Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 26-апрели № 227
Элдик мыйзам чыгаруу демилгесин ишке ашыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамынын 2-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 242 "Элдин мыйзам чыгаруучу демилге көтөрүүгө укугун ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 644 "Элдик мыйзам чыгаруу демилгесин ишке ашыруу үчүн кол коюу барагынын формасын толтуруунун, кол коюу барагындагы шайлоочулардын койгон колдорун ырастаган демилге тобунун мүчөсүнүн койгон колун ырастоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 242 "Элдин мыйзам чыгаруучу демилге көтөрүүгө укугун ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 12-майындагы № 38 (3487) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |