Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 162 токтому менен бекитилген |
Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген алымдардын ставкаларынан айырмаланган, Кыргыз Республикасы өткөөл мезгилдин ичинде ташып кирүүдөгү бажы алымдарынын ставкаларын колдонгон товарларды өткөрүүнү башкаруу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколдун 2-тиркемесине ылайык Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген алымдардын ставкаларынан айырмаланган, Кыргыз Республикасы өткөөл мезгилдин ичинде ташып кирүүдөгү бажы алымдарынын ставкаларын колдонгон товарлардын жана ставкалардын тизмесинде (мындан ары - Товарлардын жана ставкалардын тизмеси) аталган ЕАЭБдин бирдиктүү бажы аймагынын бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген товарларды өткөрүүнү башкаруу менен байланышкан маселелерди жөнгө салат.
2. ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинде (мындан ары - ББТ) белгиленген ташып кирүүдөгү бажы алымдарынын ставкаларын колдонуу менен ташып киргизилген Товарлардын жана ставкалардын тизмесине кошулган, соодада ЕАЭБ ББТ колдонулган өлкөнүн аймагынан чыккан товарлар шарттуу чыгарылган болуп эсептелет.
3. Максаттуу тастыктоону талап кылган Товарлардын жана ставкалардын тизмесинде көрсөтүлгөн товарларга карата ЕАЭБ ББТ белгиленген алымдардын ставкаларынан айырмаланган ташып кирүүдөгү бажы алымынын ставкасы аталган товарлардын декларанты болуп саналган жак тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген сунуштардын негизинде тышкы соода операцияларын лицензиялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзүүчү тиешелүү тизмеге киргизилген шартта колдонулат.
Бул тизме тышкы соода операцияларын лицензиялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Евразия экономикалык комиссиясына (мындан ары - ЕЭК) жыл сайын жиберилип турат.
2. Дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар
4. Товарлардын жана ставкалардын тизмесине киргизилген, соода жүргүзүүдө ЕАЭБ ББТ колдонулган өлкөлөрдүн аймагынан чыгарылган дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды ташып кирүүдө төмөнкүлөрдүн болушу зарыл:
1) дары-дармек каражаттарынын жана медицина багытындагы буюмдардын таңгактарында Кыргыз Республикасынын каттоо күбөлүгүнүн (мындан ары - каттоо күбөлүгү) номерин көрсөтүү менен маркалоонун болушу. Маркалоо ыкмасы таңгакты бузбай туруп аны жок кылуунун мүмкүн эместигин камсыз кылышы керек;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүнүн саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан таризделген жана берилген продукциянын дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга таандык экендигин ырастоочу маалымкаттын болушу;
3) каттоо күбөлүгүнүн номери көрсөтүлүп, маркасы менен ташып киргизилген дары-дармек каражаттары жана медицина багытындагы буюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган дары-дармек каражаттарын ташып кирүү жөнүндө кепилдик милдеттенмесинин болушу. Кепилдик милдеттенмеси эсеп-фактуралар, контракттар жана маркалоонун бар экендигин ырастоочу маалыматтарды камтыган жүктү коштоочу документтер жөнүндө маалыматтарды камтышы керек (жеткирүүчүнүн кепилдик каты, таңгактоо баракчалары ж.б.);
4) бажы алымдарын жана кошуп эсептөөсү менен салыктарды эсептөө же кирүүдөгү бажы алымдарын шарттуу эсептөө максатында каттоо күбөлүгүнүн номерлери менен маркаланган жана маркаланбаган дары-дармек каражаттарынын жана медицина багытындагы буюмдардын партиясынын номерлеринин товарлардын декларациясында болушу. Каттоо күбөлүгүнүн номерлери менен маркаланган дары-дармек каражаттары жана медицина багытындагы буюмдар үчүн бажы алымдары шарттуу түрдө эсептелет, ал эми каттоо күбөлүгүнүн номерлери менен маркаланбаган дары-дармек каражаттары жана медицина багытындагы буюмдар үчүн ташып кирүүдөгү бажы алымдары төлөмгө карата эсептелет.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын ортосундагы маалыматтарды алмашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 390 "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы соода операцияларын ишке ашыруу үчүн документтерди тариздөөдө мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара иштешүүсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык жүзөгө ашырылат.
6. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында ички жүгүртүү үчүн чыгарылган, үчүнчү өлкөлөрдөн дары-дармек каражаттарын жана медицина багытындагы буюмдарды ташып келген учурда дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын таңгагында каттоо күбөлүгүнүн номерин көрсөтүү менен маркалоонун болушу талап кылынбайт.
7. Ташып киргизилген дары-дармек каражаттарынын жана медицина багытындагы буюмдардын таңгагында каттоо күбөлүгүнүн номерин көрсөтүү менен маркалоо төмөнкүлөрдү ташып кирүү учурунда талап кылынбайт:
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бюджеттик каражаттарга борборлоштурулуп сатып алынуучу дары-дармек каражаттарын жана медицина багытындагы буюмдарды;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон дары-дармек каражаттарын жана медицина багытындагы буюмдарды;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүгө жана медицина практикасында колдонууга уруксат берилген дары-дармек каражаттарынын тизмегине киргизилген дары-дармек каражаттарын жана медицина багытындагы буюмдарды.
Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүнүн саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген продукциянын дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга таандык экендигин ырастоочу маалымкатта тийиштүү белги коюлушу керек.
8. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ташып кирүүдөгү бажы алымдарын шарттуу эсептөө менен бажылык тариздөөдөн кийин маркалоонун (дары-дармек каражаттарында жана медицина багытындагы буюмдарда каттоо күбөлүгүнүн номерин көрсөтүү менен) жок экендиги аныкталса, дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүнүн саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул факт жөнүндө юридикалык же жеке жак жана товарларга карата декларацияны тариздеген бажы органына кабарлайт (расмий кат аркылуу).
3. Өнөр жай товарларын өндүрүү үчүн сырье, материалдар жана комплекттөөчүлөр
9. Ташып киргизилүүчү товарлардын максаттуу багытынын ырастамасын алуу үчүн юридикалык же жеке жак өнөр жай чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтерди беришет:
1) импорт боюнча сатып алынган жылдык керектөө көлөмүнө ылайык материалдардын, сырьенун жана комплекттөөчүлөрдүн номенклатуралык-сандык тизмеси;
2) продукцияны өндүрүү үчүн материалдарды, сырьену жана комплекттөөчүлөрдү үчүнчү өлкөлөрдөн ташып кирүүнүн зарылдыгын негиздөө;
3) материалдарды, сырьену жана комплекттөөчүлөрдү даярдоо жана жеткирүү боюнча фирмалар менен түзүлгөн контракттардын көчүрмөлөрү.
10. Ушул Жобонун 11-пунктунда аталган материалдарды, сырьену жана комплекттөөчүлөрдү ар бир жеткирүүсүнөн кийин юридикалык же жеке жак өнөр жай чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрүн берет:
1) спецификациялоонун;
2) инвойстун;
3) келип чыгуу сертификатынын;
4) товарларга декларациялардын;
5) ташып киргизилген материалдарды, сырьену жана комплекттөөчүлөрдү эсепке алууну ырастоочу бухгалтердик документтердин.
11. Өнөр жай чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ташып киргизилген материалдардын, сырьенун жана комплекттөөчүлөрдүн максаттуу пайдаланылышына жарым жылда бир жолу мониторинг жүргүзөт.
12. Мониторинг жүргүзүү үчүн юридикалык же жеке жак төмөнкүлөрдү берет:
1) өндүрүлгөн продукциянын номенклатуралык-сандык тизмегин;
2) материалдардын, сырьенун жана комплекттөөчүлөрдүн калдыктары боюнча ведомостту;
3) материалдарды, сырьену жана комплекттөөчүлөрдү сарптоо нормаларын.
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторингдин жыйынтыгы боюнча, Товарлардын жана ставкалардын тизмесине ылайык ташып киргизилген сырьенун, материалдардын, комплекттөөчүлөрдүн максаттуу пайдаланылышы жөнүндө актыны түзөт жана ташып киргизилген товарлардын максаттуу арналышын ырастоону бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
4. Ветеринардык дары-дармек препараттары
14. Товарлардын жана ставкалардын тизмесине киргизилген, алар менен соода жүргүзүүдө ЕАЭБ ББТ колдонулган өлкөлөрдүн аймагынан өндүрүлгөн ветеринардык дары-дармек препараттарын ташып кирүүдө төмөнкүлөр зарыл:
1) ветеринардык дары-дармек препараттарынын таңгагында каттоо күбөлүгүн көрсөтүү менен кошумча маркалоонун болушу, маркалоо ыкмасы таңгакты бузуусуз аны жокко чыгаруу мүмкүн эместигин камсыз кылышы керек;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 токтому менен бекитилген Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнүн тартибинин 1.4-пунктуна ылайык ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген ветеринардык дары-дармек препараттарына продукциянын таандыктыгы жөнүндө маалымкаттын болушу;
3) ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген ветеринардык дары-дармек препараттарын ташып келүүгө уруксаттын болушу;
4) ташып киргизилген ветеринардык дары-дармек препараттарынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 444 токтому менен бекитилген "Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин ырастоочу документтин (сертификаттын, декларациянын) болушу.
15. Уюм же жак Товарлардын жана ставкалардын тизмесине ылайык ташып киргизилген ветеринардык дары-дармек препараттарын максаттуу пайдалануу жөнүндө отчётту ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарым жыл сайын бериши керек.
16. Ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторингдин жыйынтыгы боюнча Товарлардын жана ставкалардын тизмесине ылайык ташып киргизилген ветеринардык дары-дармек каражаттарынын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө актыны түзөт жана ташып киргизилген товарлардын максаттуу арналышын ырастоону бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
5. Өнөр жайлык жардыруучу материалдар
17. Товарлардын жана ставкалардын тизмесине киргизилген, алар менен соода жүргүзүүдө ЕАЭБ ББТ колдонулган өлкөнүн аймагынан чыгарылган өнөр жайлык жардыруучу материалдарды ташып кирүү мыйзамдарда белгиленген тартипте тышкы соода операцияларын лицензиялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген импорттук лицензиянын негизинде ишке ашырылат.
18. Юридикалык же жеке жак Товарлардын жана ставкалардын тизмесине ылайык ташып киргизилген жардыруучу материалдарды максаттуу пайдалануу жөнүндө отчётту тышкы соода операцияларын лицензиялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарым жылда бир жолу бериши керек.
19. Тышкы соода операцияларын лицензиялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторингдин жыйынтыгы боюнча Товарлардын жана ставкалардын тизмесине ылайык ташып киргизилген жардыруучу материалдардын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө акт түзөт жана ташып киргизилген товарлардын максаттуу арналышы боюнча ырастаманы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
6. Кайра иштетүү өнөр жайы үчүн сырье, материалдар жана жабдуулар
20. Товарлардын жана ставкалардын тизмесине киргизилген, соода жүргүзүүдө ЕАЭБ ББТ колдонулган өлкөлөрдүн аймагынан өндүрүлгөн сырьену, материалдарды жана жабдууларды ташып кирүүдө ташып киргизилген сырьенун, материалдардын жана жабдуулардын максаттуу багытын, номенклатурасын жана санын ырастоо менен кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусун бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү керек.
21. Ушул Жобонун 20-пунктунда аталган товарларды ташып кирүүдө кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарга юридикалык же жеке жак төмөнкүдөй документтерди берет:
1) импорт боюнча сатып алынган керектөөнүн жылдык көлөмүнө ылайык материалдардын, сырьенун жана жабдуунун номенклатуралык-сандык тизмесин;
2) продукцияны өндүрүү үчүн материалдарды, сырьену жана жабдууларды үчүнчү өлкөлөрдөн ташып кирүүнүн зарылдыгын негиздөөнү;
3) материалдарды, сырьену жана жабдууну жасап чыгаруу жана жеткирүү боюнча фирмалар менен түзүлгөн контракттардын көчүрмөлөрүн.
22. Үчүнчү өлкөлөрдөн материалдарды, сырьену жана жабдууну ташып кирүүдө юридикалык же жеке жак кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрүн берет:
1) спецификациялоонун;
2) товардын келип чыгуу сертификатынын;
3) товарларга декларациялардын;
4) ташып киргизилген материалдардын, сырьенун жана жабдуунун эсепке алынышын ырастоочу бухгалтердик документтердин;
5) ветеринардык коштоочу документтердин.
23. Кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган материалдардын, сырьенун жана жабдуунун максаттуу пайдаланылышына жарым жылда бир жолу мониторинг жүргүзөт.
24. Мониторинг жүргүзүү үчүн ишканалар кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтерди беришет:
1) өндүрүлгөн продукциянын номенклатуралык-сандык тизмеси;
2) материалдардын, сырьенун жана жабдуунун калдыктары боюнча ведомость;
3) материалдарды, сырьену сарптоонун нормалары.
25. Кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мониторингдин жыйынтыгы боюнча Товарлардын жана ставкалардын тизмесине ылайык ташып киргизилген сырьенун, материалдардын жана жабдуунун максаттуу пайдаланылышы жөнүндө актыны түзөт жана ташып киргизилген товарлардын максаттуу арналышын ырастоону бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
7. Малдан алынган продуктулар (буканын уругу)
26. Мал чарбасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ЕАЭБ ББТ белгилеген бажы алымдарынын ставкаларынан айырмаланган ташып кирүүдөгү бажы алымдарынын ставкасын колдонуу менен Товарлардын жана ставкалардын тизмесине киргизилген, алар менен соода жүргүзүүдө ЕАЭБ ББТ колдонулган өлкөлөрдүн аймагынан буканын уругун ташып кирүү укугуна ээ болгон уюмдардын (ишканалардын) тизмегин аныктайт.
27. Ушул Жобонун 26-пунктунда аталган товарларды ташып кирүүдө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтерди берүү зарыл:
1) ташып киргизилген продукциянын максаттуу багытын, номенклатурасын жана санын ырастоо менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусун;
2) ветеринардык маалымкатты;
3) буканын уругун өндүргөн өлкө тарабынан таризделген жана берилген, продукциянын буканын уругуна таандыктыгын ырастоочу коштоочу документтерди.
28. Юридикалык же жеке жак үчүнчү өлкөлөрдөн буканын уругун ташып кирүүдө мал чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрүн берет:
1) спецификациялоонун;
2) товардын келип чыгуу сертификатынын;
3) товарларга декларациянын;
4) ташып киргизилген продукцияны эсепке алынышын ырастоочу бухгалтердик документтердин;
5) ветеринардык коштоочу документтердин.
29. Мал чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган буканын уругунун максаттуу пайдаланылышына жарым жылда бир жолу мониторинг жүргүзөт.
30. Мониторинг кылуу үчүн юридикалык же жеке жактар төмөнкүдөй документтерди берет:
1) киреше жана чыгаша документтерин;
2) буканын уругунун калдыктарын эсепке алуу ведомосту;
3) буканын уругун сарптоонун ченемдери.
31. Мал чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторингдин жыйынтыгы боюнча Товарлардын жана ставкалардын тизмесине ылайык ташып киргизилген буканын уругунун максаттуу пайдаланылышы жөнүндө актыны түзөт жана ташып киргизилген товарлардын максаттуу арналышын ырастоону бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
8. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү жана көчөт материалдары
32. Товарлардын жана ставкалардын тизмесине киргизилген, алар менен соода жүргүзүүдө ЕАЭБ ББТ колдонулган өлкөлөрдүн аймагынан өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн жана көчөт материалдарын ташып кирүү мыйзамдарда белгиленген тартипте айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксаттын негизинде жүзөгө ашырылат.
33. Ушул Жобонун 32-пунктунда аталган продукцияны ташып кирүү ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталат.
34. Ташып киргизилген материалды көбөйтүү үчүн колдонгон, үрөндү жана көчөт материалын ташып келүү укугун алган юридикалык же жеке жактар өндүрүүчүлөрдүн реестринде үрөн материалын инспекциялоо жана апробациялоо органы тарабынан катталат.
35. Кыргыз Республикасынын аймагында сатуу үчүн үрөндү жана көчөт материалдарын ташып келүү укугун алган юридикалык же жеке жактар сатуучулардын реестринде үрөн материалын инспекциялоо жана апробациялоо органы тарабынан катталат.
36. Айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ташып киргизилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн жана көчөт материалдарынын максаттуу пайдаланылышына жарым жылда бир жолу мониторинг жүргүзөт.
37. Мониторинг жүргүзүү үчүн юридикалык же жеке жактар айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй документтерди беришет:
1) киреше жана чыгаша документтерин;
2) калдыктардын эсебин алуу ведомостун.
38. Айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторингдин жыйынтыгы боюнча Товарлардын жана ставкалардын тизмесине ылайык ташып киргизилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн жана көчөт материалдарынын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө актыны түзөт жана ташып киргизилген товарлардын максаттуу арналышын ырастоону бажы иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик органга (көчүрмөсүн юридикалык же жеке жакка) жиберет.
9. Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жана агрохимикаттар
39. Товарлардын жана ставкалардын тизмесине киргизилген, алар менен соода жүргүзүүдө ЕАЭБ ББТ колдонулган өлкөлөрдүн аймагынан өндүрүлгөн өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жана агрохимикаттарды ташып кирүү мыйзамдарда белгиленген тартипте өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген ташып кирүүгө уруксаттын негизинде жүзөгө ашырылат.
40. Кыргыз Республикасынын аймагына өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жана агрохимикаттарды ташып кирүүгө Кыргыз Республикасында мамлекеттик каттоо күбөлүгүн алгандан кийин уруксат берилет.
41. Өсүмдүктөрдү коргоонун катталган каражаттарын жана агрохимикаттарды ташып кирүүгө уруксатты алуу үчүн юридикалык же жеке жактар өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрүн беришет:
1) инвойстун жана (же) продукцияны өндүрүүчүлөр менен түзүлгөн контракттын;
2) мамлекеттик каттоонун спецификациясына шайкеш келген, препараттын сапатын ырастоочу документтин;
3) келип чыгуу сертификатынын;
4) продукциянын коопсуздук паспортунун;
5) ЕАЭБдин башка мүчө мамлекеттеринин аймагына препараттарды ташып чыгарбоонун кепилдик милдеттенмесинин.
42. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ташып киргизилген өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын жана агрохимикаттардын максаттуу пайдаланылышына кварталына бир жолу мониторинг жүргүзөт.
43. Текшерүү үчүн юридикалык же жеке жактар төмөнкүлөрдү беришет:
1) киреше жана чыгаша документтерин;
2) калдыктарды эсепке алуу ведомостун.
44. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторингдин жыйынтыгы боюнча Товарлардын жана ставкалардын тизмесине ылайык ташып киргизилген өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын жана агрохимикаттардын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө актыны түзөт жана ташып киргизилген товарлардын максаттуу арналышын ырастоону бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
10. Жаныбарлардан алынуучу продуктулар (уруктандырылган икра жана эрий турган балык продуктулары же деңиздеги сүт эмүүчү жаныбарлардан алынуучу продуктулар)
45. Товарлардын жана ставкалардын тизмесине киргизилген, алар менен соода жүргүзүүдө ЕАЭБ ББТ колдонулган өлкөлөрдүн аймагында өндүрүлгөн форелдин уруктандырылган икрасын жана балыктар үчүн тоюттарды ташып кирүү мыйзамдарда белгиленген тартипте ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксаттын негизинде жүзөгө ашырылат.
46. Кыргыз Республикасынын аймагына Товарлардын жана ставкалардын тизмеси боюнча Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын 23 жана 05-тобундагы товарларды ташып кирүүдө төмөнкүдөй документтерди берүү зарыл:
1) ташып киргизилген продукциянын максаттуу багытын, номенклатурасын жана санын ырастоо менен балык чарбасын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусун;
2) ветеринардык маалымкатты;
3) ушул Жобонун 45-пунктунда аталган товарларга карата продукциянын тиешелүүлүгүн ырастоочу, өндүргөн өлкө тарабынан таризделген жана берилген коштоочу документтерди;
4) ветеринардык коштоочу документтер.
47. Импорттолгон товардын максаттуу багыты балык чарбасын башкаруудагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ырасталат.
48. Импорттолуучу балык тоютун жана икраны алгандан кийин юридикалык же жеке жак ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтердин көчүрмөсүн берет:
1) спецификациялоонун;
2) товардын келип чыгуу сертификатынын;
3) товарларга декларациялардын;
4) инвойстун;
5) ташып киргизилген продукциянын эсепке алынышын ырастоочу бухгалтердик документтердин.
49. Балык чарбасын башкаруудагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товарлардын максаттуу пайдаланылышына кварталына бир жолу мониторинг жүргүзөт.
50. Ташып киргизилүүчү товарлардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү үчүн юридикалык же жеке жак төмөнкүлөрдү берет:
1) киреше жана чыгаша документтерин;
2) тоюттардын жана икранын калдыктарынын эсебин алуу ведомосту;
3) тоюттарды сарптоонун нормаларын;
4) инкубациялоодо икранын калдыктарынын нормасын.
51. Балык чарбасын башкаруудагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторингдин жыйынтыгы боюнча Товарлардын жана ставкалардын тизмесине ылайык ташып киргизилген тоюттардын жана икранын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө актыны түзөт жана ташып киргизилген товарлардын максаттуу арналышын ырастоону бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
11. Корутунду жоболор
52. Товарларды бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу менен байланышкан бажы операциялары ушул Жобонун 2-пунктунда аталган товарлардын декларанты болуп саналган юридикалык же жеке жак тарабынан бул товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде гана максаттуу пайдалануу жана ЕАЭБ ББТ ставкалары боюнча эсептелген ташып кирүүдөгү бажы алымдарынын суммасынын жана Кыргыз Республикасынын аймагына мындай товарларды ташып кирүүдө төлөнгөн ташып кирүүдөгү бажы алымдарынын суммасынын айырмасын кошумча төлөөсүз Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө мамлекеттерине мындай товарларды ташып чыгарбоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме көрсөтүлгөндө гана бажы органдары тарабынан жүргүзүлөт.
53. Гуманитардык жардам катары багытталган жүктөн тышкары Товарлардын жана ставкалардын тизмесине киргизилген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттердин аймагына ташып чыгууда декларант жеке жоопкерчилик тартат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шарттуу эсептелген бажы алымдарын, айыптарды жана үстөктөрдү төлөйт.
54. Ушул Жободо белгиленген талаптар сакталбаганда, Товарлардын жана ставкалардын тизмесине киргизилген товарларды ташып кирүүдө ЕАЭБ ББТ белгиленген ставкалар боюнча бажы алымдары алынат.