Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-февралы № 83
"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республнкасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынык Жогорку Кеңешишш кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аны кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
1-берене
"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 11,537-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьянын жыйырманчы абзацы «аудиторго сыйакы,» деген сөздөрдөн кийин «банкроттук процессин өткөрүү учурунда администратор тарабынан алынган күрөө менен камсыздалбаган насыялар.» деген сөздөр менен толукталсын.
2. 271-статья төмөнкудөй мазмундагы 11 жана 12-ггункттар менен толукталсын: "11. Кредитор банкроттук процессинин жүрүшүндө карыз тараптьн ушул кредитор же башка кредиторлор тарабынан берилген талаптарын канааттандырууну жактырган же баш тарткан администратордун же соттун чечими анын мыйзамдуу кызкчылыктарын басмырлаган болсо, сотко каршылыгын билдире алат.
11. Карыз тараптыын ушул кредитор же башка кредиторлор тарабынан берилген талаптарын канааттандырууну жактырган же баш тарткан администратордун чечимине берилген сотко каршылыгы буга чейин ушул каршылыктар администраторго батытталган учурда сот тарабынан каралат.'".
3. 278-статъянын 2-пунктунун 78-пунктчасындагы "Ушул Мыйзамдын 125-статьясында белгиленген талаптарга жана тартипке ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
4. 67-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Карыз тарапты банкрот деп таакуу жөнүндө арыз берилгенден мурдагы карыз тараптьгн банкроттук процессинин башталышына чейинки бир жыл ичинде карыз тараптын түзгөн бүтүмү атайын администратордун арьзы боюнча жараксыз деп табылышы мүмкүн, эгерде:
1) аталган бүтүм карыз тарапты төлөө кудуретсиздигине альып келсе;
2) бүтүмүн баасы анын акылга сыярлык рынок баасына Караганда бүтүмү аткаруу убагында кыйла аз болсо жана бүтүмүн кесепети финансыльж жоготууларга алып келсе.».
5. 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы б71-статъя менен толукталсын: "671-статья. Келишимдердин укуктук режими
1. Электр жана жылуулук знергиясын, суу чарба жана канализация системалары. байланыш, карыз тараптын мүлкүн кайтаруу, ошондой эле карыз тараптын чарба ишин улантуу жана мүлкүн коргоо үчүн маанилүү болгон башка кызматтар боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчулөр карыз тарап банкрот деп таанылган учурда карыз тарап менен түзүлгөн келишимден баш тартууга укуктуу эмес. Эгерде администратор ушул келишимдерди аткарууну улантуу чечимин кабыл алган болсо, банкроттук процесси башталгандан кийин аларды аткаруута байланышкан чыгымдар баккроттук процессинин чыгымдарына кирет.
2. Администратор банкроттук процесси баштапганга чейинки карыз тарап менен түзүлгөн. эки тарап тең толук же жарым-жартылай аткарышпаган келишмдерди аткаруудан төмөнкү жагдайлардын бири болгон учурда баш тартат:
1) келишим аффилирленген жак менен түзүлсө;
2) келишим карыз тарап үчүн мурда түзүлгөн ушундай келишимдерин салыштырмапуу оор шарттарды камтыса:
3) келишим узак мөөнөттүү болсо (бир жылдан ашык) же карыз тарап үчүн алуу узак мөөнөттүү келечекке эсептелген болсо:
4) карыз тараптын келишимди аткаруусу кредиторлор үчүн кесепеттерге алып келсе.
3. Администратор тарабынан аны аткаруудан баш тартуу тууралуу чечими кабыл алынган келишимдин тарабы администратор чечим кабыл алган күндөн тартып отуз күндң мөөттүн ичинде банкроттук жөнүндө иш боюнча процедура администратор келишимди аткаруудан баш тартуусунан пайда болгон чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга тийиш.".
6. 70-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6;-пункт менен толукталсын:
"62) банкроттук прецедурасын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жана карыз тараптын финансы лык абалы жөнүндө анын жазуу түруүдөгү суроо-талабынын негизинде суроо-талап келип түшкөн күндөн он жумушчу күндөн кечиктирбеген мөөнөттө кредиторго маалымат берүүгө.".
7. 1041-статьянын З-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:
"91) өндүруштүн жүрүшүндө карыз тараптын учурдагы чыгашаларын каржылоо үчүн кредит алуу;".
8. 9-глава төмөнкүдөй мазмундагы1041-статья менен толукталсын:
"1041-статья. Кредит алуу.
1. Реабилитация процедурасыкын жүрүшүндө тышкы башкаруучу чарба ишин жана карыз тараптын реабилитация лланын жүзөгө ашыруу үчүн кредиторлордун чогулушунун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабыннан аныкталган тартипте күрөө менен камсыздалбаган кредит ала алат. Бул кредиттер соттун жактыруусун талап кылбайт жана банкроттук процессинин сарптоолоруна кирет.
2. Эгерде тышкы башкарууну күрөө менен камсыздалбаган кредит алууга жараксыз болсо. сот кредиторлордун чогулушунун макулдугу менен тышкы башкаруучуга карыз тараптын курөө болуп эсептелбеген мүлкү менен камсыздалган кредитти алууга уруксат берет. Бул кредиттер ушул Мыйзамдын 87-статьясына ылайык канаатгандырылат.
3. Кредиторлордун чогулушунун тышкы башкаруучунун кредит алуусуна макулдугу болбогон учурда сот тышкы башкаруучудан кайрылуу алган күндөн тартып 10 күндүн ичинде ушул маселе боюнча угуу дайындайт.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он бет күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3-берене
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттүн ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти