Редакцияот 13.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 13-февралы № 102

Булгоочу заттарды суу объекттерине чыгаруунун жол берилген чектеринин ченемдерин белгилөө боюнча методиканы бекитүү жөнүндө

Булгоочу заттарды суу объекттерине чыгаруунун жол берилген чектеринин ченемдерин белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Булгоочу заттарды суу объекттерине чыгаруунун жол берилген чектеринин ченемдерин белгилөө боюнча методика тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков