Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 241 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-апрели № 207
"Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Диний чөйрөдөгү укуктук мамилелерди жөнгө салууну жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2009-жылдын 16-январы, № 3) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул Мыйзам дин тутуу эркиндигин, коомдук коопсуздукту, тартипти, саламаттыкты жана адепти, ошого барабар эле башка жактардын негизги укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу боюнча мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясатынын укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.";
2) 3-беренеде:
- алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"чет өлкөлүк диний уюмдардын миссиялары жана өкүлчүлүктөрү (мындан ары - миссия) - канондук (диний) жактан чет өлкөнүн диний уюмуна таандык диний уюм же диний иш-аракетти жүргүзүү максатында өлкөгө келген чет өлкөлөрдүн диний уюмунун өкүлдөрү;";
- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи-сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"чет өлкөлүк миссионер - диний иш-аракетти жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк диний уюмдун өкүлү;
сыйынуучу бөлмөлөр (намазкана, часовнялар ж.б.) - белгилүү бир диний уюмдун (конфессиянын) сыйынууларына арналган жайлар;";
- тогузунчу абзацтагы "киргизүүгө умтулуусу" деген сөздөр "киргизүү боюнча иш-аракет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"мыйзамга ылайык эмес прозелитизм - психологиялык жана физикалык таасир кылуу, коркутуу, зомбулук жолдорун колдонуу менен башка диний окууларды туткандарды өзүнүн динине киргизүүгө багытталган иш-аракеттер;";
- он биринчи абзац "таалим-тарбия," деген сөздөрдөн кийин "диний идеологияны жайылтуу," деген сөздөр менен толукталсын, "диний кызматчылар жана дин кызматкерлери үчүн тиешелүү кийим-кечек чыгаруу, дагы" деген сөздөр "диний объекттерди каржылоо, куруу жана" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи - он бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"диний уюм - Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы кызыкчылыгынын негизинде биргелешип дин тутуу, кудайга табынуу, ырым-жырымдарды жана каадаларды өткөрүү, диний агартуу жана өздөрүнүн ишин улантуучуларды тарбиялоо жана башка диний иштерди жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн ыктыярдуу өз алдынча башкаруу уюму;
диний билим - диний бирикменин же өзүнчө адамдын, индивиддин кызыкчылыгындагы белгилүү бир диний окуунун негизинде ишке ашырылуучу максаттуу багытталган окуп-үйрөнүү жана тарбиялоо процесси;
дин таануу билими - диндерди, алардын бүткүл адамзаттын жана айрым өлкөлөрдүн тарыхый-маданий жана руханий жактан өнүгүүсүндөгү, ошондой эле коомдук-мамлекеттик мамилелердеги ээлеген ордун диний таандыктыгына көз каранды болбостон окутуп-үйрөтүүгө багытталган билим берүү;
диний объекттер - диний иштер үчүн пайдаланылуучу имараттар, курулмалар жана башка объекттер;";
3) 4-беренеде:
- 4-бөлүктө "тигил же бул дин тарабынан урматталуучу табынуу объектилерин маскаралоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат" деген сөздөр "диний символдорду жана диний мүнөздөгү мүлктөрдү жок кылуу административдик жана жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат." деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4) 5-беренеде:
- 1-бөлүктө:
а) расмий тилдеги текст "строится на" деген сөздөрдөн кийин "следующих" деген сөз менен толукталсын;
б) алтынчы абзац "мамилеси" деген сөздөн кийин "Кыргызстан элинин салттуу," деген сөздөр менен, "маданий" деген сөздөн кийин "баалуулуктарынын" деген сөздөр менен толукталсын.
в) төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи-тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- диний уюмдар саясий партиялардын диний негизде түзүлүшүнө жана диний уюмдардын саясий максаттарды көздөөчү саясий партиялардын жана коомдук бирикмелердин ишине катышпайт, аларга материалдык жана башка жардамдарды көрсөтүшпөйт;
- шайлоолорду өткөрүүдө диний уюмдардын үгүт иштерине катышуусуна жол берилбейт;
- мамлекет диний уюмдарга мамлекеттик бийлик органдарынын, мамлекеттик мекемелердин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жүктөбөйт.";
- 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Мыйзамга ылайык эмес прозелитизмге, өзүнүн диний көз караштарын жайылтуу максатында үйлөрдү, батирлерди кыдырууга, ошондой эле бардык мыйзамсыз миссионердик ишке тыюу салынат. Бул эрежелерди бузган жактар административдик мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылышат.";
5) 6-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ар кандай түрдөгү жана деңгээлдеги диний билим алууга мүмкүндүк Кыргыз Республикасынын билим берүү жана диний чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык берилет.
Диний окуу жайлардын диний билим берүү программалары билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен жалпы билим берүү дисциплиналарынын тиешелүү комплексин камтышы керек.";
3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Диний билим берүү билим берүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык билим берүү ишин лицензиялаган шартта жүзөгө ашырылат.
Диний окуу жайларга билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензия диний окуу жайдын уюштуруучусу болуп саналган диний уюмдун билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылуусу боюнча жана дин иштери боюнча мамлекеттик органдын макулдугу менен берилет.";
- 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Диний билим берүү программалары диний уюм (уюштуруучу) тарабынан бекитилген мазмунуна карата талаптардын негизинде диний окуу жайда иштелип чыгат жана ишке ашырылат, мазмуну боюнча жана анда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген радикалдык көз караштардын жана чакырыктардын жок экендиги тууралуу дин иштери боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылат.
Кыргыз Республикасынын жарандары "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык орто жалпы билим (11 класс) алгандан кийин же негизги жалпы билим (9 класс) алгандан кийин жана диний билим алгандан кийин чет өлкөдөн диний билим алууга укуктуу.
Чет өлкөнүн диний окуу жайларына билим алууга кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алуучу окуу жайы жөнүндө маалыматты берүү менен дин иштери боюнча мамлекеттик органга кабарлашат.";
- расмий тилдеги тексттин 7-бөлүгүндөгү "религиоведческих" деген сөз "религиозных" деген сөз менен алмаштырылсын;
6) 8-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасында диний уюмдар деп Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы кызыкчылыгынын негизинде биргелешип дин тутуу, кудайга табынуу, ырым-жырымдарды жана каадаларды өткөрүү, диний агартуу жана өздөрүнүн ишин улантуучуларды тарбиялоо максатында түзүлгөн, ушул Мыйзамга ылайык катталган ыктыярдуу өз алдынча башкаруу уюму (диний жамааттар, миссиялар, диний борборлор, мечиттер, чиркөөлөр, синагогдор, табынуу үйлөрү, храмдар, монастырлар) таанылат.";
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Диний уюм жашы жеткен жана тиешелүү аймакта (облуста же Бишкек жана Ош шаарларында) жашаган Кыргыз Республикасынын беш жүздөн кем болбогон жаранынын демилгеси боюнча түзүлөт.";
- 4-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Борбордук башкаруу органы эсепке алуу каттоосунан өткөн жана региондордун (облустардын, Бишкек, Ош шаарларынын) жетиден кем эмес административдик-аймактык бирдигинде иш жүргүзгөн тиешелүү конфессиядагы диний уюмдардын уюштуруу чогулуштарында (курултайда, конференцияда) түзүлөт.";
- 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Борбордук диний уюм жалпы республикалык статуска ээ, ал диний уюм статусуна ээ болгон филиалдарды түзүүгө укуктуу, аларды эсептик каттоого алуу ушул Мыйзамдын 10-беренесине ылайык, аталган берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында каралган документтерди көрсөтпөстөн ишке ашырылат.";
7) 10-беренеде:
- 2-бөлүктүн үчүнчү абзацында:
а) "жана миссияны", ", уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн", "жана жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган" деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
- төмөнкүдөй документтер жана маалыматтар болсо, диний уюмга бул административдик-аймактык бирдиктин чегинде ишти жүргүзүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарынан берилген корутунду маалымкат:
1) түзүлүп жаткан диний уюмдун арызы;
2) чогулуштун төрагасы жана катчысы кол койгон уюштуруу чогулушунун протоколу;
3) юридикалык дареги (жайгашкан жери) жөнүндө маалымат, диний уюмдун жана өздөрү ишин жүргүзүп жаткан чектеги аймактын аталышы;
4) диний уюмдун кайсы динди туткандыгы, предмети жана максаты, милдеттери жана негизги иш формасы;
5) түзүлүп жаткан диний уюмдун дайыма иштөөчү жетекчисинин контакттары, ал аркылуу диний уюм менен байланышат;
6) диний уюмдун финансы каражаттарынын жана башка мүлкүнүн пайда болуу булактары.";
- 3-бөлүктө:
а) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Дин иштери боюнча мамлекеттик орган кошумча маалыматтарды суратып алууга жана тиешелүү мамлекеттик органдардын корутундусун алууга, дин таануучу экспертиза дайындоого жана өткөрүүгө укуктуу. Мындай учурда арызды кароо дагы үч айлык мөөнөткө узартылат.";
б) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эсептик каттоого алуу жөнүндө арыз жана ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен тиркелген документтер берилсе, дин иштери боюнча мамлекеттик орган аларды карабастан арыз ээсине кайтарып берет, бул бардык зарыл болгон талаптарды сактоо менен ушул эле маселе боюнча кайрадан кайрылууга тоскоол болбойт.
Диний уюмду уюштуруучулардын курамы өзгөртүлсө, тиешелүү облустун же республикалык маанидеги шаарлардын аймагында диний уюмдун юридикалык дареги өзгөрсө, дин иштери боюнча мамлекеттик органга билдирүү жиберилет. Диний уюмдун кайра каттоодон өтүүсүнө Уставдын жана уставдык иштин өзгөрүшү негиз болот.";
- 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи - төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Диний уюмдарды, миссияларды, чет өлкөлүк миссионерлерди жана диний окуу жайларды эсептик каттоого, кайра каттоого алгандыгы жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын жоготуп (бузуп) алган учурда тиешелүү формадагы дубликат берилет.
Эсептик каттоого (кайра каттоого) алгандыгы жөнүндө күбөлүктүн дубликаты дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан арыздын негизинде "дубликат" деген белги менен 14 жумуш күнүнүн ичинде берилет.
Эсептик каттоого (кайра каттоого) алуу жөнүндө күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө арызга жоготкондугу (бузулгандыгы) жана жараксыздыгы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган кулактандыруу тиркелет.";
- төмөнкүдөй редакциядагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. Дин иштери боюнча мамлекеттик орган эгерде диний уюмдардын иши ушул Мыйзамга каршы келсе жана башка адамдардын укуктары жана эркиндиктери сыяктуу эле коомдук тартипке, ден соолукка жана адепке коркунуч келтирсе жана конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бүлдүрүүгө, социалдык, расалык, улуттар аралык, этностор аралык жана диний касташууну тутандырууга багытталса, аларды эсептик каттоого алуудан баш тартат.
Эсептик каттоого (кайра каттоого) алуудан баш тартуу жөнүндө чечим себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө берилет. Диний уюм бул чечимге соттук тартипте даттанууга укуктуу.
Диний уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын же уставдык иштин шарттарын бузса, дин иштери боюнча мамлекеттик орган аларга расмий эскертүү берүү, диний уюмдардын ишин токтото туруу, аларды эсептик каттоого алуу жөнүндө күбөлүктү кайра суратып алуу жөнүндө чечимди чыгарат.";
- 5-бөлүк "тартипте" деген сөздөн кийин "дин иштери боюнча мамлекеттик органда эсептик каттоосу болгондо гана" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 11-беренеде:
- 1-бөлүктө:
а) "жөнүндө" деген сөз "үчүн" деген сөз менен алмаштырылсын, "төрт нускадагы (мамлекеттик жана расмий тилдердеги)" деген сөздөр алып салынсын, "уюштуруу документтери" деген сөздөр "документтер" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) төртүнчү абзац "жобосунда" деген сөздөн кийин "(мамлекеттик жана расмий тилдердеги)" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 5-пунктта "чет өлкөлүк диний уюмдун миссиясы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын аймагында миссия" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) төмөнкүдөй документтер жана маалыматтар болгон учурда, бул административдик-аймактык бирдиктин чегинде иш жүргүзүү үчүн миссияга берген жергиликтүү бийлик органдарынын корутунду маалымкаты:
1) түзүлүп жаткан миссиянын арызы;
2) төрага жана катчы кол койгон уюштуруу чогулушунун протоколу;
3) юридикалык дареги (жайгашкан жери) жөнүндө маалыматтар, миссиянын жана өздөрү иш жүргүзгөн аймактын аталышы;
4) миссиянын кайсы динди туткандыгы, предмети жана максаты, милдеттери жана негизги иш формасы;
5) түзүлүп жаткан миссиянын дайыма иштеген жетекчисинин контакттары, ал аркылуу миссия менен байланышат;
6) миссиянын финансылык каражаттарынын жана башка мүлктөрүнүн пайда болуу булактары.";
д) 6-пункттун экинчи абзацындагы "диний уюмду жана", ", уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Эсептик кайра каттоого алуу үчүн дин иштери боюнча мамлекеттик органга ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 5 жана 6-пункттарында аталган документтер тапшырылат.";
9) 12-беренеде:
- 1-бөлүктө:
а) "мындан ары -" деген сөздөрдөн кийин "чет өлкөлүк" деген сөздөр менен толукталсын, "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "ушул Мыйзамга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Чет өлкөлүк жаранга Кыргыз Республикасынын аймагында эсептик каттоого алынбаса, диний ишти жүргүзүүгө тыюу салынат.
Кыргыз Республикасына 10 күнгө чейинки мөөнөткө диний ишти жүргүзүү максатында келген чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасына келгенге чейин дин иштери боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу үчүн чакыруучу диний уюмдун өтүнүчүн жана паспортунун көчүрмөсүн тапшырат.";
- 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Миссионердик ишти жүргүзүп жаткан чет өлкөлүк миссионер Кыргыз Республикасынын аймагында үч жылдан ашпаган убакытка жүрүүгө укуктуу. Чет өлкөлүк миссионер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузбаса, дин иштери боюнча мамлекеттик орган анын миссионердик ишинин мөөнөтүн узартат.
Кайра каттоодон өтүүдө Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк миссионердин болуу мөөнөтүн көрсөтүү менен жогору турган уюмдан мындан ары миссионердик ишин жүргүзүүнү улантууга жолдомо берилет, анын мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу нотариустан күбөлөндүрүлүшү керек.";
- 3-бөлүктө:
а) биринчи абзацындагы "Миссионер" деген сөз "Миссионердик ишти жүргүзүүчү чет өлкөлүк миссионер" деген сөздөр менен, "алуудан өтүш" деген сөздөр ", кайра каттоого алуусу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.";
б) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) чет өлкөлүк миссионердин Кыргыз Республикасынын аймагына диний ишти жүргүзүү максатында келиши үчүн диний уюмдун (же миссиянын) чакыруусу.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) чет өлкөлүк миссионердин диний иши үчүн бул уюмдун жоопкерчилигин кароочу диний уюмдун өтүнүчү.";
- 4-бөлүктө:
а) "жаранды (миссионерди) эсептик каттоого" деген сөздөр "миссионерди эсептик каттоого, кайра каттоого" деген сөздөр менен алмаштырылсын";
б) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Эсептик каттоого (кайра каттоого) алуу жөнүндө арыз жана ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен тиркелген документтер берилсе, дин иштери боюнча мамлекеттик орган аларды карабастан арыз ээсине кайтарып берет, бул бардык зарыл болгон талаптарды сактоо менен ушул эле маселе боюнча кайрадан кайрылууга тоскоол болбойт.";
- 5-бөлүк "жыйынтыктары боюнча" деген сөздөрдөн кийин "миссионердик ишти жүзөгө ашырган чет өлкөлүк" деген сөздөр менен толукталсын, "өткөндөн кийин" деген сөздөрдөн кийин "чет өлкөлүк" деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Дин иштери боюнча мамлекеттик орган чет өлкөлүк миссионерди эсептик каттоого (кайра каттоого) алуу жөнүндө күбөлүктү кайра сурап алат же анын иши башка адамдардын негизги укуктары жана эркиндиктери сыяктуу коомдук коопсуздукка, коомдук тартипке, ден соолукка жана адепке коркунуч келтирсе жана конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бүлдүрүүгө, социалдык, расалык, улуттар аралык, этностор аралык жана диний касташууну тутандырууга багытталса, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган башка учурларда аны эсептик каттоого (кайра каттоого) алуудан баш тартат.";
- 7-бөлүктүн биринчи абзацында "Миссионерлерге" деген сөз "Чет өлкөлүк миссионерлерге" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Миссионерлерге визаларды тариздөө жана берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт.";
10) 13-беренеде:
- 2-бөлүктө:
а) расмий тилдеги тексттин үчүнчү абзацы "религиозного" деген сөздөн кийин "учебного" деген сөз менен толукталсын;
б) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- төмөнкүдөй документтер жана маалыматтар болгон учурда, бул административдик-аймактык бирдиктин чегинде диний билим берүү ишин жүргүзүү үчүн диний окуу жайга берген жергиликтүү бийлик органдарынын корутунду маалымкаты:
1) диний окуу жайды түзүүгө диний уюмдун арызы;
2) төраганын жана катчынын колу коюлган диний окуу жайдын уюштуруу чогулушунун протоколу;
3) юридикалык дареги (жайгашкан жери) жөнүндө маалыматтар, диний окуу жайдын, ошондой эле уюштуруучу болгон диний уюмдун аталышы;
4) диний окуу жайды уюштуруучу диний уюмдун дин тутуу таандыгы, предмети жана максаты, милдеттери жана негизги иш формасы;
5) түзүлүп жаткан диний окуу жайдын дайыма иштеген жетекчисинин контакттары, ал аркылуу диний окуу жай менен байланыш ишке ашырылат;
6) диний уюмдун жана диний окуу жайдын финансылык каражаттарынын жана башка мүлктөрүнүн пайда болуу булактары.";
в) бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- диний уюмдун (уюштуруучунун) уставынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелген диний окуу жайды түзүү жөнүндө диний уюмдун өтүнүчү;";
г) алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- диний окуу жайдын жетекчиси бекиткен окуу программасы, окутууда пайдаланылуучу диний адабияттар жана окутуучулардын сапаттык курамы.";
д) тогузунчу абзац алып салынсын;
- 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Эсептик каттоого алуу жөнүндө арыз жана ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу жолу менен тиркелген документтер берилсе, дин иштери боюнча мамлекеттик орган аларды арыз ээсине кароосуз кайтарып берет, бул бардык зарыл болгон талаптарды сактоо менен ушул эле маселе боюнча кайрадан кайрылууга тоскоол болбойт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-6-бөлүктөр менен толукталсын:
"4. Эгерде диний окуу жайдагы окуунун шарттары, окуу программасы жана окутуу деңгээли белгиленген талаптарга шайкеш келбесе, же болбосо окутуунун багыты коомдук коопсуздукка жана тартипке, ден соолукка жана адепке, ошол сыяктуу башка адамдардын негизги укуктарына жана эркиндиктерине коркунуч келтирсе жана конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бүлдүрүүгө, социалдык, расалык, улуттар аралык, этностор аралык жана диний касташууну тутандырууга багытталса, эсептик каттоого алуудан баш тартылат.
5. Эсептик каттоого алуудан баш тартуу жөнүндө чечим себептерин көрсөтүү менен таризделет жана уюштуруучуга жазуу жүзүндө берилет.
Эсептик каттоого алуудан баш тартуу, ишин токтото туруу же эсептик каттоого алынгандыгы тууралуу күбөлүктү кайра сурап алуу жөнүндө дин иштери боюнча мамлекеттик органдын чечими соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
6. Дин иштери боюнча мамлекеттик орган диний окуу жайлардын ишин инспекциялык текшерүүгө, эгерде каттоодо белгиленген, бекитилген окуу программалары жана окутуу шарттары диний окуу жайы тарабынан сакталбаса, аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө көрсөтмө берүүгө же ишин токтото туруу, эсептик каттоого алуу жөнүндө күбөлүктү кайра суратып алуу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.";
11) төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-беренеси менен толукталсын:
"13-1-берене. Сыйынуучу бөлмөлөрдү эсептик каттоого алуу
1. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан сыйынуучу бөлмөлөр Мыйзамда белгиленген тартипте катталган диний уюмдун өтүнүчү менен юридикалык жана жеке жактардын кайрылуусунун негизинде дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте эсептик каттоого алынат.
Сыйынуучу бөлмөлөр диний сыйынууларды аткаруу үчүн гана арналып, диний уюмдун статусуна ээ эмес жана юридикалык жак болуп эсептелбейт.
Сыйынуучу бөлмөлөр дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан эсептик каттоо жөнүндөгү күбөлүк берилген учурдан тартып иштей баштайт.
2. Сыйынуучу бөлмөлөрдү эсептик каттоого алуу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
- аймагында же имаратында сыйынуучу бөлмөлөр ачыла турган жеке жана юридикалык жактардын эсептик каттоого алуу тууралуу арызы;
- каттоодон өткөн диний уюмдун Уставынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен өтүнүч каты;
- сыйынуучу бөлмөгө ээ болуу жана аны пайдалануу укугун ырастаган документ (жеке менчик жайы тууралуу сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими, жайды бекер берүү келишими, расмий кат);
- сыйынуучу бөлмөнүн имаратты пайдалануунун талаптарына ылайык берилгендиги тууралуу документ (пайдаланууга кабыл алуу-берүү акты, архитектура органдарынын корутундусу).
3. Сыйынуучу бөлмөлөрдү эсептик каттоого алуу боюнча арызды кароонун мөөнөтү ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлөт.
Эсептик каттоого алуу жөнүндө арыз жана ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу жолу менен тиркелген документтер берилсе, дин иштери боюнча мамлекеттик орган аларды арыз ээсине кароосуз кайтарып берет, бул бардык зарыл болгон талаптарды сактоо менен ушул эле маселе боюнча кайрадан кайрылуусуна тоскоол болбойт.
4. Эсептик каттоого алуунун жыйынтыгы боюнча арыздануучуга күбөлүк берилет. Эсептик каттоого алуу жөнүндө күбөлүктүн формасы сыйынуучу бөлмөлөр үчүн дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
5. Сыйынуучу бөлмөлөр иштей баштаары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына билдирүү жиберилет.
6. Ушул Мыйзамда каралган талаптар бузулганда сыйынуучу бөлмөлөргө дин иштери боюнча мамлекеттик орган жазуу жүзүндө эскертүү берет же сыйынуучу бөлмөлөр эсептик каттоого алынгандыгы тууралуу күбөлүктү суратып алат.
7. Муниципалдык көп кабаттуу турак жай үйлөрүндө сыйынуучу бөлмөлөрдү ачуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
12) 14-беренеде:
- 2-бөлүктө:
а) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- коомдук тартипти бузуу, мамлекеттин коомдук же улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирүү;";
б) үчүнчү абзацтагы "мамлекеттик" деген сөз "аймактык" деген сөз менен алмаштырылсын;
в) бешинчи абзацта "улуттук же диний араздашуулары көкүтүү, адамзатты жектөөгө чакыруу" деген сөздөр "этностор аралык же диний араздашууларды көкүтүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) жетинчи абзацта "жарандардын" деген сөз алып салынсын;
- 3-бөлүктөгү "жана прокуратура органдары", "же болбосо диний уюмдун иш-аракетине тыюу салуу" деген сөздөр алып салынсын;
13) 17-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Диний уюмдар дин иштери боюнча мамлекеттик органга өздөрүнүн чарба жүргүзүү субъекттери, кайрымдуулук жайлары жана башка ишканалары жөнүндө дин иштери боюнча мамлекеттик орган тизмесин бекиткен тийиштүү документтерди берүү менен билдиришет.";
14) 21-беренеде:
- 1-1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-1. Сауд Арабиясынын аймагындагы ыйык жерлерге Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыярат кылууга (ажы, умра) барууларын уюштуруу республикалык ведомстволор аралык штабдын көмөктөшүүсү менен жана дин иштери боюнча мамлекеттик органдын түздөн-түз координациялоосу менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы тарабынан ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынан Сауд Арабиясынын аймагындагы ыйык жерлерге жыл сайын бөлүнгөн квотанын негизинде зыярат кылууга барышат.";
- 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Диний каадалар, ырым-жырымдар жана нике кыюу аземдери үй-бүлөлүк мыйзамга жана "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.";
15) 22-беренеде:
- 1-бөлүктө:
а) биринчи абзац "чыгарып кетүүгө," деген сөздөрдөн кийин "өздөрүнүн муктаждыгына жараша" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын жарандары, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган жобого ылайык диний адабиятты, башка басма, аудио-видео материалдарды, ошондой эле диний багыттагы башка буюмдарды жеке пайдалануусу үчүн бирден нускада алууга, Кыргыз Республикасынан алып кетүүгө, Кыргыз Республикасына алып келүүгө укуктуу.";
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Дин иштери боюнча мамлекеттик орган диний адабияттарга, башка басма, аудио-видео материалдарга жана электрондук сактагычтарга, ошондой эле Кыргыз Республикасына диний уюм ташып келген диний адабияттарга дин иштери боюнча мамлекеттик орган бекиткен жобого ылайык дин таануу экспертизасын дайындайт жана ишке ашырат.";
- 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган, таратылган адабият жана басма продукциясы, ошондой эле диний мазмундагы аудио-видео материалдар, электрондук сактагычтар дин иштери боюнча мамлекеттик органда дин таануу экспертизасынан өтүүсү керек.
Дин иштери боюнча мамлекеттик органдын дин таануу экспертизасынын корутундусу болбосо, Кыргыз Республикасынын улуттук китеп палатасы тарабынан диний басылмага стандарттык номер (шифр) берүүгө жол берилбейт.
Дин иштери боюнча мамлекеттик органдын макулдугусуз менчигинин түрүнө карабастан типографияларда диний мазмундагы адабияттарды жана башка сактагычтарды чыгарууга (басууга, көбөйтүүгө, көчүрүүгө) тыюу салынат.
Диний адабияттарды, башка басма, аудио-видео материалдар диний уюмдар берген, дин таануу экспертизасынан өткөн материалдардын тизмесинин негизинде таратылат.
Диний адабияттын, мезгилдүү басманын жана башка чыгарылыштардын ар бир чыгуусу бардык чыгыш маалыматтарын: чыгуунун катар номерин, датасын, тиражын, редакциянын, басманын же типографиянын дарегин камтышы керек.
Жалпыга маалымдоо каражаттары (мезгилдүү басма сөз, телеканал, радиоканал, телепрограммалар радиопрограммалар, видео материалдар жана Интернет тармагы), ошондой эле диний багыттагы туруктуу аталышы (аты) менен маалыматты мезгилдүү жайылтуунун башка формалары аркылуу таратууга дин иштери боюнча мамлекеттик органдын макулдугунан кийин жол берилет.";
16) 26-беренеде:
- 2-бөлүктөгү "прокуратура органдарына," деген сөздөр алып салынсын;
- 4-бөлүктөгү ", прокуратура органдарына" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-бөлүк:
а) "салык органдары" деген сөздөрдөн кийин ", жергиликтүү бийлик органдары" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар аныкталса же диний уюм тарабынан анын уставында (жобосунда) каралган максаттарына каршы келген аракеттер болгон учурда, ага кетирген кемчиликтерин жана аны үч айдын ичинде жоюу мөөнөтүн көрсөтүү менен жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө же диний уюмдун ишин токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алууга. Дин иштери боюнча мамлекеттик органдын диний уюмга карата чыгарган чечими сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.";
- 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Диний уюм өзүнүн уставдык максаттарына каршы келген ишти системалык түрдө (эки жана андан көп) жасаган жана ага жазуу жүзүндө эскертүү берилген учурда ушул беренеде каралган белгиленген мөөнөттө маалыматтарды бербей коюу дин иштери боюнча мамлекеттик органдын же анын аймактык органынын бул диний уюмду жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылуусу үчүн негиз болуп эсептелет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
8. Диний уюмдун уставдык ишин текшерүү жана мониторинг жүргүзүү дин иштери боюнча мамлекеттик органдын жана жергиликтүү бийлик органдарынын демилгеси боюнча пландуу, ошондой эле ыкчам тартипте төмөнкүдөй учурда жүргүзүлөт:
- жарандардын жана уюмдардын арыздары, даттануулары жана башка кайрылуулары боюнча;
- мамлекеттик бийлик органдарынын тапшырмасы боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.";
17) 27-беренеде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Сыйынуучу бөлмөлөр үчүн ушул Мыйзамда каралган талаптар бузулганда дин иштери боюнча мамлекеттик орган сыйынуучу бөлмөлөрдү кармаган жеке жана юридикалык жактарга жазуу жүзүндө эскертүү берет. Эгерде айтылган мыйзам бузуулар үч айдын ичинде жоюлбаса же кайра кайталанса, дин иштери боюнча мамлекеттик орган сыйынуучу бөлмөнү эсептик каттоого алуу тууралуу күбөлүктү кайра сурап алат.";
18) 28-берене:
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ушул берененин 1-бөлүгүнүн талаптарын бузуу дин иштери боюнча мамлекеттик органдын диний уюмду жоюу жөнүндө доо арызы менен сотко кайрылуусуна негиз болуп эсептелет.".
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти