Редакцияот 16,02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ

2017-жылдын 16-февралы № 106

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү системалуу коррупцияны ажыратуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибинде:

9.5-пунктунда:

- экинчи сүйлөмдөгү "бир айлык кирешенин суммасынын 5 проценти өлчөмдө айып салынат" деген сөздөр жана цифра ", так маалымат бербегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчилик жүктөлөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- үчүнчү сүйлөм алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков