Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-марты № 159
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде:
- 33-пунктунун экинчи, үчүнчү жана он биринчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 51-пунктунун он төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |