Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-мартындагы № 191 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2017-2021-жылдарга карата ПРОГРАММАСЫ
1. Жалпы жобо жана максаттар
Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2017-2021-жылдарга карата программасы (мындан ары - Программа) тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүүнүн көйгөйлүү маселелерин чечүүнү, ресурстук жана финансылык камсыздоону, ошондой эле Программанын иш-чараларын аткаруу механизмдерин жана алардын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн камтыйт. Программа Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы "2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн, экспорттук потенциалды көбөйтүүнүн алкагында кабыл алынган токтомдору менен буйруктарын, ошондой эле жакшы тамактануу талаптарына жооп берүүчү сунушталган азык-түлүк керектөөнүн нормаларын жана өлкөнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган ведомстволук максаттык программаларды эске алуу менен иштелип чыккан.
Программанын негизги максаты - азык-түлүк жана сырьелук ресурстардын ички булактарын туруктуу өнүктүрүүгө жетишүү менен тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жайды өнүктүрүү аркылуу өлкөнүн калкын сапаттуу жана коопсуз тамак-аш азыктары менен кепилдүү жана туруктуу камсыздоо болуп саналат.
Программа өнөр жайды модернизациялоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, финансылык-экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө, республиканы 2021-жылга чейинки социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын ишке ашырууга көмөктөшүүгө арналган.
2021-жылы 2014-жылдын денгээлине салыштырмалуу тамак-аш азыктарын өндүрүү 3-4%дык орточо жылдык өсүү темпи менен 1,3 эсеге жогорулашы керек. Мында эт жана сүт азыктарын, кант жана жашылча- жемиш азыктарын өндүрүү темпинин көбөйүшү белгиленип жатат. Өндүрүштүк кубаттуулуктарды пайдалануунун коэфициенти 45 пайызга жетүүсү зарыл.
2. Азыркы абалдын анализи
2014-жылдын жыйынтыгында республикада тамак-аш жана кайра иштетүү тармагынын өнөр жай өндүрүшүндөгү салыштырма салмагы 14,5% жетсе, 2015-жылы - 12,8% болгон. Азыркы учурда тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайында 326 юридикалык жакты жана 5900дөн ашык жеке жакты камтыган 18 тармак бар.
Кайра иштетүү өнөр жайындагы ишканалар 2015-жылы 23129,3 млн. сом суммада продукция өндүрүшкөн, бул 2014-жылга салыштырганда 6,7% аз, ал эми 2016-жылы 2015-жылга салыштырганда 12,1% көбүрөөк өндүрүлгөн.
Тамак-аш продуктуларын өндүрүү көлөмүнүн көбөйгөнүнө карабастан айыл чарба продукциясынын жана азык-түлүктүн айрым түрлөрү боюнча өлкөнүн импортко көз карандылыгы жогору бойдон калууда.
Экономиканын аталган секторунда ишканаларды инновациялык технологиялардын негизинде техникалык кайра жабдуу, өндүрүштү диверсификациялоо жана атаандаштыкка татыктуу продукцияларды чыгаруу ишке ашпай калгандыгын иликтөө көрсөтүүдө жана бул абалды экспорттук көлөмдүн азайып кетүүсү көрсөтүп турат.
Тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканалардын материалдык техникалык базасынын начардыгы жана тез бузулуучу сырьелорду жана азыктарды сактоочу, ташуучу, муздатуучу инфратүзүмдөрдүн өнүкпөгөндүгү баштапкы сырьелорду комплекстүү кайра иштетүүгө жана аларды оптималдуу шартта сактоого мүмкүндүк бербейт жана алардын сапатына терс таасир берип кошумча чыгымдарга, коопсуздуктун жана сапаттын начарлашына алып келүүдө.
Өндүрүшкө идиштердин заманбап түрлөрүн киргизүү деңгээли продукциянын сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу, товар жүгүртүү процессин оптималдаштыруу маселелерин чечүү үчүн жетишсиз.
Уюмдарда жетиштүү финансылык каражаттын жоктугу ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүүнү, өндүрүштү диверсификациялоону кечиктирип жатат.
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы тармагына мүнөздүү болгон негизги системалык көйгөйлөр болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн тийиштүү сапаттагы менен айыл чарба азыктарынын жетишсиздиги;
- технологиялык жабдуулардын моралдык жана физикалык эскилиги, өндүрүштүк кубаттуулуктун жетишсиздиги;
- тамак-аш азыктарын өндүрүүчүлөрдүн ички жана тышкы керектөө базарларындагы атаандаштыгынын начарлыгы;
- тамак-аш продукцияларды сактоо, ташуу жана логистика инфратүзүмдөрүнүн өнүкпөгөнү;
- экспорттук көйгөйлөр.
Инфратүзүмдү өнүктүрүү жана азык-түлүк тайпасындагы товарларды логистикалык камсыздоо маселелерин чечүү 2021-жылга карата айыл чарба продукцияларынын товардуулугун 5%га жогорулатууну камсыздайт.
Ошондой эле, айыл чарба азыктарын өнөр жайлык кайра иштетүүнүн натыйжасында пайда болуучу экинчи тайпадагы ресурстардын көпчүлүк бөлүгү натыйжалуу пайдаланылбай жатат. Тамак-аш жана кайра иштетүү тармагынын калдыктарын кошумча ресурстарды иштеп чыгаруу үчүн пайдаланууну көбөйтүү керек, бул өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууну камсыздайт жана айлана-чөйрө үчүн зыяндуу таасирлерди азайтат.
3. Тармактык максаттык программалар жана көйгөйлүү маселелерди чечүүнү камсыздоочу иш-чаралардын комплекси
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында тармактык кичи программаларды иштеп чыгуу практикасы артыкчылыкка ээ болот.
3.1. Кант тармагы
Азыр республиканын аймагында бир завод - "Кайыңды кант" ачык акционердик коому (мындан ары - ААК) иштеп жатат, калган үч завод ар кандай себептер менен токтоп турат. 2017-жылы Чүй облусундагы "Кошой" ААК ишке киргизүү пландаштырылган.
Тармакты өнүктүрүү үчүн Чүй жана Талас облустарында кант кызылчасын себүү аянтын 20 миң гектарга чейин жеткирүү керек. Орто эсеп менен түшүм гектарына 45 тонна болсо, дүң түшүм 900 миң тонна болуп, эки заводдун персоналын иш менен камсыздайт.
Республиканын калкынын бекитилген нормалар боюнча кум шекерди керектөөсү 145,0 миң тоннаны түзөт.
Ички керектөө базарынын талабы импорттун эсебинен гана толукталууда. 2014-жылы 95,1 миң тонна кант импорттолгон.
Ошону менен бирге, "Кайыңды-Кант" ААК тарабынан өндүрүлгөн кант Кыргызстанда өлкөнүн керектөөсүнүн 20%ын гана канааттандырат жана базардагы канттын баасы импорттук товар менен жөнгө салынат.
Сүрөт. Өндүрүлгөн канттын көлөмдөрү (миң тонна)
Ырааттуу мамлекеттик саясат кант кызылчасын өстүрүүчүлөр менен кант заводунун ортосунда өз ара пайдалуу өнөктөштүктү жаратты. Бул 2009-жылдан 2014-жылга чейинки мезгилде 1 тонна кант кызылчасын сатып алуу баасын 850 сомдон 3100-3200 сомго чейин көбөйтүүгө жана иштетип берүү келишими боюнча 1 тонна кант кызылчасына 70 кг кум шекер берүүнүн ордуна 74-77 кг кум шекерге чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берди.
Тармакты өнүктүрүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү зарыл:
- кант кызылчасынын түшүмдүүлүгүн көбөйтүү, модернизациянын эсебинен эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу;
- кызылчанын майнаптуураак сортторун өстүрүү, натыйжалуу каражаттар менен тазаланган сертификатталган үрөндөрдү пайдалануу;
- иштеп жаткан ишканаларды реконструкциялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу, иштебей турган ишканаларды жандандыруу, реконструкциялоо;
- чийки кант сырьесунан кант иштеп чыгарууну кайра баштоо.
3.2. Сүт тармагы
Акыркы жылдары сүттү кайра иштетүү өнөр жайынын туруктуу өнүгүп бараткан жана атаандаштыкка жарактуу тармагы болуп калды. Сүттү иштетүүчү ишканалардын кубаттуулугу толук пайдаланылбай калууда. Бул ую бар жана сүттү көп өндүрүүчү фермерлер менен дыйкандар сүттөрүн кайра иштетүүчү ишканаларга эмес, ветеринардык жана санитардык талаптарды бузуу менен түздөн-түз керектөөчүлөргө сатып жаткандыгы менен түшүндүрүлөт.
Ишканалар сүт азыктарын иштеп чыгарып, аларды экспортко ийгиликтүү сатып жаткандыгын белгилеп кетүү керек.
2009-2015-жылдарда өндүрүлгөн продукция (тонна)
Аталышы | 2009 | 2010 | 2011 | 2012 | 2013 | 2014 | 2015 |
Иштетилген суюк сүт | 22099,4 | 27037,4 | 19640,5 | 13035,3 | 21046,5 | 30707,9 | 31615,8 |
Сүт жана катуу формадагы каймак | 1338,3 | 3188,6 | 2998,4 | 2182,3 | 1954,1 | 2310,3 | 1758,9 |
Каймак май | 10982,7 | 4212,3 | 2033,1 | 2168,4 | 1991,1 | 2214,2 | 2112,7 |
Сырдын бардык түрлөрү | 2606,9 | 3574,4 | 3741,8 | 2996,4 | 3256,0 | 3176,7 | 3615,7 |
Балмуздак | 3628,4 | 3524,4 | 4781,9 | 4722,4 | 4594,7 | 3475,1 | 3218,1 |
Сүт тармагын өнүктүрүүгө кедерги болгон көйгөйлөргө төмөнкүлөр кирет:
- сүттү иштетүүчү ишканалар сүттүн курамын жана сапатын анализдеп сүттү кабыл алуучу пункттардын тармагын өнүктүрүүгө муктаж;
- ветеринардык тейлөөнүн начардыгы;
- сүттүн жана сүт азыктарынын сапатын аныктоочу, аккредиттелген лабораториялардын жоктугу.
Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- ченемдик укуктук базаны иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү менен ири бирикмелерди же бирикмелердин башка формаларын түзүү;
- иштебей турган ири сүт комбинаттарын модернизациялоо жана заманбап технологиялар менен жабдылган жаңы сүт комбинаттарын куруу үчүн инвестицияларды тартуу;
- элет жергесинде сүт чогултуучуларга патенттик салык төлөө системасын киргизүү (ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу).
3.3. Ун тартуу тармагы
Ун тартуу тармагы, кубаттуулугу суткасына 80-250 тоннаны түзгөн ири ун комбинаттардан, кубаттуулугу суткасына 30-80 тонна болгон орто ун комбинаттардан жана кубаттуулугу суткасына 1-30 тонна болгон чакан тегирмендерден турат.
Сүрөт. Өндүрүлгөн ундун көлөмдөрү (миң тонна)
Республиканын калкынын ундан жасалуучу продуктуларды жылдык орточо керектөөсү бекитилген орточо физиологиялык нормалар боюнча эгинге айлантып эсептегенде 1 кишиге жылына 115,3 кг түзөт, иш жүзүндө тармак республиканын унга болгон керектөөсүн толук камсыздайт.
2014-жылы буудайдын дүң жыйымы 1056,7 миң тоннаны түздү. Ошол эле учурда ундун өндүрүлүшү 445,2 миң тоннаны түздү.
Ата мекендик эгин өндүрүүдөгү көйгөйлөрдүн бири өзүбүздүн буудайдын клейковинасынын аз экенинде. Нан бышыруудагы сапаттык көрсөткүчтөрү төмөн, клейковинасы 20%дан кем болгондугунан биздин республикада өстүрүлгөн буудай ун тартуучу ишканаларда пайдаланылбайт.
2014-жылы 449,4 миң тонна, 2015-жылы 333,8 миң тонна буудай импорттолгон. Импорттук буудайдын көлөмү ун өндүрүү тармагында 70-80%ды түзөт. Ата мекендик буудайды элет жергесиндеги тегирмендер гана пайдаланышат. Жогорку сапаттагы макарон азыктарды жасоо үчүн Казакстанда өстүрүлгөн буудай гана пайдаланылат.
Республикада аштык буудай керектүү көлөмдө өстүрүлгөнүнө карабастан, тармак импорт буудайга бир топ көз каранды, жана ички базардын арзан баадагы импорт ун менен толтурулганы республиканын экономикасына терс таасирин тийгизип, тышкы соодалык баланста терс сальдо жылдан-жылга көбөйүүдө.
Көрсөтүлгөн максаттарды камсыздоо үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- дан өсүмдүктөрүнүн үрөндүк фондун жакшыртуу менен өндүрүлгөн буудайдын сапатын жогорулатуу;
- ун-акшак азыктарын өндүрүүнү тартипке салуу, байытылган ундан жасалган азыктардын ассортиментин көбөйтүү, өздүк товарларды көбөйтүү жана коргоо чараларын колдонуу менен дан азыктарынан жасалган продуктулардын импортун азайтуу.
3.4. Нан бышыруу тармагы
Ишканалардын жабдуулары жана өндүрүү шарттары бардык талаптарга жооп берген заманбап нан бышыруучу жайлардан тартып тандырларга, ошондой эле, санитардык ченемдер сакталбаган чакан наабайканаларга чейин кескин түрдө айырмаланып турат. Алардын жалпы өндүрүүсү 2014-жылы 106,9 миң тоннаны түздү, бул 2013-жылдын деңгээлине карата 112,6% түзөт.
2009-2015-жылдарда жаңы бышырылган нандын өндүрүлүшү (миң тонна)
Аталышы | 2009 | 2010 | 2011 | 2012 | 2013 | 2014 | 2015 |
Жаңы бышкан нан | 109,2 | 111,7 | 108,5 | 109,2 | 94,9 | 106,9 | 101,4 |
Нандын социалдык маанисин эске алып, атаандаштыкты өнүктүрүүнүн негизинде нан бышыруучу сектордун иштөөсүнүн натыйжалуу шарттарын түзүү бул тармакты өнүктүрүүгө жана анын инвестициялык кызыктуулугун арттырууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Азыркы учурда нан бышыруу өнөр жайынын өнүгүүсүнө кедерги болгон төмөнкү көйгөйлөр бар:
- негизги өндүрүштүк фонддордун эскириши (50-80%);
- жергиликтүү сырьенун - ундун сапатынын начарлыгы;
- санитардык көзөмөлдүн деңгээлинин төмөндүгү.
3.5. Кондитердик тармак
Тармакта 11 ишкана ири ишканалардын разрядына кирет. Калгандары - негизинен ундан жасалган кондитердик азыктарды чыгаруучу кичи ишканалар болуп саналат.
2009-2015-жылдарда өндүрүлгөн кондитердик азыктардын көлөмү
Аталышы | 2009 | 2010 | 2011 | 2012 | 2013 | 2014 | 2015 |
Сухарь жана печенье (тонна) | 5519,8 | 5691,0 | 5290,0 | 4910,7 | 6664,2 | 7071,4 | 5879,2 |
Канттан жасалган кондитердик азыктар (миң тонна) | 1533,7 | 2066,5 | 2242,2 | 2132,9 | 1328,9 | 1314,1 | 1115,0 |
2015-жылы - 5,8 миң тонна сухарь жана печенье, 3,3 миң тонна торт жана ундан жасалган кондитердик азыктар, 1,0 миң тонна шекерден жана шоколаддан жасалган кондитердик азыктар өндүрүлгөн.
Андан тышкары, ири көлөмдөгү азыктарды чыгаруу менен ишканалар ири өлчөмдөгү сырьелор жана көмөкчү материалдардын (ун, кант, сүт, жумуртка, гофротара, этикетка материалдары) жана кызматтардын керектөөчүсү болуп жана кыйыр түрүндө ири өлчөмдөгү салыктарды төлөп жатышат.
Тармактын негизги көйгөйлөрү:
- кондитердик азыктардын импортунун көлөмүнүн көптүгү;
- шекердин баасынын кымбаттыгы;
- ата мекендик продукциянын атаандаштыгынын төмөндүгү.
Чыгарылып жаткан продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жарактуулугун жогорулатуу максатында иштеп жаткан ишканаларды реконструкциялоо жана модернизациялоо, продукциянын атаандаштыкка жарактуулугун жогорулатуу керек
3.6. Жашылча-жемиш тармагы
Жашылча-жемишти иштетүү тармагы Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроөнөр жай секторундагы экспорттук багыттагы тармактардын бири.
Азыркы күндө тармактын өндүрүү потенциалы 27 өнөр жай ишканаларына жана жылына жашылча-жемиш продукцияларын болжолдуу түрдө 127,0 млн. шарттуу банкаларды консервалоочу кубаттуулуктагы 27 өнөр жай ишканаларынан жана 300дөн ашуун кичи ишканаларга негизделген. Болгон кубаттуулукту натыйжалуу пайдаланган учурунда жылына 40,0 миң тоннага чейин мөмө-жемишти, 10,0 миң тонна жүзүмдү, 110,0 миң тонна томатты, 10,0 миң тоннага чейин жашылчаларды иштетүүгө болот.
2009-2014-жылдары иштеп чыгарылган азыктар
Аталышы | 2009 | 2010 | 2011 | 2012 | 2013 | 2014 | 2015 |
Жашылча-жемиш ширелери (миң литр) | 7628,3 | 6996,9 | 10326,2 | 11259,3 | 13035,1 | 11734,3 | 8656,1 |
Иштетилген жашылча-жемиш (тонна) | 2602,8 | 2573,3 | 3756,8 | 2529,3 | 2699,6 | 2701,2 | 4063,1 |
Бул тармактын жогорку экспорттук потенциалы жашылча-жемиш продукциясын экспорттоону жылына 20% чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Негизги экспорттук керектөө базары катары Казакстан жана Россия болуп эсептелет, алар экспорттун жалпы көлөмүнүн 65% сатып алышат.
Республика боюнча жашылча-жемиштерди иштетүүнүн салыштырма салмагы төмөн, 13-15% ашпайт. Кайра иштетүүчү ишканалар белгиленген өндүрүштүк кубаттуулукту негизинен 10% гана пайдаланышат. Мында 75% ишканалар чийки затты сатып алышат, 22% ишканалардын өз чийки заты бар жана 3% ишканалар чийки затты импорттошот.
Продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө ишканалардын финансылык мүмкүнчүлүгүнүн тартыштыгы, ошондой эле иштин мезгилдүү мүнөзү тоскоол болууда. Тармактын ишканалары коңшулаш мамлекеттердин чийки зат сатып алуучулары менен баа жагынан атаандаша алышпайт жана өстүрүлгөн жашылча-жемиштердин негизги көлөмү чийки зат түрүндө экспорттолот.
2014-жылы 242,7 миң тонна жашылча-жемиштер 108,8 млн. АКШ долларына экспорттолгон.
Жашылча-жемиш продукциясын иштетүү чөйрөсүндө төмөнкүдөй көйгөйлөр бар:
- иштетүүчү материалдык-техникалык базанын жана технологиянын эскилиги, кайра иштетүүчү ишканалардын финансылык каражаттарынын жетишсиздиги;
- чийки зат менен өнөр жайдын көлөмүндө камсыз болбогондук жана жер тилкелеринин жоктугунун негизинде өз сырьелук базанын жоктугу.
Тармакты өнүктүрүү үчүн төмөнкүлөр каралууда:
- иштеп жаткан кубаттуулуктарды модернизациялоонун эсебинен өндүрүлгөн продукциянын атаандаштыгын жогорулатуу;
- дыйканчылык продукцияларын кайра иштетүү жана жашылча- жемиш консерваларын өндүрүү боюнча жаңы заводдорду жана цехтерди куруу;
- ишканалардын өздүк сырьелук базаларын түзүү.
3.7. Эт тармагы
Эт жана эт азыктары көбүнесе технологиялык параметрлерге жана ветеринардык-санитардык ченемдерге ылайык келбеген продуктуларды чыгарган кичи ишканалар жана цехтер тарабынан өндүрүлүп келет. Мындан сырткары, бюджетке төлөмдөрдү азайтуу максатында алар өндүрүлгөн продукциянын нагыз көлөмүн жашырышат. Өндүрүлгөн эттин 93,0% кичи ишканалар тарабынан камсыздалат, ал эми ири ишканалар жүгүртүүчү каражаттарынын жоктугунан иштебей турушат.
Колбаса азыктарын, эт деликатестерди жана башка эт азыктарын өндүрүү активдүү көбөйүп жатканы байкалууда. Көп ишканалардын жекече соодалык маркалары бар жана алардын продукциялары ички базарда эле эмес, Казакстандын базарларында да өтүмдүү.
Сүрөт. Эт, тамак-аш субпродуктуларын жана колбаса азыктарын өндүрүү, (миң тонна)
Эт тармагында көмүскө экономика продукциянын өндүрүлүшүн жана сатылышын так эсепке алууну кыйындаткан терс фактор болууда. Өндүрүштүн, кайра иштетүү жана этти сатуу өндүрүшүнүн негизги көлөмү көпчүлүк жеке менчик кичи ишканаларда легалдаштырылган эмес.
Малды союу боюнча заманбап технологиялык базанын жоктугу эт багытындагы мал чарбанын өнүгүүсүн артка тарткан фактор болуп жана импорттолгон эттин ири көлөмдө киришине шарт түзүүдө.
Негизги көйгөйлөргө төмөнкүлөр кирет:
- малдын идентификациясы жана аймакты зоналаштыруунун жоктугу;
- эпизоотиялык абалдын начарлыгы, ага байланыштуу азыктарды сыртка чыгарууга кез-кези менен карантин киргизилип жатат;
- иштетүү, сактоо жана ташуу гигиенаны жана санитарияны одоно бузуу менен аткарылууда;
- эттин жана эт продукциясын көмүскө өндүрүүнүн жогорку деңгээли.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, эт өнөр жайын жакшыртуу максатында төмөнкүлөр зарыл:
- ири эт комбинаттарын кичи ишканаларга реконструкциялоо жана модернизациялоо үчүн инвестицияларды тартуу;
- шаарларда жана ири калктуу конуштарда жаңы технологиялык процесстерди киргизүү, этти алгачкы иштетүүчү жана коштоочу продукцияларды (тери, кыл субпродуктулар, кан, мүйүз жана туяк) чогултуучу касапкана пункттарын куруу;
- продукцияга химиялык-биологиялык анализ жасоо жана сапатын баалоо үчүн өндүрүштүк-технологиялык лабораторияларды түзүү;
- импорттолуп келүүчү этти киргизүүгө мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү.
3.8. Өсүмдүк майын өндүрүү
Азыркы учурда тармактын эң ири ишканалары болуп түштүк региондо "Дома Ата" ЖчК, "Гулам Ата" ЖчК, Чүй облусунда - "Арча" ЖчК, "Баяс" ЖчК эсептелет.
2014-жылы республикада өсүмдүк майын өндүрүүнүн көлөмү 13,9 миң тоннаны түздү, 2015-жылы - 13,8 миң тонна болгон. Рафинаддалган майды өндүрүүнүн үлүшү жалпы өсүмдүк майын өндүрүүнүн 2,5% түздү, бул болсо тармактын заманбап жабдуулар менен начар жабдылганын билдирет.
Тармактын негизги көйгөйү катары керектүү көлөмдөгү чийки затты иштетүүчү заманбап ишканалардын жоктугу эсептелет.
Ушуга байланыштуу идишке куюлган рафинаддалган өсүмдүк майын жана маргарин өндүрүүчү заманбап заводду курууга инвестицияларды салуу зарыл.
Өсүмдүк майын өндүрүүдөгү милдеттер жана негизги багыттар:
- тармактын материалдык-техникалык камсыздалышын жакшыртуунун эсебинен май чыга турган өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн өстүрүү;
- продуктулуу сортторду өстүрүү, сертификатталган үрөндөрдү пайдалануу;
- май өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн алдыңкы технологиялары боюнча илимий негизделген сунуштарды колдонуу.
Тармакты өнүктүрүүнүн максаттары төмөнкүлөр:
- май өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн 25 ц/га чейин жогорулатуу;
- россия селекциясындагы күн караманын жана казак селекциясындагы сафлордун жаңы сортторун өндүрүшкө киргизүү;
- керектүү айыл чарба техникалары менен камсыз кылуу.
3.9. Алкоголдук тармак
Алкоголь тармагы 47 ишканадан турат, анын ичинде 5 спирт заводу, арак ичимдиктерди өндүрүү боюнча 7 завод, коньяк жана вино ичимдиктерин чыгаруу боюнча 21 завод жана сыра чыгаруу боюнча 14 завод бар.
Алкоголдуу продукциянын өндүрүлүшү (миң дал)
Аталышы |
| ||||||
2009 | 2010 | 2011 | 2012 | 2013 | 2014 | 2015 | |
Этил спирти | 620,4 | 837,4 | 702,4 | 770,0 | 796,8 | 642,1 | 541,7 |
Арак | 1362,8 | 1198,7 | 1561,2 | 1552,2 | 1603,3 | 1294,3 | 891,6 |
Коньяк | 63,5 | 62,8 | 67,8 | 85,1 | 85,4 | 98,6 | 61,1 |
Вино | 163,7 | 185,7 | 170,8 | 74,9 | 145,6 | 132,7 | 156,7 |
Сыра | 1516,1 | 1800,2 | 2118,3 | 2187,9 | 2391,1 | 2707,3 | 2633,1 |
Алкоголдук тармакты мындан ары өнүктүрүү, ички жана тышкы рынокто ата мекендик алкоголдук продукциянын атаандаштыгына жетүү үчүн төмөндөгү көйгөйлөрдү комплекстүү чечүү керек:
- этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү рыногунда атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүү;
- алкоголдук продукциянын жана сыранын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү;
- буудайдын аштык сортторун айдоо аянттарын кеңейтүү, кара буудай жана кулмак өндүрүшүн өздөштүрүү;
- вино чыгаруучу ишканаларга жүзүм тигүү жана өстүрүү үчүн жерлерди узак мөөнөттүү ижарага берүү, каралбай калган жүзүмзарларды калыбына келтирүү жана жүзүмдүн жогорку сапаттуу техникалык сортторун сатып алуу үчүн аз пайыздуу максаттык кредиттерди берүү.
3.10. Алкоголсуз ичимдиктерди өндүрүү
Бүгүнкү күндө тармакта 48 ишкана иштейт.
2009-2015-жылдары ичимдиктердин өндүрүлүшү (миң литр)
| 2009 | 2010 | 2011 | 2012 | 2013 | 2014 | 2015 |
Минерал суулары | 20651,9 | 19580,7 | 22285,1 | 26592,4 | 35778,8 | 46736,3 | 36756,3 |
Алкоголсуз ичимдиктер | 48653,7 | 54376,6 | 79010,0 | 85118,1 | 195997,8 | 102241,7 | 101887,9 |
Акыркы жылдары Кыргызстандын сыра жана алкоголсуз ичимдиктер өнөр жайында орчундуу жакшы өзгөрүүлөр болду. Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү жана ассортименти көбөйдү.
Ата мекендик минералдык сууларды жана алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүчүлөрдүн кубаттуулугу анча чоң эмес жана рыноктун өзгөчөлүгү масштабдуу ишке кызыкдар эмес майда өндүрүүчүлөрдүн көптүгү менен шартталган, ошондуктан продукцияны экспортко чыгаруу үчүн аракеттер минималдуу. Бул дүйнөлүк стандарт боюнча негизги бөлүгү чакан бизнеске тиешелүү болгон ата мекендик ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүгүн өстүрүүгө тоскоолдук болууда.
Рынокто маркетинг менен "Шоро", "Артезиан" жана "Bear Beer" компаниялары гана иштешет. Башка өндүрүүчүлөр дүң алуучулар менен иштешет же өз дистрибьютердик тармактарын түзүү этабында.
Мамлекеттин негизги милдети бул ичүүчү суу жана минерал суунун, ошондой эле сыра продукциянын экспортун өнүктүрүүдө турат.
Бирок экспортту өнүктүрүү заманбап ишканаларды түзүү үчүн дүйнөлүк стандарттарга ылайык келген технологиялык жабдууларга, транспорттук инфраструктурага инвестицияны талап кылат.
Кыргызстандын минерал суу жана алкоголсуз ичимдиктер боюнча брендин таанытуу, Кыргызстандын мыкты ичүүчү жана минерал сууларын активдүү пропагандалоо боюнча зарылдык бар.
Ошондо Кыргызстан ичүүчү сууларын, минерал сууларын, алкоголсуз жана аз алкоголдуу улуттук суусундуктарын Европанын, Азиянын жана Жакынкы Чыгыштын, Индиянын, Кытайдын, Афганстандын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Израилдин жана башка өлкөлөрдүн рынокторуна чыгара алат эле.
4. Өнүктүрүү чаралары
Кайра иштетүү өнөр жайынын жаңы ишканаларын түзүү жана иштеп жаткандарын өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан ишканаларды региондук адистештирүүнү эске алуу менен жүргүзүлөт. Мында жаңы ишканаларды, иштеп жаткандарын жана токтоп тургандарын жайгаштыруу этап менен жүргүзүлөт.
Эл аралык стандарттардын жана Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарын түшүндүрүү жана иште колдонуу боюнча семинарлар жана тренингдер системалуу түрдө уюштурулат.
Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ), Дүйнөлүк соода уюмуна (мындан ары - ДСУ) мүчөлүгүнүн жана ички базардагы атаандаштык күчөп жаткан шартта, ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукция чыгаруу талаптары күчөп жатканда эл аралык стандарттар боюнча менеджмент системасы бар ишканалар гана атаандаштыкка туруштук бере алат.
Коюлган маселенин ийгиликтүү чечилиши кайра иштетүү өнөр жайын илимий жана инновациялык чечимдердин негизинде туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоого жараша болот.
Бул чөйрөдөгү негизги багыттар болуп, заманбап технологиялардын негизинде айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнү терең комплекстүү энергияны-ресурстарды үнөмдөө менен тереңдетип иштетүүнү камсыздоочу жаңы технологияларды жана жабдууларды киргизүү болуп саналат.
Өнүгүүнүн инновациялык тибине өтүү экономикалык өнүгүүнүн жаңы факторлорун киргизүүнү көздөйт, бул тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын жылына 2-3 пайыздык туруктуу өсүүчү траекторияга чыгуусун камсыздайт.
Глобалдык атаандаштыктын шартында өндүрүштүн натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү боюнча өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине жетүү өнөр жайды модернизациялоо, экспорттук багыттагы продукция чыгаруучу тармакты артыкчылыктуу өнүктүрүү менен гана ишке ашат.
Тамак-аш кайра иштетүү өнөр жайын инновациялык өнүктүрүү өндүрүшкө жеңилдетилген насыяларды берүү жана жеңилдетилген бюджеттик каражат берүү менен ишке ашат.
Мындай шартта биринчи 2 жылда (2017-2018-жылдары) төмөнкү маселелер чечилүүгө тийиш:
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын даяр продукция чыгаруучу, өзүн тез аранын ичинде актоочу тармактарын кеңейтүү;
- инвестицияларды тартуу үчүн ыңгайлуу инвестициялык климатты түзүү, ишкердик жана инвестициялык активдүүлүктү колдогон экономикалык институттарды түзүү;
- өндүрүштүн калдыктарын утилге чыгаруунун натыйжалуу системасын түзүү;
- заманбап технологияларды башкара алуучу орто жана төмөнкү звенодогу кадрларды даярдоо системасын камсыздоо.
Экинчи этапта (2019-2021-жылдары) төмөнкү маселелерди чечүү талап кылынат:
- тамак-аш өнөр жайында инновациялык технологияларды киргизүү, аларды кадрдык камсыздоо көйгөйүн чечүү;
- дүйнөлүк керектөө базарларына экспорттоону кеңейтүү, аны менен экономикалык өсүш үчүн зарыл шарттарды камсыздоо;
- энергияны үнөмдөөчү экологиялык коопсуз технологиялардын базасында өндүрүштү ургаалдуу техникалык модернизациялоону камсыздоо.
2021-жылга карата топтолгон технологиялардын жана инвестициялардын потенциалы экономикалык өсүштүн кыймылдаткыч күчү катары өнүгүүнүн инновациялык багытына таянуу менен тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын туруктуу өнүгүү тенденциясын сактоону аныктайт.
5. Программанын иш-чараларын каржылоо
Программанын иш-чаралары инвесторлордун каражаттарынан жана банктардын кредиттеринен, ошондой эле ишкерлердин каражаттарынан каржыланат, бюджеттин тартыштык шартында бул маанилүү.
Программанын кийинки кезектеги жылдардагы иш-чараларын донорлордун каржылоосунун өлчөмү кызыкдар тараптардын макулдашууларынын негизинде аныкталат.
"Айыл чарбаны каржылоо" долбоорунун алкагында тамак-аш жана кайра иштетүү ишканаларына жеңилдетилген кредит берүүнү максаттуу каржылоо байкалаарлык натыйжаларды берет. Мисалы, айыл чарбасына бөлүнгөн каржылоонун жалпы көлөмүнөн кайра иштетүү өнөр жайынын ишканалары үчүн 2017-жылы - 25,0%, 2018-жылы - 33,0%, 2019-жылы - 40,0% бөлүнүшү жана 2021-жылы каржылоонун көлөмүн 50,0%га жеткирүү тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясын чыгаруунун көлөмүнүн көбөйүшүнө алып келет.
"Айыл чарбаны каржылоо" долбоорун ишке ашыруу башталгандан бери жеңилдетилген кредиттик каражаттардын көбүрөөк бөлүгү мал чарбачылык, талаачылык жана багбанчылык чарбаларды өнүктүрүүгө пайдаланылып келгенин белгилөөнү өзгөчө эске алуу керек, жана убактысы келгенде айыл чарба тармактарынын продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн өстүрүүнүн зарылдыгы пайда болот.
6. Күтүлгөн натыйжалар
Айтылган сунуштарды ишке ашыруу толугу менен төмөнкүлөргө өбөлгө болот:
- республиканын жана айылдын экономикалык потенциалын жогорулатууга;
- айыл чарба продукциясын экспорттоону көбөйтүүгө;
- айыл элинин кирешесинин өсүшүнө жана айыл жеринде жакырчылык деңгээлинин азайышына;
- айыл жеринде эмгек рыногун кеңейтүүгө.
Андан тышкары, Программаны ишке ашыруунун натыйжасы төмөнкү индикаторлордо чагылдырылат:
- 2021-жылы айыл чарба продукциясын иштетүүнүн жалпы көлөмү 25%га көбөйөт;
- 2018-жылга чейин 10дон кем эмес мал союучу ишканалар түзүлөт;
- 2018-жылы республиканын түштүгүндө жана түндүгүндө продукцияны сактоочу жана сатуучу логистикалык борборлор ачылат.
Программаны ишке ашыруунун уюштуруу механизми анын аткаруучу курамын, алардын өз ара кызматташуусунун формаларын, коюлган маселелерди чечүүгө багытталган ченемдик-укуктук жана экономикалык мүнөздөгү иштердин комплексин аныктайт.
Программаны ишке ашыруунун экономикалык механизми колдонуудагы ченемдик укуктук база менен аныкталуучу баа, финансы- кредит, салык жана бажы-тариф саясаттарына ылайык түзүлөт.
Өнүгүүнүн инновациялык тибине өтүү зарылдыгы башкаруунун бардык деңгээлинде төмөнкү шарттарды түзүүнү талап кылат:
- колдонуудагы өндүрүштүк-техникалык базаны модернизациялоочу инновациялык долбоорлорго инвестиция салуучу ар кандай финансы- кредиттик мекемелердин, банктардын жана жеке жактардын иштешин;
- өндүрүүчүлөр тарабынан уюмдарга инновациялык технологиялардын киргизилишин.
7. Мониторинг жана баалоо
Программаны ишке ашыруу этабындагы мониторинг тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын иштеринин жыйынтыгы боюнча, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын саны, иштетилген айыл чарба продукциясын экспорттоонун көбөйүшү боюнча жүргүзүлөт. Программаны ишке ашыруунун натыйжасы 4-бөлүмдө көрсөтүлгөн ар бир тармак боюнча коюлган маселелердин чечилишине жараша жана индикаторлорго жетишүүнүн деңгээли боюнча бааланат (айыл чарба продукциясын иштетүүнүн өндүрүштөгү салыштырма салмагы 2021-жылы 25,0% чейин көбөйүшү).
Программанын ишке ашырылышын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги комплекстүү башкарат, ал:
- Программанын иш-чараларын аткаруу боюнча жумуштарды уюштуруунун кыйла натыйжалуу формаларын жана тартибин аныктайт;
- артыкчылыктуу багыттарды аныктайт жана бюджеттик эмес булактардан каражат тартуу боюнча чара көрөт;
- Программанын иш-чараларын аткаруунун жүрүшүнө, өткөрүлүүчү иш- чаралардын сапатына жана мөөнөтүнө контролду камсыздайт.
8. Мүмкүн болгон тобокелдиктер
Айыл чарба Кыргыз Республикасында экономиканын алдыңкы чөйрөлөрүнүн бири жана экономикалык эле эмес, социалдык жана саясий мааниге да ээ, бирок бул тармак тышкы жана жаратылыштык жагымсыз факторлорго: кургакчылыкка, мөндүргө, бороонго, суу каптоого, жер титирөөгө, жер көчкүгө, баалардын олку-солкулугуна, түшүмдүүлүккө, ресурстарды толук же толук эмес жоготууга жана олуттуу өндүрүштүк чыгымдарга алып келиши мүмкүн болгон башка көп нерселерге айрыкча дуушарланган тармак.
Программанын жана Иш-чаралар планынын аткарылуусуна бир катар факторлор тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Алардын алдын алуу жана мүмкүн болуучу кесепеттерин азайтуу зарыл. Алардын ичинен төмөнкүлөрүн бөлүп көрсөтүүгө болот:
1. Агроэкологиялык опурталдар тармактын кайра иштетүү ишканаларына аба ырайы-климаттын тийген таасиринин, ошондой эле жаратылыштык жана техногендик өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында кайра иштетүүгө келүүчү айыл чарба продуктуларынын көлөмүнүн азайышы жана сапатынын начарлашы менен таасир этиши мүмкүн. Бул тайпага мал чарбасындагы опурталдарды (канаттуулардын жана чочконун гриби, уйдун кутурмасы, шарп ж.б.) кошууга болот.
Бул тамак-аш продуктуларын чыгаруунун жана кайра иштетүүчү ишканалардын кубаттуулуктарынын азайышына алып келүү менен ички базарда азык-түлүк таңкыстыгын пайда кылат жана экспорттун азайышына, импорттун көбөйүшүнө алып келет.
Бул опурталдарды азайтуу үчүн дыйканчылыктын жана мал чарбасынын тармактарындагы иштин ургаалдуулугун арттырууну, айыл чарба азыктарынын жана даяр продукциянын (дан, акшак, кургак сүт, май, ж.б.) запастарынын керектүү көлөмүн камдоону талап кылат, бул болсо аларды сактоо жана резервде кармоо үчүн тийиштүү идиштерди талап кылат.
2. Макроэкономикалык опурталдар экономиканын жана элдин кирешесинин өсүү темпине, тарифтик-бажылык, курстук жана тышкы соодалык саясатка, дүйнөлүк базарда атаандаштыктын күчөшү менен байланышкан. Бул опурталдарды тышкы жана ички деп бөлүүгө болот.
Тышкы опурталдарга тышкы экономикалык иштин либералдашуусу, агрардык саясаттагы иштерге чектөөлөрдү киргизүү мүмкүндүгү, тарифтик квоталоо жана бажылык алымдардын деңгээли менен шартталган соодалык-экономикалык опурталдарды кошсо болот. Бул опурталдар айрыкча Кыргызстандын ЕАЭБге жана ДСУга киришине байланыштуу айрыкча күчөшү мүмкүн.
Ошондой эле бул аталган опурталдарга тышкы базарга чыгып жана анда өз ара атаандашып жаткан Казакстан менен Россиянын атаандаштыктарын, республиканын кайра иштетүүчү ишканаларын модернизациялоонун импорт жабдуулардын алынышына болгон көз карандылыгын да кошууга болот.
Ички опурталдардын ичинен олуттуулары төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- азык-түлүккө баанын жогорулашына, элдин кирешесинин ага жетишпестигине, элдин сатып алуу мүмкүндүгүнүн азайышына, элдин ар кандай социалдык тайпаларынын ортосундагы тамак-аш продуктуларынын экономикалык жеткиликтүүлүгү жагындагы айырмачылыктарына байланышкан социалдык опурталдар;
- социалдык опурталды азайтуу, бул айыл чарба азыктарын өндүрүүнү туруктуу көбөйтүүдө ата мекендик өндүрүүчүлөргө жардам көрсөтүүдөн, продукцияны "талаадан дүкөнгө чейин" жеткирүүнүн уюштурулган тармагын түзүүдөн, соода ишин жөнгө салуудан турат, бул сырьенун жана тамак-аш продуктуларынын бааларын арзандатууга шарт түзөт.
3. Институттук опуртал агро азык-түлүк базарын жана андагы чарбалык субъекттердин ортосундагы мамилени жөнгө салуучу мыйзамдык базанын толук жетик эместигинде, азык-түлүк коопсуздугу боюнча Кыргызстандын жана эл аралык талаптардын шайкештигинин жоктугунда турат.
4. Айрым өндүрүшчүлөрдүн деңгээлиндеги микро-опурталдар өздүк каражаттын жетишсиздигинен өндүрүштү материалдык-техникалык модернизациялоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу менен байланышкан. Тамак- аш кайра иштетүү өнөр жайындагы ар бир төртүнчү ишкана чыгашалуу, рентабелдүүлүгү төмөн экенин айтуу жетиштүү. Бул аларга ресурсту жана энергияны үнөмдөчү технологияларды киргизүүгө, сырьену иштетүүнүн зарыл тереңдигине жетишүүгө, тышкы базарларга атаандаштыкка жарактуу продукция менен чыгууга мүмкүндүк бербей жатат.
Кесипкөй адистердин жетишсиздиги өндүрүшчү үчүн опурталдуу болушу мүмкүн, бул өндүрүшкө инновациялык технологияларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн чектейт, жагымсыз климаттык шарттар, табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардын кесепеттери менен шартталган экологиялык опурталдар бар.