Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты № 191
Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2017-2021-жылдарга карата программасы жөнүндө
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын туруктуу өнүктүрүү, өндүрүштүк кубаттуулуктарды сарамжалдуу пайдалануу жана өндүрүшкө эмгек ресурстарын тартуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын жоболорун аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2017-2021-жылдарга карата программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2017-2021-жылдарга карата программасын аткаруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Программанын аткарылышы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жүктөлсүн.
3. Министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жарым жылдын жана жылдын жыйынтыгы боюнча 15-июлга жана 15-январга карата Программаны жана Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жарым жылдын жана жылдын жыйынтыгы боюнча 15-июлга жана 15-январга карата Программаны жана Иш- чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берүүнү камсыздасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
2-тиркеме
№ | Иш-чаралар | Аткарууга жооптуулар | Аткаруу мөөнөтү | Индикатор | Күтүлүүчү жыйынтыктар | Каржылоо булактары |
1-МАКСАТЫ. СҮТ ЖАНА ЭТ СЕКТОРУНДА КОШУМЧА НАРК ТИЗИМИН (КНТ)ТҮЗҮҮ | ||||||
1-милдет. Региондук пилоттук КНТ, фермаларды түзүү | ||||||
1.1.1 | Сүт, эт боюнча кошумча нарк тизимин (мындан ары - КНТ) өнүктүрүү боюнча Иш-чараларды иштеп чыгуу | АЧТММ, ЭМ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, РМАлар | 2018-жылдын апрели | Иш-аракеттердин, иш-чаралардын максаттуу параметрлери | Иш-чаралардын планы иштелип чыгышы | Финансылык чыгымдар талап кылынбайт |
2-милдет. Өндүрүлгөн эт жана сүттүн кайра иштетилген көлөмүн көбөйтүү | ||||||
1.2.1 | Малдын азыктуулугун көбөйтүүгө карата колдоо чараларын аныктоо | АЧТММ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, РМАлар | 2018-жылдын майы | Узак мөөнөттүү жылдык сүт сааны. Бодо малдын (БМ) орточо салмагы | Эт жана сүт өндүрүүнүн көлөмү 2020-жылга 10-20%га жогорулайт | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
1.2.2 | Аныкталган так иш-чаралардын негизинде тандалган чарбаларды колдоо | 2018-жылдын июну - 2019-жылдын декабры | ||||
3-милдет. Өндүрүлгөн эт жана сүттүн сапатын жакшыртуу | ||||||
1.3.1 | Күнүгө 2-4 тонна сүт өндүргөн айылдарды аныктоо, фермерлерге сүт жыйноону өз алдынча уюштурууну сунуштоо | АЧТММ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, РМАлар | 2017-жылдын декабры | Саан уйлардын саны. Күнүмдүк сүттүн күтүлгөн көлөмү | Сүт жыйноочу борбордун түзүлүшү | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
1.3.2 | Сүт жыйноочу борборду түзүү боюнча инвестициялардын шартын (инвестициялоо планын) аныктоо |
| 2018-жылдын февралы - 2019-жылдын январы | Инвестициялар планынын долбоору | Айылдык сүт жыйноочу борборлорго инвестициялардын тартылышы | Донордук долбоорлордун каражаттары |
1.3.3 | Сүт жыйноочу борборлорду түзүүгө инвестицияларды тартуу боюнча донордук долбоорлор үчүн сунуштарды даярдоо | 2018-жылдын марты - 2019-жылдын февралы | Донорлорго конкреттүү суроо-талаптар | |||
1.3.4 | Жаңы мал союу пункттарын куруу жана/же иштеп жаткандарын, анын ичинде "Халал" системасы менен иштегендерди реконструкциялоого карата рыноктун муктаждыктарын талдоо | АЧТММ | 2017-жылдын октябры - 2018- жылдын январы | Талдоону жүргүзүү | Мал союу пункттарына тиешелүү рыноктун муктаждыктары | Донордук долбоорлордун каражаттары |
1.3.5 | Сүт жыйноочу борборлордун жана мал союу пункттарынын рыноктун муктаждыгына ылайык өлчөмү, технологиясы, кубаттуулугу, чыгымдары боюнча сунуштарды даярдоо | АЧТММ | 2017-жылдын июлу | Инвестициялар планынын долбоору | Инвестицияларга муктаждыктын камсыздалышы | |
1.3.6 | Жаңы сүт жыйноочу борборлорду жана мал союу пункттарын түзүүгө инвестицияларды салуу боюнча бизнес-пландарды жана сунуштарды даярдоо | АЧТММ, ЭМ | 2017-жылдын октябры | Донорлорду табууга конкреттүү суроо-талап | Инвестициялардын тартылышы | |
1.3.7 | Профилактикалык жана эпизоотияга каршы иш-чараларды өткөрүү | Ветфитосанинспекция, АЧТММ | Дайыма, 2017-2020-жылдар | Эпизоотикалык аймактарды зоналарга бөлүү. Идентификацияланган а/ч малдын саны | Эпизоотикалык жагымдуу кырдаал түзүлдү. Мал чарба продукциясынын байкоого алынышы | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
4-милдет. Өндүрүлүүчү эт жана сүт азыктарынын сапатын жакшыртуу | ||||||
1.4.1 | НАССР жана ISO 22000 системасынын негизиндеги талаптар жана шарттар тууралуу эт жана сүт тармактарындагы ишканалардын операторлорун практикалык окутуу | АЧТММ | 2017-жылдын сентябрына чейин | БС ТР талаптары | Маалымат жайылтылды, практикалык окуулар өткөрүлдү | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
1.4.2 | Эки ишканада (этти жана сүттү кайра иштетүүчү) НАССР системасын ишке киргизүүгө көмөктөшүү | 2017-жылдын сентябры - 2018-жылдын ноябры | Документтелген НАССР планы (долбоору) | Өзүн-өзү контролдоо системаларына тиешелүү тажрыйба алуу |
| |
5-милдет. Кайра иштетүүнүн эт жана сүт секторунда КНТ катышуучуларынын билиминин деңгээлин жогорулатуу | ||||||
1.5.1 | Эт жана сүт тармактарынын операторлорун окутуу муктаждыгын баалоо | АЧТММ, ЭМге караштуу СМБ (персоналды окутуу борбору) | 2017-жылдын сентябрына чейин | Окутуу планы | Отчет | Донордук долбоорлордун каражаттары |
1.5.2 | Лаборатория кызматкерлерин жана инспекторлорду окутуу муктаждыгын аныктоо | |||||
1.5.3 | Ар бир максаттуу топ үчүн тийиштүү окууларды өткөрүү | 2017-2020-жылдар | Продукцияны жеткирүү тизиминде сапатты камсыздоо боюнча билим деңгээли | Отчеттор алынды. Тренингдердин саны | ||
2-МАКСАТ. ЖАШЫЛЧА-ЖЕМИШ СЕКТОРУНДА КОШУМЧА НАРК ТИЗИМИН ТҮЗҮҮ | ||||||
1-милдет. Өндүрүүчүлөрдүн маркетинг топторун түзүү | ||||||
2.1.1 | Өлкөнүн ар бир регионунда өстүрүлгөн тигил же бул жашылча-жемиштердин топторунун сан жана сапат жагынан лидердик потенциалын аныктоо | АЧТММ, ЭМ караштуу ИТМА, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, РМАлар | 2017-жылдын майы | Жашылча-жемиштерди өндүрүүчүлөрдүн саны | Өндүрүүчүлөргө айрым региондорго өстүрүү үчүн жашылча-жемиштердин топторун тандоо тууралуу сунуштар берилди | Бюджеттик каражаттын алкагында Донордук долбоорлордун каражаттары |
2.1.2 | Эл аралык стандарттарды кабыл алуу боюнча ишти жүргүзүү жана эл аралык талаптарга шайкеш келтирилген улуттук стандарттарды иштеп чыгуу | ЭМ караштуу СМБ, кызыккан тараптар (макулдашуу боюнча) | Зарылчылыкка жараша | Улуттук стандарттардын эл аралык талаптарга шайкештигинин деңгээли | Ата мекендик продукция эл аралык рынокторго жеткирилди | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаты |
2-милдет. Сырьенун сапатын жакшыртуу жана түшүм жыйноодон кийинки иштетүү технологиясын өркүндөтүү | ||||||
2.2.1 | Жаңы үзүлгөн жашылча- жемиштердин азыктык сапатын жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо | АЧТММ, Ветфитосанинспекция, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, РМАлар | 2017-жылдын сентябры - 2018-жылдын декабры | Жашылча-жемиштерди сатуу көлөмүн көбөйтүү | Жашылча- жемиштерди сатуу 2020-жылга 10-20%га көбөйөт | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
2.2.2 | Алдыңкы технологияларга негизделген, иштетүүнүн жаңы технологияларын киргизүүгө көмөктөшүү | 2017-жылдын августу - 2018-жылдын декабры | ||||
2.2.3 | Мөмө-жемиш питомниктерин жандандыруу жана өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу | АЧТММ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, РМАлар | 2018-жылдын октябры | Иш-чаралар планы | Мөмө-жемиштердин жана жашылчалардын азыктуулугу жана аларды туруктуу өнүктүрүү камсыздалды | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
3-милдет. Жашылча-жемиштерди чогултуунун логистикалык борборлорун түзүү | ||||||
2.3.1 | Региондордо логистикалык борборлорду түзүү үчүн ыңгайлуу жерлерди аныктоо | АЧТММ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, РМАлар | 2017-жылдын сентябры - 2018-жылдын октябры | Тиешелүү региондордогу керектүү шарттар | Жашылча-жемиштерди топтоо борборлору түзүлдү | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары Ички жана тышкы инвестициялар |
2.3.2 | Жашылча-жемиштерди өндүрүүчүлөрдүн маркетингдик тобун аныктоо (зарылчылыкка жараша) | 2017-жылдын сентябры | Инвестициялар планынын долбоору | Жашылча-жемиштерди топтоо борборун курууга инвестициялар | ||
2.3.3 | Логистикалык борборлорду түзүүгө инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды аныктоо | 2017-жылдын октябры | Донорлорду табууга конкреттүү суроо-талап | Шарттар аныкталды | ||
2.3.4 | Логистикалык борборлорду түзүүгө инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды даярдоо | 2017-жылдын ноябры | Талдоону жүргүзүү | Логистикалык борборлорду түзүү боюнча иш-чаралар планы иштелип чыкты | ||
2.3.5 | Логистикалык борборду курууга өлчөмүн, технологиясын, кубаттуулугун, чыгымдарын аныктоо боюнча сунуштарды даярдоо | 2018-жылдын январы | Инвестициялар планынын долбоору бар | Моделдик долбоор түзүлдү | ||
2.3.6 | Мөмө-жемиш жана жашылчаларды топтоонун логистикалык борборлорун түзүүгө инвестициялар боюнча сунуштарды жана бизнес-пландарды даярдоо | 2018-жылдын ноябры | Донорлорду табууга конкреттүү суроо-талап | Инвестициялар тартылды | ||
4-милдет. Жашылча-жемиш КНТнын катышуучуларынын билим деңгээлин жогорулатуу | ||||||
2.4.1 | Жашылча-жемиш ишканаларынын операторлорун окутуу муктаждыгын баалоо | АЧТММ, ЭМ караштуу СМБ (Персоналды окутуу борбору) | 2020-жылдын сентябрына чейин | Окутуу планы | Отчет | Донордук долбоорлордун каражаттары |
2.4.2 | Лабораториялардын кызматкерлерин жана инспекторлорду окутуу муктаждыгын баалоо | |||||
2.4.3 | Ар бир максаттуу топ үчүн тийиштүү окутууларды өткөрүү | 2017-2020-жылдар | КНТда сапатты камсыздоо маселеси боюнча билим деңгээли | Отчет алынды. Тренингдердин саны | ||
3-МАКСАТ. УНДУ ЖАНА НАН АЗЫКТАРЫН ӨНДҮРҮҮ СЕКТОРУНДА КНТ ТҮЗҮҮ | ||||||
1-милдет. Унду жана нан азыктарын өндүрүү көлөмүн көбөйтүү | ||||||
3.1.1 | Буудайдын түшүмүн жогорулатуу боюнча көмөктөшүүчү иш-чараларды аныктоо | АЧТММ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, РМАлар | 2017-жылдын марты - 2019-жылдын марты | Иш-аракеттер планы иштелип чыкты | Буудайдын түшүмүнүн жогорулашы, сапатынын жакшырышы, ири көлөмдө кайра иштетилет, КНТ түзүлдү | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
3.1.2 | Макулдашылган конкреттүү иш-чараларды жүргүзүү аркылуу тандалган чарбаларды колдоо | 2017-жылдын марты - 2019-жылдын декабры | Тартылган фермалардын саны | |||
2-милдет. Өндүрүлүүчү ундун жана нан азыктарынын сапатын жакшыртуу | ||||||
3.2.1 | НАССР жана ISO 22000 системасынын негизиндеги шарттардын алкагында ун салуучу жана нан бышыруучу тармактарынын операторлору үчүн практикалык окууларды өткөрүү | АЧТММ, ЭМ караштуу СМБ (окутуу борбору) | 2018-жылдын сентябрына чейин | Маалымат жайылтылды | Тамак-аш индустриясынын операторлорунун потенциалы жогорулады | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
3-милдет. Калктын ден-соолугун жакшыртууну камсыздоо | ||||||
3.3.1 | Унду фортификациялоо боюнча иш-аракеттер планын жаңылоо | АЧТММ, ССМ | 2017-жылдын октябры | Жаңыланган план | Иш-аракеттер планы иштелип чыкты | Донордук долбоорлордун каражаттары |
4-милдет. Унду жана нан азыктарын өндүрүү боюнча адистердин билим деңгээлин жогорулатуу | ||||||
3.4.1 | Ун салуу жана нан бышыруу тармактарынын операторлорун окутуу муктаждыктарын баалоо | АЧТММ, ЭМ караштуу СМБ (Персоналды окутуу борбору) | 2017-жылдын сентябры | Окутуу планы | Отчет | Донордук долбоорлордун каражаттары |
3.4.2 | Лабораториялардын кызматкерлерин жана инспекторлорду окутуунун муктаждыгын баалоо | |||||
3.4.3 | Ар бир максаттуу топ үчүн тиешелүү окутууларды өткөрүү | 2017-2019-жылдар | Продукцияны жеткирүү тизиминде сапатты камсыздоо боюнча билим деңгээли | Отчет | ||
4-МАКСАТ. АГРОКАЙРА ИШТЕТҮҮ СЕКТОРУН ӨНҮКТҮРҮҮ | ||||||
1-милдет. Агрокайра иштетүү секторун өнүктүрүүнүн каржылоосун камсыздоо | ||||||
1-милдетчеси. Агрокайра иштетүү секторунда кредиттик линияларды ачуу мүмкүнчүлүгүн изилдөө | ||||||
4.1.1.1 | Кайра иштетүүчү компаниялар үчүн жаңы кредиттик линияларды ачуу боюнча донорлор жана коммерциялык банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. Коммерциялык банктардын каражатына жаңы кредиттик линияларды жана агрокайра иштетүүчү компаниялар үчүн жаңы кредиттик линияларды ачуу мүмкүндүгүн изилдөө | АЧТММ, УБ (макулдашуу боюнча) | 2017-2020-жылдар | Донорлор менен макулдашуу. Жаңы кредиттик линиялардын ачылышы. | Агрокайра иштетүүчүлөр үчүн жаңы кредиттик линия ачылды | Донордук долбоорлордун каражаттары |
4.1.1.2 | "Айыл чарбаны каржылоо" долбоорунун алкагында тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жайдын ишканаларына жеңилдетилген кредит берүү үчүн жыл сайын максаттуу каржылоонун көлөмүн көбөйтүү боюнча сунуштарды берүү, мында төмөнкүдөй каржылоо каралууга тийиш: 2017-жылы - 3,0 млрд. сом, 2018-жылы - 3,5 млрд. сом, 2019-жылы - 4,0 млрд. сом, 2020-жылы - 4,5 млрд. сом, 2021-жылы - 5,0 млрд. сом. | АЧТММ, "Айыл чарбаны каржылоо" долбооруна катышкан коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча), КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, РМАлар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 2017-2021-жылдар | Жүгүртүү каражатынын жетишсиздиги, кредитти кайтарып берүү мөөнөтүнүн аздыгы, кредиттердин пайыздык көлөмүнүн чоңдугу | Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын ишканаларына жеңилдетилген кредит берүүнүн көлөмү 2017-жылы 25%га жана 2021-жылы 50%га чейин жеткирүү менен жогорулатылды. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык |
4.1.1.3 | Баткен облусунда жашылча, мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү орто кубаттуулуктагы ишкананы жайгаштыруу: - Лейлек районунда жүзүмдү, жашылча-жемиштерди кайра иштетүү боюнча пункттун ишин улантуу; - Кызыл-Кыя шаарындагы "Кызыл-Кыя тамекифермзавод" базасында логистикалык борборду түзүү | КРӨ Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, тийиштүү РМАлар жана Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) | 2017-2018-жылдар | Экономикалык көрсөткүчтөр. Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жана алардын продукциясын кайра иштетүү көлөмү | Иш орундары түзүлдү. Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана мал чарба продукциясын өндүрүү көлөмү, экспорттук мүмкүнчүлүктөр жогорулады | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
4.1.1.4 | Ош шаарындагы жашылча-жемиштерди кайра иштетүү боюнча ишканалардын ишин жандандыруу; - Ош облусунун райондорунда айыл чарба продукциясын (эт, сүт, жашылча, мөмө-жемиш, тамеки ж.б.) кайра иштетүү боюнча ишканаларды түзүү; - эл аралык талаптарга жооп берген региондук логистикалык борборлорду түзүү | КРӨ Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, РМАлар жана Ош шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) | 2017-2018-жылдар | Экономикалык көрсөткүчтөр. Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жана алардын продукциясын кайра иштетүү көлөмү | Иш орундары түзүлдү. Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана мал чарба продукциясын өндүрүү көлөмү, экспорттук мүмкүнчүлүктөр жогорулады | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
4.1.1.5 | Жалал-Абад облусунда жашылча-жемиштерди кайра иштетүү боюнча ишканаларды түзүү: - айыл чарба продукциясын (эт, сүт, жашылча, мөмө-жемиш, тамеки ж.б.) кайра иштетүү боюнча ишканалардын ишин жандандыруу; - агрардык жана экономикалык шарттарды, сырьелук базалардын абалын кароо менен жаңы кайра иштетүүчү ишканаларды уюштуруу боюнча чараларды көрүү | КРӨ Жалал- Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, РМАлар жана Таш-Көмүр шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) | 2017-2018-жылдар | Экономикалык көрсөткүчтөр. Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жана алардын продукциясын кайра иштетүү көлөмү | Иш орундары түзүлдү. Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана мал чарба продукциясын өндүрүү көлөмү, экспорттук мүмкүнчүлүктөр жогорулады | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
4.1.1.6 | Талас облусунда буурчакты (фасоль) кайра иштетүүчү ишкананы түзүү; - томатты жана жашылча- жемиштерди кайра иштетүүчү жаңы ишканаларды уюштуруу; - сүттү кайра иштетүүчү ишканаларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү; - региондук логистикалык борборду түзүү | КРӨ Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, РМАлар жана Талас шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) | 2017-2018-жылдар | Экономикалык көрсөткүчтөр. Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн жана мал чарба продукциясынын көлөмү | Иш орундары түзүлдү. Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана мал чарба продукциясын өндүрүү көлөмү, экспорттук мүмкүнчүлүктөр жогорулады | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
4.1.1.7 | Нарын облусунда мал союучу, этти жана сүттү кайра иштетүүчү заманбап пункттарды түзүү; - логистикалык борбордун курулушун белгиленген мөөнөттө аяктоо (Ат-Башы району, аэропорттун участогу); - жүндү алгачкы кайра иштетүүчү ишкананы уюштуруу | КРӨ Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, тийиштүү РМАлар, Нарын шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) | 2017-2018-жылдар | Экономикалык көрсөткүчтөр. Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жана алардын продукциясын кайра иштетүү көлөмү | Айыл чарба өсүмдүктөрүн коромжусуз пайдалануу. Иш орундар түзүлдү. Продукцияны экспорттоо. Жеңил өнөр-жайынын сырьего муктаждыгын камсыздоо | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
4.1.1.8 | Ысык-Көл облусунда жашылча жемиштерди кайра иштетүү боюнча ишканаларды түзүү; - Балыкчы шаарында токтоп турган кайра иштетүүчү ишканалардын, логистикалык борбордун ишин жандандыруу; - балыкты жана балык азыктарын өндүрүүчү, картөшкөнү кайра иштетүүчү ишканалардын ишин жандандыруу; | КРӨ Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, РМАлар жана Каракол шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) | 2017-2018-жылдар | Экономикалык көрсөткүчтөр. Өндүрүштүн көлөмү. Балык чарбасын өнүктүрүү үчүн шарттар. Кайра иштетүүнүн көлөмү, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо | Айыл чарба өсүмдүктөрүн коромжусуз пайдалануу. Иш орундарын түзүү. Балык жана балык азыктарына калктын муктаждыгын камсыздоо, экспорттоо. Өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшү | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
- эт жана сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын ишин өнүктүрүүгө көмөктөшүү |
| Ар дайым | ||||
4.1.1.9 | Чүй облусунун чыгыш жана батыш райондорунда (Токмок жана Кара-Балта шаарлары) өнөр-жай зоналарын түзүү. Кант кызылчасын өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү өнүктүрүү. Эл аралык талаптарга жооп берген логистикалык борборду жана айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү ишканаларды уюштуруу | АЧТММ, КРӨ Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, РМАлар, Токмок жана Кара-Балта шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 2017-2018-жылдар | Кара-Балта жана Токмок шаарларынын мүмкүнчүлүктөрү. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, импортту алмаштыруу зарылдыгы | Региондордун бирдей өнүгүүсү. Жаңы иш орундары түзүлдү. Экспорттук потенциалдын жогорулашы, атаандашуу жөндөмдүүлүгүнө жетүү | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
4.1.1.10 | Тамак-аш жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу боюнча иштин натыйжалуу түрлөрүн аныктоо жана жаңы технологиялар менен инновациялык өндүрүштүк долбоорлорду илгерилетүүнү камсыздоо | ЭМге караштуу ИИМА | 2017-2021-жылдар | Кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү, айыл чарбанын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу | Иш орундар түзүлдү. Экономикалык көрсөткүчтөр, республиканын калкынын бакубаттуулугу жакшыртылды | Инвестициялар |
2-милдетчеси. Коммерциялык банктардын арасында атаандаштыкты жогорулатуу, пайыздык ставкаларды төмөндөтүү жана кредиттөө мөөнөтүн узартуу | ||||||
4.1.2.1 | Агрокайра иштетүүчү компанияларга жана коммерциялык банктарга кошумча акча каражаттарын тартуу | АЧТММ, УБ (макулдашуу боюнча) | 2017-2021-жылдар | Коммерциялык банктар тарткан каражаттардын суммасы | Компаниялар тарткан капиталдаштыруу жана инвестициялар | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
Пайыздык ставка | 12%га чейин | |||||
Кредиттөө мөөнөтү | 7 жылдан кем эмес | |||||
Кайра иштетүүчү компанияларга инвестициялар тартылды | ||||||
2-милдет. Азык-түлүктүк көзөмөлдөө мамлекеттик системасын түзүү | ||||||
1-милдетчеси. Тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жайдын жеке операторлоруна НАССР сыяктуу өзүн-өзү контролдоо системасын киргизүүгө көмөктөшүү (1-милдетчеси менен байланышкан) | ||||||
4.2.1.1 | НАССР, ISO 22000 сыяктуу сапаттык системалар боюнча окууларды өткөрүү жана маалымат берүү | АЧТММ, ЭМ | 2017-жыл | Баалоо таблицалары, тренингдер | Окутуунун башталышы, маалымат жеткиликтүү | Донордук долбоорлордун каражаттары |
4.2.1.2 | Тамак-аш индустриясынын операторлоруна НАССР системаларын ишке киргизүүгө көмөк көрсөтүү | АЧТММ | 2017-2021-жылдар | НАССР планынын долбоору | Ийгиликтүү иш жүзүнө ашырылды | |
4.2.1.3 | И.Раззаков ат. КМТУ базасында кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча практикалык окуу борборун (ПОБ) түзүү | АЧТММ, БИМ | 2017-2021-жылдар | Тренингдердин жана катышуучулардын саны | Практикалык окуу борборун түзүү | Донордук долбоорлордун каражаттары |
4.2.1.4 | Төмөнкүлөрдүн сыноо лабораторияларын модернизациялоо: - ветеринардык диагностика жана экспертиза республикалык борборунун; - Ош региондук ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун; - КР ЭМге караштуу Стандартизация жана метрология борборунун | КРӨ караштуу Ветфитосанинспекция, ЭМ | 2017-жыл | Лабораториялардын иштөөсү | Продукциянын сапаты жана коопсуздугу боюнча техникалык регламенттердин талаптарын аткаруу | ЕАЭБге кирүү процессинин алкагындагы Макулдашууга ылайык РФ тарабынан каржылоо |
3-милдет. Тамак-аш жана кайра иштетүү продукциясын сатууну жана маркетингин камсыздоо | ||||||
1-милдетчеси. Айыл чарба продукциясын сатууну жана маркетингин жакшыртуу механизмдерин ишке киргизүү | ||||||
4.3.1.1 | Маркетинг кызматынын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн табуу, жаңы маркетинг демилгесин киргизүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу | АЧТММ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, РМАлар | 2017-жылдын сентябры 2018-жылдын октябры | Маркетинг жана окутуу планы | Жаңы маркетинг демилгелеринин киргизилиши |
|
4-милдет. Фермерлердин маркетингдик топторун түзүү | ||||||
4.4.1 | Жашылча-жемиш сектору үчүн товардык топту жана регионду аныктоо | АЧТММ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, РМАлар | 2019-жылдын октябры | Маркетинг топторунун саны | 5 жана 6-милдеттерге тиешелүү иш-чаралар өткөрүлдү. Жаңы маркетинг топтору түзүлдү | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
4.4.2 | Маркетинг группаларын түзүү тартибин жана форматын аныктоо | |||||
5-милдет. Улуттук айыл чарбанын рыноктук маалымат системасын (РМС) түзүү | ||||||
4.5.1 | РМСнын азыркы абалына серепти жана РМСти өнүктүрүү үчүн иш-чаралардын планын камсыздоо | АЧТММ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, РМАлар | 2018-жылдын ноябры | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен РМС түзүлдү | Айкын жана ийгиликтүү РМС натыйжалуу иштейт | Донордук долбоорлордун каражаттары |
4.5.2 | Рыноктун катышуучуларынын маалымдуу болушун жогорулатуу жана системасын өнүктүрүүнү аныктоо | 2018-жылдын апрели - 2020-жылдын декабры | ||||
6-милдет. Кыргыз товарларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу | ||||||
4.6.1 | 2018-2020-жылдарга экспортту өнүктүрүү боюнча жаңы планды иштеп чыгуу | ЭМ, министрликтер жана ведомстволор | 2017-жылдын декабры | Тышкы рынокторго кирүүгө шарттар жакшыртылды | Экспортту көбөйтүүгө багытталган чаралар белгиленди | Бюджеттик каражаттардын жана донордук долбоорлордун алкагында |
Кыскартуулардын тизмеси:
АЧТММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чара, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ЭМ - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
КР ЭМ караштуу ИИМА | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик |
РМА | - | райондук мамлекеттик администрация |
УБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
Ветфитосанинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
КМТУ | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университет |
МЭге караштуу СМБ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
ДСУ | - | Дүйнөлүк соода уюму |
НАССР | - | тобокелдикти талдоо системасы жана кризистик контролдук түйүндөр |
ISO | - | сапаттын менеджмент системасы |
БС | - | Бажы союзу |
ТР | - | Техникалык регламент |