Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 135 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында контролдук (идентификациялык) белгилерди берүүнүн жана колдонуунун тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо 2015-жылдын 8-сентябрында Гродно шаарында кол коюлган "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун талаптарына ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул. Жободо төмөнкүдөй терминдер, түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
контролдук (идентификациялык) белги - товарларды маркалоо үчүн арналган, жасалмадан коргоо элементтери (каражаттары) менен (полиграфия продукциясы менен корголгон), анын ичинен радио жыштык белгисин камтыган контролдук (идентификациялык) белгилер пайдаланылган так отчеттук бланкы (мындан ары - КИБ);
контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоо - товарларга бекитилген үлгүдөгү контролдук (идентификациялык) белгилерди түшүрүү;
товарларды жүгүртүү - товарларды сактоо, ташуу, өндүрүү, Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) бажы аймагына ташып келүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында сатып алуу жана сатуу;
дүң соода - товарларды ишкердикте (анын ичинде кайра сатуу үчүн) же жеке, үй-бүлөлүк, тиричилик жана башка багытта пайдаланууга байланышпаган максаттарда аларды сатып алууга жана сатууга байланышкан соода ишинин түрү;
чекене соода - товарларды жеке, үй-бүлөлүк, тиричилик жана ишкердик жүргүзүү менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу үчүн аларды сатып алууга жана сатууга байланышкан соода ишинин түрү;
товар - ага карата контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоо жөнүндө чечим кабыл алынган, Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасынын товардык позициясы боюнча продукция;
маркалоого тийиш болгон товарлардын тизмеги - Евразия экономикалык комиссиясынын 2015-жылдын 23-ноябрындагы № 70 чечими менен бекитилген, контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоого тийиш болгон товарлардын тизмеги (мындан ары - товарлардын тизмеги);
импорттоочу - контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоого тийиш болгон товарлардын тизмегине киргизилген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүчү салык төлөөчү;
ыйгарым укуктуу банк - ыйгарым укуктуу салык жана/же бажы органы менен тейлөө келишимин түзгөн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы же күбөлүгү болгон коммерциялык банк;
маркалануучу продукция - Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу, товарлардын тизмегине киргизилген товарлар;
контролдук (идентификациялык) белгинин номиналдык наркы - ыйгарым укуктуу банк аркылуу сатууда контролдук (идентификациялык) белгинин өткөрүү наркы;
салык кызматынын органдары - ыйгарым укуктуу салык органы жана аймактык салык органдары;
бажы кызматынын органдары - ыйгарым укуктуу бажы органы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү;
электрондук паспорттордун банкы - маркалануучу продукциянын сандык жана техникалык параметрлери жөнүндө маалыматты сактоо үчүн электрондук маалыматтар базасы.
Ушул Жободо колдонулган башка түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарында жана/же Евразия экономикалык бирлигинин ченемдик укуктук актыларында аныкталган мааниде түшүнүлөт.
3. Товарларда КИБдин болушу аларды керектөөчүлөргө сатуу, Кыргыз Республикасынын аймагында ташуу (эл аралык транзиттен тышкары) жана сактоо (технологиялык процесске ылайык буюмдарды маркалоого чейин өндүрүүчү тарабынан сактоодон же Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кетүү үчүн сактоодон тышкары) үчүн зарыл болгон шарттардын бири болуп саналат.
4. Төмөнкүдөй маркалоого тийиш болгон товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алууга, ташууга, сактоого, пайдаланууга жана сатууга тыюу салынат:
1) контролдук (идентификациялык) белгилерсиз;
2) КИБ менен маркалоо тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен аларга КИБ түшүрүлгөн;
3) алар жөнүндө Товарлардын электрондук паспортторунун базасына киргизилүүгө тийиш болгон маалымат, ушул товарларга КИБ маркалоонун мыйзамдарда белгиленген тартибин бузуу менен түшүрүлгөн;
4) Товарлардын электрондук паспортторунун банкына товарлар жөнүндө маалыматтарды киргизбестен түшүрүлгөн КИБ менен же КИБ менен маркаланган товарларга жана (же) алардын иш жүзүндөгү мүнөздөмөлөрүнө (сыпатталышына) шайкеш келбеген;
5) товар алмашуу негизинде сатып алынган же ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспорттоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн иштетилме чийки зат пайдаланылган жана КИБ менен белгиленбеген.
5. Ушул Жободо белгиленген талаптар төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) Евразия экономикалык бирлигинен тышкары ташып кетүүдө бажы жол-жоболоруна жайгаштырылган товарларды ташууга;
2) бажы контролунда турган товарларды ташууга;
3) Кыргыз Республикасынын техникалык ченемдик укуктук актылары менен белгиленген керектүү сандарда техникалык ченемдөө жана стандартташтыруу жаатындагы техникалык ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкештикти баалоо максатында сыноолорду жүргүзүү үчүн багытталган товарлардын үлгүлөрүн жана сынамдарын ташууга жана сактоого;
4) эл аралык көргөзмөлөрдүн жана жармаңкелердин уюштуруучулары жана катышуучулары тарабынан үлгү жана экспонат катары Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды ташууга, сактоого, сатууга жана пайдаланууга;
5) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, ошондой эле аларга теңдештирилген эл аралык уюмдардын органдары жана миссиялары тарабынан расмий колдонуу үчүн багытталган товарларды ташууга, сактоого жана пайдаланууга;
6) гуманитардык жардам болуп саналган товарларды ташууга, сактоого жана пайдаланууга;
7) товарларды кайтарууну ырастоочу документтери болгон шарттарда, сатып алуучулар тарабынан сатуучуларга кайтарылган товарларды ташууга жана сактоого;
8) товарлардын өндүрүүчүлөрү тарабынын аларды сактоого жана пайдаланууга;
9) бажы контролунда турган товарларды бажы контролдоо зоналарында, убактылуу сактоо кампаларында жана бажы кампаларында сактоого;
10) алымсыз соода жүргүзүү дүкөндөрүндө товарларды сактоого жана сатууга;
11) алып коюлган, камакка алынган, конфискацияланган же башка ыкма менен мамлекеттин кирешесине айландырылган товарларды сатып алууга, сактоого, пайдаланууга, ташууга жана сатууга.
6. КИБ "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык конкурстун жеңүүчүсү менен түзүлгөн келишимге (контрактка) ылайык ыйгарым укуктуу салык органынын заказы боюнча даярдалат, КИБдин формасы жана үлгүлөрү конкурстун жеңүүчүсү жана даярдоочу компания менен биргеликте ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан иштелип чыгат.
7. Ыйгарым укуктуу салык органы эсептөөлөргө ылайык даярдоочу компания тарабынан даярдалган жана жеткирилген КИБдин наркын, коштоочу чыгымдарды төлөйт. Жылдык салыштырып текшерүүдөн жана даярдоочу компания менен өз ара эсептешүүлөрдөн кийин блокировкаланган эсепте калган сумма ушул Жобонун 8-пунктунда каралган максаттарда пайдаланылууга тийиш.
8. КИБдин номиналдык наркы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат. КИБдин номиналдык наркы даярдоо наркынан, транспорттук чыгымдардан, бажы төлөмдөрүнөн жана алымдарынан, курстук айырманын өзгөрүшүнөн тобокелдиктерди камсыздандыруу чыгымдарынан жана башка чыгымдардан түзүлөт.
Башка чыгымдарга КИБ аныктыгын аныктоо үчүн адистештирилген приборлорду, эсептөө техникасын, байланыш каражаттарын, КИБди түшүрүү үчүн жабдууну сатып алууга жана тейлөөгө, эсепке алуу-методикалык колдонмолорду даярдоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен байланышкан чыгымдарды төлөөгө топтолгон каражаттарды максаттуу пайдалануу кирет.
9. Салык төлөөчү тарабынан КИБдин номиналдык наркын төлөө акча каражаттарын ыйгарым укуктуу банктагы блокировкаланган атайын эсепке которуу жолу менен жүргүзүлөт.
2. Контролдук (идентификациялык) белгилерди берүүнүн тартиби
10. Салык төлөөчүгө КИБди берүү ыйгарым укуктуу банк аркылуу жүргүзүлөт.
11. Ыйгарым укуктуу банк Кыргыз Республикасынын салык же бажы органы тарабынан КИБди берүүгө чыгарылган чечимдердин негизинде КИБди берет.
12. Ыйгарым укуктуу банк даярдалган жана сатылган контролдук (идентификациялык) белгилер жөнүндө ыйгарым укуктуу органдарды электрондук түрдө маалымдоого милдеттүү.
13. Товарлардын тизмегине киргизилген товарларды өндүргөн салык төлөөчүгө КИБди берүүгө чечим төмөнкү документтерди берүүдө ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча салык кызматынын органы тарабынан кабыл алынат:
1) xml форматында кагаз жана электрондук түрдө электрондук паспорттордун банкында салык төлөөчү тарабынан толтурулуучу формулярды;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиялоого тийиш болгон маркалануучу продукцияны ташып келүүгө жана/же сатууга лицензиянын көчүрмөсүн;
3) маркалануучу продукциянын бардык санына контролдук (идентификациялык) белгилердин номиналдык наркынын төлөнгөнүн ырастоочу төлөм документтеринин көчүрмөсүн жана түп нускасын. Төлөм документинин көчүрмөсү салык органында калат, түп нускасы салык төлөөчүгө кайтарылат.
14. ЕАЭБге мүчө эмес мамлекеттерден товарлардын импорттоочу салык төлөөчүгө КИБди берүүгө чечим, төмөнкү документтерди берүүдө ыйгарым укуктуу бажы органы бекиткен форма боюнча бажы кызматынын органы тарабынан кабыл алынат:
1) xml форматында кагаз жана электрондук түрдө электрондук паспорттордун банкында салык төлөөчү тарабынан толтурулуучу формулярды;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиялоого тийиш болгон маркалануучу продукцияны ташып келүүгө жана/же сатууга лицензиянын көчүрмөсүн;
3) маркалануучу продукциянын бардык санына контролдук (идентификациялык) белгилердин номиналдык наркынын төлөнгөнүн ырастоочу төлөм документтеринин көчүрмөсүн жана түп нускасын. Төлөм документинин көчүрмөсү салык органында калат, түп нускасы салык төлөөчүгө кайтарылат;
4) ташып келинген маркалануучу продукцияга инвойстор, маркалануучу продукцияны жеткирүүгө келишимдин түп нускасы жана салык төлөөчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. Келишимдин көчүрмөсү бажы органында калат, түп нускасы салык төлөөчүгө кайтарылат.
15. Салык төлөөчүгө КИБди берүүгө чечим 3 нускада түзүлөт. Контролдук (идентификациялык) белгилер ыйгарым укуктуу банк тарабынан Чечимде көрсөтүлгөн КИБдин катар номерине ылайык салык төлөөчүгө берилет. Чечимдин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта калат, экинчиси - салык төлөөчүдө, үчүнчүсү - Чечимди кабыл алган органга кайтарылат.
16. КИБди берүүгө чечим ушул Жобонун 13 же 14-пункттарында каралган документтерди салык төлөөчү берген күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде салык же бажы кызматынын органдары тарабынан кабыл алынат.
17. Ыйгарым укуктуу банкта КИБди алууда салык төлөөчү алынган КИБдин номерлеринин диапазонун Чечимде көрсөтүлгөн номерлердин диапазонуна салыштырууга жана эсептеп чыгууга милдеттүү.
18. КИБди алгандан кийин салык төлөөчү электрондук паспорттордун банкынан маалыматтарды КИБге инициализациялайт (жазат) жана алардын маркалануучу продукцияга түшүрүлүшүн камсыз кылат.
3. Контролдук (идентификациялык) белгилерди эсепке алуунун жана сактоонун тартиби
19. КИБ так отчеттук бланктары болуп саналат.
20. КИБ катар номерин, QR кодун жана/же штрих-кодун жана/же RFID жана КИБдин түрүн аныктаган серияны камтыйт.
21. Салык төлөөчү КИБди сактоо үчүн атайын жайды бөлүүгө же аларды күйбөгөн ящиктерде (сейфтерде) сактоого милдеттүү.
22. КИБ ыйгарым укуктуу банктагы блокировкаланган атайын эсепке төлөнгөн номиналдык наркы боюнча салык төлөөчү тарабынан кириштелет, ага КИБди ташуу боюнча чыгымдар киргизилбейт.
23. КИБди колдонгон салык төлөөчү КИБдин сакталышы үчүн жооптуу кызмат адамын дайындайт. Кызмат адамы продукцияны белгилөө үчүн КИБди кол койдуруу менен берет жана жөнөтүлгөн продукциянын жана КИБдин серияларын жана номерлерин жана аларды алуучунун фамилиясын белгилөө менен берилген КИБдин эсебин жүргүзөт.
24. Салык жана бажы кызматтарынын органдары салык төлөөчү тарабынан КИБди эсептен чыгаруунун тууралыгына туруктуу контроль жүргүзүүгө милдеттүү, бул үчүн зарыл болгон учурда КИБдин болушуна инвентаризация жүргүзүшөт, эсептен чыгарылган КИБдин санын чыгарылган жана сатылган маркалануучу продукциянын саны менен салыштырышат.
4. Контролдук (идентификациялык) белгилерди колдонуунун тартиби
25. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу, товарлардын тизмегине киргизилген товарлар маркаланууга тийиш.
26. Салык төлөөчү тарабынан экспорттоо үчүн өндүрүлгөн маркалануучу продукция ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспортко жөнөтүүдө КИБ менен маркаланууга тийиш.
27. Маркалоо КИБди кайталап колдонууну жокко чыгаруучу ыкма менен ишке ашырылат.
28. Товарлардын тизмегине киргизилген товарларды маркалоо төмөнкүдөй ишке ашырылат:
1) товардын ички бетинен буюмдун түздөн-түз конструктивдик тигишине текстиль негизинде 80 х 53 мм форматтагы контролдук белгини машина менен тигүү аркылуу, мында ушул белгинин графикалык маалыматын толугу менен көрүнүктүү кылып калтырып;
2) буюмдун тигишине тигилген тигилүүчү лентага өзү чапталуучу негизде 80 х 53 мм форматтагы контролдук белгини түшүрүү жолу менен. Мында тигилүүчү лентанын (маркалануучу ярлыктын) өлчөмү ага аталган белгини деформациялоосуз жайгаштыруу үчүн жетиштүү болушу керек. Контролдук белгини түшүрүү мындай белгинин чапталуучу катмарынан коргоочу жабуусун бөлүү жана аны тигилүүчү лентанын (маркалануучу ярлыктын) бош жерине аны алууда контролдук белги бузулбагандай кылып чаптоо жолу менен аткарылат;
3) кийимдин өңүрүнүн топчулук көзөнөгүнө же бүчүлүгүнө, ал эми алар жок болгон учурда металл чынжырга, металлдан же башка материалдан жасалган пластина түрүндөгү тигип койгон илгичке же болбосо илгичти кармоочу тигип койгон бүчүлүккө (мындан ары ар кандай бүчүлүк көзөнөгү) бир жолку пломбалоочу түзүлүштүн жардамы менен негизи пластик болгон 80 х 53 мм форматтагы контролдук белгини бекитүү жолу менен. Негизи пластик болгон контролдук белгини түшүрүү ар кандай бүчүлүк көзөнөккө жана бузбай туруп ажырап кетишин болтурбоочу пломбалоочу түзүлүштүн кириш (тыгын) көзөнөгүнө бир жолку пломбалоочу түзүлүштүн ийилчээк элементин киргизүү жолу менен аткарылат.
29. Ушул Жобонун талаптарын бузуу менен маркаланган продукция маркаланбаган катары каралат.
30. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн маркалануучу продукцияны белгилөө үчүн алынган КИБ, маркалануучу продукцияны өндүрүүнүн технологиялык процесси аяктагандан кийин маркалоо үчүн колдонулат.
5. Пайдаланылбаган жана колдонуу процессинде бузулган контролдук (идентификациялык) белгилерди кайтаруу
31. Маркалануучу продукцияны өндүрүү/импорттоо токтотулган учурда, салык төлөөчү бардык пайдаланылбаган КИБди ыйгарым укуктуу банкка кайтарып берүүгө милдеттүү.
32. Пайдаланылбаган КИБди кайтарууда салык төлөөчү КИБди алган жери боюнча салык же бажы кызматтарынын органына төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү:
1) КИБди кайтаруу себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү арызын;
2) маркалануучу продукциянын түрүн аныктаган серияларын, кагаз жүзүндө жана электрондук вариантта кайтарылып жаткан КИБдин катар номерлерин көрсөтүү менен реестрди;
3) КИБ берүү жөнүндө чечимдин нускасын.
33. Салык же бажы кызматынын органы жогоруда айтылган документтерди текшерет жана контролдук (идентификациялык) белгилерди ыйгарым укуктуу банкка кайтаруу жөнүндө чечимди чыгарат, ал ыйгарым укуктуу салык/бажы органдары тарабынан бекитилген форма боюнча 3 нускада түзүлөт. Контролдук (идентификациялык) белгилерди кайтаруу жөнүндө чечимдин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси - сатып алуучуда, үчүнчүсү - салык же бажы кызматынын органында калат.
34. Даярдоочу заводдо же маркалануучу продукциянын бажы кампасында чаптоо процессинде КИБ бузулган учурда, бузулуу себептерин, бузулган КИБдин санын, серияларын жана номерлерин көрсөтүү менен акт түзүлөт. Салык төлөөчү мындай бузулган КИБди ыйгарым укуктуу банкка кайтарууга милдеттүү.
35. Кайтарууда салык төлөөчү КИБди алган жери боюнча салык же бажы кызматтарынын органына ушул Жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча КИБдин бузулганы жөнүндө актыны берүүгө милдеттүү.
36. Салык же бажы кызматынын органы жогоруда айтылган документтерди текшерет жана бузулган контролдук (идентификациялык) белгилерди ыйгарым укуктуу банкка кайтаруу жөнүндө чечимди чыгарат, ал ыйгарым укуктуу салык же бажы органдары тарабынан бекитилген форма боюнча 3 нускада түзүлөт. Контролдук (идентификациялык) белгилерди кайтаруу жөнүндө чечимдин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси - контролдук (идентификациялык) белгилерди сатып алуучуда, үчүнчүсү - салык же бажы кызматынын органында калат.
37. Пайдаланылбаган (бузулган) КИБдин номиналдык наркы кайтарылбайт.
38. Пайдаланылбаган жана/же бузулган КИБ ыйгарым укуктуу банк тарабынан жок кылуу үчүн гана кабыл алынат.
39. КИБди жок кылуу үчүн ыйгарым укуктуу банктын чечими менен банктын, салык же бажы кызматтарынын органынын кызматкерлеринен, КИБ даярдоочунун өкүлүнөн жана салык төлөөчүнүн өкүлүнөн турган комиссия түзүлөт.
40. КИБди жок кылуу ыйгарым укуктуу банк тарабынан КИБди калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогондой жол менен, акты түзүү аркылуу ишке ашырылат.
41. Өндүрүштүк жараксыздык аныкталган учурда салык төлөөчү:
1) жетекчинин, башкы бухгалтердин жана КИБди сактоо үчүн жооптуу адамдын катышуусунда, КИБдин серияларын жана номерлерин көрсөтүү менен жараксыз КИБдин аныкталгандыгы жөнүндө актыны түзүүсү;
2) аныкталган жараксыз КИБди сүрөткө тартуусу;
3) КИБди алган жери боюнча салык же бажы кызматтарынын органына жараксыз белгилердин аныкталгандыгы жөнүндө актыны, контролдук (идентификациялык) белгилерди сатып алууда төлөнгөн акча каражаттарынын квитанциясынын көчүрмөсүн жана жараксыз белгилердин сүрөтүн берүүсү керек.
42. Салык же бажы кызматынын органы ушул Жобонун 41-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда материалды иликтөө үчүн КИБди даярдоочу компанияга берет. Даярдоочу компания тарабынан жараксыздык ырасталган учурда салык төлөөчү номиналдык наркын төлөбөстөн жараксыз КИБдин ордуна башкасын алууга укуктуу.
6. Товарларды маркалоону контролдоо
43. Салык кызматынын органдары төмөнкүлөргө контроль жүргүзүшөт:
1) товарлардын тизмегине киргизилген товарларды өндүрүүдө КИБдин колдонулушуна;
2) товарлардын тизмегине киргизилген, чекене жана дүң сатууда турган товарларда КИБдин бар экенине жана анын аныктыгына.
44. Бажы кызматынын органдары товарлардын тизмегине киргизилген, ЕАЭБге мүчө эмес мамлекеттерден импорттолуучу товарларга КИБдин колдонулушун контролдошот.
45. Товарлардын тизмегине киргизилген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүүчү, импортточу жана/же сатуучу салык төлөөчүлөр маркалоонун белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.