Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-марты № 182
"Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 9, 440-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
- расмий тилдеги текстинин 15-пункту "орошаемая" деген сөздөн кийин "и богарная" деген сөздөр менен толукталсын, "виноградниками," деген сөздөн кийин "залежи," деген сөздөр менен толукталсын; мамлекеттик тилдеги текстинде "айдоо" деген сөздөн кийин "жана кайрак" деген сөздөр менен толукталсын, "эгилме аянттар" деген сөздөр "кысыр аңыздар, маданий жайыттар," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги текстинин 26-пунктундагы "күрөөгө калтырылган жерлер" деген сөздөр ''кысыр аңыздар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) мамлекеттик тилдеги текстинин 20-статьясынын 12-пунктундагы "кен чыккан жерлер'' деген сөздөр "кысыр аңыздар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) мамлекеттик тилдеги текстинин 30-статьясынын 1-бөлүгүндөгү "көптөн бери пайдаланылбаган" деген сөздөр "кысыр аңыздар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) мамлекеттик тилдеги текстинин 74-статьясынын 1-бөлүгүндөгү "кен чыккан жерлер" деген сөздөр ''кысыр аңыздар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|