочу пенсиялык фонд ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) |
| |
3 | Отчеттук жылдын аягына пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууда турган таза активдердин наркы, бардыгы: |
|
анын ичинде - Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонд ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) |
| |
Топтоочу пенсиялык фонд ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) |
|
N ДУ-3 формасы
Пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжалары жөнүндө МААЛЫМАТТАР
№ | Көрсөткүчтүн аталышы | Көрсөткүч |
1 | Отчеттук мезгилде алынган пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоодон түшкөн киреше, бардыгы (млн. сом): |
|
2 | анын ичинде - ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) |
|
Таза активдердин наркына карата отчеттук мезгилде алынган пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоодон түшкөн киреше (пайыз): ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) |
| |
3 | Отчеттук мезгилде пенсиялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча алынган сый акы (млн. сом) |
|
N ДУ-4 формасы
Отчеттук мезгилде пенсиялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча жалпы инвестициялык портфелдин түзүмү жөнүндө МААЛЫМАТТАР
№ | Аталышы | Отчеттук мезгилдин башталышына | Отчеттук мезгилдин аягына | ||
млн. сом | % | млн. сом | % | ||
1 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары, бардыгы |
|
|
|
|
| анын ичинде чет өлкө валютасында чагылдырылган милдеттенмелер |
|
|
|
|
2 | Кыргыз эмитенттеринин облигациялары, бардыгы |
|
|
|
|
| анын ичинде: |
|
|
|
|
| а) муниципалдык түзүлүштөрдүн атынан чыгарылган облигациялар |
|
|
|
|
| алардын ичинен милдеттенмелери чет өлкө валютасында чагылдырылган облигациялар |
|
|
|
|
| б) кыргыз чарбалык коомдорунун облигациялары |
|
|
|
|
| алардын ичинен милдеттенмелери чет өлкө валютасында чагылдырылган облигациялар |
|
|
|
|
| в) милдеттенмелери Кыргыз Республикасы тарабынан кепилденген кыргыз эмитенттеринин облигациялары |
|
|
|
|
3 | Ачык акционердик коом формасында түзүлгөн кыргыз эмитенттеринин акциялары, бардыгы |
|
|
|
|
| анын ичинде улуттук валютада көрсөтүлгөн номиналдык наркы |
|
|
|
|
4 | Чет мамлекеттердин мамлекеттик баалуу кагаздарына каражаттарын жайгаштыруучу индекстик инвестициялык фонддордун пайлары (акциялары, үлүштөрү), башка чет өлкөлүк эмитенттердин облигациялары жана акциялары |
|
|
|
|
5 | Ипотекалык баалуу кагаздар |
|
|
|
|
| анын ичинде кепилчилик менен камсыз болгон ипотекалык жабуудагы облигациялар |
|
|
|
|
6 | Кредиттик уюмдардын эсептериндеги сом түрүндөгү акча каражаттары |
|
|
|
|
7 | Кредиттик уюмдардагы депозиттер, бардыгы |
|
|
|
|
| анын ичинде чет өлкө валютасында |
|
|
|
|
8 | Кредиттик уюмдардын эсептериндеги чет өлкө валютасы |
|
|
|
|
9 | Эл аралык финансылык уюмдардын жайгаштырууга жана (же) жалпыга жүгүртүүгө уруксат берилген баалуу кагаздары |
|
|
|
|
N ДУ-5 формасы
Отчеттук мезгилде пенсиялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча инвестициялык портфелдин түзүмү жөнүндө МААЛЫМАТТАР
___________________________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы)
№ | Аталышы | Отчеттук мезгилдин башталышына | Отчеттук мезгилдин аягына | ||
млн. сом | % | млн. сом | % | ||
1 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары, бардыгы |
|
|
|
|
| анын ичинде чет өлкө валютасында чагылдырылган милдеттенмелер |
|
|
|
|
2 | Кыргыз эмитенттеринин облигациялары, бардыгы |
|
|
|
|
| анын ичинде: |
|
|
|
|
| а) муниципалдык түзүлүштөрдүн атынан чыгарылган облигациялар |
|
|
|
|
| алардын ичинен милдеттенмелери чет өлкө валютасында чагылдырылган облигациялар |
|
|
|
|
| б) кыргыз чарбалык коомдорунун облигациялары |
|
|
|
|
| алардын ичинен милдеттенмелери чет өлкө валютасында чагылдырылган облигациялар |
|
|
|
|
| в) милдеттенмелери Кыргыз Республикасы тарабынан кепилденген кыргыз эмитенттеринин облигациялары |
|
|
|
|
3 | Ачык акционердик коом формасында түзүлгөн кыргыз эмитенттеринин акциялары, бардыгы |
|
|
|
|
| анын ичинде улуттук валютада көрсөтүлгөн номиналдык наркы |
|
|
|
|
4 | Чет мамлекеттердин мамлекеттик баалуу кагаздарына каражаттарын жайгаштыруучу индекстик инвестициялык фонддордун пайлары (акциялары, үлүштөрү), башка чет өлкөлүк эмитенттердин облигациялары жана акциялары |
|
|
|
|
5 | Ипотекалык баалуу кагаздар |
|
|
|
|
| анын ичинде кепилчилик менен камсыз болгон ипотекалык жабуудагы облигациялар |
|
|
|
|
6 | Кредиттик уюмдардын эсептериндеги сом түрүндөгү акча каражаттары |
|
|
|
|
7 | Кредиттик уюмдардагы депозиттер, бардыгы |
|
|
|
|
| анын ичинде чет өлкө валютасында |
|
|
|
|
8 | Кредиттик уюмдардын эсептериндеги чет өлкөлүк валюта |
|
|
|
|
9 | Эл аралык финансылык уюмдардын жайгаштырууга жана (же) жалпыга жүгүртүүгө уруксат берилген баалуу кагаздары |
|
|
|
|