Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 133
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 242 "Элдин мыйзам чыгаруучу демилге көтөрүүгө укугун ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 242 "Элдин мыйзам чыгаруучу демилге көтөрүүгө укугун ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Элдин мыйзам чыгаруучу демилге көтөрүүгө укугун ишке ашыруу тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- демилгечи топту каттоо жөнүндө анын төрагасынын колу коюлган арызды жана мыйзамдын долбоорун. Арызда демилгечи топтун аталышы көрсөтүлүшү мүмкүн;";
- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги демилгечи топту каттоо жөнүндөгү күбөлүктү берген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мыйзам долбоорунун текстин негиздеме-маалымкаты менен, ошондой эле демилгечи топтун аталышы (эгер аталышы бар болсо) жана демилгечи топтун жана мыйзам долбоорунун катталган датасы жөнүндө маалыматты өзүнүн сайтына жарыялашы керек.";
- 12-пунктундагы "жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып он күндүк мөөнөт ичинде" деген сөздөр "күнүнөн тартып беш күндүк мөөнөттө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |