Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы №381 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485, 2017-жылдын 13-февралындагы № 101, 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 565 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Отчетторду берүүнүн тартиби
3. Кесипкөй катышуучунун отчетторун толтуруунун тартиби
жана курамы
4. Отчеттордун түрлөрү
1-тиркеме. Баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иш жүргүзүү жөнүндө
отчет
2-тиркеме. Уюм жөнүндө маалыматтар
3-тиркеме. Уюмдун капиталы жөнүндө маалымат
4-тиркеме. Дебитордук жана кредиттик карыздар жөнүндө маалымат
5-тиркеме. Финансылык салымдардын түзүмү
6-тиркеме. Баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөр жөнүндө
маалыматтар
7-тиркеме. Брокердик ишти жүргүзүү жөнүндө маалыматтар
8-тиркеме. Аталышы бар баалуу кагаздардын ээлеринин реестринде
операцияларды жүргүзүү жөнүндө маалыматтар
9-тиркеме. Реестрди жүргүзүүнү жана сактоону кошо ала жүрүүчү иш
жөнүндө маалымат
10-тиркеме. Инвестициялык активдерди башкаруу боюнча ишти жүргүзүү
жөнүндө маалымат
11-тиркеме. Уюмдун финансылык абалын мүнөздөгөн көрсөткүчтөр
12-тиркеме. Эмитенттин бир баалуу кагазынын түрүнүн 5%ы жана андан
көбү менен жасалган операциялар жөнүндө маалымат
13-тиркеме. Баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иш жүргүзүү жөнүндө
отчетту толтуруунун тартиби жөнүндө нускама
1. Жалпы жоболор
1. Бул жобо баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары (мындан ары - кесипкөй катышуучу) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүчү отчетту толтуруунун жана берүүнүн тартибин, түзүмүн белгилейт.
2. Кесипкөй катышуучу отчетторду өз учурунда эмес, толук эмес же так эмес бергендиги үчүн баалуу кагаздар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.
3. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, анын региондук бөлүмдөрү жана өкүлчүлүктөрү берилген отчеттор боюнча кесипкөй катышуучудан кошумча маалыматтарды жана документтерди сурап алууга укуктуу.
4. Бул жобо баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген лицензиянын негизинде баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй ишти жүргүзгөн бардык юридикалык жактарга колдонулат, буга фондулук биржаларда иш жүргүзгөн юридикалык жактар кирбейт.
2. Отчетторду берүүнүн тартиби
5. Кесипкөй катышуучулар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ар бир отчеттук квартал бүткөндөн кийин 30 күндүн ичинде ар квартал сайын жана финансылык жыл бүткөндөн кийин 30 күндүн ичинде жылына бир жолу, ошондой эле операция боюнча баалуу кагаздардын саны аталган баалуу кагаздардын жалпы санынын 5 пайызынан кем эмес болсо, кесипкөй катышуучу бир эмитенттин баалуу кагаздарынын бир түрү менен бир жолку операция жасагандан кийин 5 күндүн ичинде отчет берет. Эгерде отчетту берүү мөөнөтүнүн акыркы күнү иш эмес күнгө туш болсо, андан кийинки иш күн мөөнөт бүтүүчү күн деп эсептелет.
6. Отчеттор кагаз жүзүндө жана электрондук алып жүрүүчү менен берилет. Кагаз жүзүндө берилген отчеттордун мазмуну электрондук алып жүрүүчү менен берилген отчеттордун мазмунуна туура келиши керек.
7. Кагаз жүзүндө берилген отчеттор көктөлөт, номерлери коюлат, ага тиешелүү документтерге кол коюу укугу бар адам, башкы бухгалтер кол коет жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
8. Электрондук алып жүрүүчү менен берилген отчеттор баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыккан форматта берилет. Көрсөтүлгөн форманы толтуруу үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын программалык продукту пайдаланылышы мүмкүн.
3. Кесипкөй катышуучунун отчетторун толтуруунун тартиби жана курамы
9. Брокердик, дилердик ишти жана инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүргүзгөн кесипкөй катышуучунун отчеттору баалуу кагаздар рыногундагы брокердик, дилердик ишти жана баалуу кагаздарды башкаруу боюнча ишти жүргүзүү жөнүндө отчеттордон (отчеттордун формалары: N ПД-1, ПД-2, ПД-3, БД-1, БД-2, БД-3, Б-1, ДУ-1), уюмдун финансылык абалын мүнөздөп көрсөтүүчү эсептик көрсөткүчтөрдөн (N ПД-4 формасынан), бухгалтердик отчеттон, бүтүмдөр жөнүндө маалыматтардан (ПД-5) турат.
Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкарган учурда кошумча отчеттор тапшырылат (N ДУ-2, ДУ-3, ДУ-4, ДУ-5 отчетторунун формалары).
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485, 2017-жылдын 13-февралындагы № 101 токтомдорунун редакциясына ылайык)
10. Брокердик, дилердик ишти жана инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүргүзгөн кесипкөй катышуучулар ар квартал сайын төмөнкүдөй отчеттордун түрлөрүн берет: N ПД-1, ПД-3, ПД-4 формаларын (1, 6, 11-тиркемелер), бухгалтердик отчетту. Ошондой эле операция боюнча баалуу кагаздардын саны аталган баалуу кагаздардын жалпы санынын 5 пайызынан кем эмес болсо, бир эмитенттин баалуу кагаздарынын бир түрү менен кесипкөй катышуучу бир жолку операция жасагандан кийин 5 күндүн ичинде маалымат берилет. Жылдык отчет отчеттордун баардык түрлөрү боюнча түзүлөт.
Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкарган учурда квартал сайын отчеттун төмөнкүдөй түрлөрү тапшырылат: (N ДУ-1, ДУ-2, ДУ-3, ДУ-4, ДУ-5 формалары)
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485, 2017-жылдын 13-февралындагы № 101 токтомдорунун редакциясына ылайык)
11. Аталышы бар баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жана сактоо боюнча иш жүргүзгөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун, депозитарийдин (мындан ары - каттоочулар) отчеттору Кыргыз Республикасындагы аталышы бар баалуу кагаздардын ээлеринин реестрин жүргүзүү жана сактоо боюнча иштерди жүргүзүү жөнүндө отчеттордон (№ ПД-1, ПД-2, ПД-3, Р-1, Р-2 формаларынан), уюмдун финансылык абалын мүнөздөгөн эсептик көрсөткүчтөрдөн, бухгалтердик отчеттон (№ ПД-4 формасынан) турат.
12. Каттоочулар ар квартал сайын отчеттордун төмөнкүдөй түрлөрүн берет: № ПД-1, Р-1, ПД-4 формаларын (1, 8, 11-тиркемелер), бухгалтердик отчетту. Ошондой эле, операция боюнча баалуу кагаздардын саны аталган баалуу кагаздардын жалпы санынын 5 пайызынан кем эмес болсо, эмитенттин баалуу кагаздарынын бир түрү менен кесипкөй катышуучу бир жолку операция жасагандан кийин 5 күндүн ичинде ПД-5 формасы боюнча отчет берилет. Жылдык отчет отчеттордун баардык түрлөрү боюнча түзүлөт.
4. Отчеттордун түрлөрү
13. Баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иш жүргүзүү жөнүндө отчетто төмөнкүлөр камтылат:
а) титулдук баракча;
б) уюм жөнүндө жалпы маалыматтар - N ПД-1 жана ПД-2 формалары;
в) уюмдун капиталы жөнүндө маалымат - N ПД-3 формасы;
г) дебитордук жана кредиттик карыздар жөнүндө маалымат - N БД-1 формасы;
д) финансылык салымдардын түзүмү - N БД-2 формасы;
е) баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөр жөнүндө маалыматтар - N БД-3 формасы;
ж) брокердик ишти жүргүзүү жөнүндө маалыматтар - N Б-1 формасы;
з) аталышы бар баалуу кагаздардын ээлеринин реестринде операцияларды жүргүзүү жөнүндө маалыматтар - N Р-1 формасы;
и) реестрди жүргүзүүнү жана сактоону кошо ала жүрүүчү иш жөнүндө маалымат - N Р-2 формасы;
к) инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүргүзүү жөнүндө маалыматтар - N ДУ-1 түрү;
л) уюмдун финансылык абалын мүнөздөгөн көрсөткүчтөр - N ПД-4 түрү;
м) кесипкөй катышуучу жасаган бир жолку операция жөнүндө маалымат, операция боюнча баалуу кагаздардын саны аталган баалуу кагаздардын жалпы санынын 5 пайызынан кем эмес болсо, бир эмитенттин баалуу кагаздарынын бир түрү менен жасалган операциядан кийин 5 күндүн ичинде;
н) пенсиялык активдерди ишенимдүү башкаруу келишимин түзгөн, камсыздандырылган адамдардын саны жөнүндө маалыматтар, пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген пенсиялык топтоо каражаттары жөнүндө маалыматтар жана N ДУ-2 формасы боюнча таза активдердин наркы;
о) N ДУ-3 формасы боюнча пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтар;
п) N ДУ-4 формасы боюнча отчеттук мезгилде пенсиялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча жалпы инвестициялык портфелдин түзүмү жөнүндө маалыматтар;
р) N ДУ-5 формасы боюнча отчеттук мезгилде пенсиялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча инвестициялык портфелдин түзүмү жөнүндө маалыматтар.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485, 2017-жылдын 13-февралындагы № 101 токтомдорунун редакциясына ылайык)
14. Баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иш жүргүзүү жөнүндө отчеттун формасын толтуруу учурунда Баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иш жүргүзүү жөнүндө отчетту толтуруунун тартиби жөнүндө нускаманы жетекчиликке алуу керек (13-тиркеме).
15. Бухгалтердик отчеттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен форма боюнча төмөнкүлөр менен бирге берилет:
а) активдер жана пассивдер жөнүндө отчет;
б) финансылык жыйынтыктар жөнүндө отчет.
Бухгалтердик отчеттун аталган формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн талаптарына ылайык толтурулат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485 токтомунун редакциясына ылайык)
1-тиркеме
КЫЗМАТТЫК БЕЛГИ КОЮУ ҮЧҮН
Иштин № __________________________________________________________
Текшерди (аты-жөнү) ______________________________________________
Баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иш жүргүзүү жөнүндө ОТЧЕТ № ПД-1 формасы
201_-жылдын "__" _________
Уюм жөнүндө жалпы маалыматтар
(уюмдун ыйгарым укуктуу адамы тарабынан толтурулат)
__________________________________________________________________
(уюмдун толук аталышы)
_______________________________________________________________________
(уюмдун кыскартылган аталышы)
_______________________________________________________________________
(уюмдун иш жүзүндө жайгашкан жери)
_______________________________________________________________________
(салык төлөөчүнүн идентификациялык номери)
_______________________________________________________________________
(уюмдун юридикалык дареги)
_______________________________________________________________________
(уюмдун почталык дареги)
Уюмдун байланыш телефондору ______________________________________
Уюмдун жетекчиси жөнүндө маалымат
__________________________________________________________________
(уюмдун жетекчисинин кызматынын аталышы)
_______________________________________________________________________
(уюмдун жетекчисинин аты-жөнү)
Койгон колу ______________________________________________________
Уюмдун мөөрү
Уюмдун башкы бухгалтери жөнүндө маалымат
__________________________________________________________________
(башкы бухгалтердин аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(кызматы, телефону)
Койгон колу ______________________________________________________
Уюмдун мөөрү
Бул отчетто камтылган маалыматтар толук жана так болуп саналаарын, ушул отчеттун бардык формалары жана ага тиркемелер менен түшүндүрмөлөр анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелээрин жана кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизген учурда баардык өзгөрбөөчү көрсөткүчтөр толук жана анык бойдон калаарын уюмдун жетекчиси ырастайт.
2-тиркеме
№ ПД-2 форма
Уюм жөнүндө маалыматтар
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 565 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3-тиркеме
№ ПД-3 форма
Уюмдун капиталы жөнүндө МААЛЫМАТ
┌─┬─────────────────────────────┬─────────────────┬───────────────────┐
│№│ Көрсөткүчтөрдүн аталышы │Өлчөө бирдиктери │ Көрсөткүчтүн │
│ │ │ │ мааниси │
├─┼─────────────────────────────┼─────────────────┼───────────────────┤
│1│Уставдык капиталы │ │ │
│2│Уставдык капиталдагы резидент│ │ │
│ │эместердин үлүшү │ │ │
│3│Өздүк капиталы │ │ │
└─┴─────────────────────────────┴─────────────────┴───────────────────┘
4-тиркеме
№ БД-1 форма
Дебитордук жана кредиттик карыздар жөнүндө МААЛЫМАТ
┌────┬─────────────────────────┬─┬─────┬─────┬─────┬─────┬──────┬─────┐
│Бер.│ Көрсөткүчтөрдүн аталышы │ │1 │1-2 │3-6 │6-12 │12 │Жый- │
│ № │ │ │айга │ай │ай │ай │айдан │ынты-│
│ │ │ │чейин│ │ │ │ашуун │гы │
├────┼─────────────────────────┼─┼─────┼─────┼─────┼─────┼──────┼─────┤
│1 │Дебитордук карыздар │А│ │ │ │ │ │ │
│ │- бардыгы: │ │ │ │ │ │ │ │
│2 │анын ичинде │Б│ │ │ │ │ │ │
│ │мөөнөтү узартылган │ │ │ │ │ │ │ │
│3 │анын ичинде мөөнөтү өткөн│Б│ │ │ │ │ │ │
│4 │Уюм менен өзүнүн атынан │А│ │ │ │ │ │ │
│ │жана өзүнүн эсебинен │ │ │ │ │ │ │ │
│ │баалуу кагаздарды сатып │ │ │ │ │ │ │ │
│ │алуу-сатуу келишими │ │ │ │ │ │ │ │
│ │боюнча контрагенттердин │ │ │ │ │ │ │ │
│ │дебитордук карыздары │ │ │ │ │ │ │ │
│5 │Кардарлардын дебитордук │А│ │ │ │ │ │ │
│ │карыздары - бардыгы: │ │ │ │ │ │ │ │
│6 │анын ичинде жеке жак │А│ │ │ │ │ │ │
│ │менен түзүлгөн келишим │ │ │ │ │ │ │ │
│ │боюнча │ │ │ │ │ │ │ │
│7 │Кредиттик карыздар │А│ │ │ │ │ │ │
│ │- бардыгы: │ │ │ │ │ │ │ │
│8 │анын ичинде мөөнөтү │Б│ │ │ │ │ │ │
│ │узартылган │ │ │ │ │ │ │ │
│9 │анын ичинде мөөнөтү өткөн│Б│ │ │ │ │ │ │
│10 │Уюм менен өзүнүн атынан │А│ │ │ │ │ │ │
│ │жана өзүнүн эсебинен │ │ │ │ │ │ │ │
│ │баалуу кагаздарды сатып │ │ │ │ │ │ │ │
│ │алуу-сатуу келишими │ │ │ │ │ │ │ │
│ │боюнча контрагенттердин │ │ │ │ │ │ │ │
│ │кредиттик карыздары │ │ │ │ │ │ │ │
│11 │Кардарлардын алдындагы │А│ │ │ │ │ │ │
│ │кредиттик карыздары │ │ │ │ │ │ │ │
│12 │анын ичинде жеке жактар │А│ │ │ │ │ │ │
│ │менен түзүлгөн келишимдер│ │ │ │ │ │ │ │
│ │боюнча │ │ │ │ │ │ │ │
└────┴─────────────────────────┴─┴─────┴─────┴─────┴─────┴──────┴─────┘
5-тиркеме
№ Д-2 форма
Финансылык салымдардын ТҮЗҮМҮ
┌───┬──────────────────────────┬────────────────────┬─────────────────┐
│ № │ Активдердин аталышы │Отчеттук мезгилдин │Рыноктук баа │
│ │ │аягындагы баланстагы│боюнча финансылык│
│ │ │финансылык салымдар │салымдарды баалоо│
│ │ ├──────┬──────┬──────┼────────┬────────┤
│ │ │Баалуу│Пакет-│Пакет-│Бир │Пакеттин│
│ │ │кагаз-│тин │тин │баалуу │рыноктук│
│ │ │дардын│ба- │ба- │кагаздын│баасы │
│ │ │саны │ланс- │ланс- │рыноктук│(сом) │
│ │ │(бир- │тык │тык │баасы │ │
│ │ │дик │наркы │наркы │(сом) │ │
│ │ │менен)│ │жыйын-│ │ │
│ │ │ │ │тыкка │ │ │
│ │ │ │ │карата│ │ │
│ │ │ │ │пайыз │ │ │
│ │ │ │ │менен │ │ │
├───┼──────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼────────┼────────┤
│1 │Баалуу кагаздар │ │ │ │ │ │
│ │рыногундагы тоорук │ │ │ │ │ │
│ │уюштуруучулар аркылуу │ │ │ │ │ │
│ │тоорукка киргизилген │ │ │ │ │ │
│ │акционердик коомдордун │ │ │ │ │ │
│ │акциялары │ │ │ │ │ │
├───┼──────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼────────┼────────┤
│1.1│1-бөлүк боюнча жыйынтыктар│ │ │ │ │ │
├───┼──────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼────────┼────────┤
│2 │Мамлекеттик баалуу │ │ │ │ │ │
│ │кагаздар, Кыргыз │ │ │ │ │ │
│ │Республикасынын │ │ │ │ │ │
│ │субъекттеринин жана │ │ │ │ │ │
│ │муниципалдык түзүмдөрүнүн │ │ │ │ │ │
│ │баалуу кагаздары, ошондой │ │ │ │ │ │
│ │эле аларга теңештирилген │ │ │ │ │ │
│ │баалуу кагаздар │ │ │ │ │ │
├───┼──────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼────────┼────────┤
│2.1│2-бөлүк боюнча жыйынтык │ │ │ │ │ │
├───┼──────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼────────┼────────┤
│3 │Баалуу кагаздар │ │ │ │ │ │
│ │рыногундагы тоорук │ │ │ │ │ │
│ │уюштуруучулар аркылуу │ │ │ │ │ │
│ │тоорукка киргизилбеген │ │ │ │ │ │
│ │эмиссиялык баалуу кагаздар│ │ │ │ │ │
├───┼──────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼────────┼────────┤
│3.1│3-бөлүк боюнча жыйынтыктар│ │ │ │ │ │
├───┼──────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼────────┼────────┤
│4 │Эмиссиялык эмес баалуу │ │ │ │ │ │
│ │кагаздар │ │ │ │ │ │
├───┼──────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼────────┼────────┤
│4.1│4-бөлүк боюнча жыйынтык │ │ │ │ │ │
├───┼──────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼────────┼────────┤
│5 │Башка финансылык салымдар │ │ │ │ │ │
│ │(финансылык салымдын түрү │ │ │ │ │ │
│ │көрсөтүлөт) │ │ │ │ │ │
├───┼──────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼────────┼────────┤
│5.1│5-бөлүк боюнча жыйынтык │ │ │ │ │ │
├───┼──────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼────────┼────────┤
│ │1, 2, 3, 4, 5-бөлүктөр │ │ │ │ │ │
│ │боюнча жыйынтыктар │ │ │ │ │ │
└───┴──────────────────────────┴──────┴──────┴──────┴────────┴────────┘
6-тиркеме
№ БД-3 форма
Баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөр жөнүндө МААЛЫМАТТАР
┌─┬─────────────────────────┬────────────────────┬────────────────────┐
│ │ Көрсөткүчтөрдүн аталышы │ Сатып алуу боюнча │ Сатуу боюнча │
│ │ │ бүтүмдөр │ бүтүмдөр │
│ │ ├──────┬──────┬──────┼──────┬──────┬──────┤
│ │ │Бүтүм-│БК │Бүтүм-│Бүтүм-│БК │Бүтүм-│
│ │ │дөрдүн│саны │дөрдүн│дөрдүн│саны │дөрдүн│
│ │ │саны │(даа- │көлөмү│саны │(даа- │көлөмү│
│ │ │(бир- │на) │ │(бир- │на) │ │
│ │ │дик │ │ │дик │ │ │
│ │ │менен)│ │ │менен)│ │ │
├─┼─────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤
│1│Жасалган бүтүмдөр - │ │ │ │ │ │ │
│ │баардыгы: │ │ │ │ │ │ │
├─┼─────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤
│ │анын ичинде бүтүм │ │ │ │ │ │ │
│ │жасалган жер боюнча │ │ │ │ │ │ │
├─┼─────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤
│2│Баалуу кагаздар рыногунда│ │ │ │ │ │ │
│ │тоорук уюштуруучулар │ │ │ │ │ │ │
│ │аркылуу тоорукка │ │ │ │ │ │ │
│ │киргизилген акционердик │ │ │ │ │ │ │
│ │коомдордун акциялары │ │ │ │ │ │ │
│ │менен жасалган бүтүмдөр -│ │ │ │ │ │ │
│ │баардыгы: │ │ │ │ │ │ │
├─┼─────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤
│ │анын ичинде резидент │ │ │ │ │ │ │
│ │эместер тарабынан │ │ │ │ │ │ │
├─┼─────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤
│3│Башка бүтүмдөр, анын │ │ │ │ │ │ │
│ │ичинде келишимдердин │ │ │ │ │ │ │
│ │түрлөрү боюнча │ │ │ │ │ │ │
├─┼─────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤
│4│Өзүнүн атынан жана өз │ │ │ │ │ │ │
│ │эсебинен жасалган │ │ │ │ │ │ │
│ │бүтүмдөр │ │ │ │ │ │ │
├─┼─────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤
│5│Баалуу кагаздар рыногунда│ │ │ │ │ │ │
│ │брокердик тейлөө │ │ │ │ │ │ │
│ │келишимин аткарууга │ │ │ │ │ │ │
│ │жасалган бүтүмдөр │ │ │ │ │ │ │
├─┼─────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤
│6│Башка келишимдер боюнча, │ │ │ │ │ │ │
│ │анын ичинде баалуу │ │ │ │ │ │ │
│ │кагаздардын түрлөрү │ │ │ │ │ │ │
│ │боюнча түзүлгөн бүтүмдөр │ │ │ │ │ │ │
├─┼─────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤
│7│Кыргыз Республикасынын │ │ │ │ │ │ │
│ │мамлекеттик баалуу │ │ │ │ │ │ │
│ │кагаздары менен жасалган │ │ │ │ │ │ │
│ │бүтүмдөр - баардыгы: │ │ │ │ │ │ │
├─┼─────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤
│ │анын ичинде резидент │ │ │ │ │ │ │
│ │эместер тарабынан │ │ │ │ │ │ │
├─┼─────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤
│8│Кыргыз Республикасынын │ │ │ │ │ │ │
│ │субъекттеринин жана │ │ │ │ │ │ │
│ │муниципалдык түзүмдөрүнүн│ │ │ │ │ │ │
│ │баалуу кагаздары менен │ │ │ │ │ │ │
│ │жасалган бүтүмдөр - │ │ │ │ │ │ │
│ │баардыгы: │ │ │ │ │ │ │
├─┼─────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤
│ │анын ичинде резидент │ │ │ │ │ │ │
│ │эместер тарабынан │ │ │ │ │ │ │
├─┼─────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤
│9│Башка баалуу кагаздар │ │ │ │ │ │ │
│ │менен жасалган бүтүмдөр -│ │ │ │ │ │ │
│ │баардыгы: │ │ │ │ │ │ │
├─┼─────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤
│ │анын ичинде резидент │ │ │ │ │ │ │
│ │эместер тарабынан │ │ │ │ │ │ │
└─┴─────────────────────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┘
7-тиркеме
№ Б-1 форма
Брокердик ишти жүргүзүү жөнүндө МААЛЫМАТТАР
┌─────────┬────────────────────────────────────────┬──────────────────┐
│Саптардын│ Көрсөткүчтөрдүн аталышы │ Саны │
│№ │ │ (бирдик менен) │
├─────────┼────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│1 │Ички эсепке алуу системасындагы ачык │ │
│ │аналитикалык эсептердин саны - баардыгы │ │
├─────────┼────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│2 │анын ичинде жеке жактарга │ │
├─────────┼────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│3 │анын ичинде юридикалык жактарга │ │
├─────────┼────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│4 │анын ичинде резиденттерге │ │
├─────────┼────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│5 │анын ичинде резидент эместерге │ │
└─────────┴────────────────────────────────────────┴──────────────────┘
8-тиркеме
№ Р-1 форма
Аталышы бар баалуу кагаздардын ээлеринин реестринде операцияларды жүргүзүү жөнүндө МААЛЫМАТТАР
┌─────────────┬────────────────────────────────────────────────────────
│Эмитент, │ Баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөр
│баалуу ├─────────────┬──────────────────────────────────────────
│кагаздардын │ Биржалык │ Биржадан тышкары
│түрү, ├──────┬──────┼─────────────┬─────────────┬─────────────┬
│каттоо номери│Бүтүм-│Баалуу│Сатуу (ЖАК │ Белекке │ Мурастоо │
│ │дүн │кагаз-│акциялары │ берүү │ │
│ │саны │дардын├──────┬──────┼──────┬──────┼──────┬──────┼
│ │ │саны │Бүтүм-│Баалуу│Бүтүм-│Баалуу│Бүтүм-│Баалуу│
│ │ │ │дүн │кагаз-│дүн │кагаз-│дүн │кагаз-│
│ │ │ │саны │дардын│саны │дардын│саны │дардын│
│ │ │ │ │саны │ │саны │ │саны │
├─────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │
└─────────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴
──────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│
──────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│
┬────────────────┬─────────────────┬──────────────────┬───────────────┤
│ Алмашуу │ Ишенимдик │ Күрөөгө коюлган │ Башкалар │
│ │ башкаруу │ акциялар │ │
┼────────┬───────┼────────┬────────┼─────────┬────────┼──────┬────────┤
│Бүтүмдүн│Баалуу │Бүтүмдүн│Баалуу │Бүтүмдүн │Баалуу │Бүтүм-│Баалуу │
│саны │кагаз- │саны │кагаз- │саны │кагаз- │дүн │кагаз- │
│ │дардын │ │дардын │ │дардын │саны │дардын │
│ │саны │ │саны │ │саны │ │саны │
┼────────┼───────┼────────┼────────┼─────────┼────────┼──────┼────────┤
│ 10 │ 11 │ 12 │ 13 │ 14 │ 15 │ 16 │ 17 │
┴────────┴───────┴────────┴────────┴─────────┴────────┴──────┴────────┘
9-тиркеме
№ Р-2 форма
Реестрди жүргүзүүнү жана сактоону кошо ала жүрүүчү иш жөнүндө МААЛЫМАТ
┌──────────────┬─────────────────┬─────────────────┬──────────────────┐
│ Эмитент, │ Акционерлердин │Консультация │Баалуу кагаздар │
│ баалуу │ жалпы чогулушун │берүү кызматын │боюнча кирешелерди│
│ кагаздардын │ тейлөө │көрсөтүү │төлөп берүүнү │
│ түрү жана │ келишиминин № │келишиминин № │уюштуруу │
│каттоо номери │ жана колдонуу │жана колдонуу │келишиминин № жана│
│ │ мөөнөтү │мөөнөтү │колдонуу мөөнөтү │
├──────────────┼─────────────────┼─────────────────┼──────────────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │
└──────────────┴─────────────────┴─────────────────┴──────────────────┘
10-тиркеме
№ ДУ-1 форма
Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүргүзүү жөнүндө МААЛЫМАТ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485, 2017-жылдын 13-февралындагы № 101 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Саптардын N | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Саны (бирдик менен) |
1 | Баалуу кагаздарды башкаруу боюнча келишимдердин саны - бардыгы: |
|
2 | анын ичинде жеке жактар менен | |
3 | анын ичинде юридикалык жактар менен | |
4 | анын ичинде резиденттер менен | |
5 | анын ичинде резидент эместер менен |
N ДУ-2 формасы
Пенсиялык активдерди ишенимдүү башкаруу келишимин түзгөн, камсыздандырылган адамдардын саны жөнүндө МААЛЫМАТТАР
№ | Көрсөткүчтүн аталышы | Көрсөткүч (адам) |
1 | Пенсиялык активдерди ишенимдүү башкаруу келишимин түзгөн, камсыздандырылган адамдардын саны, бардыгы: |
|
анын ичинде: ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) |
|
Пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген пенсиялык топтоо каражаттары жөнүндө маалыматтар жана таза активдердин наркы
№ | Көрсөткүчтүн аталышы | Көрсөткүч (млн. сом) |
1 | Отчеттук жылдан мурдагы жылдын аягына пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууда турган таза активдердин наркы |
|
2 | Отчеттук жылда пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген каражаттар, бардыгы: |
|
анын ичинде - Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонд ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) |
| |
Топтоочу пенсиялык фонд ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) |
| |
3 | Отчеттук жылдын аягына пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууда турган таза активдердин наркы, бардыгы: |
|
анын ичинде - Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонд ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) |
| |
Топтоочу пенсиялык фонд ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) |
|
N ДУ-3 формасы
Пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжалары жөнүндө МААЛЫМАТТАР
№ | Көрсөткүчтүн аталышы | Көрсөткүч |
1 | Отчеттук мезгилде алынган пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоодон түшкөн киреше, бардыгы (млн. сом): |
|
2 | анын ичинде - ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) |
|
Таза активдердин наркына карата отчеттук мезгилде алынган пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоодон түшкөн киреше (пайыз): ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) ___________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы) |
| |
3 | Отчеттук мезгилде пенсиялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча алынган сый акы (млн. сом) |
|
N ДУ-4 формасы
Отчеттук мезгилде пенсиялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча жалпы инвестициялык портфелдин түзүмү жөнүндө МААЛЫМАТТАР
№ | Аталышы | Отчеттук мезгилдин башталышына | Отчеттук мезгилдин аягына | ||
млн. сом | % | млн. сом | % | ||
1 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары, бардыгы |
|
|
|
|
| анын ичинде чет өлкө валютасында чагылдырылган милдеттенмелер |
|
|
|
|
2 | Кыргыз эмитенттеринин облигациялары, бардыгы |
|
|
|
|
| анын ичинде: |
|
|
|
|
| а) муниципалдык түзүлүштөрдүн атынан чыгарылган облигациялар |
|
|
|
|
| алардын ичинен милдеттенмелери чет өлкө валютасында чагылдырылган облигациялар |
|
|
|
|
| б) кыргыз чарбалык коомдорунун облигациялары |
|
|
|
|
| алардын ичинен милдеттенмелери чет өлкө валютасында чагылдырылган облигациялар |
|
|
|
|
| в) милдеттенмелери Кыргыз Республикасы тарабынан кепилденген кыргыз эмитенттеринин облигациялары |
|
|
|
|
3 | Ачык акционердик коом формасында түзүлгөн кыргыз эмитенттеринин акциялары, бардыгы |
|
|
|
|
| анын ичинде улуттук валютада көрсөтүлгөн номиналдык наркы |
|
|
|
|
4 | Чет мамлекеттердин мамлекеттик баалуу кагаздарына каражаттарын жайгаштыруучу индекстик инвестициялык фонддордун пайлары (акциялары, үлүштөрү), башка чет өлкөлүк эмитенттердин облигациялары жана акциялары |
|
|
|
|
5 | Ипотекалык баалуу кагаздар |
|
|
|
|
| анын ичинде кепилчилик менен камсыз болгон ипотекалык жабуудагы облигациялар |
|
|
|
|
6 | Кредиттик уюмдардын эсептериндеги сом түрүндөгү акча каражаттары |
|
|
|
|
7 | Кредиттик уюмдардагы депозиттер, бардыгы |
|
|
|
|
| анын ичинде чет өлкө валютасында |
|
|
|
|
8 | Кредиттик уюмдардын эсептериндеги чет өлкө валютасы |
|
|
|
|
9 | Эл аралык финансылык уюмдардын жайгаштырууга жана (же) жалпыга жүгүртүүгө уруксат берилген баалуу кагаздары |
|
|
|
|
N ДУ-5 формасы
Отчеттук мезгилде пенсиялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча инвестициялык портфелдин түзүмү жөнүндө МААЛЫМАТТАР
___________________________________________________________ (инвестициялык портфелдин аталышы)
№ | Аталышы | Отчеттук мезгилдин башталышына | Отчеттук мезгилдин аягына | ||
млн. сом | % | млн. сом | % | ||
1 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары, бардыгы |
|
|
|
|
| анын ичинде чет өлкө валютасында чагылдырылган милдеттенмелер |
|
|
|
|
2 | Кыргыз эмитенттеринин облигациялары, бардыгы |
|
|
|
|
| анын ичинде: |
|
|
|
|
| а) муниципалдык түзүлүштөрдүн атынан чыгарылган облигациялар |
|
|
|
|
| алардын ичинен милдеттенмелери чет өлкө валютасында чагылдырылган облигациялар |
|
|
|
|
| б) кыргыз чарбалык коомдорунун облигациялары |
|
|
|
|
| алардын ичинен милдеттенмелери чет өлкө валютасында чагылдырылган облигациялар |
|
|
|
|
| в) милдеттенмелери Кыргыз Республикасы тарабынан кепилденген кыргыз эмитенттеринин облигациялары |
|
|
|
|
3 | Ачык акционердик коом формасында түзүлгөн кыргыз эмитенттеринин акциялары, бардыгы |
|
|
|
|
| анын ичинде улуттук валютада көрсөтүлгөн номиналдык наркы |
|
|
|
|
4 | Чет мамлекеттердин мамлекеттик баалуу кагаздарына каражаттарын жайгаштыруучу индекстик инвестициялык фонддордун пайлары (акциялары, үлүштөрү), башка чет өлкөлүк эмитенттердин облигациялары жана акциялары |
|
|
|
|
5 | Ипотекалык баалуу кагаздар |
|
|
|
|
| анын ичинде кепилчилик менен камсыз болгон ипотекалык жабуудагы облигациялар |
|
|
|
|
6 | Кредиттик уюмдардын эсептериндеги сом түрүндөгү акча каражаттары |
|
|
|
|
7 | Кредиттик уюмдардагы депозиттер, бардыгы |
|
|
|
|
| анын ичинде чет өлкө валютасында |
|
|
|
|
8 | Кредиттик уюмдардын эсептериндеги чет өлкөлүк валюта |
|
|
|
|
9 | Эл аралык финансылык уюмдардын жайгаштырууга жана (же) жалпыга жүгүртүүгө уруксат берилген баалуу кагаздары |
|
|
|
|
11-тиркеме
№ ПД-4 форма
Уюмдун финансылык абалын мүнөздөгөн КӨРСӨТКҮЧТӨР
┌─────────┬────────────────────────────────────────┬──────────────────┐
│Саптардын│ Көрсөткүчтөрдүн аталышы │ Көрсөткүчтөрдүн │
│№ │ │ маанилери │
├─────────┼────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│1 │К1 (Өздүк капитал) │ │
│2 │К2 (Тартылган каражаттардын өздүк │ │
│ │капиталга карата катышы) │ │
│3 │К3 (Уюмдун ишинин натыйжалуулугу) │ │
│4 │К4 (Уюмдун учурдагы тындыруу │ │
│ │коэффициенти) │ │
│5 │К5 (Милдеттенмелердин жыйындысы) │ │
└─────────┴────────────────────────────────────────┴──────────────────┘
12-тиркеме
№ ПД-5 форма
Эмитенттин бир баалуу кагазынын түрүнүн 5%ы жана андан көбү менен жасалган операциялар жөнүндө МААЛЫМАТ
┌──┬───────────────────────────────────────────────────────────┬──────┐
│1 │Эмитенттин аталышы │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────────────────┼──────┤
│2 │Операциялар аткарылган күн │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────────────────┼──────┤
│3 │Операциялардын тиби │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────────────────┼──────┤
│4 │Баалуу кагаздардын түрү │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────────────────┼──────┤
│5 │Баалуу кагаздардын мамлекеттик каттоо номери │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────────────────┼──────┤
│6 │Баалуу кагаздардын саны │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────────────────┼──────┤
│7 │Баалуу кагаздарды берген жак │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────────────────┼──────┤
│8 │Баалуу кагаздарды алган жак │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────────────────┼──────┤
│9 │1 баалуу кагаздын наркы/жалпы наркы │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────────────────┼──────┤
│10│Уставдык капиталдагы операциялардын үлүшү (%) │ │
└──┴───────────────────────────────────────────────────────────┴──────┘
13-тиркеме
Баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иш жүргүзүү жөнүндө отчетту толтуруунун тартиби жөнүндө НУСКАМА
1. Бул нускама баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иш жүргүзгөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун (мындан ары - уюм) иш жүргүзүшү жөнүндө отчеттун (мындан ары - отчет) формаларын толтуруунун тартибин белгилейт.
2. Отчетто баардык тилкелер толтурулат, буга "х" белгиси менен белгиленген тилкелер кирбейт. Тилкелерди толтурууда маалымат жок болуп калган учурда сызыкча ("-") коюлат.
Отчетторго эскертүүсү жок оңдоолорду киргизүүгө, чийүүгө, тазалоого, сызып оңдоолорго, жазып коюуларга (үстүнөн бастырып жазууга) д.у.с. жол берилбейт. Ар бир оңдоого (толуктоого) эскертүү берилип, бул документке кол койгон адам тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.
3. № ПД-1 формасын толтуруу учурунда төмөнкү көрсөтмөлөрдү жетекчиликке алуу керек:
а) "Уюмдун толук аталышы" жана "Уюмдун кыскартылган аталышы" саптарын толтуруу учурунда уюмдун аталышы уюмдун уставында көрсөтүлгөн аталыштарга ылайык толук көрсөтүлөт;
б) "Уюмдун юридикалык дареги" сабын толтуруу учурунда уюмдун мамлекеттик каттоодон өткөн дареги мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн дарекке ылайык көрсөтүлөт. Эгерде каттоо жөнүндө күбөлүктү бергенден кийин уюмдун жайгашкан жеринин өзгөрүшүнө тиешеси бар өзгөртүү уставга киргизилсе, анда уставдагы катталган өзгөрүүлөргө жараша маалыматтар көрсөтүлөт;
в) "Уюмдун иш жүзүндө жайгашкан жери" сабын толтуруу учурунда уюмдун аткаруу органдары иш жүзүндө турган жер көрсөтүлөт;
г) отчетко тиешелүү документтерге кол коюу укугу бар адам, башкы бухгалтер кол коет жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
4. "Уюм жөнүндө маалыматтар" № ПД-2 формасын толтуруу учурунда төмөнкү көрсөтмөлөрдү жетекчиликке алуу керек:
а) "Баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй ишти жүргүзүүгө лицензиясы бар экендиги жөнүндө маалымат" бөлүгүн толтуруу учурунда баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген колдонуудагы лицензия жөнүндө гана маалыматтар, лицензиянын номери, берилген күнү, ошондой эле лицензияны колдонуу аяктаган күн көрсөтүлөт;
б) "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күбөлүгүнө ээ болгон адамдар жөнүндө маалыматтар" бөлүгүн толтуруу учурунда баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан квалификациялык күбөлүктү алган уюмдун кызматкерлери жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт;
в) уюмдун жетекчиси жана башкы бухгалтери жөнүндө маалыматтарды толтуруу учурунда жылдык отчетто уюмдун акыркы 3 жылдагы мурдагы кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар берилет.
5. "Уюмдун капиталы жөнүндө маалымат" формасын толтуруу учурунда төмөнкү көрсөтмөлөрдү жетекчиликке алуу керек:
а) "Уставдык капиталы" саптарын толтуруу учурунда уюмдун уставдык капиталы жөнүндө маалымат уставга ылайык көрсөтүлөт;
б) "Уставдык капиталдагы резидент эместердин үлүшү" саптарын толтуруу учурунда резидент эместердин үлүшү пайыздар менен аныкталат;
в) "Өздүк капиталы" саптарын толтуруу учурунда баалуу кагаздар рыногундагы тиешелүү кесипкөй иштин түрү үчүн ушул Нускаманын 11-пунктунда белгиленген тартипте эсептелүүчү өздүк капиталдын өлчөмү көрсөтүлөт.
6. "Дебитордук жана кредиттик карыздар жөнүндө маалыматтар" № БД-1 формасын толтуруу учурунда төмөнкү көрсөтмөлөрдү жетекчиликке алуу керек:
а) уюмдун дебитордук жана кредиттик карыздары жөнүндө маалыматтар бухгалтердик эсептин маалыматтарына жараша таблицада чагылдырылып көрсөтүлөт. "А" (3-мамыча) белгиси коюлган саптарда төлөп берүүгө чейин калган суммалар мөөнөттөрү боюнча бөлүштүрүлүп көрсөтүлөт. "Б" (3-мамыча) белгиси коюлган саптарда мөөнөтү өткөн же мөөнөтү узартылган карыздардын белгилүү бир мөөнөттөгү суммалары көрсөтүлөт;
б) № БД-1 формасынын 5 жана 11-саптарын толтуруу максатында баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу менен келишимдик милдеттенмелерде турган юридикалык же жеке жактар кесипкөй катышуучунун кардары болуп саналат;
в) дебитордук жана кредиттик карыздар боюнча милдеттенмелерди аткаруунун мөөнөттөрү кесипкөй катышуучулар менен түзүлгөн келишимдерге жана кардарлар жана контрагенттер менен түзүлгөн кошумча макулдашууларга ылайык аныкталат.
7. "Финансылык салымдардын түзүмү" № БД-2 формасын толтуруу учурунда төмөнкү көрсөтмөлөрдү жетекчиликке алуу керек:
а) "Активдердин аталышы" 2-мамычасын толтуруу учурунда эмитенттин аталышы, баалуу кагаздардын түрү, категориясы жана тиби көрсөтүлөт. Мамлекеттик баалуу кагаздардын, Кыргыз Республикасынын субъекттеринин, муниципалдык түзүмдөрдүн баалуу кагаздарынын, ошондой эле аларга теңештирилген баалуу кагаздардын жана чет элдик эмитенттердин баалуу кагаздарынын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номери көрсөтүлөт;
б) баалуу кагаздарга өздүк финансылык салымдарды рыноктук баа боюнча баалоо уюм кабыл алган эсептик саясаттан тышкары жүргүзүлөт. Мындай түрдөгү баалоо маалымдама түрүндө көрсөтүлөт;
в) рыноктук баалар фондулук биржада эмитенттердин акциялары менен жасалган бүтүмдөрдүн акыркы бааларына жараша эсептелет.
Рыноктук баалар жок болгон учурда 6 жана 7-графаларга сызыкча коюлат. Пакеттин рыноктук баасы баалуу кагаздардын санын бир баалуу кагаздын рыноктук баасына болгон көбөйтүндүсү катары эсептелет;
г) рыноктук нарк боюнча финансылык салымдарды кайра баалоо отчеттук күнү жүргүзүлөт.
8. "Баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөр жөнүндө маалыматтар" № БД-3 формасын толтуруу учурунда төмөнкү көрсөтмөлөрдү жетекчиликке алуу керек:
БД-3 формасы ички эсепке алуу жана отчет системасынын маалыматтарынын негизинде толтурулат.
9. "Брокердик ишти жүргүзүү жөнүндө маалыматтар" № Б-1 формасын толтуруу максатында ички эсепке алуу системасында ачылган аналитикалык эсептер деп, баалуу кагаздардын жана акча каражаттарынын эсебин алуу үчүн ички эсепке алуу системасында кесипкөй катышуучулар ачкан, эсепке алуу системасындагы эсептерге номер коюунун ички тартибине ылайык, Ички эсепке алуу стандарттарынын талаптарына жараша ар бир кардар үчүн өзүнчө ачкан эсептер түшүнүлөт.
10. "Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүргүзүү жөнүндө маалыматтар" № ДУ-1 формасын толтуруу учурунда "Баалуу кагаздарды башкаруу боюнча келишимдин саны - баардыгы" сабында баалуу кагаздарды башкаруунун колдонуудагы келишимдеринин жалпы саны көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бузулбаган жана (же) колдонуу мөөнөтү өтүп кете элек келишимдер колдонуудагы келишимдер деп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485 токтомунун редакциясына ылайык)
11. "Уюмдун финансылык абалын мүнөздөгөн көрсөткүчтөр" № ПД-4 формасын толтуруу учурунда төмөнкүлөрдү эске алуу менен көрсөткүчтөр эсептелип чыгарылат:
а) отчеттук күндөгү өздүк капитал (К1) төмөнкүдөй тартипте эсептелет:
К1 = Активдердин наркы - Милдеттенмелер
Өздүк капитал төмөнкүлөрдөн турат:
- толук төлөнгөн уставдык капиталдан;
- кошумча төлөнгөн капиталдан;
- бөлүштүрүлө элек пайдадан;
- резервдик капиталдан;
- кошумча капиталдан;
б) тартылган каражаттардын уюмдун өздүк капиталына карата болгон катышын мүнөздөөчү көрсөткүч (К2) төмөнкүдөй эсептелет:
Тартылган каражаттар
К2 = ----------------------
Өздүк капитал
- тартылган каражаттардын эсеби V бөлүктөгү балансты жана баланстын VI бөлүгүнүн төмөнкүдөй беренелерин кошуу жолу менен чыгарылат:
- займдык каражаттарды;
- кредиттик карыздарды;
- дивиденддер боюнча эсептешүүлөрдү;
- башка кыска мөөнөттүк пассивдерди.
в) уюмдун ишинин натыйжалуулугун мүнөздөгөн көрсөткүч (К3), төмөнкүдөй эсептелет:
Отчеттук жылдагы пайда (чыгаша)
К3 = ---------------------------------
Өздүк капитал
г) уюмдагы тындыруу коэффициентин мүнөздөгөн көрсөткүч (К4) төмөнкүдөй эсептелет:
Кассадагы накталай каражаттар + алыш-бериш эсептериндеги
акча каражаттары + депозиттер + мамлекеттик баалуу кагаздар
К4 = -------------------------------------------------------------
Кредиттик карыздар
(Бюджет менен эсептешүүлөр боюнча карыздар + эмгек акы төлөө
боюнча карыздар + социалдык камсыздандыруу жаатында
эсептешүүлөр боюнча карыздар + башка кредиторлор
боюнча карыздар).