Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 90 токтому менен бекитилген |
Эмгек милдеттерин аткарууда кызматкерге иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча келтирилген залалдан, кесиптик оорудан же болбосо ден соолугунун башка бузулуусунан келип чыккан зыяндын ордун толтуруунун суммасын керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулаганын эске алуу менен индексациялоо ТАРТИБИ
1. Бул Тартип эмгек милдеттерин аткарууда кызматкерге иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча келтирилген залалдан, кесиптик оорудан же болбосо ден соолугунун башка бузулуусунан келип чыккан зыяндын ордун толтуруунун суммасын керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулаганын эске алуу менен индексациялоо суммасын эсептөөнүн эрежесин белгилейт.
2. Индексациялоонун жана тийиштүү компенсацияны төлөөнүн максаты - өндүрүштө жабыр тарткандарды керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшүнөн социалдык жактан коргоо жана алардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоого алуу.
3. Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын индексинин 5 пайыздан өйдө өсүшү зыяндын ордун толтуруунун суммасын индексациялоо үчүн негиз болуп саналат.
4. Республикада баалардын жана тарифтердин өзгөрүүсүн кароо, керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшүнүн проценти мамлекеттик статистика органдары тарабынан эсептелет. Баалардын индекси ар ай сайын, ар квартал сайын жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий сайтына жарыяланат.
5. Эмгекке жарамдуу калк үчүн өлчөмү жашоо минимумунан ашпаган зыяндын ордун толтуруунун суммасы индексацияланууга жатат.
Зыяндын ордун толтуруу суммасын индексациялоо керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын индекси мурдагы индексациялоо учурунан тартып баалардын индексинин чоңдугунан (чегинен) 5 пайыз өлчөмдөн ашкан айда жүргүзүлөт.
Бир айда баалардын өсүшү 5 пайыздан төмөн болсо, зыяндын ордун толтуруу индексацияланбайт жана эмгек милдеттерин аткарууда кызматкерге иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча келтирилген залалдан, кесиптик оорудан же болбосо ден соолугунун башка бузулуусунан келип чыккан зыяндын ордун толтуруунун баштапкы суммасы сакталат.
6. Компенсациялардын өлчөмдөрүн эсептөө жана аларды берүү ар ай сайын, баалардын индекси баалардын индексинин чоңдугунан (чегинен) 5 пайыз өлчөмдөн ашкан айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн баштап жүргүзүлөт.
Мисал:
Зыяндын ордун толтуруу суммасы - 5000 сом.
Керектөө товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын индекси -106%:
5000 х 6,0% (106,0 - 100,0) = 300 сом.
300 сом зыяндын ордун толтуруу суммасына кошулат:
5000 + 300 сом = 5300 сом.
7. Зыяндын орду толтурулуучу суммаларды индексациялоону каржылоонун булактары:
- республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик органдардын жана мекемелердин кызматкерлерине - республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен;
- жергиликтүү бюджеттен каржылануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлерине - жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен;
- башка уюмдардын кызматкерлерине - өз каражаттарынын эсебинен.
8. Компенсацияларды туура эсептөө жана төлөө жоопкерчилиги ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилерине жүктөлөт.
9. Бир айдын ичинде төлөө орду боюнча чечилбеген компенсацияларга байланыштуу талаштар белгиленген тартипте соттук органдарда кароого жатат.