Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-марты № 164
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Калкты дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 ''Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 21-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- спорттун интеллектуалдык жана башка коопсуз түрлөрүнүн тизмесин;
- спорттун интеллектуалдык жана башка коопсуз түрлөрүн окутуу боюнча кыска мөөнөттүү курстардан өтүү тартибин.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |