Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-апрели № 222
"Электрондук кол тамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Бекешев Д.Д., Бакиров М.И. демилгелеген "Электрондук кол тамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиркелген корутунду жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 222 токтому менен жактырылган |
"Электрондук кол тамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын тобу демилгелеген "Электрондук кол тамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.
Бул Мыйзам долбоорунда айрым укуктук мамилелердин түрлөрүндө (шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү, жарандык-укуктук бүтүмдөрдү аткаруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү, банк операцияларын жүргүзүү, бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана башкалар) электрондук кол тамгаларды колдонуунун өзгөчөлүктөрүн аныктоо каралган.
"Электрондук кол тамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясын жалпысынан колдоо менен бирге, электрондук кол тамгаларды колдонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жакшыртуу зарылдыгы, ошону менен бирге Евразия экономикалык бирлигинин алкагында укуктук ыкмаларды шайкеш келтирүү максатында ушул Мыйзам долбооруна министрликтердин жана ведомстволордун төмөнкү сунуштарын жана эскертүүлөрүн чагылдыруу керек.
1. 1-берененин 1-бөлүгүндө ушул Мыйзам долбоору жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүргүзүүдө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө, мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды аткарууда, ошондой эле башка юридикалык жактан маанилүү аракеттерди жасоодо электрондук кол тамга колдонуу боюнча мамилелерди жөнгө салат деп берилген.
Конкреттештирүү максатында юридикалык жактан маанилүү аракеттердин толук тизмесин көрсөтүү керектигин сунуштайбыз.
Ушуга окшош эскертүү Мыйзам долбоорунун 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча берилет ("же башка документ" деген сөздөр).
2. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүндө электрондук кол тамганы колдонуу жаатындагы мамилелер ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары, аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылар, ошондой эле электрондук аракеттенүүнүн катышуучуларынын макулдашуулары менен жөнгө салынарын кароо сунушталууда.
Мында белгилей кетүүчү нерсе, "мыйзам", "ченемдик укуктук акт" жана "мыйзамдар" деген түшүнүктөр жалпы мүнөздө болуп, кеңири чечмелөөгө жол ачкан так эмес түшүнүктү берүүдө.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна ылайык мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерди берүүгө жалпы жонунан жол берилбейт.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүн толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Ушуга окшогон эскертүүлөр 3-берененин 2-бөлүгү, 4-берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттары, 6-берененин 1, 2 жана 3-бөлүктөрү, 13-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы, 6-бөлүгүнүн биринчи абзацы жана 7-бөлүгү, 14-берененин 6-бөлүгүнүн 4-пункту жана 15-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы жана 3-бөлүгү боюнча берилет.
3. Мыйзам долбоорунун 8-беренеси менен аткаруу бийлигинин органдарынын ыйгарым укуктарын регламенттөө каралууда.
Белгилей кетүүчү нерсе, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жоболорун, башкаруу схемаларын жана штаттык санынын чегин бекитет.
Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга таянып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аларды ишке ашыруу боюнча функцияларды министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 8-беренесинде аталган мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын алып салууну сунуштайбыз.
4. Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 1-бөлүгүндө Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин аталган бөлүгүндө көрсөтүлгөн шарттардын жок дегенде бири аткарылганда жөнөкөй электрондук кол тамга менен электрондук документке кол коюлган болуп саналат деп көрсөтүлгөн.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актынын тексти адабий тилдин ченемдерин жана юридикалык терминологияны сактоо менен берилет деп жазылганын белгилейбиз. Эскирген жана көп маанилүү сөздөрдү жана түшүндүрмөлөрдү, эпитеттерди, метафораларды жана кыскартылган сөздөрдү колдонууга жол берилбейт.
Ушуга байланыштуу:
- Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "жок дегенде" деген сөздөрдү алып салуу керек;
- Мыйзам долбоорунун 16-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "кыргыз же чет элдик юридикалык жактар" деген сөздөрдү "юридикалык жактар" деген сөздөр менен алмаштыруу керек.
5. "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыры: мамлекеттик, аскердик, кызматтык болуп үч категорияга бөлүнөт, ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 4-бөлүгүн аталган Мыйзамга ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
13-берененин 4-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз, анткени башка жактардын жоопкерчилиги Мыйзам менен жөнгө салынган эмес. Мында жогоруда аталган ыйгарым укуктарды мамлекеттик эмес юридикалык жактарга өткөрүп берүү сертификат ээлеринин персоналдык маалыматтарын коргоону камсыз кылууга байланышкан айрым тобокелдиктерге алып келиши мүмкүн.
Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде электрондук цифралык кол тамга жана электрондук документтерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузган жактардын жоопкерчилиги такталып жазылган эмес.
6. Мыйзам долбоорунун 16-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-абзацында ушул Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна шилтеме берилет. Бирок мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 3-бөлүгүндө 4-пункттун жоктугун белгилейбиз.
7. Сунушталган Мыйзам долбоору учурда макулдашуу жол-жоболорунан өтүп жаткандыгына жана белгиленген тартипте кабыл алына электигине байланыштуу ушул Мыйзам 2016-жылдын 1-январында күчүнө кирет деп караган Мыйзам долбоорунун 19-беренесинин 1-бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
8. Мыйзам долбоорунун 16-беренесинин 6-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында ыйгарым укуктуу орган аккредитациялоо мөөнөтү бүткүчө учурунда аккредитацияланган күбөлөндүрүүчү борборлор тарабынан ушул Мыйзамда бекитилген талаптардын аткарылышын текшерүүгө укуктуу деп жазылган.
Ошону менен бирге белгилей кетүүчү нерсе, "укуктуу", "болушу мүмкүн" деген терминдер коррупциялык факторду түзүп, субъекттерге мыйзамда так бекитилген критерийлерди жетекчиликке албастан, тигил же бул кырдаалды өзү каалагандай чечмелөөсүнө укук берет. Ушуга байланыштуу "укуктуу", "мүмкүн" деген сөздөрдү 16-берененин 7-бөлүгүнүн үчүнчү жана төртүнчү абзацында жана 17-берененин 3-бөлүгүнөн алып салууну сунуштайбыз.
Ошону менен бирге, Мыйзам долбоорунун расмий тилдеги текстинин 16-беренесинин түзүмдүк элементтеринин номерлөөсүн кайра карап чыгып, мамлекеттик тилдеги текстинин редакциясына ылайык келтирүү зарыл.
9. "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык каттоочу орган белгиленген мөөнөттө мамлекеттик жана расмий тилдерде толук фирмалык аталышын, каттоо номерин, ИНН, ОКПО кодун, мамлекеттик каттоонун датасын жана юридикалык дарегин көрсөтүү менен мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк берүүгө милдеттүү.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 17-беренесинин 2-бөлүгүндөгү 2-пунктунун редакциясын "негизги мамлекеттик каттоо номери" деген түшүнүктү тактоо үчүн кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
10. Мыйзам долбоорунун 18-беренесинин 2-бөлүгүндөгү биринчи абзацта кайрылуучу күбөлөндүрүүчү органга долбоордун 18-беренесинин аталган бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн квалификациялык сертификатка киргизүү үчүн арыз ээси берген маалыматтардын аныктыгын далилдөөчү документтерди, же алардын тийиштүү деңгээлдеги көчүрмөсүн берерин аныктоо сунушталууда.
Ушул Мыйзам долбоорунун 18-беренесинин 2-бөлүгүндөгү аталган биринчи абзацында документтердин көчүрмөлөрү кандай күбөлөндүрүлө тургандыгын көрсөтүү керек.
11. Ошондой эле мыйзам долбоорунун айрым беренелерине редакциялык мүнөздөгү сын пикирлер бар.
Тактап айтсак, 2-берененин 3-пунктунда кашаанын ичиндеги "(квалификациялуу сертификат) -" деген сөздөрдөн кийин "- ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыда аныкталган талаптарга ылайык келген" деген сөздөр менен толуктоо сунушталат; 5-пункттагы "ачкычы" деген сөзгө чейин "электрондук" деген сөз менен толуктоо керек; расмий тилдеги текстте 5-берененин 4-бөлүгүнүн "б" пунктунда "получившие" деген сөздү "имеющие" деген сөз менен алмаштыруу керек.
14-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) электрондук кол тамганы текшерүү ачкычынын сертификатынын уникалдуу номери, аны колдонуу мөөнөтүнүн башталган жана аяктаган күнү;";
Ушул эле берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"электрондук кол тамганы текшерүүнүн уникалдуу ачкычы".
12. "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты төмөнкү принциптерге негизделет: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата адамдын жана жарандын укуктарын сактоого; ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондугу үчүн кемсинтип бөлүүгө жол бербөөгө.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын электрондук цифралык кол тамга колдонуу боюнча укуктарын ишке ашыруу механизмдерин кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
13. Мыйзам долбоору менен ушул Мыйзам долбоорун кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышын регламенттеген ченемдерди кароо сунушталууда.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун корутунду жобосунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул Мыйзамдан келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну тапшыруу каралышы керек.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда берилген сунуштарды жана сын пикирлерди эске алуу менен "Электрондук кол тамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.