Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-апрели № 216
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин өбөлгөлөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын байге фонду 6,0 (алты) млн. сом өлчөмүндө белгиленсин.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пунктта:
"келбетин жакшыртуу," деген сөздөрдөн кийин "маданият мекемелеринин абалын жакшыртуу жана маданий мурасты сактоо," деген сөздөр менен толукталсын;
"1-3-орундарды алган" деген цифралар жана сөздөр алып салынсын;
- 4-пункттагы "бешинчи" деген сөз "төртүнчү" деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 9.1-пункт менен толукталсын:
"9.1. Сынактык комиссиялар айыл өкмөттөрүн төмөнкү эки топко бөлүп карайт:
1-топ - алыскы, жетүүгө кыйын, бийик тоолуу аймактарда жайгашкан жана өзгөчө чек ара статусуна ээ болгон айылдары бар айыл өкмөттөр;
2-топ - 1-топко кирбеген айыл өкмөттөрү.";
- 13-пункттун алтынчы абзацындагы "ар бир райондон бир талапкер (айыл өкмөтүнөн)" деген сөздөр "ар бир райондон, ушул жобонун 9.1-пунктунда аталган топтордун ар биринен бирден талапкер (айыл өкмөтү)" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 14-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сынактын экинчи этабында облустун сынактык комиссиясы ушул Жобонун 9.1-пунктунда аталган топтордун ар биринен бирден талапкерди тандайт. Талапкерлерди аныктоо тууралуу чечим (протокол) жалпы мамлекеттик сынактык комиссиянын дарегине жиберилет.";
экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 17-пункттагы мамлекеттик тилдеги тексттин экинчи сүйлөмүндөгү "жеңүүчүсү" деген сөз "жеңүүчүлөрү" деген сөз менен, "айыл өкмөтү" деген сөздөр "айыл өкмөттөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Сынактын жыйынтыктарын чыгарууда ушул Жобонун 9.1-пунктунда аталган ар бир топтон эң мыкты айыл өкмөттөрү аныкталат:
Сынактын байге фонду төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлөт:
1-топ:
- 1-орун үчүн - 1,5 млн. сом;
- 2-орун үчүн - 1,0 млн. сом;
- 3-орун үчүн - 0,5 млн. сом.
2-топ:
- 1-орун үчүн - 1,5 млн. сом;
- 2-орун үчүн - 1,0 млн. сом;
- 3-орун үчүн - 0,5 млн. сом.
"Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемесиндеги "Эң мыкты айыл өкмөтү" конкурсуна айыл өкмөтүнүн катышуусуна арыздын формасында:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айыл аймаганын аталышы жана тобу (Жобонун 9.1-пунктуна ылайык) ________________________________________________";
"Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемесиндеги "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына конкурстук тандоону жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн ишин баалоо критерийлеринин матрицасында:
- 1.1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- матрица төмөнкүдөй мазмундагы 1.8 жана 4.3-пункттар менен толукталсын:
"
1.8 | Калктуу конуштардын башкы пландарын бекитүү | Башкы планы бар | Башкы планы жок | Башкы планы жаңыланган эмес | Башкы планы иштелип чыккан, бирок бекитилген эмес | Башкы планы бекитилген, бирок ишке ашырыла элек | Башкы планы ишке ашырылууда |
4.3 | Жергиликтүү кеңештин токтомдорун жарыялоо | Жергиликтүү кеңештин токтомдорун өз учурунда жарыялоо жана аларды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү | Кабыл алынган чечимдер эсепке алынбайт | Жарыяланбайт жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилбейт | Жарыяланат, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилбейт | Жарыяланат жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине мөөнөтүнөн кечигүү менен киргизилет | Жарыяланат жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине белгиленген мөөнөттө киргизилет |
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |