Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-апрели № 220
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев жана М.И.Бакиров демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 220 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев жана М.И.Бакиров демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 9-пунктуна ылайык, Мыйзам долбоору аталышы менен бир нече мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенде, ага өзгөртүүлөр (үчтөн ашуун эмес) киргизилген мыйзамдын аталышы кашаада камтылууга тийиш же жөнгө салуучу коомдук мамилелердин чөйрөсүнө кыскача көрсөтмөнү камтууга тийиш, же аталган Мыйзам долбоору менен (эгерде Мыйзам долбоорунун аталышынан коомдук мамилелердин жөнгө салуучу чөйрөсүн так аныктоого мүмкүн болбосо) жөнгө салууга жаткан маселелерди көрсөтмө камтылууга тийиш.
Ушуга байланыштуу, Мыйзам долбоорунун аталышын көрсөтүлгөн Нускаманын аталган пунктуна ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
2. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы менен "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин он тогузунчу абзацын жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда, ага ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түрдө берүү - Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук порталын колдонуу менен мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аралыктан берүү болуп саналат.
Бирок, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Ченемдик укуктук актылардын текстинде колдонулган терминдер жана түшүнүктөр түшүнүктүү жана бир маанилүү болушу керек. Ченемдик укуктук актыда колдонулуучу терминдерди жана түшүнүктөрдү тактоо зарыл болгондо актыда алардын маанисине түшүндүрмө берүүчү берене (пункт) жайгаштырылат.
Ушуга байланыштуу, "Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы" деген түшүнүктү чечмелөөнү сунуштайбыз.
3. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгү боюнча "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун тартиби каралгандыгын белгилөө зарыл.
Ушуга байланыштуу, 16-берененин 1-бөлүгүн жаңы редакцияда баяндоону максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
4. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгү менен "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда, ага ылайык биринчи пункту менен купуялуу маалыматтын тизмеси "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныктала тургандыгы белгиленүүдө, ал эми экинчи пункту менен кызматтык сырды камтыган купуялуу маалымат ачыкталууда.
Мында, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында ушул Мыйзам долбоору менен сунушталып жаткан түзөтүүлөр каралган эмес.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлары: мамлекеттик, аскердик жана кызматтык сырлар деген үч категорияга бөлүнө тургандыгын белгилөө зарыл.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 1-пунктунун төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтарын "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
Мындан сырткары, аталган беренени дипломатиялык жана консулдук мамилелер жаатындагы материалдарды купуялуу маалыматтардын категориясына киргизүү каралган тиешелүү пунктча менен толуктоо максатка ылайык.
5. Сунушталган Мыйзам долбоорунун 2-беренеси менен маалымат пайдаланууну чектөө, расмий маалыматты башка ыкмалар менен пайдалануу мүмкүнчүлүгү, мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка сайттарга жарыялоо менен байланышкан жоболор киргизилүүдө.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, атап айтканда "Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында мындай жоболор каралган эмес.
Ушуга байланыштуу, 2-берененин 2 жана 3-бөлүктөрүн кайра кароону сунуштайбыз.
6. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында мамлекеттик органдын (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын) Интернеттеги сайты деп, ушул Мыйзамдын максаттары үчүн Интернет аркылуу алууга мүмкүн болгон "KG" домендик аймагында бир дарекке бириктирилген маалыматтардын жыйындысы түшүндүрүлөт.
Ушуга байланыштуу, "мамлекеттик органдын сайты" деген аныктаманы талап кылынган көлөмдө "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын түшүнүктөр аппаратына киргизүүнү сунуштайбыз.
7. Мындан сырткары, сунушталган Мыйзам долбооруна берилген негиздеме-маалымкатта аталган Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда аны ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылынбай тургандыгын белгилейбиз.
Бирок, Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн алтынчы абзацында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сайттарды түзүүгө жана анын ишин коштоого келишимдик негизде адистештирилген уюмдарды ишке тартууга укуктуу деп көрсөтүлгөн, бул болсо республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды талап кыла тургандыгына көңүлүңөрдү бурабыз.
Ушуга байланыштуу негиздеме-маалымкатта финансылык-экономикалык эсептөөлөр, учурдагы жана келерки жылдардын каржылоо булактары жөнүндө маалыматтар камтылышы керек экендигин белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каржылоо булагын аныктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн экендигин белгилөө зарыл.
8. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн жетинчи абзацы боюнча ченемдик укуктук актылардын толук тизмесин жана тексттерин камтуучу расмий маалыматтын борборлоштурулган системасын түзүүнү жана киргизүүнү камсыз кылуу боюнча жумуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен бирдикте жүргүзүүгө тийиш экендигин белгилейбиз, Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-пунктуна ылайык мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат.
9. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 5-бөлүгүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларын электрондук башкаруу архитектурасынын ачык сегментине киргизүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жайларында жарандар жана уюмдар үчүн колдонууга мүмкүн болгон жеткиликтүү жерлеринде Интернетке кошулган абоненттик пункттарды түзүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары каралган.
Мында, мисалы, Кыргыз Республикасынын тышкы саясат жүргүзүүчү ведомствосунун балансында турган кыймылсыз мүлк объекттери, адамдардын келүүсү чектелген режимдик объектилер болуп санала тургандыгын белгилөө зарыл.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан аткарылуучу консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн көпчүлүгү Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги чет өлкөлүк мекемелеринде ишке ашырылат.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан кызматтык жайларда жарандар үчүн колдонууга мүмкүн болгон жеткиликтүү жерлеринде Интернетке кошулган абоненттик пункттарды түзүү жана уюштуруу татаал жана кандайдыр бир деңгээлде жарым-жартылай ишке ашырылышы мүмкүн.
10. Сунушталган Мыйзам долбоорунда "электрондук башкаруу архитектурасы", "электрондук башкаруу архитектурасынын ачык сегменти", "абоненттик пункт" сыяктуу түшүнүктөр камтылган.
Мында, сунушталган Мыйзам долбоорунда аталган түшүнүктөрдүн мааниси көрсөтүлгөн эмес.
Ушуга байланыштуу, аталган түшүнүктөргө аныктама берүү сунушталат.
11. Мыйзам долбоорунун 3-беренеси боюнча "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28 жана 30-беренелерине ылайык расмий жарыялоо жана Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү ченемдик укуктук актынын юридикалык күчүнө кириши үчүн милдеттүү шарт болуп санала тургандыгын белгилөө зарыл. Ошону менен бирге, ченемдик укуктук актыны расмий жарыяланган күнү Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү мүмкүн эмес, себеби ченемдик укуктук актылар аталган Реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине расмий жарыялангандан кийин 7 жумуш күндүн ичинде берилет.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 3-беренесин толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
12. Жалпысынан, "мыйзамдар" деген түшүнүк жалпылаштырылган түшүнүк болуп саналаарын жана кеңири чечмелөө мүмкүнчүлүгүн берүүчү чаржайыт мүнөзгө ээ экендигин белгилөө зарыл.
Алсак, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык мыйзамдар - коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы.
Ушуга байланыштуу, келечектеги ченемдик укуктук актылардын предметин талдап чыгууну жана аны кабыл ала турган конкреттүү субъектини көрсөтүүнү, ал эми корутунду жоболордо мындай субъектиге дайыма мөөнөтүн көрсөтүү менен аткаруу тапшырмасын берүүнү максатка ылайык деп эсептейбиз.
Ошондой эле, Мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча колдонулган "ченемдик актылар" деген сөз айкалышын жогоруда аталган Мыйзамдын талаптарына ылайык тиешелүү жөндөмөдө жана санда "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары" деп жазуу керек.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктунун талаптарына ылайык мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерди берүүгө жалпы жонунан жол берилбейт (мисалы, "мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат").
Аталган Нускаманын 77-пунктуна ылайык Мыйзам долбоорундагы бланкеттик аныктамаларда мыйзам чыгаруу тармагына, мыйзам чыгаруу актынын түрүнө, жөнгө салуу тармагына, айрым тийиштүү эрежелерге шилтеме берилиши мүмкүн.
Айтылгандарды эске алып, мыйзамдардын түрүн Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын ченемдерин көңүлгө алуу менен көрсөтүүнү сунуштайбыз.
"Башка" деген термин коррупциогендик факторду жаратып, субъекттерге мыйзамдарда так бекитилген критерийлерге таянбастан тигил же бул кырдаалды өзү каалагандай чечмелөөсүнө укук бере тургандыгын белгилөө зарыл.
Ушуга байланыштуу, Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын жана 4-бөлүгүнүн алтынчы абзацын толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ушул корутундуда баяндалган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.