Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-февралы № 59
Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 669, 2021-жылдын 20-январындагы № 16, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 24-июлундагы № 87 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы ишкер субъекттердин ишин лицензиялоо маселелерин жөнгө салуу максатында "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-июлундагы № 87 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-июлундагы № 87 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 669, 2021-жылдын 20-январындагы № 16 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 37-главасы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |