Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 442 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-апрели № 206
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомунун редакциясына ылайык)
Электр менен камсыз кылуучу уюмдардын тармактарына технологиялык кошулуу үчүн төлөмдүн өлчөмүн аныктоо менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесинин 30-1, 30-4 - 30-12-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик бир айдын ичинде белгиленген мөөнөттө Электр менен камсыз кылуучу уюмдардын тармактарына технологиялык кошулуу үчүн төлөмдүн өлчөмүн аныктоо тартибин (мындан ары - Тартип) бекитсин.
4. Энергетика компанияларына Тартип күчүнө кирген күндөн тартып Тартиптин жоболорун эске алуу менен 2016-жылдын 27-апрелинен баштап электр менен камсыз кылуучу уюмдардын тармактарына технологиялык кошулуу үчүн төлөмдү кайра эсептөө сунушталсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |