Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-февралы № 110
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Бекешов Д.Д., Самигуллина А.Э., Мавлянова М.Э., Исаков М.А. тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралы № 110 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Бекешов Д.Д., Самигуллина А.Э., Мавлянова М.Э., Исаков М.А. тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексин тамеки буюмдарына минималдык чекене бааларды жөнгө салуучу мыйзамдарды сактабагандыгы үчүн административдик жоопкерчиликти караган 301-5-берене менен толуктоо сунушталууда.
Муну менен бирге Мыйзамдын долбоору менен сунушталган жогоруда аталган ченем Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 455 токтому менен бекитилген 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясынын максаттарына ылайык келбей тургандыгын белгилейбиз, анткени бул Концепцияда тамеки буюмдарын сатууга минималдык чекене бааларды белгилөө каралган.
Мында жогоруда аталган Концепцияны ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 668 “Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө” токтому менен чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене баалар белгиленген.
Өз кезегинде тамеки буюмдарына чекене бааларды белгилөө механизмин киргизүү, калк үчүн тамеки буюмдарынын жеткиликтүүлүгүн кыскартуу жана КНСтен салыктык түшүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүүнүн эсебинен мамлекеттик бюджетти толуктоо боюнча коомдук саламаттык сактоонун максаттарын ишке ашырууга мүмкүндүк бере тургандыгын белгилей кетүү керек.
2. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 6-бөлүгүнүн жетинчи абзацында көрсөтүлгөн “жана ошондой эле” деген сөздөрдү конкреттештирүүнү же алып салууну сунуштайбыз, анткени мындай түшүнүк укук колдонуу практикасында белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратуусу мүмкүн.
3. Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 3-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өз ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылган.
Ушуга байланыштуу аталган Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарды эске алуу менен, коомдук талкуулоо өткөрүү, ченемдик укуктук актыларды аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, башка кызыктар мамлекеттик органдар жана уюмдар менен макулдашуу жол-жобосун кошкондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өз чечимдерин кабыл алынган Мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүү үчүн убакыт керек экендигин белгилейбиз.
Баяндалганды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү” деген сөздөрдөн кийин “расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө” деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
Ошол эле учурда Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында ушул Мыйзам кабыл алынган учурда ага ылайык келтирилүүгө тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматтын жоктугун белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына ылайык толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
4. Мыйзамдын долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоо (мындан ары - ЖСТТ) боюнча ЖСТТнын айрым жоболору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасынын (мындан ары - Методика) талаптарына шайкеш келбей тургандыгын белгилейбиз.
Алсак, сунушталган ЖСТТда проблемалардын масштабы (экономикалык, социалдык, аймактык, мезгилдик жана башка өлчөмдөрдө) жана ушул сыяктуу проблемаларды чечүүнүн эл аралык тажрыйбалары чагылдырылган эмес.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбооруна ЖСТТны Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын ЖСТТ методикасына ылайык толуктап иштеп чыгуу зарыл деп эсептейбиз.
5. Ошондой эле каралып жаткан Мыйзамдын долбоору “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарына ылайык редакциялык жана стилистикалык жактан тыкыр толуктап иштеп чыгууну талап кылаарын белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ушул корутундуда көрсөтүлгөн сунуштарды эске алуу менен кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.