Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-февралындагы № 102 токтому менен бекитилген |
Булгоочу заттарды суу объекттерине чыгаруунун жол берилген чектеринин ченемдерин белгилөө боюнча МЕТОДИКА
1. Жалпы жоболор
1. Булгоочу заттарды суу объекттерине чыгаруунун жол берилген чектеринин ченемдерин белгилөө боюнча методика (мындан ары - Методика) булгоочу заттарды суу объекттерине чыгаруунун жол берилген чектеринин (мындан ары - ЧЖБЧ) ченемдерин белгилөөнүн, эсептөөнүн жана кайра кароонун тартибин аныктайт.
2. Методика чарба жана башка ишти иштеп жаткан, долбоорлонуучу жана реконструкциялануучу объекттер үчүн ЧЖБЧ ченемдеринин долбоорун иштеп чыгууда алардын уюштуруучулук-укуктук түрлөрүнө карабастан чарба субъекттеринин пайдаланышы үчүн арналган.
Методика ошондой эле айлана-чөйрөнү коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ЧЖБЧ ченемдерин белгилөө жана макулдашуу учурунда пайдаланышы үчүн да арналган.
Бул Методика "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-тиркемесине ылайык кооптуулуктун I жана II категорияларына кирген чарба жана башка иш объекттеринин чарба жүргүзүүчү субъекттерине да колдонулат.
3. Булгоочу заттарды чыгаруунун жол берилген чеги контролдук пункттагы суунун сапатынын ченемдерин камсыздоо максатында, убакыт бирдигинде суу объектисинин ошол пунктундагы белгиленген тартиби менен максималдуу жол берилген саркынды суулардагы заттардын массасы үчүн белгиленүүчү ченем болуп саналат.
4. ЧЖБЧ ченемдерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 128 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесине ылайык аныкталат.
Эгерде саркынды суулар чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуучу же рекреациялык максаттарда пайдаланылуучу булактар болуп саналган суу объекттерине кошо берилсе, ЧЖБЧнын ченемдери коомдук саламаттыкты сактоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен кошумча макулдашылууга тийиш.
ЧЖБЧ ченемдери бекитүүгө 2 нускада, (тиешелүү тиркемелери менен) толук көлөмдө берилет; бир нуска айлана-чөйрөнү коргогон мамлекеттик органдын, экинчи нуска чарбалык субъектинин сактоосунда калат.
ЧЖБЧга жетишүү боюнча иш-чара пландарын аткаруу убагында убактылуу макулдашылган ченемдер (УМЧ) белгиленет.
2. ЧЖБЧны эсептөөнүн, белгилөөнүн жана кайра кароонун тартиби
5. ЧЖБЧ ченемдери суу объекттерине саркынды сууларды коё берүүдө алардын курамына жана касиеттерине карата белгиленген талаптардын сакталышын контролдоо үчүн пайдаланылат, жана суу коргоочу комплекстерди өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу үчүн негизги максаттык көрсөткүчтөр катары кызмат кылат.
6. ЧЖБЧ ченемдери суу пайдалануучулардын иштеп жана долбоорлонуп жаткан объекттери үчүн иштелип чыгат жана бекитилет. Мында суу объектисинин ассимиляциялоочу жөндөмүнө карабастан белгиленген ЧЖБЧ жетишиле турган тазалоонун деңгээлин канааттандырууга тийиш.
7. ЧЖБЧ ченемдеринин долбоорун иштеп чыгуу келишимдик негизде адистешкен уюмдар (мындан ары - иштеп чыгуучу) жана ишкананын өзү - суу пайдалануучу тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн.
8. Фондук топтолууну, тазаланган саркынды сууларды кабыл алган суу объектисинин суу пайдалануучу категорияларын, суу объектисиндеги суунун сапатынын ченемдерин, анын ассимиляциялык жөндөмүн жана саркынды суулардын заттарынын массаларынын оптималдуу бөлүнүштөрүн эске алуу менен ар бир контролдук көрсөткүч үчүн ЧЖБЧ белгиленет.
ЧЖБЧ белгилөө учурунда түшүрүлгөн саркынды суулардын чыгымдалышын эсептөө үчүн агынды сууларды түшүрүүнүн иш жүзүндөгү мезгили үчүн максималдык орточо саат кабыл алынат.
ЧЖБЧ ченемдерин жана булгоочу заттарды чыгаруунун лимиттерин, анын ичинде жол берилген чектеринин концентрациясынын (ЖБЧК) жана суу объекттериндеги суудагы химиялык заттардын болжолдуу жол берилген деңгээлинин (БЖБД) долбоорлорун иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген белгиленген гигиеналык ченемдер жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 128 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежелери пайдаланылат.
9. Суу пайдаланууну контролдоо створундагы суу агызгычтын суулары менен аралашуусунун эсебин аныктоодо төмөнкүдөй эсептик шарттар колдонулат:
- жөнгө салынбаган суу агызгычтар үчүн - бул створдогу суунун эсептик минималдык орточо айлык чыгымдалышы;
- жөнгө салынган суу агызгычтар үчүн - төмөнкү бьефтеги мүмкүн болгон тескери агымга жол бербөөнү эске алуу менен плотинадан төмөнкү (санитардык өткөрүү) белгиленген кепилдиктүү чыгымдалышы.
10. Кошунду суулардын контролдоо створлорундагы көлмөнүн суулары менен эселенген аралашуусун аныктоодо төмөнкүдөй эсептик шарттар колдонулат:
- суу чыгарылган жерден суу пайдалануу чегине (контролдоо створуна) чейинки эң кыска аралык жана тилкедеги агымдын минималдуу ылдамдыгы;
- шамалдын таасирлери үчүн эсептерди салыштыруу жолу менен аныкталуучу жагымдуулугу эң аз, ачык жана муз баскан шартта суу сактагычтын чектүү жана толушу шарттары;
- эсептик створ үчүн мүнөздүү суунун орточо айлык деңгээли.
11. Эгерде суу объекттериндеги суулардын сапатынын ченеми жөнгө салынбай турган жаратылыштын табигый факторлорунун (жантайыңкыдагы же эриген кардын агындарынын натыйжасында атмосферага аралашып түшүүсү, жер астындагы суунун дарыяга кошулушу ж.б.) таасирлеринен улам жетишилбесе, анда ЧЖБЧ ченемдери суулардын табигый фонунун сапатын түзгөн контролдоо пунктундагы шарттарды сактоонун негизинде белгиленүүгө тийиш.
Суунун фондук сапатын түзгөн табигый себептерге, суунун айланышынан чарбалык бөлүккө кирбеген, саркынды суулардын бардык түрүн (анын ичинде кошунду, дренаждык ж.б.) камтыган факторлор кирет. Жаратылыштын табигый фонунун өсүшү ченемделүүчү заттар үчүн, ЧЖБЧ мындай жол берилген кошулуп өсүүлөрдү эске алуу менен белгиленүүгө тийиш.
12. Эгерде суу объектисинин фондук булгануусу чарбалык иш менен шартталса жана контролдук пункттагы суунун сапатынын ченемин камсыздоого мүмкүндүк бербесе, ошондой эле саркынды суулар өзөндүн кургак нугуна, коого, сайга, арык тармактарына ж.б. кошулса, анда ЧЖБЧ суу объекттериндеги суулардын курамына жана касиеттерине, саркынды суунун өзүнө карата коюлуучу ченемдик талаптарды киргизүүнүн негизинде белгиленет.
13. Калктуу конуштун чегине саркынды суулардын кошулуусу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 128 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесине ылайык ЧЖБЧ объекттериндеги суулардын курамына жана касиеттерине, саркынды суунун өзүнө карата коюлуучу ченемдик талаптарды киргизүүнүн негизинде белгиленет. Мында калктуу конуштардын чегинде суу объекттерин пайдалануу маданий-тиричилик суу пайдалануу категориясына киргизилет.
14. Минералдуулугу жогору райондорго жайгашкан табигый суулар объекттери үчүн ЧЖБЧ эсептөөдө, минералдашкан жер үстүндөгү суулардын деңгээлинин чеги катары табигый топтолуу фонун кабыл алууга жол берилет.
15. Жылуулук электр борборлорунун (ЖЭБ) жылуулук алмашуу сууларын чыгарууда жана башка суу муздатуу колдонулган башка иштерге чыгарылып жаткан суулардын курамына карата коюлуучу талаптар, ЖБЧТны белгилөөдө, суу алынуучу жердеги (бир суу объектисинен суу пайдаланылган шартта) суу объектисинин сууларындагы ченемдүү заттардын концентрациясына кошулуп өсүшүнө жол берүү түрүндө белгиленет. Өсүүнүн чоңдугу суулардын бууланып жок болушунун технологиялык негиздери жана башка технологиялык факторлор менен аныкталат.
16. "Суунун уулуулугунун" интегралдык көрсөткүчү боюнча ЧЖБЧ суу объектисинин контролдук створундагы сууну биотестирлөөнүн жыйынтыгын эске алуу менен белгиленет (түзөтүлөт) (ушул Методиканын 5-бөлүмү).
17. ЧЖБЧ ченемдиктерин эсептөөдө, эгерде булгоочу заттардын иш жүзүндөгү чыгарылышы ЧЖБЧ эсептик ченеминен аз болсо, анда ЧЖБЧ катары "нитриттер" жана "нитраттар" көрсөткүчтөрүнөн башка иш жүзүндөгү кошумдар алынат.
18. Долбоорлонуучу жана курулуучу (реконструкциялануучу) ишканалардын ЧЖБЧ ченемдиктери мындай ишканалардын курулушунун (реконструкциялоонун) долбоорлорунун курамында аныкталат жана долбоордук документтерди макулдашуунун баскычтарында айлана-чөйрөнү коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. Эгерде мурда белгиленген ЧЖБЧ кайра кароодо же тактоодо курулуп (реконструкцияланып) жаткан объектинин долбоордук чыгарылышы ЧЖБЧ эсебинен аз болсо, анда ЧЖБЧ катары долбоордук чыгаруу алынат.
19. Бекитилген ЧЖБЧ ченемдиктерине ылайык айлана-чөйрөнү коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды чыгарууга уруксат берилет.
20. ЧЖБЧ ченемдеринин долбоору ушул методиканын 1-тиркемесине ылайык таризделет.
ЧЖБЧ долбоорун макулдашуу жана бекитүү үчүн чарба жүргүзүүчү субъект - суу пайдалануучу төмөнкүдөй материалдарды берет:
- иштеп же долбоорлонуп жаткан объектинин саркынды сууларды чыгаруучу участогундагы суу объектисинин гидрологиялык жана гидрохимиялык мүнөздөмөлөрүн камтыган түшүндүрмө катты;
- ЧЖБЧны эсептөө үчүн алынган суу объектисинин контролдоочу створлорундагы суунун сапаттары, фондук топтолуулардын чоңдуктары жөнүндө маалыматтарды, алардын негиздемелерин;
- ЧЖБЧ эсептерин;
- ЧЖБЧга жетишүү боюнча иш-чаралар планын, анда төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш: аларды ишке ашыруунун мөөнөттөрү, пландаштырылган сарптоолор, сууну коргоодо жетишиле турган майнаптуулук (пландын ар бир этабын ишке ашыргандан кийин саркынды суулардагы ченемделген заттардын чыгымдалышы жана топтолушу).
Иш-чаралардын пландары финансылык, материалдык-техникалык, эмгек ресурстар менен толук көлөмдө камсыздалууга тийиш.
21. Жаңы киргизилүүчү (реконструкциялануучу) объекттер үчүн ЧЖБЧ ченемдерин сактоосу мындай объекттерди эксплуатацияга кабыл алган учурда камсыздалууга тийиш.
22. ЧЖБЧны колдонуу мөөнөттөрү өтүп кеткенде же эсептик шарттар өзгөргөн учурда (гидрологиялык режим, суу алуунун жана чыгаруунун көлөмү, саркынды суунун сапаты, фондук топтолуулар, чыгарылган продукциялардын, керектелген чийки заттардын, өндүрүштүк технологиялардын түрлөрү жана көлөмү өзгөргөндө жана ушул өзгөрүүгө байланыштуу айлана-чөйрөнүн компоненти катары саркынды суулардын курамынын өзгөрүшү, суулардын сапаттарынын ченемдериндеги, анын ичинде ЧЖБЧдагы ж.б. өзгөрүүлөр) ЧЖБЧ 2 жумалык мөөнөттө милдеттүү түрдө кайра каралууга тийиш.
23. ЧЖБЧга жетишүү жана андан ары ырааттуу азайтып, суу объекттерине булгоочу заттардын чыгарылышын келечекте толук кыскарганга чейин жеткирүү - бардык учурларда белгиленген ЧЖБЧны кайра кароонун түпкү максаты болууга тийиш.
24. Канализация тутумдарына саркынды суулардын кошулушунун шарттары Кыргыз Республикасынын тиешелүү санитардык, курулуш ченемдери жана эрежелери жана башка ченемдик укуктук актылары менен регламенттелет.
25. Саркынды суулардын рельефке кошулуусу чектелген жерлерде жүзөгө ашырылат. Жергенин рельефине, кургак дарыя нуктарына жана сел сайларына агызылуучу саркынды суулар маданий-тиричилик багытындагы көлмө-сууларга кирет.
3. Суу агызгычтар үчүн ЧЖБЧ эсептери
26. ЧЖБЧ ченемдери суу пайдалануунун бардык категориялары үчүн булгоочу заттардын жол берилген концентрациясынын СЖБКнын саркынды сууларын максималдуу сааттык чыгымдалышы q (м3/саат) катары аныкталат.
ЧЖБЧ = q+ СЖБЧК,г/саат; (3.1.)
27. Саркынды суулардын кошулуу шарттарын эсептөөдө контролдук створдогу суунун ченемдик сапатын камсыздалган СЖБК мааниси аныкталат. Заттардын консервативдүүлүгүн эске албаган СЖБК аныктоо үчүн эсептик формула төмөнкүдөй түргө ээ:
СЖБЧК = n x (СЖБЧК - Cф) + Сф; (3.2.)
мында:
СЖБЧК - суу объектисинин сууларындагы заттардын жол берилүүчү чектүү концентрациясы, г\м3;
Cф - чыгарылган саркынды суулардын жогору жагындагы суу агызгычтардагы булгоочу заттардын фондук концентрациясы, г/м3;
n - саркынды сууларды чыгаруу шарттарына жараша аныкталуучу суу агызуучудагы саркынды суулардын жалпы кошулуусунун эсептери (30-31-пункттарындагы формулаларды кара).
28. Булгоочу заттардын консервативдүүлүгү эске алынган 3.2. эсептик формуласы төмөнкүдөй түргө ээ:
СЧЖБЧ = n x (СЖБЧК х еkt - Cф) + Сф; (3.3.)
мында:
е - накта лагорифманын негизи 2,72ге барабар;
к - консервативдүү эместиктин коэффициенти, 1/суткадагы;
t - саркынды суу чыгарылган жерден эсептик створго чейин агып жетүүчү убакыт, суткада.
Консервативдүү эместиктин коэффициенти - к суу агызуучудагы суунун агымынын ылдамдыгына жараша болот;
к = α k1; (3.4.)
мында:
k1 - кыймылсыз суулар үчүн лабораториялык маалыматтар боюнча аныкталуучу заттардын консервативдүү эместигинин статистикалык коэффициенти, 3.1. таблицасы боюнча аныкталат;
α - агымдын ылдамдыгынын таасирин эске алган коэффициент;
α = 1 учурунда v = 0; α = 1,v ≥ 0,2 м\с учурунда α = 5, агымдын ылдамдыгынын ортодогу маанилери α интерполяцияда турат.
29. БПК боюнча ЧЖБЧны белгилөөдө 3.2. - эсептик формула төмөнкүдөй түргө ээ:
СЧЖБЧ = n x [(СЖБЧК - ССМ) х еk0t - Сф] + Сф; (3.5.)
мында:
k0 - фондогу жана саркынды суудагы БПКтолук себеп болгон органикалык заттардын консервативдүү эместигинин коэффициентинин орточо мааниси, 1/сут;
ССМ - БПКтолук контролдук створдун алдындагы суу алуучу аянттан жаан-чачын суу агызгычка агызып кетүүчү метаболиттер жана органикалык заттар менен шартталган;
ССМ кабыл алынат:
тоо суулары үчүн - 0,6 ÷ 0,8 г/м3, түздүктөгү өзөндөр үчүн - 1,7 ÷ 2 г/м3;
органикалык заттардын арбын санын агызып кеткен саздын же аймактын аккан суулары үчүн - 2,3÷2,5 г/м3.
Эгерде агын суу чыгарылган жерден контролдук створго чейинки аралыкка суткада агуу 0,5тен кем болсо, анда ССМ нөлгө барабар деп алынат.
3.1. Таблица
Суткада -120ºС температурадагы статистикалык шарттарда органикалык заттардын консервативдүү эместигинин коэффициенти
№ | Заттар | к1, логарифма боюнча эсептөөдө | |
накталайга | ондуктагыга | ||
1 | Азот аммонийи | 0,069 | 0,03 |
2 | Азот нитритери | 10,8 | 4,7 |
3 | Азот нитраттары | 0,112 | - |
4 | Мунай продуктулары | 0,044 | 0,019 |
5 | Фенолдор | 0,32 | 0,14 |
6 | СПАВ | 0,046 | 0,02 |
7 | БПКтолук | 0,23 | - |
8 | Ээрип кетүүчү кислород | 0,46 | - |
Өзөндөрдөгү саркынды суулардын кошулушу төмөнкү методика боюнча эсептелет.
Өзөндөрдөгү саркынды суулардын жалпы кошулуусу төмөнкү формула боюнча аныкталат:
n = nН х nO; (3.6.)
мында:
nH - баштапкы кошулуунун саны;
nО - негизги кошулуунун саны;
nH = ( q + jQ ) / q; (3.7.)
мында:
q - саркынды суулардын чыгымдалышы, м3/с;
j - аралашуунун коэффициенти 3.9. - формуласы боюнча аныкталат;
Q - өзөндөгү суунун чыгымдалышы, м3/с.
Негизги кошулуунун саны чыгарылган жерден [ℓО (3.20.) формуласын кара] ℓ > ℓО аралыкта турган створлор үчүн эске алынат жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:
; (3.8.)
мында:
β - аралаштыруунун коэффициенти, чыгымдалып жаткан саркынды суунун кайсы бөлүгүнүн өзөн суусу менен аралашуусун көрсөтөт, ал 3.19. - формула боюнча аныкталат.
j - аралаштыруунун коэффициенти төмөнкү формула боюнча аныкталат:
(3.9.)
мында:
ℓ - фарватер боюнча чыгарылган жерден эсептик створго чейинки аралык, м;
℮ - 2,72 барабар болгон нака лагорифманын негиздемеси;
а - өзөндөгү гидравликалык шарттарды эске алган коэффициент.
(3.10.)
мында:
φ - өзөндүн ийри-буйрулугунун (же анын фарватеринин) коэффициенти;
ξ - саркынды суу чыккан жерге жараша коэффициент:
- жээктен саркынды сууну чыгарган учурда ξ = 1;
- өзөндүн агымына чыгарылганда ξ = 1,5.
Д - турбуленттик диффузия коэффициенти, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Д = q × ν × Н/37 × nш × С2; (3.11.)
мында:
q - эркин кошулууну ылдамдатуу, q = 9,81 м\с2;
v - өзөндүн агымынын ылдамдыгы, м/с;
Н - саркынды жана өзөн суусу кошулган жердеги өзөндүн тереңдиги, м;
nш - өзөндүн нугунун өйдө-төмөндүүлүгүнүн коэффициенти, төмөнкү таблица боюнча аныкталат:
3.2. Таблица
№ | Суу нугунун мүнөздөмөсү | Өйдө-төмөн коэффициенти |
1 | Абдан ыңгайлуу суу нугу (таза, түз, булганбаган, топурактуу, нукта эркин агуу) | 0,025 |
2 | Нугунун үстү жана түрү абдан жакшы абалдагы суу агымынын (чоң жана кичинекей) мезгилдүүлүгү | 0,033 |
3 | Кадыресе шарттарда туруктуу түздүктөгү суу агымдарынын салыштырмалуу таза, түбүндөгү рельефте айрым туура эместиги бар (тайыз жердүү, суу ойгон чуңкурлуу, айрым жери таштактуу) ийри-буйру нук | 0,040 |
4 | Суу кирген мезгилде көптөгөн насостун нугун, шагыл менен кум аралашмасы же өсүмдүктөр (чөптөр ж.б.) каптаган мезгилдүү (жаандагы жана жаздагы) суу агызмалары. Өсүмдүктөрдүн (чөптөрдүн, бадалдардын) ченемдүү сандары менен капталган салыштырмалуу иштетилген орто жана чоң өзөндөр жайпаган жер | 0,050 |
5 | Аябай булганган жана ийри-буйру мезгилдүү суу агызмаларынын нуктары. Салыштырмалуу өсүмдүктөр баскан, тегиз эмес, начар иштелген өзөн жайпаган (суу ойгон чуңкурлуу, бадалдуу, бактуу, булуңдуу) жерлер. Түздүктөгү өзөндөрдүн босоголуу тилкелери. Суу бетинин үстү тегиз эмес тоо тибиндеги кум-шагылдуу-таштуу нук | 0,067 |
6 | Чоң, чуңкурлары терең (агымы жай) өзөндөр жана жайылмалар. Суу бетинин үстү тегиз эмес тоо тибиндеги (сууларды жогору жакка чачыраткан) таштуу нук. | 0,080 |
7 | Мурдагы категориядагыдай эле, бирок агымы тегиз эмес, булуңдуу жайылмалар. Чоң таштуу, ийри-буйру түзүлүштүү сайдагы шаркыратма тибиндеги нук. Көбүктүүлүгү абдан күчтүү болгондуктан суу тунуктугун жоготуп, кашка сууга айланган | 0,1 |
8 | Абдан чоң, жансыз мейкиндиктеги, жергиликтүү көлдүү-чуңкурлуу жайылмалар ж.б.. Саз тибиндеги (калың чыккан өсүмдүктөр, саз өңгүл-дөңгүлдөрү көп жерлеринде токтогон суулары бар) нук | 0,133 |
С - (Н ≤ 5 м учурунда) 3.12. - формуласы боюнча аныкталуучу Шези коффициенти, м1\2\с.
C = Ry/nш; (3.12.)
мында:
R - агымдын гидравликалык радиусу, м (R≈H).
(3.13.)
Кыш мезгили үчүн (муз тоңгон мезгил)
; (3.14.)
мында:
Rпр, nпр, Спр - гидравликалык радиустун келтирилген маанилери, өйдө-төмөн коэффициенти жана Шези коэффициенти.
Rпр=0,5H; (3.15.)
(3.16.)
мында:
nл -муздун төмөнкү үстүнүн өйдө-төмөн коэффициенти төмөнкү таблица боюнча аныкталат:
3.3. Таблица
№ | Мезгил | nл |
1 | Муз тоңгондон кийинки биринчи 10 сутка | 0,15-0,05 |
2 | Муз тоңгондон кийинки 10-20 сутка | 0,1-0,04 |
3 | Муз тоңгондон кийинки 20-60 сутка | 0,05-0,03 |
4 | Муз тоңгондон кийинки 60-80 сутка | 0,04-0,015 |
5 | Муз тоңгондон кийинки 80-100 сутка | 0,025-0,01 |
; (3.17.)
; (3.18.)
Аралашуу коэффициенти төмөнкү формула боюнча аныкталат:
; (3.19.)
мында:
ℓо - агын суу чыккандан берки аралык, анда булгоочу агым өзөндүн жалпы кеңдигине тарайт, м;
; (3.20.)
Негизги аралашуунун санын эсептөөнүн каралган методу төмөнкү тең эместик сакталганда колдонулат:
0,0025 ≤ q / Q ≤ 0,1
Эгерде саркынды суулар жана эки жээктен түшкөн куйма суулар ар бир жээкти бойлото өзөн сууларынын тынымсыз агышын камсыз кылса, анда максималдуу булганган агымдагы заттардын топтомун эсептөөдө ушул Методиканын 30-пунктунда көрсөтүлгөн методду, эки жээкте тең саркынды суулар куюлган учурда пайдалануу сунуш кылынат.
Булгоочу заттардын суу агызгычтардагы ЧЖБЧ ченемдеринин эсептеринин мисалдары ушул Методиканын 2-тиркемесинде келтирилет.
31. Эгерде ушул Методиканын 30-пунктунда келтирилген методду колдонуунун шарттары сакталбаса же эсептөөдө суу түбүндөгү чөкмө катмарларда булгоочу заттардын топтолушу жөнүндө маалыматтарды эске алуу керек болсо, анда саркынды суулардагы булгоочу заттардын жана дарыя агымынын өнүгүүнүн өбөлгөлөрү гидрохимиялык мүнөздөмөлөрү менен салыштырмалуу аныкталуучу жетишсиз аралашуу створундагы аралашуунун санын эсептөө методун (n) пайдалануу сунушталат.
Саркынды сууларды агызуу пунктунан белгиленген кошулууга чейин же булгоочу ингредиенттин фондук концентрациясы нөлгө барабар же барабар болбогон учурда, агымдагы белгиленген жерге чейин (n) эсептөө үчүн тиешелүүлүгүнө жараша төмөнкүлөрдүн катыштары колдонулат:
; (3.21.)
; (3.22.)
мында:
n - аралашуунун саны;
Se - булгоочу заттардын фондук концентрациясы, мг/л;
Sсm - булгоочу заттардын саркынды суудагы концентрациясы, мг/л;
Sмакс. - акыркы створдогу заттардын максималдуу концентрациясы, мг/л.
Аралашуунун тескери эсептелишинин чоңдугун төмөнкү теңдеме билдирет:
; (3.23.)
Ар кандай белгиленген кесилиштеги булгоочу заттардын концентрациясынын мүнөздөмөсү катары λ чоңдугу кабыл алынган, бул көрсөткүч аралашуунун көрсөткүчү деп аталат жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:
; (3.24.)
мында:
Smax - булгоочу заттардын максималдуу концентрациясы, мг/л;
Sсm - булгоочу заттардын саркынды суудагы концентрациясы, мг/л;
Sn -жетиштүү аралашуудагы створдогу заттардын орточо концентрациясы, мг/л.
Консервативдүү эместикти эске алуу менен:
; (3.24.)
мында:
Qcm - саркынды суунун чыгымдалышы, м3/сек;
Se - саркынды суу чыгарылган жерден жогорку агымдагы заттардын концентрациясы, мг/л;
Qe - саркынды суу чыгарылган жерден жогорку агымдын суусунун чыгымдалышы, м3/сек;
e - накта лагорифманын негизи 2,72ге барабар;
kn - консервативдүү эместиктин коэффициенти, 1/сек;
Vcp - контролдук участоктогу агымдын орточо ылдамдыгы, км/час;
x - чыгарылган жерден контролдук створго чейинки аралык, км.
Эгерде келтирилген булгоочу заттардын концентрациясын карасак, анын чоңдуктары:
Smax.прив. = Smax - Se;
Sсm.прив. = Sсm.- Se;
Sn.прив. = Sn - Se.
анда 3.24. - формула төмөнкүдөй түргө айланат:
; (3.26.)
(Мындан ары "прив." индекси төмөндөйт.)
λ аралашуу көрсөткүчү дарыядагы суу өзгөрүлбөгөндө да жана каралган участокто агымдагы ченем өзгөргөндө да пайдаланылат. Графикалык түзүүлөрдүн негизинде λ аралашуу көрсөткүчүнүн ылдыйлашына жана агымдын гидравликалык мүнөздөмөсүнүн ортосундагы байланышка анализ жүргүзүлөт. Ушул көрсөткүчтөрдүн ортосундагы аналитикалык көз карандылык алынат, ал төмөнкү формулада келтирилет:
; (3.27.)
мында:
Х - булганган булактан створго чейинки агым боюнча саналуучу аралык, андагы аралашуу көрсөткүчү конкреттүү λ маанисине өтөт;
φ- ийри-буйрулук параметри;
N - мүнөздүү сан;
H - чексиз тереңдик.
3.27. - формуласы боюнча теңдемени чыгарууда 3.23. - формуласы боюнча, аралашуунун мурдагы санынын чоңдугун алабыз:
; (3.28.)
мында:
N - мүнөздүү саны төмөнкү формула боюнча эсептелет:
(3.29.)
мында:
С - Шези коэффициенти, м 1/2/с;
М - Ске көз каранды параметр;
Берилген 10< С< 60 төмөнкү М = 0,7С + 6, С > 60 көз карандылыгында М=48=const параметри;
МС - чыгарылышы м/с2 ченемдерине ээ;
q - 9,81 м/с2 эркин кошулууну тездетүү;
Шези коэффициенти (С) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
(3.30.)
мында:
R - гидравликалык агымдын радиусу, м; тоңбогон өзөндөр үчүн R≈Н агымдын тереңдиги;
nш- өзөндүн сайынын өйдө-төмөндүк коэффициенти, 3.2.- таблицада көрсөтүлгөн параметрлер боюнча аныкталат (30-пункт);
Y - төмөнкү формула менен аныкталуучу коэффициент:
; (3.31.)
Y - маанисин кыскартылган формулалар менен аныктаса болот:
При R < 1м Y = 1,5 √nш; (3.32.)
При R > 1м Y = 1,3 √nш; (3.33.)
Ийри-буйрулук параметри төмөнкү катыш аркылуу туюндурулат:
φ = Iфарв / Iтүз; (3.34.)
мында:
Iфарв - фарватер менен эсептелген жердин узундугу, саркынды суу чыгарылган створдон;
Iтүз - ушул эки пункттун ортосундагы түз аралык.
Чексиз тереңдик , ал төмөнкү бөлчөктү белгилейт:
; (3.35.)
мында:
Н - өзөндүн тереңдиги, м;
В - агымдын кеңдиги, м.
3.27. - 3.35. - формулалары створго чейинки аралыкты берилген максималдуу концентрациясынын мааниси менен (3.27.) эсептеп берет же тескери маселени чечүү үчүн - кандай алыстык болбосун Х саркынды суу кошулган жээктеги (3.28.) максималдуу концентрацияны алат.
4. Көлмөлөр үчүн ЧЖБЧ эсептери
32. Көлмөлөргө саркынды суу чыгаруу үчүн ЧЖБЧнын ченемдери ушул Методиканын 26-пунктуна ылайык, төмөнкү формула боюнча аныкталат:
(4.1.)
33. Заттардын консервативдүү эместигин эске албастан СЧЖБЧны аныктоочу негизги эсептик формула төмөнкү түргө ээ:
; (4.2.)
мында:
СЖБЧК - көлмөнүн суусундагы булгоочу заттардын жол берилген чегинин концентрациясы, г\м3;
Сф - саркынды суу чыгарылган жердеги көлмөнүн суусундагы булгоочу заттардын фондук концентрациясы, г\м3;
n - жалпы аралашуунун саны 3.6., 3.21. жана 3.22. - формулалары боюнча аныкталат.
34. БПК боюнча ЧЖБЧны аныктоо учурунда эсептик формула төмөнкү түргө ээ:
(4.3.)
мында:
К0 - БПКтолук шарттаган органикалык заттардын консервативдүү эместигинин коэффициентинин орточо мааниси, фон жана агын суу 1\сут;
ССМ - БПКтолук узундугу 0,5 суткалык агымдуу контролдук створдун алдындагы акыркы тилкедеги жолдо суу алынуучу аянттан жаан-чачындар көлмөгө агызып келүүчү метаболиттер жана органикалык заттар менен шартталган,
ССМ - чоңдугу төмөнкүдөй алынат:
- тоодогу көлмөлөр үчүн - 0,6 - 0,8 г\м3;
кыртышы органикалык заттарга анчалык бай эмес аймакта жайгашкан түздүктөгү көлмө үчүн - 1,7-2,0 г\м3;
саздуу аймакта же органикалык заттары жогорку санда агызылып кеткен аймакта жайгашкан көлмөлөр үчүн - 2,3-2,5 г\м3.
Эгерде саркынды суу чыгарылган жерден контролдук створго чейинки аралык 0,5 суткалык агымдан аз болсо, анда Ссм нөлгө барабар деп алынат.
35. Көлмөдө жел агымы туруктуу согуп турса жалпы аралашуунун санын эсептөө үчүн төмөнкү метод пайдаланылат.
Эсептөөлөрдө эки учур каралат:
1) көлмөнүн тайыз бөлүгүнө же көлмөнүн тереңдигинин үстүнкү үчтөн бирине чыгарууда саркынды агым шамал бирдей багыттаган үстүңкү тике агымдын таасири астында жээкти бойлото тарайт;
2) көлмөнүн тереңдигинин төмөнкү үчтөн бирине чыгарылганда саркынды агым шамалдын тетири багытындагы компенсациялык агымдын таасири астында жээктеги тилкени карай тарайт.
Азыркы метод төмөнкүдөй чектөөлөргө ээ: аралашуу зонасынын тереңдиги 10 метрден ашпайт, чыгаруудан контролдук створго чейинки аралык биринчи учурда жээктин узундугу 20 километрден ашпайт, саркынды суу чыккан жерден башкы өткөрүүчүнүн каршысындагы жээкке чейинки аралык экинчи учурда 0,5 километрден ашпайт.
Жалпы аралашуунун саны 3.6. - формула боюнча аныкталат.
Баштапкы аралашуунун саны төмөнкүчө эсептелип чыгарылат:
- көлмөнүн тайыз бөлүгүнө же тереңдиктин үстүңкү үчтөн бирине чыгарылганда:
(4.4.)
мында:
q - чыгарылган саркынды суулардын чыгымдалышы, м3/с;
v - саркынды суу чыгарылган жердеги суунун үстүндөгү шамалдын ылдамдыгы, м/с;
Hср - чыгарылышка жакын жердеги көлмөнүн орточо тереңдиги, м;
Нср маанилери көлмөнүн орточо тереңдигине жараша төмөнкүдөй аныкталат:
Н учурунда = 3-4 метр узундугу 100 м участокто;
Н учурунда = 5-6 метр узундугу 150 м участокто;
Н учурунда = 7-8 метр узундугу 200 м участокто;
Н учурунда = 9-20 метр узундугу 250 м участокто.
- тереңдиктин төмөнкү үчтөн бирине чыгарууда:
; (4.5.)
Негизги аралашуунун саны төмөнкүдөй эсептелинет:
тайыздыкка же тереңдиктин үчтөн биринин үстүнө чыгарууда:
; (4.6.)
мында:
ℓ - чыгарылган жерден контролдук створго чейинки аралык, м.,
; (4.7.)
- тереңдиктин төмөнкү үчтөн бирине чыгарууда:
; (4.8.)
; (4.9.)
36. Эгерде көрсөтүлгөн методдун колдонуу шарттары аткарылбаса, анда баштапкы аралашуунун санынын эсеби Н 3-бөлүктө баяндалган метод боюнча аткарылат.
37. Көлмөдө туруктуу агым бар болсо, саркынды сууларды топтоп чыгаруу үчүн турбуленттик диффузиянын теңдемесин талдап чыгарууну пайдалануу менен негизги аралашуунун санынын эсеби жүргүзүлөт (кара: Р.В Озмидов "Диффузия примесей в океане". Гидроиздат.1986 г.).
38. Эгерде көлмөдөгү шамалдын агымы үзгүлтүксүз алмашуу багыттарга ээ болсо же болбосо көлмөлөрдүн жээктери тынчы жок жээктер болсо, ал эми суу булуңга же тумшукка чыгарылса, же болбосо кышында муз тоңгондон кийин желдин агымы жок болсо, анда жогоруда баяндалган методдор колдонулбайт. Мындай учурларда атайын илим-изилдөө институттарынын катышуусу менен даректүү тапшырманы чечүүгө багытталган, эсептеп чыгаруу методун иштеп чыгуу керек.
Көлмөдөгү булгоочу заттардын ЧЖБЧ ченемдеринин эсептеринин мисалдары ушул Методиканын 3-тиркемесинде келтирилет.
5. Биотестирлөөнүн натыйжаларын эске алуу менен ЧЖБЧ ченемдерин эсептөө
39. Биотестирлөө "суулардын уулуулугунун" интегралдык көрсөткүчү боюнча ЧЖБЧ ченемдерин түзөтүүнүн зарылдыгын текшерүү үчүн керектүү кошумча эксперименттик ыкма болуп саналат, ал бир катар төмөнкүдөй олуттуу факторлорду эске алууга мүмкүндүк берет: ЧЖБЧны аныктоо учурунда эске алынбаган уулуу заттар, жаңы түзүлгөн кошулмалар, метаболиттер, химиялык заттардын ар кандай түрлөрүнүн өз ара таасирлери - синергизм, антогонизм, аддитивдүүлүк ж.б. агын сууда бар экендигин.
Эгерде суу объектисинин контролдук створундагы суулар биотестирлөөдөн өткөрүлгөндө, анын сапатынын талап кылынган ченемдерге ылайык келбегендиги (тестирленүүчү объектке өнөкөттүү уулуу таасири) аныкталса, анда ЧЖБЧ ченеми азаюу тарабына түзөтүлүүгө тийиш.
40. Биотестирлөөнүн натыйжалары даректүү заттар менен болгон байланыштардан сырткары саркынды суулардын уулуулугун аныктайт. Ошондуктан, эгерде кайсыл заттын уулуулугу таасир тийгизип жатканы белгисиз болсо, шарттардын аткарылышын камсыз кылуучу ченемге чейин агын сууларды чыгымдоону азайтуунун эсебинен ЧЖБЧга түзөтүүлөр жүргүзүлөт:
n ≥ nT; (5.1.)
мында:
n - контролдук створдогу агын сууга жалпы аралашуунун санынын эсеби 3.6., 3.21., 3.22. - формулалар боюнча аныкталат;
nT - саркынды сууга жалпы аралашуунун зарыл болгон, минималдуу саны, анда тестирленген объектке өнөкөттүү уулуу таасирлер билинбегендиктен ал тестирлөөнүн жүрүшүндө аныкталат.
Мында ар бир зат боюнча ЧЖБЧнын түзөтүлгөн ченеми төмөнкү формулага ылайык аныкталат:
; (5.2.)
41. Суу агызгычтарга саркынды сууларды чыгаруудагы саркынды суулардын чыгымдалышынын чоңдугуна негизги аралашуу гана олуттуу таасир тийгизет. Мында саркынды суулардын шарттарын канааттандырган максималдуу чыгымдалышы (5.1.) төмөнкү теңдемелерди чыгарууда аныкталат:
; (5.3.)
мында:
PT=Q/qmax
Q - суу агызгычтын чыгымдашынын эсеби, м3/с;
φ - ийри-буйрулуктун коэффициенти (фарватер боюнча түз аралыктагы чыгарылуучу жерден контролдук створго чейинки аралыктын катыштары);
ξ - саркынды суу чыгарылган жерге жараша коэффициент (чыгарылган учурда жээктеги ξ=1; чыгарылган учурда өзөндүн өзөгү ξ - 1,5);
ℓ - фарватер боюнча чыгарылган жерден контролдук створго чейинки аралык, м.;
Д - 3.11.-3.14. - формулалары боюнча аныктала турган турбуленттик диффузия коэффициенти.
"Сууларды биотестирлөө боюнча методикалык колдонмодогу" РД 118-02-90 эсептерди жеңилдетүү үчүн Рт параметрин аныктоочу номограмма.
42. Саркынды сууларды көлмөгө чыгаруу үчүн саркынды сууларды чыгаруунун ченеми 4.4., 4.5. - формулаларга ылайык аныкталуучу баштапкы аралаштырууга гана таасир тийгизет. Мында шарттарды канааттандырган саркынды суулардын максималдуу чыгымдалышы 5.1. төмөнкүдөй аныкталат:
- тайызга же тереңдиктин үстүңкү үчтөн бирине чыгарууда:
; (5.4.)
- тереңдиктин төмөнкү үчтөн бирине чыгарууда:
; (5.5.)
мында:
- саркынды суу чыгарылган жердеги суу үстүндөгү шамалдын ылдамдыгы, м\с;
Нср - чыгарылышка жакын жердеги көлмөнүн орточо тереңдиги, м.;
n0 - 4.6. - формула боюнча аныкталуучу негизги аралашуунун саны.
43. Эгерде саркынды суунун курамы жакшы изилденсе жана кайсыл заттын уулуу таасири тийип жаткандыгы аныкталса, бул зат боюнча милдеттүү түрдө ЧЖБЧ түзөтүүлөрүнөн кийин саркынды суулардагы бул заттын топтолмолорун азайтуунун эсебинен биотестирлөө жүргүзүлөт. Саркынды суулардагы заттардын топтомун канча эсеге төмөндөтүү керектигин көрсөткөн К параметринин минималдуу мааниси төмөнкү формула боюнча аныкталат:
; (5.6.)
мында:
k = СЧЖБЧ /СФ
СЧЖБЧ - колдонуудагы ЧЖБЧда саркынды суулардагы заттардын топтолушу, г\м3;
СФ - агын суулар жок болгон учурда суу объектисинин сууларындагы заттардын топтолушу, г\м3.
Мында ЧЖБЧ түзөтүлгөн ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:
; (5.7.)
44. Эгерде (5.6.) шарттарда аныкталган к маанилери техникалык жактан ишке ашырылбаса, жетишилген маанилер тандалып алынат жана 40-42-пункттарына ылайык саркынды суулардын чыгымын азайтуунун эсебинен ЧЖБЧга андан ары түзөтүүлөр киргизилет - бардык ченемдер алмаштырылып турат:
; (5.8.)
Биотестирлөөнүн натыйжалары боюнча ЧЖБЧ эсептеринин (түзөтүүлөрүнүн) мисалдары ушул Методиканын 4-тиркемесинде келтирилет.
|
| Булгоочу заттарды суу объекттерине чыгаруунун жол берилген чектеринин ченемдерин белгилөө боюнча методиканын 1-тиркемеси |
БЕКИТЕМИН ___________________________________________________________________________________
(айлана-чөйрөнү коргоочу мамлекеттик органдын кызмат адамы)
М.О. "___" ____________________ .20__-ж. __________________________________________________________
(коюлган колу)
МАКУЛДАШЫЛДЫ _______________________________________________________________________________
(коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы мамлекеттик органдын кызмат адамы)
М.О. "___" ____________________ .20__-ж. __________________________________________________________
(коюлган колу)
САРКЫНДЫ СУУЛАР МЕНЕН СУУ ОБЪЕКТТЕРИНЕ КЕЛИП ТҮШКӨН ЗАТТАРДЫН ЧЫГАРЫЛЫШЫНЫН ЖОЛ БЕРИЛГЕН ЧЕКТЕРИ
1. _______________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________________
(ЧЖБЧны бекиткен органдын аталышы)
2. ЧЖБЧ бекитилди "___" ________________ 20__-ж. "___" _______________ 20__-ж. чейинки мөөнөткө
Суу пайдалануучунун реквизиттери:
3. Чарбалык субъекттин аталышы ___________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________________
4. Облус, район ___________________________________________________________________________________
5. Суу пайдалануучунун почтолук дареги, аты-жөнү жана суу пайдалануу үчүн жоопкерчиликтүү
кызмат адамынын телефону, анын кызмат орду _______________________________________________________
6. Саркынды сууларды чыгаруу үчүн ЧЖБЧ ____________________ бекитилди (чыгаруунун чиймеси тиркелет).
7. ЧЖБЧ долбоорун иштеп чыккан уюмдун аталышы жана дареги ________________________________________
8. № _________________ чыгарылыш. Саркынды суунун категориясы _____________________________________
9. Саркынды сууну кабыл алган суу объектинин аталышы _______________________________________________
__________________________________________________________________________________________________
10. Сууну пайдалануучунун категориясы ______________________________________________________________
11. Саркынды суунун пландалган чыгымдалышы ____________________ миң м3/жыл ________________ м3/саат.
12. ЧЖБЧны белгилөө үчүн бекитилген саркынды суу чыгымы ___________________________________ м3/саат.
13. Саркынды суунун курамы жана бекитилген ЧЖБЧ:
(төмөн жакта көрсөтүлбөгөн заттардын кошулушуна тыюу салынат)
№ | Саркынды суулардын курамынын көрсөткүчтөрү | Иш жүзүндөгү топтолуулар | Иш жүзүндөгү кошулуулар ж/саат | Жол берилген топтолуулар ж/м3 | Бекитилген ЧЖБЧ ж/саат |
1 | Калкыган заттар |
|
|
|
|
2 | Органикалык заттар |
|
|
|
|
3 | ж.б. |
|
|
|
|
Саркынды суулардын бекитилген касиеттери:
1) сүзүп жүрүүчү аралашмалар ____________________________________________________________________
2) түсү __________________________________________________________________________________________
3) жыты, даамы __________________________________________________________________________________
4) температурасы (ºС) ____________________________________________________________________________
5) чөйрөнүн реакциясы (рН) _______________________________________________________________________
6) коли-индекси __________________________________________________________________________________
7) эриген кислород _______________________________________________________________________________
8) ж.б.
_________________________________________ | _________________ | ______________________________________ |
(суу пайдалануу үчүн жоопкер кызмат адамы) | (койгон колу) | (аты-жөнү) |
"___" __________________ 20__-ж.
САРКЫНДЫ СУУЛАР МЕНЕН ЗАТТАРДЫН УБАКТЫЛУУ МАКУЛДАШЫЛГАН ЧЫГАРУУНУН ЧЕКТЕРИ
№ | Көрсөткүчтөр | Чейинки чектер | |||
______ 20__-ж. | _______ 20__-ж. | ______ 20__-ж. | ж.б. | ||
1 | Заттардын ЧЖБЧсына этап-этабы менен жетишүү боюнча иш-чаралардын планын ишке ашыруунун этаптары |
|
|
|
|
2 | Саркынды суулардын чыгымдалышы, м3/саат |
|
|
|
|
3 | Заттардын топтолушу, ж/м3 |
|
|
|
|
4 | 1) калкыган заттар |
|
|
|
|
5 | 2) органикалык заттар |
|
|
|
|
6 | 3) ж.б. |
|
|
|
|
_________________________________________ | _________________ | ______________________________________ |
(суу пайдалануу үчүн жоопкер кызмат адамы) | (койгон колу) | (аты-жөнү) |
ЗАТТАРДЫН ЧЖБЧсына ЭТАП БОЮНЧА ЖЕТИШҮҮНҮН ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
Этап боюнча иш-чаралардын аталыштары | Мүнөздөмө (өндүрүмдүүлүгү, көлөмү, ж.б.) | Багыттуу нарк | Ишке ашыруунун ченемдик мөөнөттөрү | Аткаруучулар, жооптуу адамдар | Сууну коргоонун жетишиле турган натыйжасы (майкабы) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Чарба жүргүзүүчү объекттин жетекчиси | ______________________ | _______________________________ |
| (койгон колу) | аты-жөнү |
|
| Булгоочу заттарды суу объекттерине чыгаруунун жол берилген чектеринин ченемдерин белгилөө боюнча методиканын 2-тиркемеси |
Суу агызуучулардагы булгоочу заттардын ЧЖБЧ ченемдеринин эсептөө МИСАЛДАРЫ
Тазалоочу курулмалардан өткөрүлгөндөн кийин саркынды суулар жээкке жайгашкан суу чыгаруучу аркылуу өзөнгө куюлат.
Саркынды суулардын чыгымдалышы q = 0,0061 м3/с = 21,96 м3/саат.
Фарватер боюнча чыгарылуучу жерден эсептик створго чейинки аралык Lф = 500 м, түз алганда Ln = 500 м.
Калктуу конуштун чегинин сыртында чыгаруулар жүргүзүлөт, жакынкы аралыкта суу алуучу жер жок.
Суу агызгычтагы эсептик чыгымдардын гидрологиялык маалыматтары 0,20 м3/с.
Орточо тереңдик 0,5 м.
Агымдын орточо ылдамдыгы 0,18 м/с.
Өзөндүн нугунун өйдө-төмөндүгү nш = 0,05/
Суу агызгычтын категориясы - балык чарбалуу.
Чыгаруунун жогору жагындагы көлмөнүн агымынын гидрохимиялык маалыматтары (ж/м3):
№ | Суу касиеттеринин көрсөткүчтөрү | Фону | Саркынды суулар | ТЖБЧ |
Жалпы талаптар | ||||
1 | Калкыган заттар | 23,2 | 181,2 | 23,95 |
2 | БПК толук | 5,17 | 7,41 | 3 |
3 | Кургак калдык | 273,0 | 425 | 1000 |
Уулуу көрсөткүчтөр | ||||
1 | Аммоний туздары (NH4+) | 7,0 | 21,8 | 0,5 |
2 | Нитрит-иону (NO2-) | 0,038 | 0,61 | 0,08 |
3 | Жалпы темир (Feжалпы) | 3,95 | 5,85 | 0,1 |
Санитардык-уулуу көрсөткүчтөр | ||||
1 | Нитрат-иону (NO32-) | 16,04 | 84.37 | 40 |
2 | Алкилсульфонат (СПАВ) | 0,2 | 0,34 | 0,5 |
3 | Хлориддер (Сl-) | 18,2 | 32 | 300 |
4 | Сульфаттар (SO42) | 31,2 | 43,21 | 100 |
Балык чарбасынын көрсөткүчтөрү | ||||
1 | Мунай продуктулары | - | 0,15 | 0,05 |
1. Аралашуунун эсептик саны.
Өзөндөгү аралашуу эсептери ушул Методиканын 30-пунктунда белгиленген метод аркылуу жүргүзүлөт.
Төмөнкүлөрдүн параметрлери аныкталат:
Кабыл алабыз:
өзөндүн нугунун өйдө-төмөндүгү
nш = 0,05 (алгачкы маалыматтар);
агымдын гидравликалык радиусу
R = НCP = 0,56 м
Шези коэффициенти
Турбуленттик диффузиянын коэффициентин табабыз:
Гидравликалык аралашуунун шарттарынын коэффициенти
мында:
ξ - саркынды суу чыккан жерге жараша коэффициент. Жээк жакта чыгышы - ξ = 1,0.
Алабыз
Аралашуу коэффициенти
Негизги аралашуу саны
.
1. Чыгарууга жол берилген чегинин концентрациясын аныктоо Счжбч.
Жалпы талаптар
1. Калкыган заттар
Сф = 23,2 мг/л;
СCT = 181,2 мг/л;
СЖБЧК = СФ + 0,75 = 23,2 + 0,75 = 23,95 мг/л;
БПКП жогорку маанилери жаратылыш процесстери менен шартталган. Ошондуктан азырынча региондук ЖБЧК аныкталбагандыктан төмөнкүнү алабыз СЖБЧК = СФОН = 6,23 мг/л..
3. Кургак калдык.
СФ = 1 92мг/л;
ССТ = 493,5 мг/л;
СЖБЧК = 1000 мг/л.
Катышуу орундары бар
СФ<ССТ<СЖБЧК.
Алабыз СЧЧЖБЧ = ССТ = 493,5 мг/л.
ЛПВ заттарынын тобу - уулуу.
NO4, NO2 и Fe боюнча көлдүн фонунун жүктөлүүсүн аныктайбыз.
ЛПВ тобуна кирген заттар боюнча көлдүн фонунда - уулуу заттар көп. Ошондуктан бул заттардын ЧЖБЧси үчүн фонду сактоочу шарттар алынат.
1. Аммоний тузу
СЧЖБЧ =СФОН = 7,8 мг/л.
2. Темир
СЧЖБЧ = СФОН = 5,5 мг/л.
3. Нитрит иону
СЧЖБЧ = СФОН = 0,057 мг/л.
ЛПВ заттарынын тобу - санитардык уулуу.
NО3, СПАВ, хлориддер жана сульфаттардын фондо көптүгүн чыгарылышын аныктайбыз.
Ар бир заттын ЧЖБЧ аныктоо үчүн суммалоону жеке алуу менен келтирилген ЖБЧКны алабыз.
мында:
m - бул топко кирген заттардын санlары,
αi, - үлүштөрдү бөлүштүрүү коэффициенти i - топтогу булгоочу заттар.
Алынат: нитраттар үчүн α1 = 1,2; СПАВ үчүн, α2 = 1; хлориддер үчүн α2 = 0,6; сульфаттар үчүн α4 = 1,2.
1. Нитраттар
СФ = 10,38 мг/л;
ССТ = 74,99 мг/л;
СЖБЧК;
СЧЖБЧ = 10,38 + 13,23 (12,0 - 10,38) = 31,81 мг/л.
2. СПАВ
СФ = 0,12мг/л;
ССТ = 0,26 мг/л;
СЖБЧК;
СЖБЧК = 0,12 + 13,23 (0,125 - 0,12) = 0,186 мг/л.
Алабыз СЧЖБЧ = 0,186 мг/л.
3. Хлориддер
СФ = 11,4 мг/л;
ССТ = 198 мг/л;
СЖБЧК;
СЧЖБЧ = 11,4 + 13,23 (45 - 11,4) = 454,92 мг/л > ССТ.
Алабыз Счжбч = Сст = 198 мгл/л.
4. Сульфаттар
СФ = 25 мг/л;
ССТ = 408 мг/л;
СЖБЧК;
СЧЖБЧ = 25 + 13,23 (30 - 25) = 91,15 мг/л.
ЛПВ заттарынын тобу - балык чарбасы.
1. Мунай продуктулары
СФ = 0,02 мг/л;
ССТ = 0,21 мг/л;
СЖБЧК = 0,05 мг/л;
СЧЖБЧ = 0,02 + 13,23 (0,05 - 0,02) = 0,416 мг/л.
Ошентип СЧЖБЧ (эсептик) > ССТ алабыс СЖБЧК = ССТ = 0,21 мг/л.
3. ЧЖБЧ ченемдеринин эсептери
Саркынды суулардын чыгымдарынын эсептери q = 5,4 м3/саат, ЧЖБЧ = СЧЖБЧ q.
Эсептин натыйжалары таблицада берилди:
Заттар | СЧЖБЧ | ЧЖБЧ |
Калкыган заттар | 39,12 | 211,248 |
БПК20 | 6,23 | 333,642 |
Кургак калдык | 493,5 | 26664,9 |
Аммоний тузу | 7,8 | 42,12 |
Нитриттер | 0,057 | 0,307 |
Темир | 5,5 | 29,7 |
Нитраттар | 31,81 | 171,774 |
СПАВ | 0,186 | 1,004 |
Хлориддер | 198 | 1069,2 |
Сульфаттар | 91,15 | 492,21 |
Мунай продуктулары | 0,21 | 1,13 |
|
| Булгоочу заттарды суу объекттерине чыгаруунун жол берилген чектеринин ченемдерин белгилөө боюнча методиканын 3-тиркемеси |
Көлмөлөрдөгү булгоочу заттардын ЧЖБЧнын ченемдеринин эсептөө МИСАЛДАРЫ
Тазалоодон кийин чарбалык-тиричиликтин саркынды сууларын көлгө чыгарууда ал жазгы суулар киргенде жана суусу мол жылдарда өзөнгө кошулушу мүмкүн. Көл - 1-категориядагы балык чарба көлмөсү. Көлдүн үстүнкү үчтөн бир бөлүгүнө суу кошулат. Суу чыгарылган зонанын орточо тереңдиги 0,35+0,45 м. Суу чыгарылган жерден контролдук створго чейинки аралык - 300 м. Көлдүн агымынын тиби -шамалдуу. Туруктуу шамалдын ылдамдыгы V = 1,3 м/с. Саркынды суулардын чыгымдалышы q =0,0015 м3/с = 5,4 м3/час = 129,6 м3/сут.
Чыгаруунун (фондун, көлдүн, жээктин) жана саркынды суунун жогору жагындагы көлмөнүн гидрохимиялык сапаттары (ж/м3):
№ | Суу касиеттеринин көрсөткүчтөрү | Фону | Саркынды суулар | ЖБЧК |
| Жалпы талаптар |
|
|
|
1 | Калкыган заттар | 29,2 | 146,6 | 29,95 |
2 | БПК толук | 6,23 | 6,77 | 3 |
3 | Кургак калдык | 192,0 | 493,5 | 1000 |
| Уулуу көрсөткүчтөр |
|
|
|
1 | Аммоний туздары (NH4+) | 7,8 | 29,3 | 0,5 |
2 | Нитрит-иону (NO2) | 0,057 | 1,5 | 0,08 |
3 | Жалпы темир (Fежалпы) | 5,5 | 6,75 | 0,1 |
| Санитардык-уулуу көрсөткүчтөр |
|
|
|
1 | Нитрат-иону (NО32-) | 10,8 | 74,99 | 40 |
2 | Алкилсульфонат (СПАВ) | 0,12 | 0,26 | 0,5 |
3 | Хлориддер (Сl1-) | 11,4 | 198 | 300 |
4 | Сульфаттар (SO42) | 25 | 408,0 | 100 |
| Балык чарба көрсөткүчтөрү |
|
|
|
1 | Мунай продуктулары | 0,02 | 0,21 | 0,05 |
1. Аралашуу санынын эсептери
Көлмөгө саркынды суулардын аралашуу эсептери ушул Методиканын 35-пунктунда көрсөтүлгөн метод боюнча чыгарылат, анткени көлмөдө туруктуу шамалдык агым үстөмдүк кылат. Көлмөнүн үстүнкү тайызынын үчтөн бирине суу кошулат, аралашуу зонасынын орточо тереңдиги 0,45 м (ушул Методиканын 35-пунктунда көрсөтүлгөн методго жетишүүдөн 10 м көп терең), суу чыгарылган жерден маңдайкы жээкке чейинки аралык - 300 м., белгиленгенден алыс эмес.
Бул метод боюнча саркынды суулардын толук аралашуу саны чыгарылыштагы баштапкы аралашуусунун жана саркынды суу чыгарылган жерден алыстаган сайын негизги аралашуулардын натыйжалары боюнча эсептелип чыгарылат.
Эсептөөлөр төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
Мында:
q - саркынды суулардын чыгымдалышы 0,0015, м3/с,
V - саркынды суулар чыгарылган жердеги суулардын үстүндөгү шамалдын ылдамдыгы 1,3 м/с..
НСР - көлмөнүн суу чыгарылган жерге жакын бөлүгүнүн орточо тереңдиги, 0,45 м.,
Негизги аралашуунун ченемдиктери төмөнкү формула боюнча эсептелинип чыгарылат:
мында:
- суу чыгарылган жерден контролдук створго чейинки аралык м,
Жалпы аралашуунун ченемдиктери
n = nнn0
n = 1,31 10,10 = 13,23.
2. СЧЖБЧ чыгаруунун жол берилген концентрациясын аныктоо
Жалпы талаптар
1. Калкыган заттар:
СФ = 29,2 мг/л;
ССТ = 146,6 мг/л;
СЖБЧК = СФ + 0,75 = 29,95 мг/л.
СЧЖБЧ = 29,2 + 13,23 0,75 = 39,12 мг/л.
2. БПКП
СФ = 6,23 мг/л;
ССТ = 6,77 мг/л;
СЖБЧК = 3 мг/л.
СЧЖБЧ = 23,2 + 29,5 0,75 = 45,32 мг/л.
2. БПКП
СФ = 5,17 мг/л;
ССТ = 7,41 мг/л;
СЖБЧК = 3 мг/л.
БПКПнын көбөйүшү табигый фактору менен шартталган. Ошондуктан региондук ЖБЧК аныкталганга чейин ЧЖБЧ = СФОН = 5,17 мг/л. кабыл алабыз.
3. Кургак калдык
СФ = 273 мг/л;
ССТ = 425 мг/л;
СЖБЧК = 1000 мг/л.
Ишке ашат
СФ < ССТ < СЖБЧК
Алабыз
СЧЖБЧ = ССТ = 425 мг/л.
ЛПВ - уулуу заттары бар топ
Дарыянын фонунун жүгүн NН4, NO2, Fе боюнча аныктоо.
Дарыянын фонун ЛПВ - уулуу топ боюнча аныктоо. Бул заттар үчүн ЧБЖЧ фонду сактоо шарттарынан улам дайындалат.
1. Аммоний
СЧЖВЧ = СФ = 7,0 мг/л.
2. Темир.
СЧЖБЧ = СФ = 3,95 мг/л.
3. Нитриттер
СЧЖБЧ = СФ = 0,038 мг/л.
ЛПВ = санитардык уулуу заттардын тобу.
Фондун NО3, СПАВ, хлориддер жана сульфаттар боюнча жүктөлүшүн аныктоо:
ЛПВ санитардык уулуу тобу боюнча дарыянын фонун аныктоо.
Ошондуктан ЧЖБЧ ченемин фонду сактоо шартынан улам дайындайбыз.
1. Нитраттар
СФ = 16,04 мг/л;
СЧЖБЧ = СФ = 16,04 мг/л.
2. СПАВ
СФ = 0,2 мг/л;
СЧЖБЧ= Сф = 0,2 мг/л.
3. Хлориддер
СФ = 18,2 мг/л;
СЧЖБЧ = СФ =18,2 мг/л.
4. Сульфаттар
СФ = 31,2 мг/л;
СЧЖБЧ = СФ = 31,2 мг/л.
ЛПВ - балык чарба заттар тобу
Мунай продуктулары
СФ = 0 мг/л;
ССТ = 0,15 мг/л;
СЖБЧК = 0,05 мг/л.
СЧЖБЧ = 29,5 0,05 = 1,47 мг/л > ССТ.
ЧЖБЧ > ССТ эсебин кабылдайбыз:
СЧЖБЧ = ССТ = 0,15.
3. ЧЖБЧ ченемдигинин эсеби
ЧЖБЧ = q СЧЖБЧ.
Алабыз q = 21,96 м3/саат.
Эсептин натыйжалары таблицада берилди:
Заттар | СЧЖБЧ | ЧЖБЧ |
Калган заттар | 45,32 | 995,227 |
БПК20 | 5,17 | 113,533 |
Кургак калдык | 425 | 9333,0 |
Туздуу аммоний | 3,95 | 86,742 |
Нитриттер | 0,038 | 0,834 |
Темир | 3,95 | 86,742 |
Нитраттар | 16,04 | 352,238 |
СПАВ | 0,2 | 4,392 |
Хлориддер | 18,30 | 399,672 |
Сульфаттар | 31,2 | 685,152 |
Мунай продуктулары | 0,15 | 3,294 |
|
| Булгоочу заттарды суу объекттерине чыгаруунун жол берилген чектеринин ченемдерин белгилөө боюнча методиканын 4-тиркемеси |
Биотестирлөөнүн натыйжалары боюнча ЧЖБЧ ченемдеринин эсептөө (түзөтүү) мисалдары
а) суу агызгычтар үчүн
Жээк аркылуу өзөнгө саркынды суулар төмөнкүдөй чыгым менен түшүрүлөт q = 2м3/с. Өзөндөгү суулардын бир айдагы орточо минималдык чыгымдалышынын эсеби Q = 40м3/с. Баштапкы аралашуунун калдыксыздыгы nн = 2. Негизги аралашуунун санын эсептеп чыгаруу үчүн негизги маалыматтар:
n0 / φ = 1,5; ξ=1; Д = 0,00545; ℓ = 500
Мында төмөнкү 3.3, З.7, 3.8. - формулалар боюнча; n0 = 4,4, жалпы аралашуунун саны n = 2 х 4,4 = 8,8. Биотестирлөөдө аныкталган аралашуунун зарыл болгон саны nТ = 10.
Контролдук створдогу гидробиониттер үчүн коопсуздукту камсыз кылууда ЧЖБЧ ченемдерине түзөтүүлөрдү киргизүү керек.
Эсептелип чыгарылат:
4-сүрөттөгү график боюнча "Сууларды биотестирлөө боюнча жетекчиликке алынуучу методика", РД 118-02-90, а = 0,61 жана nт/nн = 10/2 = 5 учурунда РТ маанилери аныкталат. РТ маанилери = 25.
Ошентип саркынды сууларды максималдуу жол берилген чыгымдоосу:
qmax = 40 / 25 = 1,6 (м3/с)
(5.2.) ылайык түзөтүлгөн ЧЖБЧ барабар болот:
Салыштыруу үчүн уулуу заттардын топтолуусун азайтуунун эсебинен ЧЖБЧ ченемдерине түзөтүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн карайбыз. Бул заттар аныкталды kmax = СЧЖБЧ / Сφ = 2. (5.6.) шарттарынан келип чыгат.
Каралып жаткан заттын түзөтүлгөн ЧЖБТ ченемдери буга барабар болот:
б) көлмөлөр үчүн
Суу сактагычтын төмөнкү үчтүн бир тереңдигинен төмөнкүдөй чыгымы q=4,4м3/с. болгон суу агызылат.
Аралашуунун санын эсептөө үчүн негизги маалыматтар:
V = 5,5; НСР=5; ℓ = 500.
Мында 4.4. - 4.5. - формулалар боюнча nH = 1,5; n0 = 12 жана жалпы аралашуунун саны: n = 1,5 х 12 = 18.
Аралашуунун зарыл болгон саны Биотестирлөөдө аныкталды nT = 25.
Контролдук створдогу гидробиониттер үчүн коопсуздукту камсыз кылууда ЧЖБЧ ченемдерине түзөтүү киргизүү керек. Агын суулардын жол берилген максималдуу чыгымдалышы 5.5. - формуласы боюнча аныкталат:
(5.2.) ылайык түзөтүлгөн ЧЖБЧ барабар болот: