Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-февралындагы № 92 токтому менен бекитилген |
Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 311 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул, Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартиби (мындан ары - Тартип) Координацияланган (макулдашылган) транспорттук саясат жөнүндө протоколго (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге № 24 тиркеме), "2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан, жалпы пайдалануудагы темир жол транспорт уюмдарынын, кардарлардын жана мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы мамилелерге колдонулат.
2. Бул Тартипте пайдаланылган түшүнүктөр төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер - Евразия экономикалык бирлигине мүчө болгон мамлекеттер;
темир жол транспортунун кызматтарына мүмкүндүк алуу - ЕАЭБге мүчө бир мамлекеттин темир жол транспорт уюмунун ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин керектөөчүлөрүнө ЕАЭБге мүчө биринчи мамлекеттин керектөөчүлөрүнө көрсөтүлгөн шарттан кем эмес шарттарда көрсөткөн тейлөө кызматтары;
темир жол транспорт уюму - ЕАЭБге мүчө мамлекеттин керектөөчүлөрүнө темир жол транспорт кызматтарын көрсөтүүчү жеке же юридикалык жагы.
3. Темир жол транспорт уюмдары керектөөчүнүн ЕАЭБге мүчө болгон бул же тигил мамлекетке таандык экендигине, анын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан бул Тартипке жана "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык керектөөчүнү темир жол транспортунун тейлөө кызматы менен камсыздайт.
4. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ташуучуларынын инфратүзүмдүн кызматтарынан пайдалануусу бул Тартиптин 1 жана 2-тиркемелеринде көрсөтүлгөн принциптерге жана талаптарга ылайык камсыздалат.
Бул Тартиптин 1 жана 2-тиркемелеринин жоболору ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин инфратүзүм участокторунда локомотивдерди жана локомотивдик бригадаларды пайдалануу боюнча тейлөө кызматтарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ташуучуларынын ортосундагы мамилелерге колдонулбайт, андай кызматтар ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык мындай ташуучулардын ортосундагы түзүлүүчү келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде көрсөтүлөт.
5. Транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүүнүн алкагында темир жол транспортунун башка тейлөө кызматтарынын тартиби жана шарттары зарыл болгон учурда ЕАЭБ алкагындагы эл аралык келишимдер менен аныкталат.
6. Темир жол транспортунун жүк, жүргүнчү, жол жүк жана таңгакталган жол жүктү ташуу боюнча тейлөө кызматтарынын тарифтери жана (же) алардын чектүү деңгээли (баа чектери) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу монополияга каршы мамлекеттик органы менен макулдашуу менен, Тартипти ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарифтерди дифференциациялоо мүмкүнчүлүгүн эске алуу жана төмөндөгү принциптерди сактоо менен белгиленет (өзгөртүлөт):
1) темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнө түздөн-түз тиешелүү экономикалык негиздүү чыгымдардын ордун толтуруу;
2) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык темир жол транспортун өнүктүрүүнү камсыздоо;
3) темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин транспаренттүүлүгүн, ошондой эле экономикалык шарттар кескин түрдө өзгөргөндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге алдын ала маалымдоо менен мындай тарифтерди жана (же) алардын чектүү деңгээлин (баа чектерин) кошумча кайра кароо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо;
4) темир жол транспортунун тейлөө кызматтарынын тарифтерин белгилөө жөнүндө чечимдердин элге маалым болуусун камсыздоо;
5) табигый монополия шарттарында көрсөтүлүүчү темир жол транспортунун тейлөө кызматтарында жүктөрдүн номенклатурасын жана тарифтерди аныктоодо калыс мамиледе болуу.
61. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун алкагында темир жол инфратүзүмүн долбоорлоону, курууну, каржылоону, эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү жүзөгө ашыруучу инвесторлор жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү республикалык ички каттамда ташууларга карата жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга тарифтерди жана республикалык ички каттамда жүктөрдү ташуу менен байланышкан кошумча операциялар үчүн жыйымдарга прейскурантты Тартипти ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу органга бекитүүгө берүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 311 токтомунун редакциясына ылайык)
62. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун алкагында темир жол инфратүзүмүн долбоорлоону, курууну, каржылоону, эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү жүзөгө ашыруучу инвесторлор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) белгиленген тартипте чыгымдар өзгөргөн учурда республикалык ички каттамда бекитилген тарифтерди оңдоого тиешелүү негиздеме менен каалаган убакта өтүнмө берүүгө;
2) эксплуатациялоо мезгили ичинде зарылдыгына жараша республикалык ички каттамда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга тарифтерди белгиленген тартипте бекитилген тарифтин жыйырма пайызына (20%) чейинки диапазондо каалагандай баа боюнча аныктоого же белгилөөгө;
3) эл аралык жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууларга карата төмөнкүлөр үчүн суммаларды өзүнүн каалоосу боюнча аныктоого, белгилөөгө жана алууга:
- эксплуатациялануучу темир жол аркылуу жүктүн бардык түрлөрүн ташуу;
- бөтөн оператор тарабынан пайдаланылуучу кыймылдуу курам жана локомотивдер үчүн эксплуатациялануучу темир жолду берүү (жүргүнчүлөрдү ташуу, ошондой эле жүктөрдү ташуу);
- кайсы болбосун үчүнчү жак тарабынан курулган бардык башка темир жолдор менен туташуу үчүн эксплуатациялануучу темир жолду берүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 311 токтомунун редакциясына ылайык)
63. Ушул Тартиптин 61 жана 62-пункттарында көрсөтүлгөн эл аралык жана республикалык ички каттамдарда жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтерди аныктоодо инвесторлор төмөнкү принциптерди сактоого тийиш:
1) темир жол инфратүзүмүнө рыноктук суроо-талап жана темир жолдун рыноктук атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү;
2) инвестордун темир жол инфратүзүмүн каржылоого, долбоорлоого, курууга, курулушун аяктоого, эксплуатациялоого жана тейлөөгө кеткен чыгымдары;
3) транзиттик ташууларга региондогу жалпы инфляциянын жана валюталык курстардын өзгөрүүлөрүнүн таасири;
4) темир жол менен ташуулар жана эл аралык темир жол каттамында тарифтерди белгилөө чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 311 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Темир жол транспортунун жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин деңгээлин өзгөртүү жөнүндө чечимдер Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына жана Евразия экономикалык комиссиясына алар күчүнө кирүүчү датага чейин он иш күндөн кечиктирбей милдеттүү түрдө жиберилүүгө тийиш.
8. Эгерде улуттук ташуучунун темир жол транспортунун жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин деңгээлин өзгөртүү боюнча аракеттери менен керектөөчүлөрдүн укуктары жана кызыкчылыктары бузулса, керектөөчүлөр өздөрүнүн бузулган укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жөнүндө арыз менен керектөөчү аймагында турган же жашаган мүчө мамлекеттин улуттук монополияга каршы органына кайрылууга укуктуу.
|
| Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартибинин 1-тиркемеси |
Жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн кызматтарын пайдалануу ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн кызматтарын пайдалануунун бул эрежелери (мындан ары - Пайдалануу эрежелери) 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге, "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан, ташуучулардын жана керектөөчүлөрдүн жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн (мындан ары - инфратүзүм) кызматтарын пайдаланууну камсыздоонун жалпы принциптери жана тартиби аныкталат жана инфратүзүмдүн кызматтарын пайдалануу чөйрөсүндөгү инфратүзүм операторлору менен ташуучулардын жана керектөөчүлөрдүн мамилелери жөнгө салынат.
2. Бул Пайдалануу эрежелери өз максаттары үчүн "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, бул токтом менен бекитилген Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартибинде аныкталган терминдер, ошондой эле төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
поезддердин кыймылынын графиги - инфратүзүмдүн участокторунда бардык категориядагы поезддердин кыймылын уюштурууну белгилөөчү, масштабдуу сеткада поезддердин кыймылын шарттуу суткаларга графикалык чагылдыруучу жана нормативдүү (пландуу жылга), варианттуу (убакыттын айрым мезгилдерине) жана оперативдүү (учурдагы пландуу суткаларга) болуп бөлүнүүчү инфратүзүмдүн операторунун ченемдик-техникалык документи;
инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө узак мөөнөттүү келишим - инфратүзүмдүн оператору менен ташуучунун ортосунда беш жылдан кем эмес мезгилге түзүлгөн инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө келишим;
билдирме - жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, жол жүктөрүн жана таңгакталган жол жүктөрүн поезддердин кыймылынын ченемдик графиги иштеген мезгилде ташууну уюштуруу жана ишке ашыруу үчүн ташуучу тарабынан инфратүзүмдүн операторуна берилүүчү инфратүзүмдүн кызматтарын пайдаланууга билдирме, же болбосо ташуучу же башка керектөөчү тарабынан ташуу процессине байланышкан кызматтарды көрсөтүү үчүн билдирме;
кошумча билдирме - поезддердин кыймылынын ченемдик графиги иштеген мезгилде кошумча ташууларды ишке ашыруу үчүн ташуучудан келип түшкөн инфратүзүмдүн кызматтарын пайдаланууга билдирме;
поезддин категориясы - ташуунун түрүнө, аралыгына, курамдагы вагондордун тандалуусуна, жүрүү кыймылынын ылдамдыгына жана үзгүлтүксүздүгүнө, жараша поезддердин шарттуу түрдө топторго бөлүнүшү. Ташуулардын түрү боюнча поезддер жүргүнчүлүк, жүк ташуучу жана аскердик болуп бөлүнөт;
конкурс - ташуучулардын ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн кызматтарын пайдалануу укугуна өткөрүлүүчү конкурс;
график түйүнү - поезд кыймылдарынын графигинде жөнөөчү, баруучу жана басып өтүүчү пункттарды, жөнөөчү, баруучу убакытты, технологиялык токтотмолорду, кыймылдын орто убактысын, ошондой эле поезддин техникалык жана технологиялык башка параметрлерин көрсөтүү менен поезддин каттамынын багытын графикалык чагылдыруу;
конкурстун уюштуруучусу - конкурс өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алган жана аны өткөрүүнү уюштурган инфратүзүмдүн оператору;
жүк ташуучу поезддерди түзүү планы - ташуучу поезддердин түзүү планынын долбоорунун негизинде инфратүзүмдүн оператору тарабынан бекитилген жана станциялардын өткөрүү жөндөмүн эске алуу менен темир жол станцияларында түзүлүүчү поезддердин категорияларын белгилөөчү ченемдик-техникалык документ;
поезддердин кыймылынын расписаниеси - поезддердин кыймылынын негизинде белгилүү календардык даталар боюнча поезддердин кыймылы жөнүндө маалыматтарды камтыган документ;
суткалык билдирме - инфратүзүмдүн оператору белгилеген формада ташуучу тарабынан инфратүзүмдүн операторуна берилүүчү, пландалган күндөгү ташуучу поезддердин саны жөнүндө маалыматтарды, зарыл болгон учурда ташууну ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн кызматтарын пайдаланууга тушуучунун жиберген билдирмесинде аныкталган поезддердин санынын өзгөргөндүгүн камтыган билдирме;
инфратүзүмдүн участогу - инфратүзүмдүн оператору тарабынан белгиленген локомотив кыймылынын участогунун чегинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эки чектеш инфратүзүмүнүн кошулган жерине жанашкан темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн бөлүгү;
ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрү - жүргүнчүлөрдү, жүктү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн ташууларды уюштуруу жана ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдү пайдалануу менен көрсөтүлүүчү жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрү;
ташуу процессине байланышкан инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрү - жүргүнчүлөрдү, жүктү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн ташууларды уюштурууга жана ишке ашырууга түздөн-түз байланышпаган инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрү;
ташуу процессинин катышуучусу - ташуу процессине катышкан темир жол транспортунун уюму.
3. Ташуу үчүн инфратүзүмдүн кызматтарын пайдалануу укугу улуттук ташуучу тарабынан аныкталган инфратүзүмдүн участокторундагы келишимдерге ылайык ташуучуларга берилет.
2. Керектөөчүлөргө жана ташуучуларга инфратүзүмдүн кызматтарын көрсөтүүнүн принциптери
4. Инфратүзүмдүн кызматтары керектөөчүлөргө төмөнкүдөй принциптердин негизинде көрсөтүлөт:
бардык керектөөчүлөр үчүн инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдей болуусун камсыздоо;
техникалык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша инфратүзүмдүн өткөрүү үнүн чегинде инфратүзүмдүн кызматтарын көрсөтүү;
керектөөчүлөргө карата инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн чөйрөсүндө бирдиктүү баа (тариф) саясатын жүргүзүү;
инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмеги, техникалык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша инфратүзүмдүн кызматтарын көрсөтүүнүн тартиби, бардык керектөөчүлөр үчүн инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтери тууралуу маалыматтын жеткиликтүүлүгү;
ташуу ишин пландаштыруу, уюштуруу жана инфратүзүмдүн кызматтарын көрсөтүү процессинде белгилүү болуп калган коммерциялык же мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды коргоо.
5. Ташуучуларга инфратүзүм участокторунда ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн кызматтары керектөөчүлөр үчүн каралган принциптердин, ошондой эле төмөнкүлөрдүн негизинде көрсөтүлөт:
инфратүзүмдүн участокторунун өткөрүү жөндөмүнүн чегинде техникалык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен ташуучуларга карата мыйзамдарда белгиленген талаптардын бирдейлигинин;
инфратүзүмдүн участокторунда пайдаланылган темир жолдун кыймылдуу курамына коюлуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарынын ташуучулар тарабынан аткарылышынын;
өткөрүү жөндөмүн натыйжалуу пайдалануу жана ташуу процессинин үзгүлтүксүздүгүн, технологиялык процесстердин бүтүндүгүн жана коопсуздугун камсыздоо максатында инфратүзүмдү оңдоо, күтүү жана тейлөө боюнча иштерди рационалдуу пландоонун;
поезддердин кыймылынын ченемдик графигине ылайык инфратүзүмдүн өткөрүү жөндөмү чектелген шарттарында ташуучуларга инфратүзүмдүн кызматтарын пайдалануунун артыкчылыктарынын (кезектүүлүгүнүн).
6. Ташуучуларга инфратүзүмдүн кызматтарын пайдалануунун артыкчылыктуу (кезектүү) принциби тандоонун төмөнкүдөй деңгээлдери аркылуу ишке ашырылат:
1) артыкчылыгы (кезектүүлүгү) улуттук ташуучу тарабынан аныкталган поезддердин категорияларын аныктоо;
2) төмөнкүлөргө карабастан поезддердин категориялары окшош болгон учурда:
ташуулардын көлөмдөрү боюнча келишимдик милдеттенмелердин аткарылышын эске алуу менен инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө узак мөөнөттүү келишимдердин болушу;
ташуучу тарабынан инфратүзүмдүн участокторунун өткөрүү жөндөмүн пайдалануунун интенсивдүүлүгү;
инфратүзүмдүн кызматтарын көрсөтүүгө болгон келишимдин болушу;
3) бул пункттун 1 жана 2-пунктчаларында аталган критерийлер окшош болгон учурда бул Пайдалануу эрежелеринде каралган конкурстук жол-жоболорду ишке ашыруу.
3. Ташууну ишке ашыруу үчүн ташуучуларга инфратүзүмдүн кызматтарын көрсөтүүнүн тартиби
7. Инфратүзүмдүн участокторунда ташууну ишке ашыруу инфратүзүмдүн кызматтары улуттук ташуучу тарабынан төмөнкүдөй шарттарда көрсөтүлөт:
1) Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык ташуу процессинин коопсуздугун камсыздоо жагында белгиленген талаптардын ташуучу тарабынан сакталган;
2) ташуучунун штатында ташуу процессин уюштурууга, башкарууга жана ишке ашырууга тартылган, алардын квалификациясын жана кесиптик даярдыгын ырастаган документтери бар квалификациялуу жумушчулары болгон;
3) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2015-жылдын 29-октябрындагы № 311 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын темир жолдорун техникалык пайдалануунун эрежелеринде белгиленген талаптарга ташуучуга таандык темир жол кыймылдуу курамы шайкеш келген.
8. Ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн кызматтары "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана бул Пайдалануу эрежелеринин талаптарына ылайык төмөнкүлөргө негизденүү менен көрсөтүлөт:
1) инфратүзүмдүн участогунун чектеринде поезддердин кыймылын жана маневрдук кыймылдарын уюштуруу үчүн инфратүзүмдүн техникалык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүнө;
2) инфратүзүмдүн өткөрүү жөндөмүнө жана инфратүзүм участогун пайдалануу жөнүндө ташуучулардын сунуштарына;
3) жүк ташуучу поезддерди түзүү планына жана кыймылдын графигине.
9. Графиктин белгилүү бир бөлүгү боюнча ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн кызматтарын пайдалануу укугу ташууларга узак мөөнөттүү келишимдерден башка поезддердин кыймылынын расписаниесинин бирден ашпаган колдонуу мөөнөтүнө берилет.
10. Ташуучуларга ташуу иштерин жүргүзүү үчүн инфратүзүмдүн кызматтары бул Пайдалануу эрежелеринин талаптарын эске алуу менен көрсөтүлөт жана төмөнкүдөй этаптарды камтыйт:
1) ташуучунун бул Пайдалануу эрежелеринин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн кызматтарын пайдаланууга билдирмелерди (мындан ары - ташуучунун билдирмеси) инфратүзүмдүн операторуна берүүсү;
2) инфратүзүмдүн операторунун бул Пайдалануу эрежелеринин
6-пунктунун 3) пунктчасында аныкталган учурларда, бул Пайдалануу эрежелеринин 6-главасында белгиленген тартипте конкурсту өткөрүү менен жана ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн кызматтарын көрсөтүү (көрсөтүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алуу менен ташуучунун билдирмесин кароосу;
3) поезддердин кыймылынын графигин жана поезддердин кыймылынын расписаниесин бекитүү;
4) ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө келишимдерди түзүү;
5) инфратүзүмдүн участокторунун техникалык өзгөчөлүктөрүн берүү.
Эгерде ташуучу бир эле убакта пайдалануу үчүн пландалган инфратүзүмдүн оператору болуп саналса, билдирмени берүү жана келишим түзүү талап кылынбайт.
11. Инфратүзүмдүн участокторунун техникалык өзгөчөлүктөрү жыл сайын инфратүзүмдүн оператору тарабынан бекитилет жана ташуу пландалган кийинки жылдын онунчу мартынан кечиктирилбестен анын расмий сайтында жайгаштырылат.
12. Инфратүзүмдүн участокторунун техникалык өзгөчөлүктөрүндө төмөнкүлөр камтылышы керек:
1) инфратүзүмдүн участокторунун узундугун жана тартуу күчүнүн түрүн, поезддердин курамынын салмагынын жана узундугунун нормаларын, ар кандай категориядагы поезддердин кыймылынын ылдамдыктарын көрсөтүү менен, поезддердин кыймылын жана маневрдук кыймылдарды уюштуруу үчүн зарыл болгон инфратүзүмдүн участокторунун жана темир жол станцияларынын техникалык мүнөздөмөлөрү;
2) эл аралык жүргүнчүлөр каттамдары үчүн поезддердин кыймылынын графигинин өтмө графиктеринин долбоорлору;
3) ар бир мамлекеттер аралык кошулуу пункттары боюнча жүк жана жүргүнчүлөр поезддерин кабыл алуунун-берүүнүн (алмашуунун) болжолдуу убактысы;
4) инфратүзүмдүн участокторунун өткөрүү жөндөмү, мыйзамдардын талаптарына ылайык ташууларды аткаруу үчүн улуттук ташуучуга керектүү инфратүзүмдүн участокторунун өткөрүү жөндөмүнөн тышкары.
Ташуучуга инфратүзүмдүн участокторунун техникалык өзгөчөлүктөрү жөнүндө деталдаштырылган же кошумча маалымат ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө карата келишимге же ага карата кошумча макулдашууларга ылайык берилет.
13. Ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө келишим инфратүзүмдүн оператору ташуучуга ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн кызматтарын пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин, бирок поезддердин кыймылынын ченемдик графигин колдонууга киргизүүнүн датасына чейин он календардык күндөн кеч эмес түзүлөт.
Ташуучунун кошумча билдирмеси боюнча ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө келишим ташууларды ишке ашыруунун календардык айы башталганга чейин бир айдан кечиктирилбестен түзүлүшү керек.
14. Инфратүзүмдүн оператору ташуучунун инфратүзүмдүн көрсөтүлгөн кызматтарына төлөө боюнча карызы болгондо, ошондой эле темир жол транспорту чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактабаган учурларда ташуучуга ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө келишимди түзүүдөн баш тартууга укуктуу.
4. Керектөөчүлөргө ташуу процесси менен байланышкан инфратүзүмдүн кызматтарын көрсөтүүнүн эрежелери
15. Ташуу процесси менен байланышкан инфратүзүмдүн кызматтары инфратүзүмдүн оператору тарабынан инфратүзүмдүн мындай кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууну ниет кылган же пайдаланган ташуучуларга же башка керектөөчүлөргө көрсөтүлөт.
16. Ташуу процесси менен байланышкан инфратүзүмдүн кызматтары ташуучуларга же башка керектөөчүлөргө төмөнкүлөргө негизденип көрсөтүлөт:
1) бул кызматтарды көрсөтүү үчүн инфратүзүмдүн техникалык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүнө;
2) бул кызматтарды көрсөтүүгө тоскоолдук кылуучу тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн жоктугуна;
3) эгерде мындай макулдашуулар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралса, керектөөчүдө мамлекеттик органдар, башка уюмдар менен макулдашуулардын болушуна.
17. Ташуучуга же башка керектөөчүгө ташуу процесси менен байланышкан инфратүзүмдүн кызматтарын көрсөтүү төмөнкүдөй этаптарды камтыйт:
1) ташуучунун же башка керектөөчүнүн инфратүзүмдүн операторуна ташуу процесси менен байланышкан инфратүзүмдүн кызматтарын көрсөтүүдө 2-тиркемеге ылайык форма боюнча билдирмени берүү;
2) инфратүзүмдүн операторунун бул Пайдалануу эрежелеринин главасында белгиленген тартипте ташуучунун кыймылдуу курамын күбөлөндүрүү актысын, ошондой эле ташуучунун жумушчуларында ташуу процессинин коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды билүүсүн текшерүү актысын тариздөө менен билдирмени кароо;
3) ташуу процесси менен байланышкан инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүсү (көрсөтүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алуу;
4) кыймылдын коопсуздук маселелери боюнча ташуучунун жумушчуларынын билимин текшерген актынын көчүрмөсүн берүү;
5) ташуу процесси менен байланышкан инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө келишим түзүү.
Эгерде ташуучу бир эле убакта пайдалануу үчүн пландалган инфратүзүмдүн оператору болуп саналса, билдирмени берүү жана келишим түзүү талап кылынбайт.
5. Билдирмелерди берүүнүн жана карап чыгуунун тартиби
18. Ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн кызматтарын пайдаланууда ташуучу инфратүзүмдүн операторуна төмөнкүдөй документтер тиркелген билдирмени берет:
1) графиктин түйүнүнүн пландалган долбоору;
2) ташуулардын пландалган жылдык көлөмдөрү жөнүндө маалымат (кварталдар жана айлар боюнча, ошондой эле жүктөрдүн түрлөрү боюнча (жүктөрдү ташууда) бөлүү менен);
3) ташууларга пайдаланууга пландалган поезддердин саны жөнүндө маалымат;
4) ташууларды камсыздоо үчүн ташуучу тарабынан каралган локомотивдердин, вагондордун түрлөрү жана мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалымат;
5) бул Пайдалануу эрежелеринин 7-пунктунда белгиленген талаптарга ташуучунун шайкештигин ырастоочу документтер.
19. Ташуу процесси менен байланышкан инфратүзүмдүн кызматтарын пайдалануу үчүн ташуучу жана башка керектөөчү билдирмени төмөнкүдөй документтерди тиркөө менен инфратүзүмдүн операторуна берет:
1) талап кылынган кызмат көрсөтүүнүн түрү жана анын пландалган көлөмү жөнүндө маалымат;
2) вагондорго менчик же ээлик кылуу укугун ырастаган документтин көчүрмөсү (вагондорду жайгаштыруу жана (же) тейлөө менен байланышкан кызматтардын керектөөчүлөрү үчүн);
3) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2015-жылдын 29-октябрындагы № 311 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын темир жолдорун техникалык пайдалануунун эрежелеринин талаптарына жана ташуу процесси менен байланышкан транспорттук жана башка техникалык каражаттардын кыймылынын жана пайдалануунун коопсуздугунун белгиленген талаптарына ылайык ташуучунун кыймылдуу курамын күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсү;
4) кыймыл коопсуздугу маселелери боюнча ташуучунун жумушчуларынын билимин текшерген актынын көчүрмөсү;
5) пландалган ташууларга билдирмелерди кабыл алуу жылдын онунчу июнунан тартып бул эле жылдын жыйырма бешинчи июлуна чейин жүргүзүлөт.
20. Билдирме жана ага тиркелүүчү документтер:
1) ташуучунун жетекчисинин, башка керектөөчүнүн (жеке ишкердин) же болбосо алардын ыйгарымдуу жактарынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүп, боо өткөрүп тигилиши, номер коюлушу керек;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилинде берилиши керек;
3) анда оңдоолор же толуктоолор болбошу керек.
21. Инфратүзүмдүн оператору түшкөн билдирмени бул Пайдалануу эрежелерде белгиленген талаптардын шайкештигине текшерет жана ал бул талаптарга шайкеш келбеген учурда билдирме түшкөн күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде ташуучуга, башка керектөөчүгө баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кароого билдирмени кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө кабарлайт.
22. Билдирмелерди кароо мезгилинде (билдирмени кароо мөөнөтү аяктаганга чейин бир айдан кеч эмес) инфратүзүмдүн оператору зарыл болгондо ташуучудан поезддердин кыймылынын ченемдик графигин түзүү үчүн керектүү кошумча маалыматтарды (дайындарды), башка керектөөчүлөрдөн - ташуу процесси менен байланышкан инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүсү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн керектүү маалыматтарды (дайындарды) сураганга укуктуу, алар ташуучу, башка керектөөчү тарабынан билдирмени берүүгө карата талаптарды сактоону эске алуу менен, суроо-талап түшкөн күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде берилиши керек.
23. Ташуучулар, башка керектөөчүлөр билдирмени кароонун баштапкы жыйынтыктары менен макул болбогон учурда инфратүзүмдүн оператору сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу кызыкдар ташуучулардын, башка керектөөчүлөрдүн ортосундагы пикир келишпестиктерди (жаңжалдарды) чечүүгө багытталган макулдашуу жол-жобосун уюштурат, бул процессте инфратүзүмдүн оператору ташуучуга графиктин башка өтмө катарларын, ал эми башка керектөөчүгө - билдирмеде көрсөтүлгөндөн айырмаланган инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүсүнүн шарттарын сунуштоого укуктуу.
24. Инфратүзүмдүн оператору бул главада каралган бардык жол-жоболорду өткөргөндөн кийин, инфратүзүмдүн кызматтарын көрсөтүү (көрсөтүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алат жана ташуучуга, башка керектөөчүгө аларды өзгөртүүнү (эгер болсо) эске алуу менен билдирмени кароонун жыйынтыктары жөнүндө маалымдайт.
25. Инфратүзүмдүн оператору билдирмени, суткалык билдирмени кабыл алуунун, кароонун башталган жана аяктаган мөөнөтүн, ташуучуга, башка керектөөчүгө аларга киргизилген түзөтүүлөрдү эске алуу менен кароонун жыйынтыктары жөнүндө маалымдоонун мөөнөтүн белгилейт.
26. Белгиленген мөөнөттөн кийин түшкөн ташуучунун билдирмелери инфратүзүмдүн оператору тарабынан поезддердин кыймылынын ченемдик графигин түзүүдө эске алынбайт жана кошумча катары каралат.
27. Ташуучунун кошумча билдирмесин тариздөө жана каттоо бул Пайдалануу эрежелеринин 18 жана 20-пункттарында белгиленген талаптарга ылайык ишке ашырылат.
28. Ташуучунун кошумча билдирмеси ташууларды ишке ашыруунун календардык айы башталганга чейин эки айдан кечиктирилбестен берилет жана бул Пайдалануу эрежелерде белгиленген талаптарга ылайык ал түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде каралат.
29. Ташуучунун кошумча билдирмесинин негизинде инфратүзүмдүн оператору графиктин кошумча түйүндөрүн бөлүү мүмкүндүгү жөнүндө маселени жана ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө келишимдерди же түзүлгөн келишимге карата кошумча макулдашууну түзүүнү карайт.
Ташуучу же инфратүзүмдүн керектөөчүсү билдирмеде берилген маалыматтын толуктугу жана ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат.
6. Конкурс өткөрүүнүн тартиби
30. Бул Пайдалануу эрежелеринин 6-пунктунун 3) пунктчасында каралгандай ташуучулардын билдирмесин кароо этабында конкурс өткөрүү жөнүндө чечимди инфратүзүмдүн оператору кабыл алат.
31. Конкурстун алкагында маршруттардын бир же бир нече жүрүү каттамдары боюнча ташууларды ишке ашыруу укугу аныкталат.
32. Конкурсту өткөрүүнү уюштуруу үчүн конкурс өткөрүү боюнча комиссия (мындан ары - конкурстук комиссия) түзүлөт, анын персоналдык курамын жана иштөө тартибин конкурстун уюштуруучусу аныктайт.
33. Конкурсту өткөрүүдө инфратүзүмдүн оператору конкурс жөнүндө кулактандырууну жана конкурстук документтердин толук пакетин өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат.
34. Конкурстун катышуучуларынын конкурстук сунуштарын баалоонун критерийлери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) зарыл болгон темир жолдун кыймылдуу курамынын жана анын резервинин болушу;
2) вагондордун техникалык мүнөздөмөлөрү;
3) вагондорду пайдалануу боюнча колдонмо;
4) вагондорду оңдоо боюнча колдонмо;
5) вагондорду даярдоо күнүнөн тартып аларды пайдалануунун мөөнөтү;
6) вагондордун сакталышын жана техникалык, санитардык жактан талаптагыдай абалын камсыздоо;
7) жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, кооптуу жүктөрдү темир жол менен ташууну уюштуруу чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы;
8) ташуулардын билдирилген көлөмдөрүн камсыздоо;
9) ташылуучу жүктүн коопсуздугу;
10) конкурстун катышуучуларынын төлөө жөндөмү.
35. Конкурстук билдирмелерди баалоодо жана салыштырууда бул Пайдалануу эрежелерине ылайык жол-жоболор жана критерийлер пайдаланылат.
36. Темир жолдун бир эле кыймылдуу курамы ар кандай конкурстук сунуштарга талапкерлигин билдирүүгө укуктуу, эгерде аны бир нече каттамдарда пайдалануу мүмкүндүгүнүн негиздемеси болсо.
37. Төмөнкүлөргө конкурска катышууга жол берилбейт:
1) жоюу, кайра уюштуруу процессинде турган же жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте банкрот (кудуретсиз) деп таанылган юридикалык жактарга, ошондой эле ишин токтотуу баскычында турган же белгиленген тартипте банкрот (кудуретсиз) деп таанылган жеке ишкерлерге;
2) толук эмес жана (же) так эмес маалыматтарды берген юридикалык жактарга же жеке ишкерлерге.
38. Конкурстук сунуштарды баалоо конкурстук документтерде каралган тартипте жана мөөнөттө конкурстук комиссия тарабынан ишке ашырылат. Конкурстун катышуучуларынын конкурстук сунуштарын кароо жана баалоо ар бир талапкер боюнча өз-өзүнчө ишке ашырылат.
39. Конкурстук комиссия конкурстук документтердин талаптарына мааниси боюнча жооп берген жеңүүчү конкурстук билдирмени аныктайт.
40. Эгерде бир дагы конкурстук сунуш берилбесе, конкурстук комиссия конкурсту өткөн жок деп эсептейт.
41. Конкурстук комиссия конкурстун жеңүүчүсү болгон ташуучунун аталышын көрсөтүү менен жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө маалыматты сайтка жарыялайт. Бул маалымат билдирүү катары инфратүзүмдүн операторунун сайты аркылуу конкурстун бардык катышуучуларына жеткирилет.
7. Поезддердин кыймылынын ченемдик графиктерин түзүүнүн тартиби
42. Поезддердин кыймылынын ченемдик графигинин долбоору кароого кабыл алынган ташуучулардын билдирмелерин жана инфратүзүмдүн участокторунун өткөрүү жөндөмүн максималдуу пайдаланууну эске алуу менен инфратүзүмдүн оператору тарабынан түзүлөт.
43. Поезддердин кыймылынын ченемдик графигин жана поезддердин кыймылынын расписаниесин түзүү, иштеп чыгуу жана бекитүү бул Пайдалануу эрежелеринде жана инфратүзүмдүн операторунун актыларында белгиленген талаптарга ылайык жылдык мезгилге инфратүзүмдүн оператору тарабынан ишке ашырылат.
44. Поезддердин кыймылынын ченемдик графиги төмөндөгүлөрдү эске алуу менен инфратүзүмдүн оператору тарабынан түзүлөт:
1) поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоону;
2) инфратүзүмдүн участокторунун өткөрүү жана темир жол станцияларынын кайра иштетүүчү жөндөмүн эң натыйжалуу пайдаланууну;
3) инфратүзүмдүн участокторун күтүү жана оңдоо боюнча иштерди өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн.
45. Поезддердин кыймылынын графигинде поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана инфратүзүмдүн объекттерин жакшы абалда кармоо үчүн убакыт резерви каралат.
46. Поезддердин кыймылынын ченемдик графигин иштеп чыгуу ташуучуларга ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүсүнүн артыкчылыгы (кезектүүлүгү) принцибин эске алуу менен ишке ашырылат.
47. Инфратүзүмдүн оператору поезддердин кыймылынын графигин иштеп чыгууга карата тапшырмалардын жана ченемдердин негизинде ташуучулардын билдирмелерин эске алуу менен поезддердин кыймылынын ченемдик графигин иштеп чыгат.
48. Поезддердин кыймылынын графигин иштеп чыгуу үчүн баштапкы маалыматтар төмөндөгүлөр болуп саналат:
1) инфратүзүмдүн операторунун жана ташуучулардын поезддердин кыймылынын колдонуудагы графигин аткаруусун талдоонун жыйынтыктары;
2) оператордун инфратүзүм объекттеринин техникалык- эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү, инфратүзүм участокторунун техникалык өзгөчөлүктөрүндө камтылган техникалык мүнөздөмөлөр жөнүндө маалымат;
3) ташуучулардын билдирмелеринде, ошондой эле поезддердин кыймылдарынын графигин иштеп чыгуудагы тапшырмаларында жана ченемдеринде камтылган маалымат.
49. Поезддердин кыймылдарынын ченемдик графигинин негизинде поездддердин кыймылдарынын расписаниеси түзүлөт.
50. Поезддердин кыймылдарынын ченемдик графиги жана поезд кыймылдарынын расписаниеси аларды колдонуу мезгилинде инфратүзүмдүн оператору тарабынан белгиленген тартипте өзгөртүлүшү мүмкүн.
8. Талаштарды чечүү
51. Ташуучулардын же башка керектөөчүлөрдүн жана инфратүзүм операторлорунун ортосунда пайда болгон талаштар сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
52. Макулдашууга жетишилбеген учурда талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук тартипте каралууга тийиш.
|
| Жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн кызматтарын пайдалануу эрежелеринин 1-тиркемеси |
Формасы
Ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн кызматтарын пайдаланууга БИЛДИРМЕ
"___" ___________ 20___- жыл |
| № __________ |
___________________________________-жылдан баштап ___________________________-жылга чейин.
Инфратүзүмдүн оператору ________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
(аталышы, юридикалык жана почта дареги)
_________________________________________________________________________________________.
Ташуучу _________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы)
Жеке ишкер үчүн _________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, юридикалык жана почта дареги)
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
(инфратүзүм кызмат көрсөтүүлөрүнө келишимдин номери жана датасы (эгер болсо)
_________________________________________________________________________________________
Билдирмеге тиркелген төмөндөгү _______ барак ____________ нуска документтин (маалыматтын)
толуктугун жана ишенимдүүлүгүн ырастайм:
1. ______________________________________________________________________________________;
2. ______________________________________________________________________________________.
____________________________ |
| ________________________ |
(ташуучунун колу) |
| (мөөрдүн орду) |
|
| Жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн кызматтарын пайдалануу эрежелеринин 2-тиркемеси |
Формасы
Ташуу процесси менен байланышкан инфратүзүмдүн кызматтарын көрсөтүүгө БИЛДИРМЕ
"___" ___________ 20___- жыл |
| № __________ |
___________________________________-жылдан баштап ___________________________-жылга чейин.
Инфратүзүмдүн оператору _________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
(аталышы, юридикалык жана почта дареги)
_________________________________________________________________________________________.
Керектөөчү _______________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы)
Жеке ишкер (жеке жак) үчүн _________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, юридикалык жана почта дареги)
_________________________________________________________________________________________.
(инфратүзүмдүн тейлөө кызматтарын көрсөтүү келишиминин номери жана датасы (эгер болсо)
__________________________________________________________________________________________
Билдирмеге тиркелген төмөндөгү _______ барак ____________ нуска документтин (маалыматтын)
толуктугун жана ишенимдүүлүгүн ырастайм:
1. ______________________________________________________________________________________;
2. ______________________________________________________________________________________.
____________________________ |
| ________________________ |
(ташуучунун колу) |
| (мөөрдүн орду) |
|
| Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартибине 2-тиркеме |
Жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн кызмат көрсөтүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Бул, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге, "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан Жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн кызмат көрсөтүү эрежелери (мындан ары - Кызмат көрсөтүү эрежелери) менен жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн (мындан ары - инфратүзүм) кызмат көрсөтүүлөрү чөйрөсүндөгү ташуучулардын же башка керектөөчүлөрдүн жана инфратүзүм операторлорунун мамилелери, инфратүзүмдүн участокторунун чек араларында инфратүзүм кызматтарын көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары, мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси, ташуу процессин диспетчерлөөнүн жана инфратүзүм участокторунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бөлүштүрүүнүн бирдей принциптери, келишимдердин маанилүү шарттары, инфратүзүмдүн операторлорунун, ташуучулардын жана керектөөчүлөрдүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги аныкталат.
2. Бул Кызмат көрсөтүү эрежелеринин максаты үчүн "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган терминдер, ошондой эле төмөндөгү терминдер колдонулат:
ташууларды оперативдүү пландаштыруу - техникалык ченемдерди, кыймылдар графигин жана поезддерди түзүү планын аткарууну, конкреттүү мезгилде кыймылдуу курамды жана участоктордун жана станциялардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн сарамжалдуу пайдаланууну шарттаган пландаштыруу;
кезексиз поезддер - поезддердин кыймылына болгон тоскоолдуктарды жоюу, күтүүсүз иштерди аткаруу жана транспорт каражаттарын тийиштүү жайгаштыруу үчүн арналган, поезд кыймылдарынын графиги менен каралбаган поезддер (калыбына келтирүүчү жана өрт өчүрүүчү поезддер, кар тазалагычтар, вагондору жок локомотивдер, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам);
ташуу процессин диспетчерлөө - оперативдүү шарттарда поезддердин кыймылын жана маневр ишин контролдоо, башкаруу процесси;
ташууларды пландоо - түзүлгөн келишимдерге ылайык белгиленген мезгилде (жыл, ай, сутка) объекттерде (участоктордо жана станцияларда) ташуулардын планын иштеп чыгуу;
поезддердин кыймылынын суткалык планы - ташуу процессин диспетчерлөө жана пландалган суткада поезддердин кыймылын уюштуруу үчүн инфратүзүмдүн оператору тарабынан түзүлгөн документ;
ташууларды техникалык ченемдөө - материалдык, эмгектик жана финансылык ресурстарды азыраак чыгымдоо менен ташууга жана кызмат көрсөтүүгө заказды так аткаруу максатындагы ташуу процессин сарамжалдуу уюштуруунун методу;
техникалык план - ташуулардын жыйынды планынын жана ташуулардын техникалык пландарынын негизинде инфратүзүмдүн оператору тарабынан түзүлгөн документ.
2. Инфратүзүм оператору көрсөтүүчү инфратүзүм тейлөө кызматтары
3. Ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн негизги жана кошумча кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмеси бул Кызмат көрсөтүү эрежелеринин 1-тиркемесине ылайык ишке ашырылат. Ташуучу менен макулдашуу боюнча улуттук ташуучу бул Кызмат көрсөтүү эрежелеринин тиркемесинде көрсөтүлбөгөн, тизмеси улуттук ташуучу тарабынан аныктала турган ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүк башка кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу.
4. Ташуу процесси менен байланыштуу инфратүзүмдүн тейлөө кызматтарынын тизмеси инфратүзүмдүн оператору тарабынан аныкталат.
5. Инфратүзүмдүн тейлөө кызматтары "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоо менен жана бул Кызмат көрсөтүү эрежелеринде белгиленген тартипте көрсөтүлөт.
6. Инфратүзүмдүн тейлөө кызматтарынын операцияларынын (иштеринин) тизмеси ташуу процессинин технологиялык өзгөчөлүктөрүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген коопсуздук талаптарын эске алуу менен инфратүзүмдүн оператору тарабынан аныкталат.
7. Инфратүзүмдүн тейлөө кызматтары жөнүндө маалымат инфратүзүмдүн оператору тарабынан анын расмий сайтында жайгаштырылат.
3. Инфратүзүмдүн тейлөө кызматтарын көрсөтүүнүн эрежелери
8. Ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн тейлөө кызмат көрсөтүүсү төмөндөгү ташууларды уюштуруу жана ишке ашыруу процесстеринин алкагында инфратүзүмдүн операторунун жана ташуучунун өз ара аракеттенүүсүн карайт:
а) ташууларды пландаштыруу жана нормалоо;
б) ташууларды бир айлык жана оперативдүү пландаштыруу;
в) келишимдин алкагында ташууларды ишке ашыруу;
г) ташуу процессин жүргүзүүдө маалыматтарды (дайындарды) алмашуу.
9. Ташууларды пландаштыруу жана нормалоо, ташуулардын көлөмдөрүн жана поезд кыймылдарынын графигин өзгөртүү Темир жол транспортунун кызматтарына мүмкүндүк алууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартибинин 1-тиркемесинде айтылган бул Кызмат көрсөтүү эрежелеринде (мындан ары - Пайдалануу эрежелери) аныкталган, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык тартипте ишке ашырылат.
10. Ташууларды оперативдүү пландаштырууда инфратүзүмдүн оператору менен ташуучулары поезд кыймылдарынын бекитилген суткалык планын (поезддердин кыймылынын графигин) жана макулдашылган техникалык планды, анын ичинде Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталган мамлекеттер аралык кошулган пункттарда поезддерди, вагондорду алмашуу планын аткарышат.
11. Инфратүзүмдүн оператору ташуучу менен эксплуатациялык иштерди, анын ичинде кабыл алуунун жана жөнөтүүнүн, инфратүзүмдүн участоктору боюнча поезддерди өткөрүүнүн технологиясын, маневрдук ишти уюштуруунун, темир жол станцияларында поезддерди ажыратуунун жана кураштыруунун технологиясын жана вагон агымдарын уюштурууда инфратүзүмдүн операторунун жана ташуучунун өз ара аракеттенүүсүнүн технологиясын аныктайт.
12. Ташуу процессин диспетчерлөөнүн жана инфратүзүмдүн өткөрүү жөндөмүн бөлүштүрүүнүн бирдей принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
а) инфратүзүмдүн тейлөөчү участогунда поезд кыймылдарын бир диспетчердин башкаруусу;
б) поезд кыймылдарынын графигинде камтылган технологиялык нормаларды жана ченемдерди, эксплуатациялык иштердин технологиялык процесстерин жана техникалык ченемдерин аткаруу;
в) поезддердин кыймылынын коопсуздугун жана кызматкерлердин эмгегин коргоону камсыздоо;
г) диспетчердин кыймылдын кезегин берүүсү.
13. Ташуу процессин диспетчерлөө инфратүзүмдүн участокторунда поезддерди коопсуз өткөрүүнү камсыздоо максатында инфратүзүм оператору тарабынан ишке ашырылат.
14. Ташуу процессин диспетчерлөө поезд кыймылдарынын суткалык планы менен бекитилген поезд кыймылдарынын графигине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ишке ашырылат.
15. Поезддерди кабыл алуу, жөнөтүү жана өткөрүү, темир жол кыймылдуу курамын же инфратүзүмдүн участогунда пайдаланылуучу өзү жүрүүчү техниканы маневрдук жылдыруу процесстери инфратүзүмдүн оператору тарабынан жөнгө салынат.
Аталган процесстерге карата, анын ичинде поезддердин кыймылынын коопсуздугунун талаптарын, поезддердин кыймылынын графигинин ченемдерин, инфратүзүмдүн ээсинин линиялык бөлүнүштөрүнүн ишинин технологиялык процесстерин камсыздоого тиешелүү улуттук ташуучунун тескемелери (көрсөтмөлөрү) ташуу процессинин бардык катышуучулары үчүн милдеттүү.
16. Ташуу процессин ишке ашыруу максатында инфратүзүмдүн оператору жана ташуучулар маалымат алмашуу үчүн инфратүзүмдүн операторунун маалымат тутумдарын пайдаланышат.
Негизги маалыматка карата кошумча маалымат инфратүзүмдүн оператору тарабынан ташуучуга өзүнчө келишимдердин негизинде берилет.
17. Инфратүзүмдүн оператору төмөндөгү учурларда түзүлгөн келишим болгондо ташуучуга, башка керектөөчүгө инфратүзүмдүн тейлөө кызматтарын көрсөтүүдөн баш тарта алат:
а) темир жол транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык, ташуулар токтотулса же чектөөлөр киргизилсе, анын ичинде жүктөрдү, жол жүктөрдү жана таңгакталган жол жүктөрдү ташып келүү жана (же) ташып чыгаруу чектелсе;
б) штаттан тышкаркы кырдаалдардын натыйжасында инфратүзүмдүн тейлөө кызматтарынын мүмкүн эместиги;
в) кезексиз поезддер менен ташууларды ишке ашырууда;
г) улуттук коопсуздук коркунучтарынын пайда болушу же өзгөчө кырдаалдардын, күч жеткис жагдайлардын, аскердик аракеттердин, блокаданын, эпидемиянын же инфратүзүмдүн операторунан жана ташуучулардан, башка керектөөчүлөрдөн көз каранды болбогон жана келишимге ылайык милдеттенмелерди аткарууга тоскоол болгон башка жагдайлардын пайда болушу.
18. Ташуучуга бул Кызмат көрсөтүү эрежелеринин 17-пунктунда каралган учурларда инфратүзүмдүн тейлөө кызматтарын көрсөтүүдөн баш тартууда инфратүзүмдүн оператору ага милдеттенмелерди аткаруунун мүмкүн эместиги жөнүндө кабарлайт.
19. Инфратүзүмдүн оператору поезддердин кыймылынын графигинен четтөө менен бараткан же бул графикте каралбаган поезддерди өткөрүүнү уюштуруу боюнча керектүү чараларды көрөт.
4. Келишим жана анын маанилүү шарттары
20. Инфратүзүмдүн тейлөө кызматтары инфратүзүмдүн операторунун жана ташуучунун ортосунда түзүлүүчү келишимдин негизинде көрсөтүлөт.
21. Эгерде келишимди колдонуу мезгилинде ташуучу берген, Пайдалануу эрежелеринин 19 жана 20-пункттарында көрсөтүлгөн жана келишим менен каралган маалыматтын туура эместиги аныкталса, инфратүзүмдүн оператору кабарлоо жөнөтүү аркылуу аны бир тараптуу тартипте бузууга укуктуу. Мында инфратүзүмдүн оператору ташуучунун алдында (жарандык, материалдык) жоопкерчилик тартпайт.
22. Ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн тейлөө кызматтарын көрсөтүүгө келишимден келип чыккан ташуучунун талап кылуу укуктарына макул болууга тыюу салынат.
23. Келишимде төмөндөгү маанилүү шарттар камтылышы керек:
- тараптардын аталышы;
- келишимдин предмети (кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү, инфратүзүмдүн участокторунун өткөрүү жөндөмүнүн үлүшү жана ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн кызматтарын көрсөтүү учурунда инфратүзүм участоктору);
- инфратүзүмдүн тейлөө кызматтарынын шарттары жана мөөнөттөрү;
- инфратүзүмдүн тейлөө кызматтарынын баасы же аны аныктоонун тартиби (эсептөөлөрдүн тартиби, төлөөнүн жолдору, төлөөчү валюта);
- тараптардын укуктары жана милдеттери;
- тараптардын жоопкерчилиги;
- форс-мажордук жагдайлар (күч жеткис жагдайлар);
- поезддердин кыймылынын жана маневрдук иштердин коопсуздугун милдеттүү камсыздоо менен тараптар үчүн керектүү башка шарттар;
- колдонуу мөөнөтү, келишимди колдонууну токтотуунун (бузуунун) негиздери жана тартиби.
24. Келишимди түзүү алдында ташуучу же керектөөчү инфратүзүмдүн операторуна документтердин, анын ичинде жактардын келишимдерди түзүүгө ыйгарым укуктарын ырастоочу документтердин жана уюштуруу документтеринин талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттенет.
25. Кошумча билдирмени берүүдө бул кызматтарды көрсөтүүгө түзүлгөн келишим болгондо ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүм операторунун жана ташуучунун ортосунда инфратүзүм тейлөө кызматтарына карата бир жолку келишим түзүлүшү мүмкүн.
5. Ташуучунун, башка керектөөчүнүн, инфратүзүм операторунун укуктары жана милдеттери
26. Ташуучунун жана керектөөчүнүн укуктары:
а) жайылтууга жана (же) берүүгө чектөө киргизилген маалыматтарга карата белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен бул Кызмат көрсөтүү эрежелерине жана Инфратүзүмдүн тейлөө кызматтарынын мүмкүндүгүнүн эрежелерине ылайык, ташууларды уюштуруу, ташуу процесси менен байланыштуу ишти жүргүзүү үчүн керектүү маалыматтарды алуу;
б) инфратүзүм кызматтарынын мүмкүндүгүн алуу жана бул тейлөө кызматтарын поезд бараткан жолдо да алуу.
27. Ташуучу жана керектөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) инфратүзүмдүн операторуна инфратүзүмдүн кызматтарын көрсөтүү үчүн керектүү маалыматтарды жана документтерди берүүгө;
б) инфратүзүмдүн операторуна ташуу процесси менен байланыштуу кыймылдын коопсуздугунун жана транспорттук жана башка техникалык каражаттарды пайдалануунун талаптарын бузууга алып келе турган окуялар жана жагдайлар жөнүндө билдирүү, ошондой эле аларды жоюу (алдын алуу) боюнча чараларды көрүүгө;
в) ташуучуга, башка керектөөчүгө белгилүү болгон, улуттук коопсуздукка тиешелүү, инфратүзүмдүн операторунун коммерциялык сырын түзгөн маалыматтарды белгиленген тартипте коргоону камсыздоого;
г) инфратүзүмдүн тейлөө кызматтарынын акысын, ошондой эле башка тиешелүү төлөмдөрдү белгиленген көлөмдө жана мөөнөттө төлөөгө;
д) өзүнчө келишимдер менен каралбаган, вагондорду (поезддерди) кайра дислокациялоо (жылдыруу) жана (же) ташуучулардын темир жол кыймылдуу курамынын темир жол станцияларында же локалдуу инфратүзүмдө токтоп туруусуна байланыштуу инфратүзүмдүн оператору тарткан чыгымдардын ордун толтурууга;
е) инфратүзүмдүн операторуна инфратүзүм тейлөө кызматтарынан баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоого;
ж) инфратүзүмдүн операторуна жана (же) үчүнчү жактарга келтирилген зыяндын ордун толтурууга;
з) ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн тейлөө кызматтарын пайдаланууда төмөнкүлөрдү камсыздоого:
- ташуу процесси жана инфратүзүмдүн операторунун ички документтери менен байланыштуу кыймылдын коопсуздугунун жана транспорттук жана башка техникалык каражаттарды пайдалануунун талаптарын сактоого;
- жүктөрдү, анын ичинде габариттик эмес жүктөрдү темир жол аркылуу ташуулардын шарттарын макулдашуу жана сактоого;
- макулдашылган көлөмдө жана темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн участокторунун өткөрүү жөндөмүнүн жана (же) жүктүн жүрүү каттамы боюнча темир жол станцияларынын кайра иштетүү жөндөмүнүн башка параметрлерине (шарттарына) ылайык ташууларга;
и) келишим менен белгиленген башка милдеттерди аткарууга.
28. Инфратүзүмдүн оператору төмөнкүлөргө укуктуу:
а) кыймылдын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө, анын ичинде:
- инфратүзүмдүн участокторунда поезддердин кыймылынын ылдамдыгын убактылуу жана туруктуу чектөөлөрдү белгилөөгө;
- автоматтык жана визуалдык көзөмөлдөө каражаттары поезддин жүрүшүндө темир жол кыймылдуу курамынын кыймылдын коопсуздугуна коркунуч келтирген техникалык жана коммерциялык бузулууларды аныктаган учурда темир жол станциясында, эки станциянын аралыгында поезддин кыймылын токтотууга;
- поезддердин кыймылына тоскоолдук кылган кырдаалдар пайда болгондо инфратүзүмдүн ишин калыбына келтирүү үчүн ташуучунун ресурстарын (темир жол кыймылдуу курамы, персонал) пайдаланууга;
- ташуучуга поезддердин кыймылынын коопсуздугунун талаптарын, поезддердин кыймылынын графигинин ченемдерин, поезддерди түзүүнүн планын жана тартибин, инфратүзүмдүн ээсинин тилкелик бөлүнүштөрүнүн ишинин технологиялык процесстерин камсыздоого тиешелүү тескемелерди берүүгө;
- ташуучунун жумушчулары поезд кыймылдарынын коопсуздук жана маневрдук иштеринин талаптарын бузган учурда аларды четтетүүгө;
б) инфратүзүмдүн оператору белгилеген тартипте, кыймылдын ченемдик графигин жана жүк поезддеринин расписаниесин өзгөртүүгө;
в) ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүм тейлөө кызматтарына келишимди түзүү баскычында ташуучудан кыймылдуу курамды күбөлөндүрүү актысын талап кылууга;
г) кабарлоо жөнөтүү аркылуу (үч жумушчу күндүн ичинде), ташуучу поезд кыймылдарынын графиги жана келишим менен белгиленгенге салыштырмалуу азыраак көлөмдө инфратүзүмдүн участогунун (графиктин бөлүгүнүн) өткөрүү жөндөмүнүн бөлүнгөн үлүшүн пайдалануу учурунда, инфратүзүмдүн участокторунун өткөрүү жөндөмүнүн бөлүнгөн үлүшүн өзгөртүү бөлүгүндө, ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөр келишимине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бир тараптуу тартипте киргизүүгө;
д) ташуучу инфратүзүмдү келишимдин шарттарын бузуу менен пайдаланган учурда токтото туруу үчүн бош жол мүмкүнчүлүктөрү бар темир жол станциясында же локалдуу инфратүзүмдө темир жол кыймылдуу курамын кайра дислокациялоо (жылдыруу) жана токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алууга;
е) инфратүзүмдүн операторунан (ээсинен) көз каранды болбогон себептер боюнча (үчүнчү жактардын күнөөсү боюнча, анын ичинде коңшу (чектеш) темир жол администрацияларынын жана (же) тийиштүү инфратүзүмдөрдүн ээлеринин) күнөөсү боюнча, мындай фактыларды келишимдин шарттарын бузуу деп таануусуз, ташуучуга, башка керектөөчүгө инфратүзүмдүн тейлөө кызматтарын көрсөтүүдөн баш тартууга;
ж) жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурларда, ошондой эле өзгөчө абалды киргизүүдө жана кабарлоо багытында ташууларга тоскоолдук кылган башка жагдайларда бир тараптуу тартипте темир жол каттамынын белгилүү багыттарында ташуулар менен байланыштуу кызматтарды көрсөтүүнү убактылуу токтотуу же толук эмес көлөмдө кызматтарды көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
з) штаттан тышкаркы кырдаалдар пайда болгон учурда инфратүзүмдү калыбына келтирүү үчүн графиктин бөлүштүрүлгөн түйүндөрүн керектүү мөөнөткө токтотуп туруу менен инфратүзүм мүмкүндүгүн чектөөгө;
и) мыйзамда жана түзүлгөн келишимдерде белгиленген башка укуктарды ишке ашырууга;
к) ташуучу тарабынан берилген кыймылдуу курамды комиссиялык күбөлөндүрүүнү өткөрүүгө.
29. Инфратүзүмдүн операторунун милдеттери:
а) инфратүзүмдүн тейлөө кызмат көрсөтүүлөрү үчүн зарыл маалыматтарды жана документтерди кабыл алуу жана кароо;
б) жайылтууга жана (же) берүүгө чектөө киргизилген маалыматтарга карата белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен, бул Кызмат көрсөтүү эрежелерине жана Пайдалануу эрежелерине ылайык ташуучуларга, башка керектөөчүлөргө ташууларды уюштуруу, ташуу процесси менен байланыштуу ишти жүргүзүү үчүн керектүү маалыматтарды берүү;
в) Пайдалануу эрежелерине ылайык, инфратүзүм участокторунун техникалык жана технологиялык жөндөмдүүлүктөрүнүн алкагында инфратүзүм участокторунун өткөрүү жөндөмүн бөлүштүрүү;
г) кызмат көрсөтүүнүн макулдашылган мөөнөттөрү жана шарттары өзгөртүүгө дуушар болгон учурда ташуучуга, керектөөчүгө поезд кыймылдарынын графигиндеги өзгөрүүлөр жөнүндө келишимде каралган мөөнөттө жана тартипте маалымдоо.
6. Талаштарды чечүү
30. Ташуучулардын же башка керектөөчүлөрдүн жана инфратүзүм операторлорунун ортосундагы пайда болгон талаштар сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
31. Макулдашууга жетишилбеген учурда талаш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук тартипте каралууга тийиш.
|
| Жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн кызмат көрсөтүү эрежелерине 1-тиркеме |
Ташууларды ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдүн негизги жана кошумча кызмат көрсөтүүлөрүнүн ТИЗМЕСИ
1. Поезддердин кыймылын (жүрүшүн) ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдү берүү жана зарыл иштерди аткаруу.
2. Маневрдук кыймылдар үчүн инфратүзүмдү берүү жана зарыл иштерди аткаруу.
3. Поезд кыймылдарынын коопсуздугун жана ташылуучу жүктөрдүн, багаждын жана жүк багажынын сакталышын камсыздоого багытталган техникалык жана коммерциялык тейлөө (көзөмөлдөө) боюнча кошумча кызмат көрсөтүүлөр.