Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 32 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 226 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү илимий борборунун УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү илимий борбору (мындан ары - Борбор) хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү чөйрөсүндө адистештирилген дарылоо-профилактикалык ишти аткарган, хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү жаатында жаңы илимий ыкмаларды иштеп чыгуу менен алектенген, медицина жаатында фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн жогорку квалификациялуу илимий кадрларды тартуу менен илимий-изилдөө иштерин ишке ашырган мамлекеттик илимий мекеме болуп саналат.
2. Борбордун уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
3. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (мындан ары - Саламаттык сактоо министрлиги), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - Билим берүү жана илим министрлиги) буйруктарын, ушул Уставды жетекчиликке алат.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Борбордун уюштуруучусу болуп саналат.
5. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте аттестацияланууга (аккредитацияланууга) тийиш.
6. Борбор обочолонгон мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери бар юридикалык жак болуп саналат, өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү жана штампы бар.
7. Борбор мүлкүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген өз милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн ыкчам башкаруу укугунда пайдаланат.
8. Борбор мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
9. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү илимий борбору";
- расмий тилде: "Научный центр реконструктивно-восстановительной хирургии при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде - "ХРККИБ";
- расмий тилде - "ШДРВХ".
10. Борбордун юридикалык дареги: 720051, Бишкек шаары, Саратов көчөсү, 10.
11. Ушул уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилет.
2. Борбордун максаттары жана милдеттери
12. Борбордун ишинин максаттары ушул Уставга ылайык Борбордун профили боюнча калкка дарылоо-профилактикалык жардам көрсөтүү, ошондой эле илимий-изилдөө, илимий-билим берүү жана өндүрүштүк ишти жүргүзүү болуп саналат.
13. Борбордун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- калктын майып болуусун кыскартуу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу; илимий иштеп чыгуу жана муктаж болгон оорулууларга реконструктивдөө-калыбына келтирүү операцияларын жүргүзүү, оорулуулардын бул категориясынын эмгекке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү;
- хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүүнү өнүктүрүү жана сапатын жакшыртуу боюнча программаны иштеп чыгуу, экономикалык негиздөө жана Саламаттык сактоо министрлигине берүү;
- реконструктивдөө-калыбына келтирүү операцияларынын аткарылган көлөмдөрү, бузулуулардын кыйла кеңири жайылган локалдашуулары, алардын өнүгүү себептери, калыбына келтирүүчү дарылоонун жыйынтыктары боюнча маалыматтарды топтоо жана системалаштыруу жана бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине маалымдоо;
- операциялардан кийинки оорлошууларды профилактикалоо жана алдын алуу боюнча медициналык стандарттарды иштеп чыгуу;
- адистештирилген диагностикалык, дарылоо жана профилактикалык жардамды операциялардан кийинки жана ятрогендик бузулуулардын ар кандай локалдаштыруулары менен ага муктаж болгон оорулууларга көрсөтүү;
- илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча, биринчи кезекте хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү жаатында фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- инновациялык технологияларды түзүү жана илим сыйымдуу өндүрүштү колдоо;
- изилдөөчүлөр үчүн жумушчу орундарын түзүү, хирургия жаатында жана атап айтканда, хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү жаатында жаш адистерди сапаттуу дипломдон кийинки окутууну камсыздоо; жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо;
- басма ишин жүргүзүү.
3. Борбордун укуктары жана милдеттери
14. Борбор төмөнкүлөргө укуктуу:
- саламаттык сактоо чөйрөсүндө улуттук, мамлекеттик, тармактык программаларды ишке ашырууга катышууга;
- өз ишинин илимий-изилдөө багыттарын аныктоого;
- башка уюмдар менен белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө;
- ассоциацияларга, союздарга, анын ичинде эл аралык ассоциацияларга, союздарга кирүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча кызыкдар окумуштууларды жана дарыгерлерди, анын ичинен жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген окумуштууларды жана дарыгерлерди реконструктивдөө-калыбына келтирүү жана жалпы хирургиянын жаңы технологияларына окутууга;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана түшкөн кирешелерди материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө, илимий изилдөөлөрдү колдоого, кадрларды даярдоого, Борбордун кызматкерлерин социалдык коргоого пайдаланууга;
- эл аралык жана республикалык форумдарды, конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды, илимий сессияларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- фармацевттик, медициналык жана башка продукцияларды өндүрүүчү уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдардын көргөзмөлөрүн уюштурууга;
- илимий изилдөөлөрдү каржылоого карата конкурстарга катышууга;
- дары каражаттарына, приборлорго, анын ичинде ар кандай чет өлкөлүк уюмдардын дары каражаттарына, приборлоруна аларды Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунда пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө жүйөлүү корутундуну берүү менен клиникалык сыноолорду жүргүзүүгө (келишимдик негизде);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Борбор иштеп чыккан технологияларды жана программалык продукттарды республикада жана чет өлкөлөрдө коммерциялык негизде сатууга;
- Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө.
15. Борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Борбордун профили боюнча керектүү көлөмдө калкка өз убагындагы, жеткиликтүү, квалификациялуу жана шашылыш медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө;
- санитардык-гигиеналык режимди сактоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүгө;
- бекитилген отчеттун бардык түрлөрүн белгиленген тартипте берүүгө;
- өз ишинин профили боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоого;
- саламаттык сактоо жана илим системасынын жогору турган башкаруу органдарынын чечимдерин аткарууга;
- Борбордун ишине зарыл болгон башка иш-чараларды ишке ашырууга.
4. Борбордун түзүмү
16. Бордун түзүмү окумуштуулар кеңешинин чечими боюнча Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашылгандан кийин анын директору тарабынан бекитилет.
17. Борбордун түзүмүнө окумуштуулар кеңеши кирет.
5. Борбордун ишин башкаруу
18. Борбор Саламаттык сактоо министрлигине ведомстволук баш ийүүдө турат.
19. Медициналык ишти Саламаттык сактоо министрлиги, илимий жана билим берүү ишин - Билим берүү жана илим министрлиги жөнгө салат, координациялайт, ошондой эле контролдойт.
20. Борборду директор жетектейт.
21. Борбордун директору кызмат ордуна саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 70 жаш курактан ашпаган, тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адистердин ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адис жок учурда тиешелүү багыттагы илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
Бир эле адам Борбордун директору кызмат ордуна катары менен экиден ашык мөөнөткө дайындала албайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Борбордун директорунун ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
- өзү берген арызынын негизинде;
- Борбордун окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмедеги курамынын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмеси демилгелеген чакырып алуунун негизинде;
- оорунун айынан кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүн болбой калганда;
- каза болгондо;
- соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде.
23. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Борбордун директорунун кызмат орду бош болсо, анын милдеттерин аткарууну Борбордун директорунун орун басарына үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Борбордун директору:
- өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жана Борбордун Уставын жетекчиликке алат;
- жеке башкаруу принциптеринде Борборду башкарат, Борбордун максаттарынын, милдеттеринин жана функцияларынын ишке ашырылышынын сапаты, финансылык тартиптин сакталышы, эсепке алуунун жана отчеттордун аныктыгы, Борбордун ыкчам башкаруусундагы мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын, Борбордун кызматкерлеринин эмгек укуктарынын сакталышы, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы жана аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- кызматкерлерди ишке алат жана иштен бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт;
- Борбордун өзгөчөлөнгөн кызматкерлерин сыйлайт жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- финансы каражаттарын тескейт;
- банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат;
- Борбордун директорунун компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча чечим чыгарат.
25. Борбордун илимий иштер боюнча директорунун орун басары Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча, клиникалык иш боюнча орун басары Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат.
26. Борбордун кызмат адамдары мыйзамдарды жана ушул Уставды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
6. Борбордун окумуштуулар кеңеши
27. Окумуштуулар кеңеши Борбордун сунуш берүүчү коомдук-кесиптик органы болуп саналат. Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик башкаруу персоналынын жалпы жыйналышында, Борбордун директорунун сунушу боюнча жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланышат. Илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик башкаруу персоналынын жалпы жыйналышы эгерде ага эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу.
Окумуштуулар кеңешинин курамына Борбордо иштебеген жетектөөчү окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
28. Эгерде жыйынга анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, окумуштуулар кеңеши чечим кабыл алууга укуктуу. Окумуштуулар кеңешинин чечимдери эгерде аларга окумуштуулар кеңешинин добуш берүүгө катышкан мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
Борбордун директору окумуштуулар кеңешинин төрагасы болуп саналат.
7. Борборду каржылоо жана материалдык камсыздоо булактары
29. Борбор төмөнкүлөрдүн эсебинен каржыланат:
- республикалык бюджеттин каражаттарынын;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын;
- кошумча төлөөдөн алынган каражаттардын;
- атайын каражаттардын;
- эл аралык уюмдардын гранттарынын;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу чегерүүлөрүнүн жана салымдарынын;
- ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу каражаттарынын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын.
30. Борбордун илимий-изилдөө иштерин бюджеттик каржылоо төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт:
- Борбор тарабынан жүргүзүлүүчү фундаменталдуу изилдөөлөргө колдоо көрсөтүү каражаттары катары базалык каржылоо;
- илимий-техникалык программалардын артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды максаттуу каржылоо;
- гранттар системасы боюнча айрым изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды контракттык каржылоо.
31. Гранттар боюнча алынган илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө финансылык каражаттарды Борбордун директору тескейт.
32. Мамлекеттер аралык жана тармактар аралык илимий-техникалык макулдашуулардын негизинде түзүлгөн жана ишке ашырылуучу илимий изилдөөлөрдү жана илимий-техникалык программаларды каржылоо кызыктар тараптар тарабынан үлүштүк катышуу тартибинде келишимдик негизде ишке ашырылышы мүмкүн.
33. Борбордун ишин контролдоо ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте ишке ашырылат.
8. Борбордун ишин токтотуу жана кайра уюштуруу
34. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жоюу учурунда токтотулушу мүмкүн.
35. Борборду кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча ишке ашырылат.
36. Борбордун документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
37. Борбор жоюлган учурда мүлкү жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.