Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-апрели № 224
“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрели № 224 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып төмөндөгүдөй корутундуга келди.
Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2013-жылдан баштап “Айыл чарбаны каржылоо” долбоорлорунун циклин ийгиликтүү ишке ашырып жатат.
Бул долбоор ишке ашырыла баштагандан бери республиканын 53584 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 17081,8 млн сом суммасында кредит бөлүп берилген, анын ичинде:
- “мал чарбачылык” тармагы боюнча 47171 субъектке 13765,8 млн сом суммасында кредит берилип, анын жалпы көлөмү 80,6 %ды түзгөн;
- “өсүмдүк өстүрүү” тармагы боюнча 5990 субъектке 1575,5 млн сом суммасында кредит берилип, анын жалпы көлөмү 9,2 %ды түзгөн;
- “айыл чарба продукциясын кайра иштетүү” тармагы боюнча 423 субъектке 1740,5 млн сом суммасында кредит берилип, анын жалпы көлөмү 10,2 %ды түзгөн.
Коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер тарабынан кредиттерди жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча, б.а. жылына 10 %дан жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жылына 11 %ды түзгөн пайыздык ставкалардын айырмасын субсидиялоо аркылуу коммерциялык банктардын чыгымдарын жабат (21 % - 10 % = 11 %, мында 21 % - айылдык товар өндүрүүчүлөргө 2015-жылы берилген кредиттер боюнча орточо пайыздык ставка).
Мыйзамдын долбоору менен айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө (өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылык, канаттууларды өстүрүү, аарычылык), балык чарба продукциясын өндүрүү жана аны кайра иштетүү үчүн жеңилдетилген кредиттерди жылына 7 %дан ашпаган шарттарда берүү сунушталууда.
Пайыздык ставка жылына 7 % өлчөмүндө белгиленген учурда, орточо пайыздык ставканы жылына 21 % деңгээлинде сактоо максатында субсидиялардын өлчөмүн жылына 14 %га чейин көбөйтүү зарылчылыгы пайда болот. Орточо пайыздык ставканын өлчөмү көбөйтүлгөн учурда, ага жараша субсидиялоонун пайыздык ставкасынын өлчөмү да көбөйөт. Мындай жагдай кредит берүү көлөмүнүн азаюусуна алып келет, өз кезегинде ал кредит алуучулардын санынын кыскаруусуна таасирин тийгизет.
Мисалга алсак, 2017-жылга республикалык бюджетте субсидияларга 700,0 млн сом каралган, алардын ичинен:
- 371,46 млн сом - “Айыл чарбаны каржылоо – 4” долбоору боюнча субсидиялоонун 2-траншын которууга жумшалат;
- 328,54 млн сом - “Айыл чарбаны каржылоо – 5” долбоору боюнча субсидиялоонун 1-траншын которууга жумшалат.
Бул каражаттар республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн төмөнкү көлөмдөгү кредит менен камсыз кылат:
Пайыздык ставка төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленген учурда | Субсидиянын пайызы | Кредит берүүнүн көлөмү (млн сом) |
10 % | 11 % | 3359,3 |
7 % | 14 % | 2638,9 |
Кредит берүүнүн көлөмүн жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды алуучулардын санын көбөйтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаты болуп санала тургандыгын белгилөө зарыл.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жыл сайын жеңилдетилген кредит берүү механизмин өркүндөтүп жатат.
Алсак, “Айыл чарбаны каржылоо – 4” долбооруна ылайык жеңилдетилген кредиттик каражаттарды алуучулардын чөйрөсү мүмкүн болушунча кеңейтилген. Мындан тышкары 100,0 миң сомго чейинки кредиттер күрөөлүк камсыздоосуз берилген.
Жогоруда көрсөтүлгөн таблицага ылайык пайыздык ставканын өлчөмүн жылына 7 %га чейин азайтууда кредит берүүнүн көлөмү 720,4 млн сомго азаят.
Ошону менен бирге, “жеңилдетилген кредит” категориясына түшүнүк берилген эмес, башкача айтканда коммерциялык банктар же адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер берүүчү кредиттин түрлөрүнүн кайсынысы бул категорияга таандык боло тургандыгы Мыйзамдын долбоорунда аныкталган эмес.
Ушуга байланыштуу, бул Мыйзамдын долбоору сунушталган редакцияда кабыл алынган учурда, коммерциялык банктар же адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер, өздөрү каалаган учурда, мамлекеттик программаларга (“Айыл чарбаны каржылоо” долбоору) таандык болбогон кредиттерди “жеңилдетилген кредиттер” категориясына киргизип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн алардын чыгымдарын субсидиялоону талап кылышы мүмкүн.
Жогоруда айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаты республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жеңилдетилген кредит берүү механизмдерин жыл сайын өркүндөтүп, ошондой эле республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу менен байланышкан башка мамлекеттик программаларды иштеп чыгат.
Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан “Айыл чарбаны каржылоо - 5” долбоору ишке ашырылууда. Бул долбоорго ылайык кредит берүү шарттары төмөнкүдөй белгиленет:
- мал чарба жана өсүмдүк өстүрүү тармактары үчүн 36 айлык жоюу мөөнөтү менен - жылына 10 %;
- экспортко багытталган айыл чарба продукциясы, ошондой эле айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана иштетүү тармагы үчүн 36 айлык жоюу мөөнөтү менен - жылына 6 %.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша пайыздык ставкалардын минималдуу өлчөмүн белгилөөнү жыл сайын жөнгө салып турууну максатка ылайык деп эсептейт.
Ушуга байланыштуу, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
“1. 6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик программалардын алкагында ишке ашырылуучу айыл чарба тармагынын субъекттерине (өсүмдүк өстүрүү, мал чарба, канаттууларды өстүрүү, аарычылык, балык чарба, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана иштетүү) кредит берүү жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча жүргүзүлөт.
Мамлекеттик программалардын алкагында ишке ашырылуучу кредит берүүнүн механизмдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.”.