КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-февралы № 113
Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногунун кызматкерлеринин күнү - кесиптик майрамын белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын экономикасын чыңдоодо камсыздандыруу рыногунун ролунун өсүшүн жана мамлекеттин социалдык-коомдук ишинде камсыздандыруу рыногунун кызматкерлеринин салымынын маанилүүлүгүн эске алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 18-декабрь - Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногунун кызматкерлеринин күнү - жыл сайын майрамдалуучу кесиптик майрам болуп белгиленсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |