Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 185 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында туунду баалуу кагаздардын түрлөрү, аларды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн шарттары, ошондой эле алардын базалык активине коюлуучу талаптар жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасында туунду баалуу кагаздардын түрлөрү, аларды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн шарттары, ошондой эле алардын базалык активине коюлуучу талаптар жөнүндө жободо (мындан ары - Жобо) туунду баалуу кагаздардын негизги түрлөрүн, аларды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн шарттарын, ошондой эле алардын базалык активине коюлуучу талаптар белгиленген.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
базалык актив - стандартташтырылган товарлардын партиясы, баалуу кагаздар, валюта жана финансылык инструменттер;
варрант - башка баалуу кагаздарды алгачкы жайгаштыруу учурунда белгилүү бир баа боюнча сатып алуу укугун берүүчү баалуу кагаз жана мындай баалуу кагаздардын эмитент тарабынан сатылышы;
Жөнөкөй жана коштолгон кампа күбөлүктөрүнүн бирдиктүү мамлекеттик реестри - чыгарылган (берилген) жөнөкөй жана коштолгон кампа күбөлүктөрү жана алардын кармоочулары, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алар менен жүргүзгөн операциялары жөнүндө маалыматтардын жыйындысы;
опцион - бул контракт боюнча тараптардын бири белгилүү базалык активди контрактта көрсөтүлгөн бүткүл мөөнөттүн ичинде колдонулуучу, белгиленген баада сатуу (пут) же сатып алуу (колл) укугуна ээ болот, ал эми экинчи тарап мындай укукту ишке ашырууну камсыздоого милдеттенет;
кампа күбөлүктөрүнүн реестри - жөнөкөй жана коштолгон кампа күбөлүктөрүн, ошондой эле күрөөдө турган коштолгон кампа күбөлүктөрүн берүүнү, жоюуну, алмаштырууну кошуп алганда, кампа күбөлүктөрү менен товардык кампа жүргүзгөн операциялар жөнүндө маалыматтардын тизмеги;
кампа күбөлүктөрү - товарды тескөөчү документтерден болуп эсептелген, "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда товардык кампа чыгаруучу (берүүчү) баалуу кагаздар;
товардык кампа - жөнөкөй жана коштолгон кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен продукцияны кампада сактоочу жана сактоого байланышкан кызматтарды акы төлөө негизинде көрсөтүүчү юридикалык жак;
форвард - бул реалдуу товарды берүүнүн мөөнөтүн кийинкиге калтыруу жолу менен түзүлгөн соода-сатык келишими;
фьючерс - бул белгиленген баа боюнча контрактта белгиленген базалык актив күнүнө карата сатып алуу жана сатуу жөнүндө контракт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Эмиссиялык баалуу кагаздарга тиешелүү туунду баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөрдү каттоо жана аларга болгон укуктарды ырастоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык жүргүзүлөт.
3. Сатыкты өткөрүү тартиби, өз ара эсептешүүлөр тартиби, контракттар түрүндөгү туунду баалуу кагаздардын финансылык кепилдиктеринин камсыздалышы, фондулук биржа тарабынан бекитилген баалуу кагаздар менен болгон биржалык соода эрежелерине ылайык, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылгандан кийин аныкталат.
2. Туунду баалуу кагаздардын негизги түрлөрү, мүнөздөмөлөрү жана реквизиттери, ошондой эле алардын базалык активине коюлуучу талаптар
4. Туунду баалуу кагаздарга төмөндөгүлөр кирет:
- варранттар;
- опциондор;
- фьючерстер;
- форварддар;
- кампа күбөлүктөрү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Туунду баалуу кагаздар төмөнкү шарттарга ылайык чыгарылышы мүмкүн:
1) контракт боюнча милдеттенмелери бар адам эмитент болуп саналса;
2) чыгаруу укуктарын күбөлөндүргөн документ түрүндө чыгарылат, күбөлөндүрүлгөн документтин өтүшү менен аталган укуктар да өтөт;
3) бир чыгарылыштагы бардык контракттар бирдей шарттарга ээ;
4) баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамга ылайык баалуу кагаздардын чыгарылышы мамлекеттик каттоодон өтөт.
6. Туунду баалуу кагаздын түрү аларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу учурунда эмитент тарабынан аныкталат жана туунду баалуу кагаздардын шарттарында чагылдырылат.
7. Варрант төмөнкү реквизиттерди камтыйт:
1) "варрант" аталышы;
2) варранттын чыгарылышынын датасы жана номери;
3) базалык активдер (акциялар, облигациялар);
4) базалык активди сатып алуу баасы (сатылышы);
5) варранттын сатылыш баасы (сатылып өткөрүлүшү);
6) варранттын мөөнөтү;
7) сатуучунун жана сатып алуучунун реквизиттери.
8. Опцион төмөнкү реквизиттерди камтыйт:
1) опциондун аталышы - сатуу (пут) опциону же сатып алуу (колл) опциону;
2) базалык актив (акция, облигация, валюта, товарлар, депозиттик сертификаттар);
3) опциондун мөөнөтү - опцион боюнча милдеттенмелердин аткарылышынын датасы;
4) опциондун аткарылышынын баасы (страйктын баасы, опционду контрактта көрсөтүлгөн баада сатып алган жак, кийин да базалык активди сатып алуу (сатуу) укугуна ээ болот;
5) опциондун баасы (опцион контрактында каралган өлчөмдө сатып алуучуга төлөнүүчү сыйлык);
6) опциондун сатуучусунун (эмитентинин) реквизиттери.
9. Фьючерс төмөнкү реквизиттерди камтыйт:
1) "фьючерс" аталышы;
2) базалык актив (товар, баалуу кагаздар, валюта);
3) базалык активди сатып алуу баасы (сатылыштары);
4) контрактынын аткарылышынын мөөнөтү;
5) фьючерсти сатуучунун (эмитенттин) реквизиттери.
10. Форвард төмөнкү реквизиттерди камтыйт:
1) "форвард" аталышы;
2) базалык актив (баалуу кагаздар жана товар, жеткирүү көлөмү);
3) базалык активди сатып алуу баасы (сатылыштары);
4) контракттын аткарылышынын мөөнөтү;
5) сатып алуучунун жана сатуучунун реквизиттери.
11. Жөнөкөй кампа күбөлүгү эмиссиялык эмес баалуу кагаз болуп саналат жана ал көрсөтүүчүгө берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Коштолгон кампа күбөлүгү эки бөлүктөн - кампа күбөлүгүнөн жана күрөө күбөлүгүнөн турат жана алар бири-биринен ажыратылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Жөнөкөй кампа күбөлүгү жана коштолгон кампа күбөлүгү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык маалыматтарды (реквизиттерди) камтууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Туунду эмиссиялык баалуу кагаздардын чыгарылышы
14. Туунду эмиссиялык баалуу кагаздардын эмиссиясы баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.
Туунду эмиссиялык баалуу кагаздардын ачык сунуштоо шарттары жана ушул туунду эмиссиялык баалуу кагаздардын ачык сунуштоонун проспекти мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин гана ачык сунушталышы мүмкүн.
15. Туунду эмиссиялык баалуу кагаздардын эмитенти туунду эмиссиялык баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоодо жана аларды чыгаруунун жыйынтыктарында баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамда каралган документтерди берет.
Мамлекеттик каттоо үчүн арыздын формасы баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
16. Туунду эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим эмитенттин башкаруу органы тарабынан кабыл алынат.
17. Туунду эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим төмөнкүдөй кыскача маалыматты камтышы керек:
- эмитенттин толук расмий аталышы жана анын юридикалык дареги;
- туунду эмиссиялык баалуу кагаздарды жайгаштыруу тартиби (туунду эмиссиялык баалуу кагаздарды жайгаштыруу башталган жана бүткөн дата, жайгаштыруу ыкмасы (ачык жана жабык жайгаштыруу), туунду эмиссиялык баалуу кагаздарды жайгаштыруу баасы (сыйлык) же аны аныктоо ыкмасы, туунду эмиссиялык баалуу кагаздардын төлөө мөөнөтү жана тартиби);
- туунду эмиссиялык баалуу кагаздар боюнча сатылуучу акцияларды же облигацияларды мамлекеттик каттоо датасы жана номери, түрү (категория), саны;
- туунду эмиссиялык баалуу кагаздардын аткарылышынын баасы. Туунду эмиссиялык баалуу кагаздардын аткарылышынын баасы, туунду эмиссиялык баалуу кагаздарды сатуу датасына жараша эмитент тарабынан белгилениши мүмкүн;
- туунду эмиссиялык баалуу кагаздарды жүгүртүү мөөнөтү;
- туунду эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактаган учурда эмитент алардын укуктарын камсыздоого милдеттүү;
- туунду эмиссиялык баалуу кагаздардын жалпы санын көрсөтүү;
- эмиссиянын проспекти менен тааныштыруу убактысы жана жери;
- туунду эмиссиялык баалуу кагаздардын сатылышынын убактысы жана жери;
- эмитенттин чечиминде көрсөтүлгөн башка маалыматтар.
18. Баалуу кагаздар түрүндө чыгарылган опциондор эмитенттин опциондорун түзүшү мүмкүн. Эмитенттин опциондору эмитенттин өзүнүн акцияларына карата чыгарылат.
19. Эмитенттин опциондору ачык же жашыруун сатуу жолу менен жайгаштырылышы мүмкүн.
20. Эмитент сатып алууга укук берүүчү эмитенттин опциондорун жайгаштырууга укуктуу:
- өзү чыгарган акциялардын балансына сатып алынган сандан ашпаган акциялардын саны;
- белгиленген тартипте катталган облигациялардын санынан ашпаган облигациялардын саны.
21. Эмитенттин опционун базалык активин түзүүчү, акцияларды же облигацияларды сатып алуу-сатуу келишимин түзүү эмитенттин опционунун ээсинин укуктарын аткаруу учуру болуп саналат. Мында эмитенттин опциону жоюлууга тийиш.
22. Биринчи жолу баалуу кагаздарды чыгарууда фьючерстин чыгарылышына жол берилбейт.
23. Базалык активди жеткирүүнүн ордуна фьючерсти (баалуу кагаз түрүндө) чыгаруу шарттарында базалык активдин курстарындагы оң айырманы баалуу кагаздардын ээси тарабынан талап кылуу укугу, ага тете эле эмитенттин базалык активди жеткирүү ордуна оң айырманы төлөө укугу каралышы мүмкүн.
24. Фьючерсте чагылдырылган милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү фьючерстик контракттын базалык активи сакталган мөөнөттөн кечиктирилбөөгө тийиш.
25. Фьючерстин аткаруу мөөнөтү фьючерстик контракт түзүлгөн (кол коюлган) күндөн тартып эсептеле баштайт.
26. Баалуу кагаз катары чыгарылуучу форварддын шарттары базалык активди жеткирүү боюнча эмитенттин милдеттенмесин караштырат.
27. Туунду эмиссиялык баалуу кагаздардын эмитенти ачык сунуштардын жыйынтыгы жөнүндө отчет баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан катталгандан кийин аны 5 жумушчу күндүн ичинде эмитенттин туунду эмиссиялык баалуу кагаздардын эмиссиясы жөнүндөгү кыскача маалымат жарыяланган жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого милдеттүү.
4. Кампа күбөлүктөрү
(Главанын аталышы КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Товардык кампалар кампа күбөлүктөрүнүн реестрин товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте өз алдынча жүргүзүшөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Кампа күбөлүктөрүнүн реестриндеги жазуулар кагаз жана/же электрондук маалымат булактарында сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Товардык кампаларга кампа күбөлүктөрүн берүү жана аларды эсепке алуу баалуу кагаздарды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
Баалуу кагаздарды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Жөнөкөй жана коштолгон кампа күбөлүктөрүнүн бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзөт. Аны жүргүзүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Кампа күбөлүктөрүнүн бланктары так эсепке алуу документтери болуп саналат. Бланктар коргоочу белгилерге ээ болушу керек. Коштолгон кампа күбөлүктөрүнүн эки бөлүктөрүндөгү бланктарынын номерлери бирдей болууга тийиш.
Жөнөкөй жана коштолгон кампа күбөлүктөрүнүн бланктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү формада даярдалат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Баалуу кагаздар болуп саналбаган шашылыш контракттарды түзүү
32. Баалуу кагаздар болуп саналбаган контракттарды ачык жайгаштырууга жол берилбейт.
33. Баалуу кагаздар болуп саналбаган биржадан тышкаркы опциондук, форварддык жана фьючерстик контракттардын шарттарын тараптар аныкташат.
34. Фондулук жана товардык биржада түзүлүүчү баалуу кагаздар болуп саналбаган опциондук, форварддык жана фьючерстик контракттардын шарттарын, биржанын соода системасындагы уникалдуу номур берүү менен биржа аныктайт. Биржа соода системасына киргизилген датадан тартып, биржа жаңы контракт жөнүндө 15 календардык күндүн ичинде баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу түрүндө контракттын негизги шарттарынын текстин жиберүү менен кабарлайт.