Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 108 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-апрели № 225
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-январындагы № 10 "Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы босоголук суммаларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-январындагы № 10 "Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы босоголук суммаларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацындагы "800000" деген цифралар "1000000" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |