Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-марты № 148-1/1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылга карата экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү тууралуу
2017-жылга карата экономикалык саясаттын негизги багыттарын аныктоо жана ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 7-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛЫШАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылга карата экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө тиркелген биргелешкен билдирүүсү жактырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
С.Жээнбеков |
|
Т.Абдыгулов |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылдын 13-мартындагы № 148-1/1 токтому менен жактырылды |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) макулдашылып жүргүзүлгөн экономикалык саясаты 2016-жылы өлкөдө макроэкономикалык жана социалдык туруктуулукту камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берди.
Глобалдык экономикалык тобокелдиктер өсүп жаткан шартта улуттук экономиканын начарлашынын алдын алуу 2016-жылдагы негизги жетишкендик болду.
2016-жылдын башынан бери экономикалык өсүштү, анын ичинде сооданы жана инвестициялык ишти кармап турган негизги фактор - бүткүл дүйнөдөгү экономикалык чыңалуулардан улам негизги соода өнөктөш өлкөлөрдө: Россия Федерациясында, Казакстанда жана башка Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө (мындан ары - ЕАЭБ), ошондой эле Кытай Элдик Республикасында экономикалык жагдайлардын начарлашы болду.
Экономикалык өсүштүн басаңдаган динамикасы дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүн камтыды. Мисалы, экономикалык өсүш Россия Федерациясында 0,6%га, Беларусь Республикасында 2,6%га азайды, Казакстанда экономиканын өсүшү акырындап, 0,8% болду. КЭРде экономиканын өсүш темпи 6,7%ды гана түзүп, бул көрсөткүч 2009-жылдагы кризистен бери эң төмөнкү көрсөткүч болду.
Мындай тышкы жагымсыз факторлор республиканын экономикалык өсүшүнүн көрсөткүчтөрүнө түздөн-түз таасирин тийгизди.
2016-жылы Өкмөт менен Улуттук банк тарабынан дүйнөдөгү жана ЕАЭБ мейкиндигиндеги экономикалык өсүш темпинин төмөндөшүнө байланыштуу тобокелдиктердин тышкы факторлорун азайтууга, ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө (административдик жүктү азайтуу; либералдаштырууга багытталган фискалдык саясатты жүргүзүү; финансылык ресурстарга ишкерлердин жетүүсүн жакшыртуу; керектөө бааларынын индексинин туруктуулугун сактоо боюнча чаралар ж.б.) багытталган чаралар көрүлдү.
Өкмөт менен Улуттук банктын аракеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга иш-аракеттер планын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-августундагы № 456 токтому), 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кризиске каршы иш-чаралар планын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 383 токтому), Орто мөөнөттүк мезгилге акча-кредиттик саясаттардын негизги багыттарын (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгынын 2014-жылдын 17-декабрындагы № 55/3 токтому) өз учурунда жана сапаттуу ишке ашырууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин баштапкы баалоосу боюнча 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдөгү экономикалык өсүш 103,8%ды түздү, ички дүң продуктунун (мындан ары - ИДП) көлөмү 458,0 млрд. сом суммасында болду. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, ИДПнын реалдуу өсүш темпи 103,7%ды түздү.
Экономиканын бардык секторлорунда өндүрүштүк өсүштүн оң динамикасы байкалды: айыл чарбасында көлөм реалдуу 3,0%га, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 3,0%га, курулушта 7,4%га, өнөр жайда 5,2%га өстү.
Инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 99,5%ды (2015-жылдын декабрына карата 2016-жылдын декабрында), анын орточо жылдык мааниси (2015-жылдын январь-декабрына карата 2016-жылдын январь-декабры) 100,4%ды түздү. Инфляциялык басымды азайтуу экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү үчүн мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүүчү чараларга колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берди.
2016-жылы салык жана бажы саясаты бизнести жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, салыкты администрациялоону жакшыртууга, ишкердик субъекттерди колдоого жана өнүктүрүүгө, бюджетке кирешелердин түшүүсүн көбөйтүүгө багытталган эле.
2016-жылдын январь-декабрында мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы ИДП карата 4,6%ды түздү. Анын басымдуу бөлүгү тышкы булактар аркылуу жабылды.
Мамлекеттик карыздын түзүмү чоң өзгөрүүлөргө дуушар болгон жок: 92,4%дан көбүн тышкы карыз түзөт. 2016-жылдын январь-декабрь айларынын жыйынтыгы боюнча ИДП карата мамлекеттик карыздын деңгээли 62%ды түздү.
Түзүлгөн макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн фонунда Кыргыз Республикасынын социалдык көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй болду: 2016-жылдын январь-ноябрь айларында бир кызматкердин номиналдык орточо айлык акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 14017,0 сомду түздү, 2015-жылдын тиешелүү мезгилдерине салыштырганда 9,8%га жогорулады, керектөө бааларынын индексин эсепке алуу менен эсептелген реалдуу өлчөмү 9,3%га көбөйдү.
Пенсионерлердин турмуш деңгээлин колдоо максатында пенсиялар 2016-жылдын 1-октябрынан тартып 4651 сомдон 5142 сомго жогорулатылды (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-сентябрындагы № 502 токтому). Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык коргоо деңгээлин жогорулатуу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайынкы жөлөкпулга муктаждыгын аныктоочу кепилденген минимум кирешенин (мындан ары - Аз камсыздарга жөлөкпул) өлчөмү 810 сомдон 900 сомго чейин көбөйтүлдү, Аз камсыздарга жөлөкпулдун өлчөмү 705 сомдон 810 сомго чейин көбөйтүлдү.
ЕАЭБде иштөө шарттарына көнүү боюнча толук масштабдуу иштер жүргүзүлдү: маалыматтык-маалымдама порталы жана ЕАЭБ менен байланыштуу маселелер боюнча "Шыр байланыш" кызматы түзүлдү, ЕАЭБ алкагында массалык суроо-талаптагы товарлардын кеңири түрлөрүнүн коопсуздугуна карата талаптар белгиленүүчү ЕАЭБдин 35 техникалык регламенти кабыл алынды, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде товарлардын байкалышын камсыз кылуу механизмин түзүүгө карата мамилелер иштелип чыкты, ЕАЭБдин Бажы кодексинин долбоору иштелип чыкты. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогунда карантиндик-фитосанитардык контролдоо (көзөмөлдөө), ошондой эле Кыргыз Республикасынан Казахстан Республикасына карантиндик продукцияларды ташып кирүүнү убактылуу чектөө жоюлду.
Ошентип, макроэкономикалык туруктуулукту колдоо үчүн базалык шарттарды түзүүнүн жана Өкмөт менен Улуттук банктын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында 2016-жылы экономикалык өсүштүн оң динамикасына жетишилди жана пландалган социалдык милдеттенмелер толук көлөмдө аткарылды.
2017-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттарын аныктоодо өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө таасирин тийгизүүчү, сакталып калган тышкы жана ички шарттарды/тобокелдиктерди эске алуу зарыл, алар:
дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүнүн туруксуздугу (алдыңкы дүйнөлүк экономикалык уюмдар: Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму, Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду орто мөөнөттүк келечекте дүйнөлүк экономиканын өсүшү төмөн бойдон калаарын болжолдошууда, мындай көрүнүш 2008-2009-жылдардагы финансылык кризистен бери болгон эмес);
маанилүү товардык рыноктордун өзгөрүп турушу (нефтиге, алтынга, сымапка, жезге жана башкаларга карата баалар);
керектөө сурамдарынын деңгээлинин азайышы;
капиталдын агымынын уланышы, бул АКШ долларына карата улуттук валютанын позициясынын начарлашына алып келет;
доллардын позициясынын чыңалуу мүмкүнчүлүгү (2017-жылы ФРС ставкасынын көбөйүшү күтүлүүдө (2017-жылы АКШны Федералдык резервдик системасынын (мындан ары - ФРС) базалык пайыздык ставкасы үч жолу жогорулашы күтүлүүдө, бул тышкы карыздардын наркын жогорулатууга таасирин тийгизет жана өнүккөн өлкөлөрдө кредит берүү шарттарын күчөтүүгө алып келиши мүмкүн, башка валюталарга карата АКШ долларынын курсун өстүрүүгө түрткү болот);
өнүгүп жаткан рыноктордо (Бразилия Федеративдик Республикасы, Россия Федерациясы, Түштүк Африка Республикасы жана өзгөчө Кытай Эл Республикасы) ашыкча өндүрүштүк кубаттуулуктардын кыскарышы, маанилүү секторлордо карыз жүгүнүн басымдуулугу, кыймылсыз секторлордун жана фондулук рыноктун төмөндөшү менен шартталган өсүштүн азайышы;
санкциялык режимдин уланышы (Кыргыз Республикасынын соода өнөктөш өлкөлөрүнө - Россия Федерациясына жана Россия Федерациясы тарабынан жооп катары экономикалык чаралар);
жагымсыз табигый-климаттык шарттардын болушунун тобокелдиги;
фискалдык дем берүү мүмкүнчүлүгүн чектей турган, мамлекеттик карыздын жогорку деңгээли;
негизги соода-өнөктөш өлкөлөрдө экономикалык өсүштүн төмөнкү темпинин эсебинен, керектөө сурамдарынын жай калыбына келиши;
чек ара боюнда жана тышкы соодада тоскоолдуктардын сакталышы же жай жоюлушу.
Бул факторлор ЕАЭБге мүчө - мамлекеттердин экономикасына терс таасирин тийгизет жана экономикалык өсүштү басаңдатуу тенденциясынын жана ЕАЭБге мүчө - өлкөлөрдө инфляция деңгээлинин өсүшү сакталып калуу тобокелдиги болот.
Россия Федерациясында 2017-жыл ИДПнын өсүшү боюнча болжол 100,8%дан 100,6%га чейин кайра каралды (Россия Федерациясынын Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча 2016-жылдын 24-ноябрына карата абал боюнча); Беларусь Республикасында - 0,4%дан (-0,5%) чейин, Казакстанда 1,1%дан 0,6%га чейин төмөндөшү каралды (Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча "World Economic Outlook Database, April 2016, October 2016"). Дүйнөлүк экономикалык өсүш 3,5%дан 3,4%га чейин, еврозонада - 1,6%дан 1,5%га чейин төмөндөшү кайра каралды (Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча "World Economic Outlook Database, April 2016, October 2016"). КЭРде 2017-жылы өсүш темпи 25 жылдан ашык убактан бери минимумга чейин азаяры болжолдонууда. КЭРдин Коомдук илимдер академиясынын болжолуна ылайык, экономика 2017-жылдын I жана II кварталдарында 6,5%га, III жана IV кварталдарда 6,4%га өсөт.
2017-жылы өлкөнү экономикалык өнүктүрүү, учурдун чакырыктарына жана тенденцияларына, ошондой эле экономикалык прогресс үчүн ички чектөөлөргө карабастан, 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында (мындан ары - ТӨУС) (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы) каралган негизги багыттарга жана милдеттерге ылайык экономикалык потенциалды түзүү жана чыңдоо боюнча активдүү саясат жүргүзүү негизинде ишке ашырылат.
2017-жылы экономикалык саясаттын башкы максаты макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана экономикалык өсүштүн оң динамикасын колдоо болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө болуусу кошумча туруктуулукту камсыз кылуу жана экономиканы өнүктүрүү факторлорун улантат жана ошол эле учурда интеграциялык чараларга жана аракеттерге ылайык аталган чакырыктарга жооп болуп саналат.
2017-жылы экономикалык саясаттын негизги артыкчылыктары/багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:
макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу;
финансылык системаны жана банктык секторду чыңдоо аркылуу финансылык туруктуулукту камсыз кылуу;
калктын жашоо-турмушун камсыздоого багытталган конкреттүү чараларды көрүү жана иш-чараларды жүргүзүү аркылуу социалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу.
Макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн негизги багыттар төмөнкүлөр болуп саналат:
макулдашылган акча-кредиттик жана бюджеттик-салык саясатын жүргүзүүнүн эсебинен баалардын туруктуулугун кармап туруу;
бюджеттик системанын баланстуулугун кармап туруу;
карыздын туруктуулугун камсыз кылуу.
Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү өнүктүрүүнүн оң динамикасын бекемдөө үчүн туруктуу өнүктүрүү жана экономикалык өсүштү калыбына келтирүү үчүн шарттарды түзүү боюнча иштер улантылат, анда экономикалык саясаттын негизги багыттары төмөнкүлөр болот:
экономикага салык жүгүн бирдей бөлүштүрүү аркылуу экономикалык өсүшкө дем берүү;
инфратүзүмгө тышкы жана ички инвестицияларды тартуу;
Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, иштиктүү климатты жакшыртуу жана ыңгайлуу иштиктүү чөйрөнү түзүү;
экономикалык интеграциялык биригүүдө иштөө шарттарына Кыргыз Республикасынын экономикасын жана бизнести адаптациялоону тереңдетүү;
экономиканын негизги тармактарын (энергетика, кен казуу, айыл чарба продукцияларын иштетүү, транспорт, финансылык сектор жана башкаларды) өнүктүрүү үчүн түзүмдүк реформаны ишке ашыруу;
жеке активдерди натыйжалуу башкаруу;
инфратүзүмдүк өнүктүрүү жана транзиттик потенциалды ишке ашыруу;
либералдык соода режимин колдоо, жаңыларын ачуу жана салттуу болгон эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара пайдалуу экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, ата мекендик продукцияларды жаңы сатуу рынокторуна чыгаруу, продукциялардын экспортун көбөйтүү жана соода балансындагы терс сальдону акырындык менен азайтуу.
Аталган багыттарды ишке ашыруу макулдашылган антициклдик жана дем берүүчү чараларды иштеп чыгуу менен толукталышы мүмкүн.
Фискалдык саясаттын концептуалдык негизи 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясынын алкагында түзүлөт жана жүргүзүлөт (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 455 токтому).
2017-жылы бюджеттик саясат мамлекеттин социалдык жана экономикалык функцияларды ишке ашыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга жана бюджеттин тартыштыгын ырааты менен кыскартууга багытталат. 2017-жылы бюджеттик саясаттын башкы максаты Өкмөттүн социалдык кепилдиктерин өз учурунда каржылоо жана экономикалык өсүштү камсыз кылуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Мамлекеттик чыгымдарды оптималдаштырууну улантуу - бюджеттик системаны реформалоонун абдан маанилүү маселеси, ал мамлекеттик башкаруунун административдик түзүмүн жана мыйзамдык базаны өркүндөтүүгө байланыштуу болот. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин өркүндөтүү боюнча иштер, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине шайкеш келтирүү боюнча иштер улантылат.
Бюджеттик саясаттын мамлекеттик чыгымдар жагындагы негизги багыттары төмөнкүдөй максаттарга жетүүгө арналат:
финансылык пландоо методикасын жакшыртуу;
бюджеттин ачыктыгын жана отчеттуулугун жогорулатуу;
Казыначылыктын колдонуудагы системасын модернизациялоо;
аймактык деңгээлдеги финансылык органдарды реформалоо;
калкты социалдык коргоо ыкмаларын жана формаларын өркүндөтүү;
бюджеттин кирешесинин жана чыгымдарынын баланстуулугун камсыз кылуу.
Бюджеттин жагымсыз балансын кыскартууда прогрессти камсыз кылуу үчүн Өкмөт тарабынан бюджеттик каражаттарды сарптоонун ачыктыгына катуу контролдоо жүргүзүлөт.
Мамлекеттик карызды башкаруунун негизги максаты мамлекеттик карыз түзүмүн оптималдаштыруу жана зайымдарды тартууга байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу болуп саналат. Өкмөттүн бул жааттагы аракеттери жеңилдетилген мамлекеттик тышкы карыздарды тартууга жана мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүгө багытталат.
Тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу баанын туруктуулугуна жетишүү жана кармап калуу Улуттук банктын башкы максаты бойдон калат. Акча-кредит саясатын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу ТӨУСта аныкталган маселелерди ишке ашыруу алкагында аткарылат.
2017-жылы Улуттук банк пайыздык чендерди максаттарга бөлүштүрүү негизинде иштелип чыккан акча-кредит саясатына өткөндөн кийин жетишилген иштердин жыйынтыгын бекемдөөгө ниеттенүүдө. Катуу соккулар жок болсо, 2017-жылы инфляция орто мөөнөттүк максаттуу багыттардан ашпаган, ТӨУСта белгиленген 5-7% деңгээлде болоору болжолдонууда.
2017-жылы ишкердикте айрым активдешүүлөр болушу күтүлүүдө, ал ички сурамдарды калыбына келтирүү жана негизги соода-өнөктөш өлкөлөрдө экономикалык өнүгүүнүн жакшырышы менен, орто мөөнөттүк мезгилде экономиканын туруктуу өсүшүн көрсөтөт. 2017-жылга республикалык бюджеттин баштапкы параметрлери төмөнкүлөрдү аныктайт: мамлекеттик финансы сектору акча сунуштары жагындагы инфляциялык динамиканы аныктаган фактор болуп калат. Монетардык факторлордон тышкары, инфляцияны түзүү өлкөнүн айыл чарбасындагы өндүрүштүн деңгээлинен, дүйнөлүк жана региондук тамак-аш товарлар рынокторундагы баанын динамикасынан, төлөм балансынын учурдагы операцияларынын эсебин теңдөө даражасынан, 2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергиясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн орто мөөнөттүк тарифтик саясатын ишке ашыруу боюнча иш жүзүндөгү чараларынан көз каранды болот (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 токтому).
Акча-кредит саясатынын негизги инструменти эсепке алуу ставкалары (саясаттын ставкасы) болот. Эсепке алуу ставкасынын өлчөмү боюнча чечимдерди кабыл алууда, Улуттук банк колдонуучу макроэкономикалык моделдердин жардамы менен алынган, инфляциянын болжолу жана жалпы эле кыска мөөнөттүк жана орто мөөнөттүк мезгилдердеги экономикалык өнүгүү көңүлгө алынат. Акча-кредит чөйрөсүндө чечимдердин өз учурунда кабыл алынышын болжолдогон, келечекке багытталган ыкма колдонулат, ал кийин өлкөнүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасирин тийгизет.
Акча-кредит саясатынын трансмиссиялык механизминин натыйжалуулугун өркүндөтүү жана экономиканын финансылык жана реалдуу секторлоруна анын таасир этүү деңгээлин жогорулатуу боюнча иштер улантылат.
Акча-кредит саясатын ишке ашырууда банк системасындагы ликвиддүүлүктүн баланстуулугун камсыз кылуу зарылдыгы эске алынат, бул узак мөөнөттүү мезгилде экономикалык өсүшкө көмөк көрсөтүү үчүн экономикада акча сунуштарынын тең салмактуу деңгээлин кармап турушу керек. Мында банк секторлору өзүнүн кредиттик иштерин ишке ашырууда Улуттук банктын пайыздык саясатын эске алышаары болжолдонот.
Өнүктүрүүчү финансылык институттар сектору менен иштерди координациялоо улантылат, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө алардын ролу өсөт. Мындай координациялоо бул сектордун инфляциялык процесстерге акча сунуштарынын потенциалдуу таасирин эске алуу менен экономиканын реалдуу секторуна ресурстук колдоо көрсөтүүсүнө мүмкүндүк берет.
Улуттук валютанын алмашуу курсунун өзгөрмөлүү механизми мурункудай эле колдонулат, ал өлкөнүн ички валюта рыногунда чет өлкөлүк валюталарга сурамдардын жана сунуштардын катыштыгы боюнча аныкталат. Валюталык интервенциялар алмашуу курстарындагы кыска мөөнөттүү өзгөрүүнү жөнгө салуу максатында гана ишке ашырылат. Эл аралык резервдерди башкаруу резервдик активдердин коопсуздугун камсыз кылуу жана ликвиддүүлүгүн колдоо боюнча негизги принциптерди сактоо менен негизделет. Улуттук банк дүйнөлүк финансылык рыноктордогу жагдайларды эске алуу менен, эл аралык резервдердин көлөмүн толтуруу максатында улуттук валюта менен өлкөнүн ички рыногунда алтынды сатып алуу боюнча операцияларды жүргүзүүнү улантат.
Улуттук банк экономикада улуттук валютаны колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө андан ары да мүмкүнчүлүк түзөт. Доллар деңгээлин азайтуу боюнча ишке ашырылып жаткан чаралардын алкагында улуттук валютанын жыйым топтоо каражаты катары колдонулушуна өбөлгө түзүү үчүн улуттук жана чет өлкө валюталарындагы милдеттенмелер боюнча камдык талап нормасынын маанисин дифференциациялоо сакталат. Зарылчылык келип чыккан шартта, жаңы валюталык кредиттерге карата талаптар күчөтүлөт.
Баалуу металлдар рыногун андан ары өнүктүрүү экономиканы доллардан арылтуучу чаралардын биринен болот. Өлкө калкына жыйым топтоо жана инвестициялоонун альтернативдүү инструментин сунуштоо максатында, аффинаждалган алтындан даярдалган, Улуттук банк тарабынан чыгарылган өлчөнгөн куймалар запасы туруктуу негизде толукталып, металл эсептери менен операция жүргүзүү механизми колдонууга киргизилет.
Улуттук банк 2017-жылы банктар жана микрокаржылоо секторлору менен биргеликте орто мөөнөткө каралган жаңы тармактык программалык документтерди иштеп чыгуу аракетин көрөт. Финансы секторунда атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүү, финансылык ортомчулук деңгээлин жогорулатуу, кредиттер боюнча рыноктук пайыздык чендерди төмөндөтүү механизмдерин жайылтуу, экономиканын реалдуу секторуна инвестициялоо үчүн ичтен финансылык ресурстарды тартуу, айрыкча айыл жерине тартуу аталган документтердин көздөгөн максатынан болот, бул финансылык жеткиликтүүлүк деңгээлинин жогорулашын жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын укугун коргоосун камсыз кылат. Экономикалык агенттердин жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча, анын ичинде 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 319 токтому) алкагында активдүү компания улантылат.
Банк иштериндеги тобокелдиктерди азайтуу максатында тобокелдиктерди башкаруу системасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурулат. Коммерциялык банктардын жана микрофинансылык уюмдардын ишинде опурталдардын даражасын жана тобокелдерди башкаруунун сапатын баалоону караштырган тобокелдикти көзөмөлдөөнү ишке киргизүү иштери улантылат, бул финансылык секторду андан өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына реформа жүргүзүүнүн алкагында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде аталган чөйрөдөгү ченемдик укуктук актыларды өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча иштер улантылат.
2017-жылы Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга мамлекеттик программаны (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 14-майындагы № 289/5/1 токтому) ишке ашыруунун жыйынтыгы чыгарылат жана жаңы орто мөөнөттүк мезгилге төлөм системасын өнүктүрүүгө багытталган негиздер аныкталат. Чекене төлөм рыногун өнүктүрүү, инновациялык төлөм технологияларын ишке киргизүү, ошондой эле республиканын бардык региондоруна төлөм кызмат көрсөтүүсүн киргизүүнү жайылтуу артыкчылыктуу багыттар болуп калат. Калк жана чарбакер субъекттер үчүн төлөм кызматын көрсөтүү географиясын кеңейтүүчү жана алардын наркын төмөндөтүүчү байланышсыз карт, мобилдик төлөм жана башка технологиялык чечимдерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Мамлекеттин макулдашылган бирдиктүү макроэкономикалык саясатын калыптандыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн финансылык кеңешчиси катары Улуттук банк финансы-экономикалык иш чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу органдары менен тыгыз иштешүүнү улантат. Акча-кредит жана бюджет-салык саясаты боюнча макулдашылган чаралар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте туруктуу негизде ишке ашырылат.
Интеграциялык процесстерге дем берүү максатында, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктары менен биргеликте тиешелүү келишимдерде каралган багыттар боюнча кызматташуу улантылат.
Коммуникациялык саясатка олуттуу көңүл бөлүнөт. Акча-кредит саясатын жүргүзүүдө аталган функцияны активдүү ишке ашыруу экономикалык жана финансылык чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдү коомдук түшүнүүнүн деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет жана муну менен экономиканын субъекттеринин рыноктогу оптималдуу иштерин, анын ичинде сарамжалдуу инфляциялык күтүүлөрдү жана акча-кредит чөйрөсүндөгү келечектеги чечимдерге байланыштуу күтүүлөрдү жаратат.
Кол өнөрчүлүк секторунда иштеген ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында Кол өнөрчүлүк секторун өнүктүрүү концепциясы иштелип чыгат, ал кол өнөрчүлүктөгү актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө, кыргыз элинин жана анын аймагында жашаган башка элдердин кол өнөрчүлүгүн сактоодо жана өнүктүрүүдө сектордун муктаждыктары менен мамлекеттин ролун төп келиштирүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын рынокторуна жаңы инструмент - кампа күбөлүгүн киргизүү пландалууда. Бул үчүн кампанын укуктук абалын, кампа күбөлүгүнө байланыштуу укуктук мамилелерди жөнгө салуучу "Товардык кампалар жана кампа күбөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыгат. Жаңы инструментти ишке киргизүү сектор үчүн финансыга жетүүнү жакшыртууга жана кампа тилкатын күрөөгө коюу менен каржылоонун жаңы системасын жайылтууга мүмкүндүк берет, ал айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба продукцияларын күрөө катары пайдалануу менен кыска мөөнөттүк банктык карыздарды алууга көмөктөшөт.
Жөнгө салуучу таасирди талдоо процесстерин оптималдаштыруу жана жөнгө салуучу таасирди талдоо (мындан ары - ЖСТТ) методикасын жакшыртуу боюнча иштер активдүү улантылат. Мыйзамдардын, токтомдордун долбоорун иштеп чыгууда ишкердик жүргүзүүгө тиешелүү чечимдердин долбооруна карата жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү сапаты жогорулатылат.
Инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу, ишкердик климатты жакшыртуу жана ыңгайлуу ишкер чөйрөнү түзүү жаатында 2017-жылы ар бир облустун артыкчылыктарын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өлкөнүн инвестициялык потенциалын жана региондорунун жагымдуулугун жогорулатууга; инвестициялык ишти жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүүгө; чет өлкөлүк жумушчу күчтөрүн тартуу механизмдерин жакшыртууга, инвестициялык визаларды берүүнү жеңилдетүүгө; ишкердиктин жана инвестициялык иштин субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга; региондордун аймактарында ишкердикти жана инвестициялоону интенсивдүү өнүктүрүүгө чек койгон административдик тоскоолдуктарды жоюуга негизги көңүл бурулат.
Чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу программасы иштелип чыгат жана кабыл алынат, бул жагдайга жана мүмкүнчүлүктөргө талдоо жүргүзүү аркылуу инвестицияларды тартуу боюнча Өкмөттүн аракетин артыкчылыктуу кылууга, ошондой эле инвестицияларды илгерилетүү үчүн артыкчылыктуу секторлорду аныктоого мүмкүндүк берет.
Өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу максатында 2016-2017-жылдарга "DoingBusiness" рейтингинде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча орто мөөнөттүк иш-чаралар планын; 2016-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-июнундагы № 327 токтому) ишке ашыруу боюнча иштер улантылат. Башынан тартып финансылык аяктоосуна чейинки сапаттуу инвестициялык долбоорлорду даярдоо, долбоорду бюджеттен тышкаркы каржылоону издөөгө жана тартууга көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасында долбоорлорду даярдоону каржылоо фондун түзүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
Атаандаштыкты жаратуу, өнүктүрүү жана коргоо үчүн шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын эң маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп кала берет, ошондуктан 2017-жылы монополияга каршы жана атаандаштык саясаттын негизги багыттары төмөнкүлөр боюнча улантылат:
товардык рыноктордо атаандаштыкты түзүү, өнүктүрүү жана коргоо үчүн жагымдуу жана ачык шарттарды түзүү. Ушул багыттын алкагында аракеттер, атаандаштык чөйрөнүн абалын баалоого жана рынокто үстөмдүк абалды ээлеген субъекттерин иш-аракеттерине экономикалык-статистикалык көз салуу механизмин иштеп чыгууга, өз ара сүйлөшүп алууларды аныктоо, товар рыногундагы макулдашып алууларды жана макулдашылган иш-аракеттерди ачыктоого багытталат;
табигый монополия субъекттеринин жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарынын балансына жетишүү, алар сатып жаткан товарлардын керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүүлүгү, ошондой эле табигый монополия субъекттеринин натыйжалуу иштеши. Ушул багыттын алкагында табигый монополиянын кызматына керектөөчүлөрдү кирүүгө камсыз кылуу боюнча эрежени иштеп чыгуу, ар бир жөнгө салуучу товарлардын (жумуш, кызмат) түрү боюнча кирешелердин, чыгымдардын жана ишке киргизилген активдердин өз алдынча эсебин жүргүзүү боюнча методикаларды макулдашуу боюнча иш улантылат, бул табигый монополиянын субъекттерине чыгымдарды оптималдаштырууга мүмкүндүк берет жана тарифтердин деңгээлине таасирин тийгизет;
керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана жарнак иштери жаатында монополияга каршы органдын ролун чыңдоо;
керектөөчүлөрдү жеткиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү.
Мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу 2017-жылы төмөнкүлөр сыяктуу иш-чараларды ишке ашыруу менен аткарылат: мамлекеттик ишканалардын санын оптималдаштыруу аркылуу экономикага мамлекеттин катышуусун азайтуу; мамлекеттин менчигиндеги объекттерди колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана тескөөдө ачыктыкты камсыз кылуу ж.б.
Мындан тышкары, Европада жана Борбордук Азияда мамлекеттик финансыны башкаруу үчүн Донорлордун программалык көп тараптуу максаттуу фондунун каражаттарынан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы каржылоочу, Дүйнөлүк банктын "Мамлекеттик мүлктү башкарууну жакшыртуу" гранттык долбоорунун алкагында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" Ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыгат.
Жогоруда айтылган саясатты ишке ашыруу экономика секторлорун андан аркы өнүктүрүү үчүн негиз болот.
Экономиканын агроөнөр жай сектору өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жана калкты иш менен камсыз кылуудагы эң негизги сектор болуп кала берет, анын негизги максаты өндүрүштү өстүрүү, продукциянын сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
Айыл чарбасын өнүктүрүү төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттарга топтолот: калкты базалык азык-түлүк товарларынын зарыл болгон көлөмү менен камсыз кылуу; кайра иштетүү ишканаларын сырьё менен камсыздоо; айыл чарба өндүрүшүнүн кирешелүүлүгүн жогорулатуу; ата мекендик айыл чарба сырьёлорун кайра иштетүү жана тамак-аз продукцияларын өндүрүү үлүшүн көбөйтүү, агроөнөр жай продуктуларынын өндүрүшүн жана экспортунун өсүшүн колдоо; айыл чарба өндүрүшүн сервистик кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу; суу жана жер ресурстарын үнөмдүү пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында 2017-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасында айыл чарбасын өнүктүрүү программасы иштелип чыгат.
"Айыл чарбасын каржылоо" программасы боюнча жеңилдетилген кредиттерди берүү; айыл чарба жаныбарларынын жана канаттууларынын генофондун сарамжалдуу пайдалануу; селекциялык-асылдандыруу ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу; ар бир айылдык аймакта баалуу генетикалык материалдарды колдонуу менен жасалма уруктандыруу пункттарын түзүү; асыл тукум жаныбарларынын санын көбөйтүү; тармакты өнүктүрүүгө түз инвестицияларды жана жеке каражаттарды тартуу боюнча иштер улантылат. ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен чек араларды ачуу зарыл болгон материалдык-техникалык ресурстарды, минералдык жер семирткичтерди, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын сатып алууга мүмкүндүк берет. Бирок жагымсыз жаратылыштык-климаттык шарттарга байланыштуу тобокелдиктер бар, бул айыл чарбасынын суу ресурстары менен камсыз болуусуна таасирин тийгизет; жагымсыз эпизоотикалык жагдайлар; айыл чарба техникасынын жетишпестиги жана сапатынын деңгээли канааттандырбаганы; мамлекеттин жеңилдетилген кредиттик ресурстарынын натыйжасыз пайдаланылганы жана башкалар.
Өнөр жайды өнүктүрүү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун техникалык колдоосу менен өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн 2017-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын өнөр жайын өнүктүрүүнүн программасы иштелип чыгат. Өндүрүштүк кубаттуулукту натыйжалуу пайдалануу жана мындан ары республиканын өндүрүштүк потенциалын өнүктүрүү максатында токтоп турган ишканалар, мамлекеттик үлүш катышкан ишканалар, иштеп жаткан ишканалар жана жаңы ишке киргизилген ишканалар боюнча иш-чаралар планы ишке ашырылат.
Гидроэнергетиканы өнүктүрүү туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуунун маанилүү багыты болуп саналат. Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги иш-чаралар болуп, энергияны иштеп чыгаруучу жаңы кубаттуулуктарын киргизүү жана болгонун модернизациялоо, жаңы жогорку вольттуу электр өткөрүүчү линияларды жана 110-500 кВ көмөкчү чордондорун куруу, бөлүштүрүү түйүндөрүн өнүктүрүү, электр энергиясын эсепке алуунун автоматташтырылган системасын ишке киргизүү эсептелет. Мындан тышкары, кубаттуулугун 300 МВт жогорулатуу менен, "Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун аяктоо боюнча чаралар көрүлөт, бул Бишкек ЖЭБинин 50 жыл мурда ишке киргизилген эски жабдууларын алмаштырууга, суу режимине көз каранды болбогон, базалык, кепилденген электр кубаттуулугун түзүүгө жана жергиликтүү көмүрдү пайдаланууну көбөйтүүгө, ошондой эле экспорттук коридорлорду диверсификациялоо үчүн "CASA-1000" долбоорун илгерилетүүгө мүмкүндүк берет.
Энергия секторун натыйжалуу пайдалануу, энергия ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасында 2015-2017-жылдарда энергияны үнөмдөө жана энергиялык майнаптуулук саясатын пландоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кабыл алынган Программасын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-августундагы № 601 токтому), 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасынын чакан гидро энергетикасын өнүктүрүүнүн концепциясын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-июлундагы № 507 токтому), Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 токтому) ишке ашыруу боюнча иштер улантылат.
Инфратүзүмдүк өнүктүрүү жана транзиттик потенциалды ишке ашыруу ЕАЭБ алкагында экономиканы иштетүү шарттарындагы артыкчылыктуу багыттардан болуп кала берет.
2017-жылы экономиканын курулуш секторун өнүктүрүү маанилүү багыттардын бири болот, ал транспорттук жана энергетикалык тармактардагы ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну улантуу/аяктоо эсебинен улуттук экономиканы туруктуу өстүрүүнү камсыз кылат, бул курулушту өнүктүрүүгө негизги салым кошот. 2017-жылы курулуштагы артыкчылыктуу багыттар: жеке турак-жай курулуш объекттери; транспорт магистралы жана энергетика объекттери (электр берүү линияларын куруу боюнча иштер), айыл чарба объекттери (сугат курулмалары) жана башкалары.
2017-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен капиталдык салым артыкчылык тартипте курулуштарга жана социалдык-экономикалык маанидеги объекттерди реконструкциялоого, анын ичинде билим берүүгө, саламаттык сактоого, маданиятка жана спортко, турак-жай курулушуна багытталат.
2017-жылы жол тармагындагы негизги багыттар төмөнкүлөр болот: жалпы пайдаланылуучу жолдорду оңдоону жана күтүүнү камсыз кылуу, жолдордун ички түйүндөрүн жакшыртуу; темир жол транспорт чөйрөсүндө - жеке ташуучуларды жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ташуучуларын темир жол транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле жүктөрдү ташуудагы Кыргыз Республикасынын ички тарифин Кыргыз Республикасынын жана Бирликтеги өлкөлөрдүн бардык жүк ээлери үчүн бирдей шарттарды түзүү боюнча экспорттук-импорттук тарифтердин деңгээлине чейин теңдештирүү, тактап айтканда бирдейлештирген темир жол тарифтерин колдонуу; жарандык авиация чөйрөсүндө - ички багыттар боюнча региондордогу социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн региондук авиа ташууларын субсидиялоо боюнча механизмдерди түзүү жана авиакомпанияларга ташуу тарифтеринин өлчөмүн азайтуусуна дем берүү боюнча иштер улантылат. Жарандардын айрым категориялары, учуулардын аныкталган багыттары үчүн авиа билеттерди субсидиялоо боюнча мамлекеттик программалар, өлкөнүн региондорунун ортосунда өз ара байланышты камсыз кылуу, анын ичинде туризмди өнүктүрүү үчүн жакшы көмөк болот.
2017-жылы туризмди өнүктүрүү тармагындагы саясат эл аралык аренада өлкөнүн имиджин жогорулатуу максатында ата мекендик туристтик индустрияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана туризмдин ИДПдагы үлүшүн жогорулатуу аркылуу экономикага өз салымын кошууга, ошондой эле жыл сайын туристтердин агымын 20%га өстүрүү менен, республиканын бай жаратылыштык потенциалын жыл бою колдонуу үчүн туристтик иштердин түрүн ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталат. Туристтик сервистин сапатын жакшыртуу үчүн туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестри түзүлөт, ал эми туризм инфратүзүмүн өнүктүрүү үчүн кошумча ички авиа каттамдарды ачуу болжолдонууда.
2017-жылы тышкы соода потенциалын өнүктүрүү республиканын экспорттук потенциалын өстүрүү жана өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталат.
Иштин негизги багыттары болуп Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга карата планында (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-мартындагы № 174 токтому) каралган, экспорттун көлөмүн өстүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү аркылуу экспортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, экспорттолуучу продукциялардын сапатын жакшыртуу жана ассортиментин кеңейтүү аркылуу экспорттун түзүмүн өркүндөтүү, экспорттун географиялык түзүмүн кеңейтүү саналат. Сапат инфратүзүмүн түзүү, сыноо лабораторияларын жабдуу жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн аймагына ата мекендик продукциялардын экспортун көбөйтүүчү башка иш-чаралар боюнча иштер улантылат. Алыскы чет өлкөлөргө экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү максатында, анын ичинде ВСП+ статусун алуудан артыкчылыктарды пайдалануу аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан экспорттук продукцияларды илгерилетүү боюнча чаралар иштелип чыгат.
2017-жылы социалдык өнүктүрүү саясаты мамлекеттин кепилденген социалдык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарууга, мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларынын жашоо-турмуш деңгээлин жогорулатууга жана абалын жакшыртууга багытталат.
Иштин негизги багыттары Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасында (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 85 токтому) аныкталган. Аталган Программанын негизги максаты жарандардын социалдык жактан корголбогон категориялары үчүн сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү болуп саналат. Программа жарандардын аялуу категорияларына даректүү социалдык жардам көрсөтүүгө, эмгекке жарамдуу калктын экономикалык активдүүлүгүнө дем берүүгө жана татаал турмуштук жагдайлардан чыгууга көмөк көрсөтүүгө арналган.
Калкты иш менен камсыз кылуу тармагындагы иштердин негизги багыты 2020-жылга чейин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана ички жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу программасында (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 485 токтому) аныкталган. Бул Программанын негизги максаты калктын өндүрүмдүү иш менен камсыз болуу шарттарын түзүү, эмгек ресурстарын абдан толук жана сарамжалдуу пайдаланууну эсепке алып, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чараларын активдештирип, жумушсуздуктун жана суроо-талап менен сунуштун дисбалансын төмөндөтүү, чет өлкөлөрдө эмгектенген Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо болуп саналат.
2017-жылы социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү алгачкы милдеттер болуп пенсия системасынын финансылык туруктуулугун камсыздоо, пенсияларды жогорулатуу жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тармагындагы укуктук мамилелерди өркүндөтүү саналат.
Пенсияларды жогорулатуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана республикалык бюджеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт.
2017-жылы миграциялык саясат төмөнкүдөй негизги багыттарга топтолот:
мыйзамдуулукту, маалымдуулукту, коопсуздукту жана мигранттардын даярдыгын камсыз кылган, миграцияга чейинки Борборлордун тармагын түзүү;
миграция боюнча бирдиктүү маалымат базасын түзүү;
барган өлкөлөрдө "ишеним кызматын", "түз байланыш линияларын" жана "мигранттарга жардам көрсөтүү борборлорун" түзүү боюнча долбоорлорду ишке киргизүү;
эмгек-мигранттарына ар тараптуу көмөк көрсөтүү боюнча аракеттерин мобилизациялоо максатында эмгек-мигранттарынын болгон бирикмелерин/уюмдарын колдоо жана жаңысын түзүүгө көмөктөшүү;
калкты барган жеринде жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө ар тараптуу жана жеткиликтүү маалымдоону камсыздоо;
барган өлкөсүнүн эмгек рыногу, шарттары, жолдору, жумушка жана жашоо ордуна ээ болуу, баруу жана жумушка орношуу эрежелери жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды алуу үчүн ачык маалымат порталын түзүү;
жумуш берүүчүлөрдүн мигранттардын эмгегин мыйзамсыз пайдаланууга тартуусуна каршы аракеттенүү.
2017-жылы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү саясат Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун сактоонун жана чыңдоонун 2020-жылга чейинки стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-мартындагы № 106-б буйругу) аткарууга; 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын электрондук саламаттык сактоо программасын ишке киргизүүгө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы 134 токтому) багытталат.
Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү негизги багыттар 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү концепциясында жана 2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясында (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 токтому) чагылдырылган.
Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле конкреттүү калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн деталдаштырылган программасын даярдоо үчүн базистик конструкцияны түзүү максатында Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясы (мындан ары - Концепция) иштелип чыгат жана кабыл алынат, анда региондорду өнүктүрүүнүн негизги ыкмалары, багыттары чагылдырылат жана региондорду өнүктүрүүнүн жаңы ыкмалары - бардык аймактардын социалдык-экономикалык абалын бирдей кылуу саясатынан региондорду өнүктүрүү түйүндөрү болуучу, атайын тандалып алынган калктуу конуштарды өнүктүрүү аркылуу полярдык өнүктүрүү саясатына өтүү сунушталат. Аталган Концепциянын алкагында региондорду өнүктүрүүдө өсүштүн түрткү болуучу таяныч аймактары катары 20 калктуу конушту тандоо сунушталат. Концепциянын долбоору бекитилгенден кийин тандалып алынган ар бир калктуу конуш үчүн бизнести пландоо принцибинде өнүктүрүү программалары иштелип чыгат. Өнүктүрүү программалары үч этапта, ар бир этапта 5-6 калктуу конуш үчүн иштелип чыгат.
2017-жылы ТӨУСту ишке ашыруунун жыйынтыгы чыгарылат, ал 2018-2023-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү программасынын долбоорун даярдоо боюнча негиздерди түзүү үчүн фундамент болуп берет, ал Программа (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 323-б буйругу менен бекитилген) ведомстволор аралык жумушчу топтун жана 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын узак мөөнөткө туруктуу өнүктүрүү концепциясынын алкагында ишке ашырылат.
Ошентип, 2017-жылы Өкмөт жана Улуттук банк тарабынан жүргүзүлө турган экономикалык саясат макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга жана алтын өндүрүүнү эсепке албаганда 3%дан кем болбогон экономикалык өсүштүн оң динамикасын сактап калууга мүмкүндүк берет, ал экономиканын өлкөнүн ИДПсын түзүүчү бардык тармактары тарабынан колдоого алынат. Инфляциянын деңгээли орто мөөнөттүү максаттуу 5-7% ашык эмес деңгээлде сакталып турат.
Бирок, дүйнөлүк экономикада, Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөштөрүндө кошумча дисбаланстын/тобокелдиктердин пайда болушу ата мекендик экономикага да кесепетин тийгизип, экономикалык өсүшкө терс таасир бериши мүмкүн.
Өкмөт жана Улуттук банк тобокелдик факторлорунун таасирин азайтуу, экономиканын стратегиялык кызыкчылыктарына шайкеш келүүчү заманбап, атаандашууга жөндөмдүү банк секторун түзүү үчүн биргелешкен активдүү аракеттерди көрүшөт. Банк секторунун жакшы иштеши, ошондой эле кредиттик активдүүлүктүн өсүшү экономиканын артыкчылыктуу тармактарын андан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө, экономикалык өсүшкө түрткү берүүгө шарт түзөт.
Макроэкономикалык туруктуулукка жетүү үчүн негизги шарттар өлкөдө коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу, ички ресурстарды жана жеке потенциалдарды натыйжалуу пайдалануу, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү болуп саналат.
Өкмөт менен Улуттук банк өз кезегинде Биргелешкен билдирүүдө жана программалык документтерде каралган негизги багыттардын ишке ашырылышына мыйзам чыгаруу бийлиги, бүтүндөй ишкердик коомчулук тарабынан колдоо көрсөтүлөөрүнө ишеним артат.