Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 135
2015-жылдын 8-сентябрында Гродно шаарында кол коюлган "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 21-июлундагы № 126 Мыйзамы менен ратификацияланган) ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
2015-жылдын 8-сентябрында Гродно шаарында кол коюлган "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 21-июлундагы № 126 Мыйзамы менен ратификацияланган) ченемдерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында контролдук (идентификациялык) белгилерди берүүнүн жана колдонуунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы контролдук (идентификациялык) белгилерди даярдоо жана Кыргыз Республикасына жана анын чегинен тышкары жеткирүү, сервердик жана башка жабдууларды жеткирүү, ошондой эле маалыматтык системанын улуттук компонентин иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын ченемдерине ылайык конкурс өткөрүү боюнча сатып алуучу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 188 "Жеңил өнөр жай товарларын маркалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктунун экинчи абзацындагы "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "салык органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |