Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-марты № 174
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-октябрындагы № 582 "Кыргыз Республикасында асыл-тукум чарбаларды колдоо чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында асыл-тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (ЮСАИД) долбоору боюнча товардык кредиттерди алган асыл-тукум жана фермердик чарбалардын төлөм жөндөмдөрүн арттыруу жана экономикалык абалын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-октябрындагы № 582 "Кыргыз Республикасында асыл-тукум чарбаларды колдоо чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктта:
экинчи абзацындагы "9" деген цифра алып салынсын;
үчүнчү абзацындагы "12", "3" жана "9" деген цифралар тиешелүү түрдө "15", "11" жана "4" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесиндеги 3-сап күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомго ылайык кошумча карыздык милдеттенме түзсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-апрелинде N 42 жарыяланды
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |