Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 134
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 300-1-статья менен толукталсын:
"300-1-статья. Тиешелүү белгилерди жасалмалоо, пайдалануудан чыккандарды кайрадан пайдалануу же Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү, тиешелүү белгилер менен маркалоого тийиш болгон товарларды тиешелүү белгилерди түшүрүүсүз сактоо жана сатуу
Тиешелүү белгилерди жасалмалоо, пайдалануудан чыккандарды кайтадан пайдалануу, ага тете эле тиешелүү белгилер менен маркалоого тийиш болгон товарларга тиешелүү белгилерди түшүрүүсүз сактоо жана сатуу, -
тиешелүү белгилердин жана/же тиешелүү белгилер менен маркалоого тийиш болгон товарлардын санына жараша администрациялык айып салууга алып келет:
тиешелүү белгилердин жана/же тиешелүү белгилер менен маркалоого тийиш болгон товарлардын жүзгө чейинки санына; жарандарга - элүү, юридикалык жактарга - бир жарым миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
тиешелүү белгилердин жана/же тиешелүү белгилер менен маркалоого тийиш болгон товарлардын жүз жана андан көп санына: жарандарга - жүз, юридикалык жактарга - үч миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.
Тиешелүү белгилер менен маркалоого тийиш болгон товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына тиешелүү белгилерди түшүрүүсүз ташып келүү, -
тиешелүү белгилердин жана/же тиешелүү белгилер менен маркалоого тийиш болгон товарлардын санына жараша администрациялык айып салууга алып келет:
тиешелүү белгилердин жана/же тиешелүү белгилер менен маркалоого тийиш болгон товарлардын жүзгө чейинки санына: жарандарга - элүү, юридикалык жактарга - бир жарым миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
тиешелүү белгилердин жана/же тиешелүү белгилер менен маркалоого тийиш болгон товарлардын жүз жана андан көп санына: жарандарга - жүз, юридикалык жактарга - үч миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.";
2) 508-статьясынын 1-бөлүгү "300," деген цифралардан кийин "300-1," деген цифралар менен толукталсын;
3) 535-статьясынын 1-бөлүгү "300," деген цифралардан кийин "300-1," деген цифралар менен толукталсын.
4) 545-статьясынын 1-бөлүгү "229-1-статьяда" деген цифралардан жана сөздөн кийин "жана 300-1-статьянын 2-бөлүгүндө" деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын;
5) 556-1-статьясынын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда:
- он бешинчи абзацы "289-статьянын экинчи бөлүгү," деген цифралардан жана сөздөрдөн кийин "300-1-статьянын 2-бөлүгү,'' деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын;
- жыйырма үчүнчү абзацы "300," деген цифралардан кийин "300-1," деген цифралар менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
108-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
''5) маркалоого тийиш болгон товарлардын акциздик жыйымдын маркалары жана тиешелүү белгилер менен белгиленишин жана алардын аныктыгын.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|