Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-февралы № 90
Эмгек милдеттерин аткарууда кызматкерге иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча келтирилген залалдан, кесиптик оорудан же болбосо ден соолугунун башка бузулуусунан келип чыккан зыяндын ордун толтуруунун суммасын керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулаганын эске алуу менен индексациялоо тартибин бекитүү жөнүндө
"Эмгек милдеттерин аткарууда кызматкерге иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча келтирилген залалдан, кесиптик оорудан же болбосо ден соолугунун башка бузулуусунан келип чыккан зыяндын ордун толтуруунун суммасын керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулаганын эске алуу менен индексациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгек милдеттерин аткарууда кызматкерге иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча келтирилген залалдан, кесиптик оорудан же болбосо ден соолугунун башка бузулуусунан келип чыккан зыяндын ордун толтуруунун суммасын керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулаганын эске алуу менен индексациялоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |