Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-марты № 162
Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген алымдардын ставкаларынан айырмаланган, Кыргыз Республикасы өткөөл мезгилдин ичинде ташып кирүүдөгү бажы алымдарынын ставкаларын колдонгон товарларды өткөрүүнү башкаруу механизми жөнүндө
Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген алымдардын ставкаларынан айырмаланган, Кыргыз Республикасы өткөөл мезгилдин ичинде ташып кирүүдөгү бажы алымдарынын ставкаларын колдонгон товарларды өткөрүүнү башкаруу маселелерин жөнгө салуу максатында, "2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген алымдардын ставкаларынан айырмаланган, Кыргыз Республикасы өткөөл мезгилдин ичинде ташып кирүүдөгү бажы алымдарынын ставкаларын колдонгон товарларды өткөрүүнү башкаруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор жыл сайын 31-декабрга чейин 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколдун 2-тиркемесине ылайык жалпылоо жана жыл сайын Евразия экономикалык комиссиясына берүү үчүн ташылып келген товарлардын максаттуу арналышын ырастоо каралган товарларды ташып келүүгө укугу бар уюмдардын жана жактардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2019-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |