ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 113 «Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногунун кызматкерлеринин күнү - кесиптик майрамын белгилөө жөнүндө» токтому

Редакция17.02.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 17-февралы № 113

Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногунун кызматкерлеринин күнү - кесиптик майрамын белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын экономикасын чыңдоодо камсыздандыруу рыногунун ролунун өсүшүн жана мамлекеттин социалдык-коомдук ишинде камсыздандыруу рыногунун кызматкерлеринин салымынын маанилүүлүгүн эске алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 18-декабрь - Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногунун кызматкерлеринин күнү - жыл сайын майрамдалуучу кесиптик майрам болуп белгиленсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков