Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-апрели № 221
"Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Бекешев Д.Д. жана Бакиров М.И. демилгелеген "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 221 токтому менен жактырылган |
"Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Бекешев Д.Д., Бакиров М.И. демилгелеген "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгү менен Кыргыз Республикасында мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызматкерлери, уюмдардын жана жарандардын электрондук документтерди жана ар түрдүү маалыматтарды электрондук формада колдонуу менен ар кандай юридикалык маанилүү чечимдерди кабыл алуусу жана аткаруусу электрондук башкаруу деп эсептелинери сунушталат.
Мында долбоордун жогоруда аталган 3-бөлүгүнө ылайык ушул Мыйзам мамлекеттик инфраструктураларды жана башка тармактарды электрондук башкаруу менен колдонууда, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук формада кызмат көрсөтүү боюнча аракеттерде колдонулат.
Ушуга байланыштуу, Мыйзам долбоорунда ички карама-каршылыктар бар экендигин белгилейбиз, себеби "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр деп, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин өз компетенциясынын алкагында, жеке жана юридикалык жактардын укуктарын ишке ашырууга, кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандырууга, же болбосо жарандык-укуктук мамилелердин натыйжасында келип чыгуучу милдеттерди аткарууга багытталган суроо-талапты аткаруу боюнча ишинин жыйынтыгы эсептелет.
Ошондой эле, Мыйзам долбоорунун жогоруда аталган беренесинин 2-бөлүгүндө "юридикалык маанилүү чечимдер" жана "юридикалык маанилүү иш-аракеттер" деген түшүнүктөрдүн мааниси ачылган эмес.
2. Сунушталып жаткан Мыйзам долбоорунун жөнгө салуу предметин эске алып, Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 1 жана 2-пункттарында аталган "инсанды натыйжалуу жана туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү", "бизнести башкарууда коррупциялык факторлорду жоюу" сыяктуу электрондук башкаруу маселелерин кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
3. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жөнүндө жобого ылайык бул Комитет маалыматташтыруу, электрондук башкаруу, электрондук өкмөт, электрондук кызмат көрсөтүүлөр, электр жана почта байланышы, анын ичинде радио жана телеберүүлөр жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана тармактар аралык координациялоону ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет.
Ушуга байланыштуу азыркы учурда Комитеттин функцияларын кайталаган кошумча ведомстволор аралык комиссияларды, кеңештерди, борборлорду, башка координациялык органдарды түзүүнүн кажети жок деп эсептейбиз жана Мыйзам долбоорунан 7, 8, 9 жана 31-беренелерди алып салууну, ошондой эле 5, 6 жана 23-беренелерди кайра карап чыгууну максатка ылайык деп эсептейбиз.
4. Мындан сырткары Мыйзам долбоорунун 10-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган ченем Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен мамлекеттик сырга таандык кылынган маалыматка карата кандайча колдонула тургандыгын тактоо керек,
Мында, Мыйзам долбоорунун 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык маалымат ээси маалыматты колдонууга өзү каалагандай уруксат берүүгө же колдонууну чектөөгө укуктуу экендигине көңүл буруу керектигин билдиребиз.
Ошондуктан Мыйзам долбоору жалпысынан "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкеш келтирилүүгө тийиш экенин белгилейбиз.
5. Мыйзам долбоорунун 1-беренесин көңүлгө алуу менен Мыйзам долбоорунун 14-беренесинде баяндалган жоболор, сунушталып жаткан Мыйзам долбоорунун жөнгө салуу предметинин чегинен чыгат деп эсептейбиз.
6. Мыйзам долбоорунун 18-беренесинин 2-бөлүгүндө Интернет колдонуу маселесин козгогон Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында Интернетти уюштуруу жана иштешин камсыздаган эл аралык стандарттардын жана техникалык мүнөздөгү башка эл аралык документтердин талаптары эске алынууга тийиш деп аныкталган.
Ушуга байланыштуу кайсы эл аралык стандарттар жана документтер жөнүндө сөз болуп жаткандыгы жана бул документтер үчүн Кыргыз Республикасында кандай деңгээлде артыкчылык берилгендигин тактоо керектигин сунуштайбыз.
Ушуга окшош сын пикир Мыйзам долбоорунун 23-беренесинин 4-бөлүгү боюнча, электрондук башкаруудагы маалыматтык кызматташуунун мыкты делген дүйнөлүк уюштуруу-техникалык ыкмалары боюнча айтылат.
7. Мыйзам долбоорунун 19-беренесинин 4-бөлүгүнүн "б" пунктунда пайдаланууга киргизиле турган элементтерге карата маалыматтык системаларды, маалымат талдоо борборлорун, башка элементтерди электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасынын курамына киргизүү, сунушталган Мыйзамга ылайык, пайдаланууга киргизүү жөнүндө чечимдин негизинде ишке ашырылат.
Ошону менен бирге сунушталып жаткан Мыйзам долбоорунун жоболорунда кайсы чечим жөнүндө сөз болуп жаткандыгы жана бул чечимди кайсы мамлекеттик орган кабыл алышы керектиги түшүнүксүз экенин белгилейбиз.
8. Мыйзам долбоорунун 27-беренесинде жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрү, республикалык жана мамлекеттик бюджеттин пайдасына башка төлөмдөрдүн төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат алмашуу үчүн электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасын түзүү каралган.
Мында, электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасын түзүү, жүргүзүү, өнүктүрүү жана тейлөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген мамлекеттик органга бекитип берүү сунушталат.
"Кыргыз Республикасынын төлөм системалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы республиканын банктык жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын аймагында акчалай которууларды жүргүзүү тартибин жана формасын белгилейт, төлөм системаларынын мүнөздөмөсүн жана төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө катышуучулардын ортосундагы өз ара мамилелердин тартибин аныктай тургандыгын белгилөө керек.
Баяндалгандарды эске алуу менен жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрү, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин пайдасына башка төлөмдөрдүн төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат алмашуу үчүн иштеп жаткан ири жана чекене төлөмдөрдүн төлөм системасын колдонууну сунуштайбыз.
9. Мыйзам долбоорунун 28-беренесинин 1-бөлүгүн "Административдик иш жана административдик процедуралардын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесине ылайык келтирүүнү, айрым алганда Мыйзам долбоорунун 28-беренесинин 1-бөлүгүндө аталган Мыйзамга шилтеме берген ченем каралышы же "же сотко" деген сөздү ", кийинчерээк сотко" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
10. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү кеңештер мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитет. Мында жогоруда аталган Мыйзамдын 11-беренесине ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары аларды электрондук форматта берүүнүн өзгөчөлүктөрүн камтышы керек.
Ушул жагдайды эске алганда, коллизияларды болтурбоо үчүн сунушталып жаткан Мыйзам долбоорунан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук формада берүүнү регламенттеген ченемдерди алып салууну сунуштайбыз, себеби жогоруда аталган Мыйзамдын 2-беренесине ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү бөлүгү боюнча ушул Мыйзам менен бирдей юридикалык күчкө ээ болгон башка ченемдик укуктук актылар менен коллизия келип чыккан учурда ушул Мыйзамдын жоболору колдонулат.
Сунушталган Мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө", "Электрондук документ жана электрондук цифралык колтамга жөнүндө", "Электр жана почта байланышы жөнүндө" мыйзамдардын жөнгө салуу предмети болгон бир катар жоболорду камтыйт.
Ушуга байланыштуу бир эле маселени көп жолу жөнгө салууну болтурбоо максатында жогоруда аталган жоболорду алып салууну сунуштайбыз.
11. Ошону менен бирге сунушталган Мыйзам долбоорунун жоболору жалпысынан "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага ылайык стилистикалык жана редакциялык жактан кылдат толуктап иштеп чыгууга муктаж экенин белгилейбиз.
12. Сунушталган Мыйзам долбоору колдонулуудагы "Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жокко чыгаруу менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын электрондук форматта башкаруу процесстери менен чектелип, өзүнүн иш жүргүзүү алкагын кыскарта тургандыгын белгилеп кетүү керек.
Ошентип Мыйзам долбоорунда маалыматтык технологияларды, коопсуз жана ишенимдүү маалымат алмашуу принциптерин колдонуу менен мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу процесстери жана принциптеринин маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасын маалыматташтыруу маселелери көрсөтүлгөн эмес.
13. Мындан сырткары биздин пикирибиз боюнча сунушталган Мыйзам долбоорун ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча финансы каражаттарын талап кылат.
Алсак, Мыйзам долбоорунун 19-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык электрондук башкаруунун мамлекеттик түзүмүнүн курамына ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы, бирдиктүү идентификациялоо системасы, маалыматтарды талдоонун мамлекеттик борборлору жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдары, электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик системасы ж.б. кирет.
Ушуга байланыштуу жогоруда аталган мамлекеттик маалыматтык системаларды түзүү, өнүктүрүү жана пайдалануу үчүн белгилүү финансы каражаттары керектелет.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылана турган чыгымдардын жогорулашы каралган мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каржылоо булактарын аныктагандан кийин гана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн экенин белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ушул корутундуда баяндалган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамдын долбоорун кабыл алууга болот деп эсептейт.