Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 59 токтомунун 2-пунктуна ылайык, ушул Убактылуу жобо 2018-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 59 токтому менен бекитилген |
Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 64 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө ушул убактылуу жобо (мындан ары - Жобо) отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплекси жаатындагы лицензияларды (мындан ары - лицензия) берүү, кайра тариздөө, токтотуп туруу, жаңылоо жана жокко чыгаруу тартибин регламенттейт.
2. Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин лицензияланган түрү менен алектенүүгө ниетин билдирген жеке жактар жана юридикалык жактар уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабай "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген тартипте тиешелүү лицензияны алууга милдеттүү.
3. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган иштин төмөнкү түрлөрүнө лицензия берет:
1) электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорттоо жана импорттоо (энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле 1000 кВт чейин кубаттуулукта жеке пайдалануу үчүн энергиянын бардык булактарынан электр энергиясын өндүрүүнү кошпогондо);
2) жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу (энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле жеке пайдалануу үчүн энергиянын бардык булактарынан жылуулук энергиясын өндүрүүнү кошпогондо);
3) өсүмдүк сырьесунан биоэтанолду өндүрүштүк көлөмдө өндүрүүнү жана аны сатууну албаганда, мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүү;
4) жаратылыш газын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу.
4. Лицензиялар мөөнөтсүз, ээликтен ажыратылбаган болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат.
5. Жеке жана юридикалык жактар иштин бир же бир нече түрүнө лицензия алууга укуктуу.
2. Лицензия алуу үчүн керектүү документтер
6. Иштин тиешелүү түрүнө лицензия алуу үчүн арыз ээси отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди берет:
1) лицензия алуу үчүн белгиленген формадагы арызды;
2) жеке жак үчүн - адамды ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
3) юридикалык жак жана жеке ишкер үчүн - Уставдын жана мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрүн;
4) арызды кароо жана лицензия берүү үчүн лицензиялык жыйымды төлөгөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсүн;
5) салык төлөөчүнүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүнүн идентификациялык салык номерин арыз ээсине ыйгарылышын ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
6) юридикалык жактар үчүн - банктагы реквизиттери жөнүндө маалыматтарын;
7) материалдык-техникалык жабдылгандыгы жана каржылоо булактарынын тизмеси менен финансылык абалы жөнүндө толук маалыматтарды (жеке менчигинде (техникалык паспорт, сатып алуу-сатуу келишимди, баланстык таандыгынын актысын) же карамагында (ишенимдүү башкаруу келишими) тиешелүү энергетикалык жабдуулардын бар экендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн, бухгалтердик баланстардын көчүрмөлөрүн ж.б.);
8) экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жабдуулардын жана инфраструктуранын экологиялык, өрткө каршы жана техникалык коопсуздук ченемдерине ылайык келиши жөнүндө оң корутундусу;
9) лицензиялануучу ишти сапаттуу жана коопсуз жүргүзүүнү камсыз кылган квалификациялуу адистер жөнүндө маалыматтар (дипломдорунан, күбөлүктөрүнөн же билими, квалификациясы тууралуу сертификаттардын көчүрмөлөрү);
10) бөлүмдөрдүн жана арыз ээсинин адистеринин ортосунда иштин көрсөтүлгөн түрү боюнча иш милдеттерин бөлүштүрүү жөнүндө буйрук.
7. Электр энергиясынын экспорту же импорту боюнча ишти жүргүзүү үчүн арыз ээси отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөрдү кошумча көрсөтүшү керек:
1) менчик же башка электр тармактары жана подстанциялар боюнча электр энергиясынын экспортун же импортун жүргүзүү мүмкүндүгүн ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн;
2) электр энергиясынын экспортуна же импортуна түзүлгөн сатып алуу-сатуу келишимдеринин көчүрмөлөрүн;
3) электр энергиясы акыркы керектөөчүлөргө белгиленген баада сатылган учурда, аны отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген баалар боюнча импорттоо милдеттенмеси жөнүндө кепилдик катты.
8. Лицензия алуу үчүн арыздын формасы отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
3. Лицензиянын мазмуну
9. Лицензияда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
2) юридикалык жактын толук жана кыскартылган (бар болгон учурда) аталышы, анын ичинде фирмалык аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн номери;
3) жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, аны ырастоочу документтин маалыматтары, жеке ишкерлер үчүн - жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери;
4) лицензиялануучу иштин түрү;
5) лицензияны колдонуу мөөнөтү;
6) ишти жүргүзүү аймагы;
7) лицензия берилген дата жана каттоо номери;
8) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.
10. Лицензиялардын бланктары типографиялык жол менен даярдалат, корголуу деңгээли, эсепке алуу сериясы жана номери бар. Лицензиялардын бланктары катуу эсепке алынуучу документтер болуп эсептелет. Лицензиялардын бланктарын даярдоо, эсепке алуу жана сактоо отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
11. Лицензия ушул Жобонун 9-главасында белгиленген тартипте лицензиялардын реестрине (мындан ары - реестр) киргизилет.
12. Кызыкдар жактардын талабы боюнча лицензиат лицензиянын түп нускасын көрсөтүүгө милдеттүү. Эгер лицензиат лицензиянын дубликатын берүү, аны кайра тариздөө жөнүндө арыз берсе, лицензиянын көчүрмөсүн берүүгө жол берилет.
13. Лицензияны жоготкондо, бузуп алганда лицензиат лицензиянын дубликатын алууга укуктуу. Лицензиянын дубликаты "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинде аныкталган тартипте берилет.
4. Лицензиардын ыйгарым укуктары
14. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:
1) ушул Жобонун 3-пунктунда каралган иштин түрлөрүнө лицензияларды берет;
2) лицензияларды колдонууну токтотот;
3) лицензияларды колдонууну жаңыртат;
4) лицензияларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат;
5) лицензиялардын реестрин түзөт жана аны жүргүзөт;
6) лицензиялардын дубликатын берет;
7) "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияларды таануу жөнүндө чечимди кабыл алат;
8) лицензияларды кайра тариздөө жол-жобосун жүргүзөт;
9) лицензиаттар тарабынан лицензиялык талаптардын сакталышына лицензиялык контролду жүргүзөт;
10) лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арызын берет.
5. Арызды кароонун, лицензия берүүнүн жана кайра тариздөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү
15. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган лицензияны берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимин бардык зарыл документтери менен арызды берген күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбей кабыл алат.
16. Лицензияны берүү жөнүндө чечим отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен таризделет.
17. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган лицензияны берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимин кабыл алгандыгы тууралуу арыз ээсине лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөттө кабарлоого милдеттүү.
18. Реестрге лицензия жөнүндө маалыматтар киргизилген күндөн тартып лицензия расмий түрдө берилген болуп эсептелет. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган лицензия берилген күнү лицензияны берүү жөнүндө маалыматты реестрге киргизет.
19. Эгерде отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган лицензияны берүү үчүн белгиленген мөөнөттө арыз ээсине лицензияны берүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлабаса, анда лицензия берилген болуп эсептелет. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган лицензияны берүү үчүн мөөнөт аяктаган датадан кийинки күндөн кечиктирбей лицензияны бергендиги жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизүүгө жана суралган лицензияны арыз ээсине берүүгө милдеттүү.
20. Арыз ээси белгиленген мөөнөттөрдө лицензия берүүдөн баш тартууну же лицензиянын өзүн албаган учурда, лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган датадан тартып отуз календардык күндүн ичинде отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга өзү билдирген иштин түрүн жүзөгө ашырууну баштагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт.
21. Лицензияны кайра тариздөө төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) юридикалык жакты кайра уюштурууда;
2) юридикалык жактын аталышы өзгөрүлгөндө;
3) жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөрүлгөндө;
4) лицензия ээликтен ажыратылганда;
5) юридикалык жакты кайра түзүмдөштүрүүдө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 64 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Лицензияны кайра тариздөө үчүн негиздер пайда болгондо, лицензиат отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга лицензияны кайра тариздөө жөнүндө арыз менен кайрылууга милдеттүү.
23. Лицензияны кайра тариздөө жөнүндө арызды кайра тариздөөнүн негиздерин жана жаңы маалыматтарын көрсөтүп, тийиштүү өзгөртүүлөрдү ырастоочу документтерди тиркөө менен лицензиат кайра тариздөө үчүн негиздер пайда болгон күндөн тартып он беш жумушчу күндөн кечиктирбей берет.
24. Лицензияларды кайра тариздөө отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тийиштүү арызды алган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. Лицензияларды кайра тариздөөдө отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган реестрге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
25. Лицензияны берүүдө, кайра тариздөөдө жана дубликатын берүүдө төмөнкү өлчөмдөрдө бир жолку лицензиялык жыйым алынат:
- юридикалык жактан - лицензия алуу жөнүндө документтер берилген күнү белгиленген он эсе көбөйтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө;
- юридикалык жакты түзбөгөн жеке жактардан - лицензия алуу жөнүндө документтер берилген күнү белгиленген беш эсе көбөйтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө.
Лицензия үчүн төлөм Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине түшөт.
6. Лицензия берүүдөн баш тартуу
26. Лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) субъекттердин ушул категориясы үчүн иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырууга мыйзамдарда тыюу салынганда;
2) арыз ээсине иштин ушул түрү менен алектенүүгө тыюу салган соттун чечими болсо;
3) арыз ээси тарабынан так эмес же толук эмес маалымат берилсе;
4) эгерде арыз ээси берген документтер "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
5) лицензияны кароо жана берүү үчүн лицензиялык жыйымдын төлөнбөшү.
27. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган баш тартуунун толук негиздерин жана баш тартуу үчүн себептерди баяндоо менен бир гана жолу жазуу жүзүндө баш тартууну берүүгө укугу бар.
28. Лицензияны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөттөрдө жазуу жүзүндө арыз ээсине жөнөтүлөт.
29. Лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жокко чыгарылган учурда, арыз кайрадан каралууга тийиш. Мында арызды кароонун жана лицензияны берүүнүн мөөнөтү арызды кайрадан кароого берген күндөн тартып эсептеле баштайт.
30. Лицензия берүүдөн баш тартууга карата арыз ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
7. Лицензияны колдонууну токтото туруу, токтотуу жана жокко чыгаруу
31. Лицензиянын колдонулушун отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган мурда эскертүү алган жана айып салынган субъект лицензиялык талаптарды үчүнчү жолу бузган учурда лицензияны токтото туруунун себептерин көрсөтүп, бузууларды жоюу жөнүндө тапшырма берүү менен үч айга чейинки мөөнөткө токтотот.
32. Лицензияны колдонуу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) жеке жак ишин жеке ишкер катары токтоткондо;
2) юридикалык жак жоюлганда;
3) иштин лицензиялануучу түрүн жүргүзүүнү ыктыярдуу токтотууда лицензиат (лицензиаттын укук улантуучусу) арыз бергенде;
4) иштин лицензиялануучу түрлөрүнүн тизмегинен айрым түрлөрү алып салынганда;
5) лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
6) жеке жак каза болгондо.
33. Лицензияны колдонуу токтотулганда лицензиар лицензияны колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматты реестрге киргизет. Маалыматтар реестрге киргизилген датадан тартып лицензиянын колдонулушу токтотулат.
34. Лицензиаттын колундагы кагаз жүзүндөгү лицензиясы лицензияны колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизилген күндөн тартып жараксыз болуп эсептелет.
35. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган лицензиянын колдонулушун токтотуунун себептери жоюлбаган учурда, отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын арызын кароонун негизинде соттун чечими менен лицензия жокко чыгарылат.
36. Лицензиясы жокко чыгарылган жак белгиленген талаптарга жооп берген учурда отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга жаңы лицензияны алуу үчүн жалпы негиздерде кайрылууга укуктуу.
8. Лицензияны колдонууну кайра жаңылоо
37. Лицензияны колдонууну отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Жободо көрсөтүлгөн лицензиялык талаптардын бузулушу арыз ээси тарабынан жоюлган шартта, лицензияны колдонуу токтотулган мөөнөт аяктагандан кийинки күндөн тартып, же болбосо арыз ээси тарабынан лицензиялык талаптардын бузулушу мөөнөтүнөн мурда жоюлган учурда, лицензиянын колдонулушу токтотулган белгилүү мөөнөт аяктаганга чейин кайра жаңылайт.
38. Лицензиялык талаптардын аныкталган бузулушу мөөнөтүнөн мурда жоюлган учурда, арыз ээси бул жөнүндө отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө кабарлайт жана лицензиялык текшерүүнү демилгелейт.
39. Лицензияны колдонуу реестрге бул тууралуу маалыматтар киргизилген күндөн тартып кайра жаңыланган болуп эсептелет.
40. Арыз ээси лицензияны колдонууну кайра жаңылоодон баш тартуу жөнүндө отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечимине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
9. Лицензиялардын реестри
41. Реестр берилген лицензиялардын бар экендигин жана алардын укуктук статусун ырастоочу жалгыз расмий булак болуп саналат.
42. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган иштин түрлөрү боюнча реестрди жүргүзөт, аларды лицензиялоону ал кагаз жүзүндө жана электрондук форматта жүзөгө ашырат.
43. Реестрде төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) юридикалык жактын толук жана кыскартылган (эгерде бар болсо) аталышы, анын ичинде фирмалык аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык дареги;
2) жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын жашаган жери, аны күбөлөөчү документтин маалыматтары, жеке ишкерлер үчүн - жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери;
3) лицензиялануучу иштин түрү;
4) лицензияны жана колдонуу мөөнөтү;
5) ишти жүзөгө ашыруу аймагы;
6) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
7) лицензия берилген дата жана каттоо номери;
8) лицензиянын колдонулушун токтотуп туруунун жана кайра жаңылоонун негизи жана мөөнөтү;
9) лицензияны токтотуунун негизи жана датасы.
44. Реестр отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жетүүгө тыюу салынган маалыматтарды албаганда, анда камтылган маалыматтарга кызыкдар жактардын таанышуусу үчүн ачык жана жеткиликтүү болуп саналат.
10. Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы лицензиялык талаптар
45. Электр энергиясы жаатындагы ишти жүргүзүүдө тиешелүү жабдуулардын болушуна коюлган талаптар.
Төмөнкү иштерди жүргүзгөн лицензиатта:
1) электр энергиясын өндүрүү боюнча, - менчигинде же карамагында электр энергиясын иштеп чыгаруу үчүн электр станциясынын болушу милдеттүү;
2) электр энергиясын берүү боюнча, - менчигинде же карамагында 10 кВ - 35 кВ жана андан жогору чыңалуудагы электр тармактардын жана подстанциялардын болушу милдеттүү;
3) электр энергиясын бөлүштүрүү боюнча, - менчигинде же карамагында электр тармактар жана подстанциялардын болушу милдеттүү;
4) электр энергиясын сатуу боюнча, - менчигинде же карамагында электр станциялардын жана(же) тармактар жана(же) подстанциялардын болушу милдеттүү;
5) электр энергиясынын экспорту боюнча, - менчигинде же карамагында электр станциялар жана(же) тармактар жана(же) подстанциялар, же башка тармактар боюнча электр энергиясын берүү мүмкүндүгүнүн болушу милдеттүү;
6) электр энергиясынын импорту боюнча, - менчигинде же карамагында электр станциялар жана(же) тармактар жана(же) подстанциялар, же башка тармактар боюнча электр энергиясын берүү мүмкүндүгүнүн болушу милдеттүү.
46. Жылуулук энергиясы жаатында иш жүргүзүүдө тиешелүү жабдуулардын болушу боюнча талаптар.
Төмөнкү ишти жүргүзгөн лицензиатта:
1) жылуулук энергиясын өндүрүү боюнча, - менчигинде же карамагында жылуулук энергиясын иштеп чыгаруу үчүн жылуулук станциясынын болушу милдеттүү;
2) жылуулук энергиясын берүү боюнча, - менчигинде же карамагында магистралдык жылуулук тармактар жана(же) жылуулук менен жабдуучу уюмдун керектөөчүсүн кошуу үчүн магистралдык жылуулук тармактардын тарамдарынын болушу милдеттүү;
3) жылуулук энергиясын бөлүштүрүү боюнча, - менчигинде же карамагында жылуулук бөлүштүрүүчү жана(же) кварталдык тармактар жана(же) акыркы керектөөчүнү кошуу үчүн жылуулук бөлүштүрүүчү тармактардын тарамдарынын болушу милдеттүү;
4) жылуулук энергиясын сатуу боюнча, - менчигинде же карамагында жылуулук станциялардын жана(же) жылуулук магистралдык жана(же) бөлүштүрүүчү жана(же) кварталдык тармактардын болушу милдеттүү.
47. Мунай жана жаратылыш газы жаатында иш жүргүзүүдө тиешелүү жабдуулардын болушу боюнча талаптар.
Төмөнкү ишти жүргүзгөн лицензиатта:
1) жаратылыш газын жана мунайды кайра иштетүү боюнча, - менчигинде же карамагында мунайдан жана жаратылыш газынан катуу, суюк жана газ түрүндөгү көмүрсуутектерден кайра пайдаланылуучу продукттарды, органикалык жана органикалык эмес заттарды алуунун технологиялык, техникалык процесстеринин комплексин жүргүзүүчү өндүрүштүк түзүлүштүн болушу милдеттүү;
2) жаратылыш газын өндүрүү боюнча, - менчигинде же карамагында жаратылыш газын алуунун технологиялык, техникалык процесстеринин комплексин жүргүзүүчү өндүрүштүк түзүлүштүн болушу милдеттүү;
3) жаратылыш газын берүү боюнча, - менчигинде же карамагында жаратылыш газын казып алуу, сактоо жана кайра иштетүү жеринен керектөөчүгө чейин ташуу үчүн жогорку басымдагы (0,6-7,5 Мпа) магистралдык өткөрүү түтүктөрү, жер үстүндөгү жана жер астындагы инженердик курулмалардын, коммуникация объекттеринин, аппараттардын жана жабдуулардын болушу милдеттүү;
4) жаратылыш газын бөлүштүрүү боюнча, - менчигинде акыркы керектөөчүлөргө жаратылыш газын сатуу үчүн орточо басымдагы (0,005 до 0,6 Мпа) бөлүштүрүүчү өткөрүү түтүктөрдүн, жер үстүндөгү жана жер астындагы инженердик курулмалардын, коммуникация объекттеринин, аппараттардын жана жабдуулардын болушу милдеттүү;
5) жаратылыш газын сатуу боюнча, - менчигинде же карамагында акыркы керектөөчүлөргө жаратылыш газын сатуу үчүн төмөн басымдагы (0,005 Мпа) бөлүштүрүүчү өткөрүү түтүктөрдүн, жер үстүндөгү жана жер астындагы инженердик курулмалардын, коммуникация объекттеринин, аппараттардын жана жабдуулардын болушу милдеттүү.
48. Отун-энергетикалык комплекси жаатында иш жүргүзүүдө отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга отчет берүү боюнча талаптар.
Лицензиат төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) статистикалык отчеттун формасына ылайык ар бир иштин түрү боюнча өзүнчө жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечикпей отчет берүүгө;
2) өзүнүн тармагын модернизациялоо, өнүктүрүү планын аткаруу жөнүндө (электр тармактарында жоготууларды төмөндөтүүнү, тейлөө сапатын жакшыртууну көрсөтүү менен) жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечикпей отчет берүүгө;
3) тарифтерге инвестицияларды кошуу максатында инвестициялык өнүктүрүү программаларын макулдашууга жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечикпей берүүгө;
4) натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрү боюнча отчетту отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечикпей квартал сайын берүүгө;
5) техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча отчетту отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечикпей ай сайын берүүгө.
49. Отун-энергетикалык комплекси жаатында иш жүргүзүүдө коопсуздукту жана эксплуатациялоо эрежелерин сактоо боюнча талаптар экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан контролдонот.
11. Лицензиаттын жоопкерчилиги
50. Лицензиат тарабынан лицензиялык талаптар аткарылбаган учурда отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган лицензиатка төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдонот:
1) эскертүү;
2) айып;
3) лицензияны колдонууну токтотуп туруу;
4) лицензияны жокко чыгаруу тууралуу маселени кароо үчүн сот органдарына доо арыз берүү.
51. Лицензиялык талаптарды бир жолу бузгандыгы үчүн отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган эскертүү берүү түрүндөгү таасир этүү чарасын колдонууга укуктуу.
52. Лицензиялык талаптарды экинчи жолу бузгандыгы үчүн отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган айып салуу түрүндө таасир этүү чарасын колдонууга укуктуу.
Айып салуудан түшкөн каражаттар түздөн-түз республикалык бюджетке жиберилет.