Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 29-майындагы № 288
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июлу № 466
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолор тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 17-июлунда № 65 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна ТОЛУКТООЛОР
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- V бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 13-14-баптар менен толукталсын:
"
13. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу тууралуу жарандарга маалымкат берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-бап, 39-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын түпкү натыйжасы | Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу бардыгы (жоктугу) тууралуу маалымкат |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген стандарттык ченемдерге жооп берген имараттарда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүүлөрү үчүн пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сыртташ ажатканалар) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу жана кызмат көрсөтүүнү алуу иш-аракеттери үчүн чектелген убакыт - 15 мүнөткө чейин; мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 30 иш күндөн ашык эмес; кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын чыгарууга чектелген убакыт - 30 мүнөткө чейин |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекетгик орган жөнүндө маалымат берүү | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын коомдук кабылдамасынан; - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын расмий сайтынан www.mvd.kg; - адамдын укуктарын жана эркиндигин, укуктук тартипти коргоо, коомдун коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органына жеке кайрылууда; - адамдын укуктарын жана эркиндигин, укуктук тартипти коргоо, коомдун коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органында маалыматтык тактада, брошюраларда, буклеттерде. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын сайты: www.mvd.kg; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иш режими, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын такталарына, сайтына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейджилери) бар. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниеттүү. сыпайы, чыдамкай, принциптүү, маселенин маани-маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, сүйлөшүп жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, кез карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар үчүн (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл: - паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, же аныктыгын текшерүү үчүн документ көрсөтүү менен алардын көчүрмөлөрү; - белгиленген формада арыз. Эгерде жаран органга кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн өз алдынча кайрыла албаса, анда кызмат көрсөтүүнү алууга муктаж болгон жарандын паспортунун көчүрмөсү жана ишеним каты менен башка жаран кайрылууга укуктуу |
13 | Акы төлөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акысыз берилет |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн салаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, мүлк жана башка ынанымы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү, ушул стандарттын 12-пунктуна ылайык документтердин сканирленген көчүрмөлөрүн электрондук почтага (e-mail: secretariat@mvd.kg) жиберүү этабында жарым-жартылай электрондук форматта берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн ушул стандарттын 12-пунктунда аталган документтер арыз ээси тарабынан берилбеген учурда баш тартылышы мүмкүн |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде арыз ээси адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
14. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу тууралуу жарандарга акы төлөмө негизде шашылыш тартипте маалымкат берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-бап, 39-1-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу бардыгы (жоктугу) тууралуу маалымкат |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген стандарттык ченемдерге жооп берген имараттарда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүүлөрү үчүн пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - кезек күтүү принциби боюнча, Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы ажатканалар) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик тейлөө берүү мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу жана кызмат көрсөтүүнү алууга иш-аракеттер үчүн чектелген убакыт - 15 мүнөткө чейин; мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 3 иш күндөн ашык эмес; кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын чыгарууга чектелген убакыт - 30 мүнөткө чейин |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын коомдук кабылдамасынан; - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын расмий сайтынан www.mvd.kg; - адамдын укуктарын жана эркиндигин, укуктук тартипти коргоо, коомдун коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органына жеке кайрылууда; - адамдын укуктарын жана эркиндигин, укуктук тартипти коргоо, 1 коомдун коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органында маалыматтык тактада, брошюраларда, буклеттерде. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын сайты: www.mvd.kg; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иш режими, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын такталарына, сайтына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейджилери) бар, Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниеттүү, сыпайы, чыдамкай, принциптүү, маселенин маани-маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, сүйлөшүп жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдери сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар үчүн (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл: - паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, же аныктыгын текшерүү үчүн документ көрсөтүү менен алардын көчүрмөлөрү; - белгиленген формада арыз; - кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция. Эгерде жаран органга кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн өз алдынча кайрыла албаса, анда кызмат көрсөтүүнү алууга муктаж болгон жарандын паспортунун көчүрмөсү жана ишеним каты менен башка жаран кайрылууга укуктуу |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын жетекчисинин буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын маалымат такталарына жана расмий сайтына www.mvd.kg жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн салаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, мүлк жана башка ынанымы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта берүү | Кызмат көрсөтүү, ушул стандарттын: 12-пунктуна ылайык документтердин сканирленген көчүрмөлөрүн электрондук почтага (e-mail: secretariat@mvd.kg) жиберүү этабында жарым-жартылай электрондук форматта берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн ушул стандарттын 12-пунктунда аталган документтер арыз ээси тарабынан берилбеген учурда баш тартылышы мүмкүн |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде арыз ээси адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт, Даттануулар жана дооматтар адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы VIII бөлүм менен толукталсын:
"
VIII. Коопсуздукту камсыз кылуу жана сактоо жаатында | ||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Келишим боюнча жеке жана юридикалык жактардын объектилерин коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу (милициялык, аскерлештирилген жана кароол) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 8-бап, 9-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Келишимдик негизде мамлекеттик, жамааттык жана жарандардын жеке менчик объектилерин жана мүлктөрүн, чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, чет элдик юридикалык жана жеке жактардын жеке менчиктерин, ташылган жүктөрдү куралдуу күзөт кылуу укугуна ээ болгон жана ага баш ийген адистештирилген күзөт бөлүнүштөрүнө жетекчилик кылган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүнүшү - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы (мындан ары - КР ИИМдин МАККББ жана анын бөлүнүштөрү) |
3 | Мамлекеттик тейлөө алуучулар | Юридикалык жана аракетке жөндөмдүү жашы жеткен жеке жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-июлундагы № 538 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Эки жактуу келишимдин негизинде жеке жана юридикалык жактардын бардык түрдөгү менчик объектилерин кайтаруу, коопсуздугун камсыз кылуу: - милиция күзөтү; - борбордоштурулган көзөмөлдөө түйүнү аркылуу кайтаруу; - кароол күзөтү; - аскерлештирилген күзөт; - жеке жана юридикалык жактарды кайтаруу; - жарандардын турак жайларын жана батирлерин кайтаруу; - жүктөрдү коштоо жана коммерциялык иш-чараларды кайтаруу; - дүрбөлөң баскычы |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Арыз ээси кайрылган учурда кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген стандарттык ченемдерге жооп берген имараттарда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүүлөрү үчүн пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы ажатканалар) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик тейлөө берүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүүнү алууга документтерди кабыл алуу үчүн чектелген убакыт - 20 мүнөткө чейин. мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 3 иш күндөн ашык эмес. Техникалык жактан жабдылгандыгын жана кайтаруучу ишараттоо каражаты менен камсыздалгандыгын текшерүүнүн алгачкы актысы - 10 иш күнгө чейин. Актта көрсөтүлгөн сунуштардын керектөөчү тарабынан аткарылышы жана объектинин техникалык каражаттар менен жабдылышы текшерүү актында көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин. Кайрадан текшерүү жана келишимге чейинки текшерүү актысын түзүү - 10 иш күнгө чейин; Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү эки тараптуу келишимде сүйлөшүлөт, ал бир жылдан ашык эмес мөөнөткө түзүлөт. Келишимдин мөөнөтү бүтөөрүнө эки ай калганда, эки тараптан тең келишимди токтотуу талабын койбосо, келишим ошол эле мөөнөткө жана шартта узартылды деп саналат, Келишим мөөнөтүнөн мурда эки тараптын каалаган бир жагынын демилгеси боюнча 10 иш күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жиберүү аркылуу төмөнкүдөй шарттарда токтотулат: - объекттин иши токтогондо; - келишимдин шарттары такай бузулса |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтардын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын расмий сайтынан www.mvd.kg; - КР ИИМдин МАККББ жана анын бөлүнүштөрүнө жеке кайрылуу учурунда; - КР ИИМдин МАККББ жана анын бөлүнүштөрүнүн маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын сайты: www.mvd.kg; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иш режими, КР ИИМдин МАККББ жана анын бөлүнүштөрүнүн тизмеси, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын жана КР ИИМдин МАККББ жана анын бөлүнүштөрүнүн такталарына, сайтына жайгаштырылат |
Мамлекеттик тейлөөнү ишке ашыруу жана тейлөө | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | КР ИИМдин МАККББ жана анын бөлүнүштөрүнүн кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейджилери) бар. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниеттүү, сыпайы, чыдамкай, принциптүү, маселенин маани-маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, сүйлөшүп жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга эз адамдар үчүн (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандар КР ИИМдин МАККББ жана анын бөлүнүштөрүнө кайрылып төмөнкү документтерди берүүлөрү зарыл: 1) жеке жактарга: - эркин формада жазуу жүзүндөгү арыз; - ким экендигин ырастоочу документ (паспорт, күбөлүк); 2) юридикалык жактарга: - эркин формада жазуу жүзүндөгү арыз; - ишеним кат. Кызмат көрсөтүү келишимге кол коюлган күндөн тартып башталат. Керектөөчүлөрдөн түшкөн арыздар каттоо журналына милдеттүү тартипте жазылат |
13 | Акы төлөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын жетекчисинин буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын маалымат такталарына жана расмий сайтына www.mvd.kg жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, мүлк жана башка ынанымы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жака жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү, ушул стандарттын 12-пунктуна ылайык документтердин сканирленген көчүрмөлөрүн электрондук почтага (e-mail: dgusso_mvd_kr@mail.ru) жиберүү этабында жарым-жартылай электрондук форматта берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жала даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурда баш тартылышы мүмкүн: -18 жашка жетпеген адамдарга; - арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу белгиленбеген үлгүдөгү (кемчилиги, ондоолору бар жана булганган) документтер берилген учурда; - башка жактын атынан аракет кылууга жактын расмий ыйгарым укугу жок болгондо (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты, тууганчылыгын күбөлөндүргөн документи); - ушул стандарттын 12-пунктунда аталган документтер арыз ээси тарабынан берилбеген учурда |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде арыз ээси КР ИИМдин МАККББ жана анын бөлүнүштөрүнүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар КР ИИМдин КК жана анын бөлүнүштөрүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси КР ИИМдин МАККББ жана анын бөлүнүштөрүнүн чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Тез от алуучу, катуу таасир этүүчү, УУЛУУ" радиоактивдүү заттарды жана жардырылуучу материалдарды коштоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 8-бап, 11-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Коомдук тартипти коргоону, жол кыймылынын коопсуздугун, коомдук жайларда, көчөлөрдө, транспортто кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү камсыздоо жаатында атайын инспекциялык, контролдоо, көзөмөлдөө жана уруксат берүү функцияларын аткарган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук бөлүнүшү - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы (мындан ары - КР ИИМ ЖЖК) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (8-берене). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Аткарылган кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын автожолдору жана калктуу конуштардын көчөлөрү боюнча коопсуз өтүүнү жана тоскоолсуз жүрүүнү камсыздоо |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Арыз ээси кайрылган учурда кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген стандарттык ченемдерге жооп берген имараттарда; - жарандар үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок имараттарда; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Тез от алуучу, катуу таасир этүүчү, уулуу, радиоактивдүү заттарды жана жардырылуучу материалдарды коштоо КР ИИМ ЖКК кызматкерлери тарабынан кайгуул автомобилдеринде жүргүзүлөт |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу жана кызмат көрсөтүүнү алуу иш-аракеттери үчүн чектелген убакыт - 15 мүнөткө чейин; Арыз берилген күнү каралат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү арызда көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык белгиленет |
Кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтардын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү тууралуу маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - КР ИИМ ЖККнын сайтында vww.gubdd.mvd.kg; - КР ИИМ ЖККга жеке кайрылганда; - КР ИИМ ЖККнын маалыматтык такталарында. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - КР ИИМ ЖККнын сайтында www.gubdd.mvd.kg; - маалыматтык такталарында; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу. Даректер, телефон номерлери жана иш режими, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын жана КР ИИМ ЖКК такталарына, сайтына (www.mvd.kg) жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниеттүү, сыпайы, чыдамкай, принциптүү, маселенин маани-маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, сүйлөшүп жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдери сактоосу керек |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн уюмдун/мекеменин бланкында жазуу жүзүндө арызды тез от алуучу, катуу таасир этүүчү, уулуу, радиоактивдүү заттарды жана жардырылуучу материалдарды камтыган жүктүн келген жана кеткен күнүн, убактысын жана жерин көрсөтүү менен берүү зарыл; - тез от алуучу, катуу таасир этүүчү, уулуу, радиоактивдүү заттарды жана жардырылуучу материалдарды камтыган жүктү ташууга уруксат |
13 | Акы төлөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын жетекчисинин буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал КР ИИМ ЖККнын (gubdd.mvd.kg) жана адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын маалымат такталарына жана расмий сайтына (www.mvd.kg) жайгаштырылат Акы төлөө шарттары: акы төлөөгө берилген эсептин негизинде накталай эмес эсептешүү |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн салаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - Кыргыз Республикасынын автожолдору жана калктуу конуштарынын көчөлөрү боюнча коопсуз өтүү жана тоскоолсуз жүрүү |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү, кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты берүүнүн жана арыз тапшыруунун этабында byhggubdd@mail.ru электрондук почтага билдирүү жиберүү аркылуу жарым-жартылай электрондук форматта берилет. Билдирүүнү электрондук түрдө берүүдө кол коюу укугуна ээ болгон адамдын электрондук санариптик кол тамгасынын болуусу милдеттүү |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурда баш тартылышы мүмкүн: арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш 1 келбеген учурда; ушул стандарттын 12-пунктунда аталган документтер керектөөчү тарабынан берилбеген учурда |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде арыз ээси адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын, КР ИИМ ЖККнын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын, КР ИИМ ЖККнын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын, КР ИИМ ЖККнын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ички иштер органдарынын жарандардын укуктарынын жана эркиндигинин, же коомдук тартиптин бузулушун токтотуу (четтетүү) боюнча шашылыш жардамы - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 8-бап, 12-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Адамдын укуктарын жана эркиндигин, укуктук тартипти коргоо, коомдун коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы. Ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүмдөрү. Коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмдөрүнүн ишине жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Оперативдүү таасир этүү борбору жүргүзөт (мындан ары - Оперативдүү таасир этүү борбору) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Окуялардын алдын алуу, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу, адам өмүрүнө, мүлккө же айлана-чөйрөгө коркунуч туудуруучу абалдарда жана башка коркунучтуу кырдаалдарда жардам берүү жөнүндө өтүнүчтөргө өз убагында таасир этүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген стандарттык ченемдерге жооп берген имараттарда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүүлөрү үчүн пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат Телефон боюнча кайрылган учурда: - жерине баруу менен токтоосуз таасир этүү |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Токтоосуз |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын коомдук кабылдамасынан; адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын расмий сайтынан www.mvd.kg; - адамдын укуктарын жана эркиндигин, укуктук тартипти коргоо, коомдун коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органына жеке кайрылууда; - адамдын укуктарын жана эркиндигин, укуктук тартипти коргоо, коомдун коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органында маалыматтык тактада, брошюраларда, буклеттерде. Ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүмдөрүндө жарандарды кабыл алуу, алар кайрылган күнү жүргүзүлөт |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын сайты: www.mvd.kg; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын коомдук кабылдамасы. Ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүмдөрүнүн даректери, телефондору номерлери жана иш режими, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын такталарына, сайтына, ошондой эле жогоруда аталган нөөмөт бөлүмдөрүндө жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын, ошондой эле ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейджилери) бар. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниеттүү, сыпайы, чыдамкай, принциптүү, маселенин маани-маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, сүйлөшүп жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдери сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар үчүн (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл: - оозеки же жазуу жүзүндө кайрылуу; - "102" телефону боюнча кабарлоо; Келип түшкөн кайрылуулар маалыматты каттоо журналына милдеттүү түрдө катталат, мында жарандын кайрылган күнү, аты-жөнү, дареги, байланыш телефону көрсөтүлөт |
13 | Акы төлөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, мүлк жана башка ынанымы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Берилбейт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Баш тартууга жол берилбейт |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде арыз ээси ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүмдөрүнүн же Оперативдүү таасир этүү борборунун жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүмдөрүнүн же Оперативдүү таасир этүү борборунун жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүмдөрүнүн же Оперативдүү таасир этүү борборунун чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |